Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тууранды создор

Баш барак | Башкалар | Тууранды создор

Тууранды создор

Тууранды создор деген эмне, түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт, табыш тууранды создор кандай, элес тууранды создор жана башкалар. Келгиле билип алалы.

Жандуу, ошондой эле жансыз заттардан чыгуучу үндү, табышты, добушту, кыймылды, элести, көрүнүшту туурап, окшоштуруп көрсөткөн, баяндаган сөздөр - тууранды сөздөр аталат.

Тууранды сөздөргө төмөндөгүдөй сөздөр кирет: тарс, жарк, шаңгыр, кобур-собур, шак, шака-шак, чыйк, маа, мөө, шуу, жалп, жалбырт, желбиреп, калдаң-калдаң, зуу, арс, тырп, карч, шак-шак ж. б.

Мисалы:

  1. Бака-шака эмгек шаңы күчөдү.
  2. Чагылган жарк-журк, жамгыр дыбыр-дыбыр жаай баштады.
  3. Эшик карс жабылды.
  4. Эрбең-сербең караандар көбөйдү
  5. Жапар эки жагын элтең-селтең каранат.
  6. Ажардын жашы жаагына мөлт-мөлт тамчылады.
  7. Мылтык тарс-тарс атылды, жалт карай калсам, Жапаркул жерде кулап жатыптыр.
  8. Шофер бырс-бырс күлдү да, кабинасын карс жапты.
  9. Соколор жер тилип барат, лап-лап түшүп жаткан карлар дароо эрий берет.

Тууранды сөздөрдүн түзүлүшүнө карай бөлүнүшү

Тууранды сөздөр түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт.

Жөнөкөй тууранды сөздөр

Бир гана сөздөн турат. Мисалы, Күйүп турган чок жалп өчтү. Жанаша отурган Беккул бырс күлүп жиберди. Бурма бизди карай эки колун шак-шак чапкылады.

Татаал тууранды сөздөр

Эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт дагы, төмөндөгүдөй үч топко бөлүнөт:

  1. Эки сөзү тең маани берүүчү тууранды сөздөр: кыйк-чыйк, калдыр-кулдур, чалп-чулп, күр-шар, карс-курс, кыйкылдап, чыйкылдап ж. б.
  2. Эки сөзүнүн бири гана маани берүүчү тууранды сөздөр: шак-шук, тарс-турс, шарп-шурп, жалп-жулп, шалдыр-шулдур, эрбең-сербең, чаң-чуң, чарт-чурт, бултуң-султуң.
  3. Эки сөзү тең маани бербеген тууранды сөздөр: жал-жал, мөл-мөл, ызың-кызың, күрпөң-күрпөң ж. б.

Мисалдар:

  1. Арс этип, асылган иттин үнү Бектурганды чалкасынан түрткөндөй болду.
  2. Чырр этип, арабанын токтогону Бектурганды жалт каратты.
  3. Алыстан Ысык-Көл мелт-мелт этет.
  4. Кыртыштуу жерге кетмендер күп-күп согулат.
  5. Ооздугун карс-карс кемирип, Гүлсары байлоодо турат.
  6. Бир заматта жамгыр тып басылып, күн чайыттай жарк этти.
  7. Үстүндө күр-шар келаткан таштардан чочуган Акбара артын карай жалт секирди.

Тууранды сөздөр өз алдынча турганда сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара албайт, жөндөлбөйт, жак жана сан мүчөлөрү менен да өзгөрбөйт, бирок заттык мааниде колдонулганда гана жөндөлүп, жак, сан мүчөлөрдү кабыл алат. Жөнөкөй жана татаал тууранды сөздөргө эт, де деген көмөкчү этиштер кошулуп айтылып, же кошулбай да сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара берет.

Таблица №1, тууранды сөздөр боюнча мисалдар
Сүйлөм мүчөлөрүМисалдар
ЭэликКүрү-гүү күчөдү. Ызы-чуу азайды. Жарк-журк көбөйдү. Опур-топур басаңдады.
БаяндоочтукЧагылган жарк-журк этти. Мылтык тарсылдады. Завод ичи калдыр-кулдур, көпчүлүк эл опур-топур. Үйдүн ичи кажы-кужу
АныктоочтукКөз жашы мөлт-мөлт төгүлдү. Жылт-жылт эткен от көрүндү. Кажы-кужу сөздөр угулду. Опур-топурдун аягы басылды.
ТолуктоочтукАлар ызы-чууну жактырышпайт. Бектурган эрбең-сербеңди алыстан көрдү. Танабай чуру-чууга жана кирди.
БышыктоочтукДүйшөнкул Ала-Тоону жалт карады. Асангул бырс-бырс күлдү. Гүлсары шарт бурулду ж. б.

Табыш тууранды сөздөр

Жандуу жана жансыз заттардын үнүн, табышын, добушун тууроо иретинде айтылган сөздөрдү табыш тууранды сөздөр деп айтабыз.

Табыш тууранды сөздөргө: тарс, карс, курс, шылдыр, калдыр, мөө, маа, арс, каңк, так, шуу-шуу, шаңк, шыңк, шака-шука, ха-ха-ха, шалп-шулп, чырр ж. б. кирет.

Табыш тууранды сөздөр мааниси жагынан төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:

  1. Айбандардын табышын, добушун, тууроодо колдонулуучу сөздөр: маа, мөө, арс, ап, каңк.
  2. Канаттуулардын табышы: чырк-чырк, каак-каак, чырр-чырр, бытпылдык-бытпылдык.
  3. Курт-кумурскалардын табышы: ызз-ызз, дың-дың, зың-зың ж. б.
  4. Адамдардан чыккан табыш: бырс, шуу, күрс, шыңк, кубур-шыбыр, чуру-чуу, уу-дуу.
  5. Жансыз заттардан чыккан табыш: шуудур, куудур, шыбыр-шыбыр, ток-ток, шарп, кур, калдыр ж. б.

Элес тууранды сөздөр

Кыймыл-аракеттин же заттардын сырткы көрүнүшүн, кыймылын, элесин билдирген сөздөр элестүү же элес тууранды сөздөр деп аталат.

Элес тууранды сөздөр маанисине карата экиге бөлүнөт:

  1. Кыймыл-аракеттин же элестин тездигин билдирүүчү сөздөр: жал-жал (карады), жалт-жулт, жарк-журк, шып (шып кирип келди), лып (лып отура калды), жылт, кылт, шарт, мөлт, чап, селт, жалп, жулп ж. б.
  2. Заттардын сырткы көрүнүшү, кыймыл-аракети жөнүндөгү элести билдирүүчү сөздөр. Элестүү сөздүн бул түрү дайыма "ң" же "к" тыбыштары менен аяктайт: чолтоң-чолтоң, койкок-койкок, калдаң-калдаң, калдак-калдак, калжаң-калжаң, калжаң-кулжуң, адыраң-эдирең ж. б.

Тууранды сөздөрдүн жазылышы

1.Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн тууранды сөздөргө -ылда мүчөсү уланганда к, п тыбыштары жумшарбай жазылат. Мисалы: бак+ылда=бакылда, так+ылда=такылда, күп+үлдө=күпүлдө, кып+ылда=кыпылда, түп+үлдө=түпүлдө, жак+ылда=жакылда ж. б.

2.Кош сөз түрүндө айтылган тууранды сөздөр арасына дефис коюлуп жазылат. Табыш тууранды сөздөрдө; чырк-чырк, каак-каак, чырр-чырр, бытпылдык-бытпылдык, ызз-ызз, дың-дың, зың-зың, ток-ток, калдыр-кулдур ж. б. Элес тууранды сөздөр: жал-жал, жалт-жулт, чолтоң-чолтоң, бөйпөң-бөйпөң, эрбең-сербең, сороң-сороң, койкок-койкок, калдаң-калдаң, адыраң-эдирең ж. б.

Тууранды сөздөр айрым мүчөлөрдүн жардамы менен башка сөз түркүмдөрүнө өтүп да айтыла берет. Мисалы: тарс (тууранды сөз). Тарсылдак оюнчук сатып алдым (кандай оюнчук? тарсылдак — сын атооч). Мылтык тарсылдады (мылтык эмне болду? тарсылдады — этиш). Тарсылдаган үн угулду (кандай үн? тарсылдаган — атоочтук). Тарса-тарс күчөдү. (Эмне күчөдү? тарса-тарс — зат атооч). Тарсылдап кирип келишти (кантип? тарсылдап — чакчыл) ж. б.

Кымбаттуу окурман, макалабызды болушунча түшүнүктүү кылып жазганга аракет кылдык, суроолор же толуктоолор болсо тартынбагыла.

Дагы караңыз

Сайтка жарнама жайгаштыруу