Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экенин эске алып, ошондой эле билим берүү жана тарбия жумушчуларынын маанилүү ролун эстен чыгарбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы №36 Токтому аркылуу "Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү" - жыл сайын мугалимдердин профессионалдуу майрамын белгилөө күнү деп кабыл алынган. Бирок, 2014-жылдын өкмөттүн токтомуна ылайык Мугалимдер күнү жыл сайын 5-октябрь күнү белгиленет. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылдан тарта жылда 5-октябрда өткөрүлөт.
Мугалимдер күнү | |
---|---|
Дата | 5-октябрь |
Токтомдор | 2008-жылдын 5-февралындагы №36 Токтому (эски), учурдагы 2014-жылдагы Токтом |
Официалдуу аталышы | Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү |
Орнотулушу | Билим берүү кызматкерлеринин урматына |
Тийиштүү | Мугалимдер, педагогдор |
Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёоо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.
Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.
Мугалимдер тууралуу ыр-саптар макаланын аягындагы шилтемеде.
Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз асыресе азыркы мезгил үчүн айрыкча мааниге ээ. Анткени бүгүн мектеп да түп тамырынан кайра түзүлүү тагдырына туш келип, заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, өз өнүгүүсүнүн кыйла кыйын кезегин баштан кечирип жаткан кези десек ашык болбос.
Ошондуктан педагогтун азыркы учурда аткарчу милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Республикада жүрүп жаткан ар кандай реформаларга аралашып, аны алдыга жылдыруучу жаңы күчтөр дал ушул мектептер аркылуу даярдалып, улуттар аралык ынтымакка, адамдар ортосундагы өз ара жылуу мамилеге жана жалпы журт ичиндеги бейпилчиликке бекем данакер.
Мугалимдер
Мугалимдер - зирек жашап, ат багат,
Мээ коротуп, мектеп ишин аркалайт.
Мажурум тал шактарындай ийили,
Мээрим төгүп, окуучусун калкалайт.
Эч кири жок жүрөгүндө, сезимде,
Эл-жер менен жаңы бирге, дил бирге.
Эс-акылга ыйман менен жаңы ой,
Эгип келет көтөрөр деп кезинде.
Өз тагдыры бир жыйынга,
Өзгө тагдыр тынчтык бербей тыйымга.
Өмүр сүрөт мугалимдер изденип,
Өчпөс жарык чачамбы деп, кылымга.
(Жусуп Айдарбеги, Баткен шаары)
Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул - мугалим. (А. Дистервег)
Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап-билсе, андай адам, мугалим боло алат. (Конфуций)
Биз кимден билим алсак, алар биздин окутуучубуз атына ээ, бирок үйрөткөндүн бардыгы окутуучу атынын баркына жете бербейт. (И. Гете)
Жакшы мугалим болуу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл. (В. Ключевский)
Мектеп мугалимдери, ушундай бийликке ээ болуп, премьер-министрлердин андай бийлик кыялында гана болот. (У. Черчилль)
Мугалим бул - оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)
Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим.
Эгер мугалимде окуучуларга, анын атасы жана энесиндей сүйүүсү болсо, анда ал бардык китептерди окуган, бирок жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү жок мугалимден жакшы. Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал - мыкты мугалим. (Л. Толстой)
Мугалим бул - убакытка, географиялык жайгашууга көз карандысыз уникалдуу жана ары ардактуу кесип. Байыркы кесиптердин бири болгондугуна карабастан, мугалимдер бүгүнкү күнгө чейин талаптуу жана көптөгөн окуу жайлар аларга муктаж. Ожеговдун сөздүгүндө мугалим бул - адамдарды, кандайдыр бир нерселерге, билимге үйрөтүүчү адам деп жазылган. Эгер мурда мугалим деген түшүнүк "мектеп" деген сөз менен гана байланыштуу болсо, бүгүнкү күндө бул түшүнүк абдан зор тармакты камтыйт. Мугалимдер бизге ЖОЖда (Жогорку Окуу Жай) билим берип, мектептерде окуучуларга билимин берет, ал гана эмес жонокой кеңеш берген адам, кандайдыр бир мугалимдик сапаттарга ээ болот, бүгүнкү күндө эң керектүү бизнес сабактарын да өткөрөт, жада калса ушул текстти жазып жаткан Алина деген Түп районунун сайтынын контент-тарыхчысы да кандайдыр бир деңгээлде мугалимдин ролунда болуп, Сиздерге мугалим жөнүндө маалымат берүүгө өз аракетин жасап жатат. Темадан алыстап кеттик окшойт :)
Байыркы убакта, качан эмгектин түрү бөлүштүрүлбөгөн кезде, мугалимдин ордун улуу адамдар ээлечү, уруунун же коомдун тажрыйбалуу өкүлдөрү десек туура болот. Адам баласы эмгекти бөлүштүрүүнү үйрөнгөн сон, мугалимдин ордун кандайдыр бир кол өнөрчүлүктүн, бул же тигил билимди изилдеген адамдар болгон. 18-19 кылымдарда гана мугалимдик кесип официалдуу түрдө Европада жана дүйнө жүзүндө массалык көрүнүшкө ээ болгон.
Билим берүү системасынын майрамы жыл сайын октябрь айынын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы "Кыргыз Республикасынын башталгыч профессионалдуу билим алуу системасынын жумушчуларынын күнү жөнүндөгү" №376 токтому куч-кубатын жоготкондугу кабыл алынган.
Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын башталгыч профессионалдуу билим алуу системасынын жумушчуларынын күнү 15-апрелге бекитилген. 1942-жылдын 15-апрелинде Кыргызстанда башкы эмгек резервтеринин башкармалыгы уюшулуп, Кыргыз Республикасынын башталгыч профессионалду билим алуу системасына башат болгон. Бул майрам 2007-жылы гана бир жолу белгиленген.
Билим берүү тармагынын майрамын жарыялоо жөнүндөгү биринчи инициативаны Өкмөткө Республикалык Эмгек жана Биримдик партиясы 2006-жылы киргизген. Бирок Кыргыз Өкмөтү ал инициативаны колдобой койгон. 2007-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын тьютер мектеби, ал инициативаны кайра көтөрүп, республикадагы бардык билим берүү тармактарынын майрамын бекитүүнү сунуштаган. Ошол эле жылдын октябрь айында Кыргызстан мугалимдеринин 2-съезди ал мектептин сунушун колдоп, өлкө башкармалыгына педагогтордун элдик күнүн кабыл алуусун сунуштаган.
Кыргызстандын аймагындагы билим берүү тармагынын профессионалдуу майрамы бирден-бир СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунда 1965-жылдын 29-сентябрында мугалим күнү деп кабыл алынган.
Ал эми азыркы учурдагы билим берүү системасынын күнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экенин эске алып, ошондой эле билим берүү жана тарбия жумушчуларынын маанилүү ролун эстен чыгарбай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-февралындагы №36 Токтому аркылуу "Октябрь айынын биринчи жекшемби күнү" - жыл сайын мугалимдердин профессионалдуу майрамын белгилөө күнү деп кабыл алынган.
21-кылымда, ар түрдү билим тармактары көбөйгөндөн көбөйүп, илим чоң-чоң кадамдар менен алга карай умтулуп, мугалим кесиби коомду жана дүйнөнү интеллектуалдык жактан өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн кесиби болуп калды. Мугалимдер бизди бала-бакчадан баштап өмүрүбүздүн акырына чейин коштоп жүрөт десек ашык болбос. Мектепте, ЖОЖда (Жогорку Окуу Жай) да, ар кандай бизнес-окутуучулар жаңы-жаңы өнөрлүк кеңештери менен бөлүшүп, бизди мурдагыдан да ийгиликтүү кылат. Албетте мугалимдин коомдогу орду абдан маанилүү жана бийик. Мугалим болбосо, тракторду айдаган адам кайдан чыгаар эле? Мугалим болсосо дан эгип элдин курсагын тойгузган дыйкан кайдан чыгаар эле? Мугалим болбосо адам баласын өлүмдөн сактаган дарыгер же доктур кайдан чыгаар эле? Мугалим болбосо мамлекет башкарган президент кайдан чыгаар эле?
Бир саам элестетип көрсөк, эгер мугалим болбосо, адамдын баары сабатсыз болуп, инстинк менен гана жашап калмак. Асыресе адамдар сүйлөшүү сабатын, коомдо өзүн алып жүрүүнү да билмек эмес, анын аркасында ар кандай уруш талаштар, түшүнбөстүк, андан аркысын айтпай эле койсок болот.
Ийгиликтүү мугалимдин негизги компетенциясы, окуткан сабагынан жана аудиториясынан көз каранды эмес болуп, анын эффективдүү коммуникациялык сапаттары эсептелинет. Дал ушул коммуникациялык же башкача айтканда "сөз табыша билүү" сапаттары билимди жетишээрлик деңгээлде окутууга, окуучуну эмгекке ынандырууга, коомдогу конфликттерди башкарууга мүмкүндүк берет. Андан кийинки маанилүү сапат бул - чыдамдуулук, чыдамдуулук жана дагы бир жолу чыдамдуулук.
Бала бакчада балдар менен, мектепте окуучулар менен, ЖОЖда студенттер менен иштоо байыркы кездегидей эле коом үчүн зор мааниге ээ жана ардактуу. Ошого карабастан мугалимдердин эмгегин оңой деп айтууга таптакыр болбойт. Мугалимдерге канчалаган окуучуларды окутуп, ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле жасоого туура келет, а бул көптөгөн... жок калп айтам... "Зор" энергияны талап кылат десек туура болоор. Бекеринен айтылбаса керек "мугалим - мөмөлүү дарак" деп, анын сыңарындай көптөгөн окуучуларга чыдап, көп жылдан бери агартуу системасында иштеп келе жаткан адамдарга данк!
Учурда мугалимдик кесип анча авторитетке ээ эмес, эмне учун андай болууда? Анткени, коомдун 90 пайызы мугалимдин чыныгы маанисин билбейт. Акырындан убакыттын отушу менен мугалимдер жүздөгөн, а түгүл миңдеген окуучуларга билимин берип, ак жолго салат. Мугалим бул - көзгө сайган, билимсиздик караңгычылыгы менен тымызын согуш жүргүзүп келген, билимдүү келечекке сүрөгөн, ардактуу жана сыймыктуу баатыр-полководецтер. Бирок тилекке каршы муну баары эле түшүнө бербейт. Эгер мугалим болгуңар келсе, азыркы кезде эл агартуу системасы мугалим болом деген жарандарга көптөгөн мүмкүндүктөрдү бере алат. Эң башкысы кайсы тармакта жана кандай форматта окутуучу болооруңарды чечип алуу зарыл. Эгер наристелер менен болууну жактырсаңар, балдар бакчасына тарбиясы же башталгыч класстардын мугалими болсоңор болот, жана мындайга педагогикалык институтта билим алууга болот. Ал эми ЖОЖдо (Жогорку Окуу Жайда) окуутуучу кесибине ээ болуу үчүн, кем дегенде эле толук жогорку билимге ээ болуу керек, илимий деңгээлдеги билиминер болсо идеалдуу болот.
Мугалимдик кесипте ийгиликке жетүү үчүн, мүмкүндүктөрдүн жогорку деңгээлде болуусу зарыл (интеллектуалдык, комминикативдик, уюштуруучулук), ошондой эле мугалимдик кесипке туюндуруучу жеке сапаттардын да кереги чоң тиет. Окутуп жаткан сабактарды мыкты билүү, окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмалары, балдар жана өспүрүмдөр менен баарлашууну билүү жана каалоо, мындай кесиптеги жумушка жогорку деңгээлдеги мотивация жана башкалар зарыл, анткени, чыныгы мугалим болуу бул - жөн эле кесип эмес, бул - чоң талант жана ынтаа.
Мына ушундай өтө жооптуу мугалимдердин ишине ийгилик каалап, жыл сайын октябрдын биринчи жекшемби күнү өтүүчү кесиптик майрам күнүңүздөр кут болсун, кымбаттуу агай-эжейлер! - демекчибиз.