Куз жонундо ырлар

Амансынбы окурман, "куз жонундо ырлар" чакан жыйнак атайын суранычтар боюнча жарыялап жатабыз. Күз тууралуу кандай гана ырлар жазылган жок, кандай гана аңгемелер чыгарылган жок. Келгиле ушул алтын мезгил тууралуу ырлар жыйнагы менен таанышып алгыла.

Алтын күз ыры
Алтын күздө сапсары
Араласам бакчаны.
Айлана бүт шаңданып
Капыстан ырдай баштады.

Буудай:
Буудаймын мен кыпкызыл,
Ысык нанды жараткан.
Ата-баба сыйлаган,
Нечен кылым эл баккан.

Арпа:
Арпамын мен муруттуу,
Мал тойгузган жан болом.
Кампа толуп мен менен,
Баардыгына жем болот.

Алма:
Мен Алмамын, Алмамын,
Бакта өсүп калгамын.
Жесең тоюп курсагың,
Шекер татыйт таңдайың.

Коон:
Койдой болгон Коонмун мен,
Күз келгенде союшат.
Ичек-кардым артылбайт,
Бөлөк алып коюшат.

Дарбыз:
«Дарбыз, дарбыз» дешип,
Дарбып калат балдар.
Жумшак дешип тишине да
Жакшы көрөт чалдар.
(Жедигер Саалаев)

Күз
Шоола тартып, токой-түздүн жүзүн өөп,
Күн келбетин мөмөлөргө түшүрөт.
Айлана тынч, кээде гана жел ойноп,
Алма шактан сууга чулп-чулп үзүлөт.

Күз мээрими айланага алтын жаап,
Айлампадан балык ыргыйт жалтылдап.
Күнгө бышып, түркүн жемиш кызарып,
Агып барат өзөндө жай калкылдап.
(Каныбек Жунушев)

[ushka=seredina]

Күз келди
Берекелүү күз келди
Айыл алма жыттанып.
Ак буудайдын данына,
Кампа толду шыкалып.

Жыйым-терим маалы,
Бекер жүргөн эч ким жок.
Эл жабыла иш менен,
Талаа жактан кеткен жок.

Каникулда биз дагы,
Өнөктүккө катыштык.
Картошканы, пиязды,
Кампаларга ташыштык.

Улуулардан накыл кеп,
Күндө угуп жатабыз.
«Жаз-жарыш, күз-күрөш» деп
Айтат апа-атабыз.
(Токтосун Нурматов)

Ардактуу окурман, "куз жонундо ырлар" жаңы жарыяланып чакан болгонуна байланыштуу, Силерди дагы бул жыйнакты бирге кеңейтүүгө чакырабыз. Колунардан жаралган күз тууралуу ырлар болсо пикир жазуу формасына жазып, калың журт менен бөлүшүүгө чакырабыз. Аты-жөнүңүздү жазып коюууну унутпагыла.

Жалбырак
Жалбырактын түрү көп,
Бири жашыл, бири көк.
Күз келгенде саргайып,
Сабагынан күбүлөт.

Берекелүү күз

Жалбырагы ийнедей,
Карагайдын, арчанын.
Түсүн такыр өзгөртпөйт,
Жашаса да канча жыл.

Жалбыракты ар кандай,
Тоо, талаадан көп көрдүм
Барбы, жокпу айткыла,
Жалбырагы сөксөөлдүн.
(Жакыпбек Абдылдаев)

Күздө
Жамгыр жаап күз келди,
Жалбырактар күбүлөт.
Сары, кызыл жалбырак,
Бутубузга үйүлөт.
(А. Ниязалиева)

Күздө
Керилген жер бети,
Алтындай келбети.
Тоо болуп жыйналат,
Эмгектин бермети.

Күз
Он эки айдын үч айы
-Күркүрөгөн күз айы.
Бөлүштүргөн табият,
Төрт мезгилге атайы.

Коңур тартып туш-тарап,
Коон, алма жыттанат.
Аңыз кечип мүнүшкөр,
Бөдөнөгө куш салат.

Дасторкондо нан жайнап,
Эч бөксөрбөй май, каймак.
Айлыбызда майрам, той,
Самоор-самоор чай кайнап.

Жемиш-мөмө бүт бышып,
Жыйым-терим күч кызып
Эгин батпай кампага,
Күз - береке, күз - кызык.

Малга толуп ар аймак,
Кыштоолорун даярдап,
Кубанышат малчылар
Семиз-семиз мал айдап.
(Т. Айтикеев)

Күз мезгили
Коондун жыты буркурап,
Дарбыздар бышты чатырап.
Мээнетин көрүп үзүрүн,
Дыйкандын чери жазылат.

Ырыскы чачып айлана,
Элдердин жүзү жылмайды.
Кең болсо күздүн пейили,
Жыл жакшы болот турбайбы.
(А. Карымшаков)

Дан айда

Күзгү бакчам
Жашыл кымкап бактагы,
Күздө болуп сапсары.
Алма, жүзүм, жийде, алча,
Текши быша баштады.

Сан жылдыздай шабдалы.
Жерге ийилет шактары.
Көргөн көзгө өөнү жок,
Керектүү кырка саптары.
(Сөзү: Ж. Садыков, обону: С. Айдаров)

Жардам бердик
Жардам бердик,
Алма тердик,
Мектеп алма-багынан,
Жаңгак кагып,
Күнгө жайып,
Койдук дагы жаңыдан.

Жардам бердик,
Жүзүм тердик.
Жийде жыйнап, ойнодук,
Кол кармашып,
Бий бийледик,
Түшүм тоюн тойлодук.
(Сөзү: М. Жангазиев, обону: А. Малдыбаев)

Жаратканым тартуулаган күз айы,
Берекелүү, ырыскылуу бул айы.
Адамдар да, бүгүн мына башкача,
Баардыгынын көтөрүңкү маанайы.

Күз мезгилин сагынсак,
Көөдөндөргө шаң толот.
Эмгектенген дыйкандын
Кырманына бак толот.

Сапсары болгон жалбырак,
Самсаалап түшөт кайыңдан.
Коюнга батпай береке,
Коңур күз алтын баарынан.

"Куз жонундо ырлар" жыйнагында кээ бир ырлардын авторлорун табуу мүмкүн болбоду, ошондуктан ырлардын авторлорун билгендер болсо билдирүү жөнөтүп койгула. Күз мезгили жонундо макала ылдый жактагы шилтемеде.

Коңур куз жонундо ырлар жыйнагы


Амансынбы окурман, "куз жонундо ырлар" чакан жыйнак атайын суранычтар боюнча жарыялап жатабыз. Күз тууралуу кандай гана ырлар жазылган жок, кандай гана аңгемелер чыгарылган жок. Келгиле ушул алтын мезгил тууралуу ырлар жыйнагы менен таанышып алгыла. Алтын күз ыры Алтын күздө сапсары Араласам бакчаны. Айлана бүт шаңданып Капыстан ырдай баштады. Буудай: Буудаймын мен кыпкызыл, Ысык нанды жараткан. Ата-баба сыйлаган, Нечен кылым эл баккан. Арпа: Арпамын мен муруттуу, Мал тойгузган жан болом. Кампа толуп мен менен, Баардыгына жем болот. Алма: Мен Алмамын, Алмамын, Бакта өсүп калгамын. Жесең тоюп курсагың, Шекер татыйт таңдайың. Коон: Койдой болгон Коонмун мен, Күз келгенде союшат. Ичек-кардым артылбайт, Бөлөк алып коюшат. Дарбыз: «Дарбыз, дарбыз» дешип, Дарбып калат балдар. Жумшак дешип тишине…
Макала көлөмү орточо: 2 барак (А4)

Толук маалымат менен таанышуу, ошондой эле сайттагы бардык макалаларга мүмкүндүк алуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2019-10-22, Көрүүлөр: 218643, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-14

Рахманали
Ырахмат
Нургыз
Оркунунор оссун ийгилик каалайм
Акматалиева Канзада
Сайттын маалыматтары мен үчүн абдан пайдалуу
Айгерим
Ишинерге ийгилик мынданда жакшы ырларды жазгыла
Айбийке
Ырлары соонун экен мага жакты
Эркин
Соонун ырлар экен ырахмат
Кутман
Чооң Ыракмат
Айбийке
Чооң ырахмат сонун ырлар экен ❤️
Салима
Рахмат ыр жазған акындарыбыз кобойо берсин
Банчо
Сонун ырлар бар экен чоң рахмат
Раяна
Мага аябай күз мезгилдеги ырлар жакты
Жоробек
Жакшы ырлар бар экен Рахмат.
Айыма❤
сонун
Наима
Жакшы ырларкен рахмааат
Толгонай
Сонун, рахмат чон.Баары маанилуу ырлар.
Айпер
Ото сонун
Кыймат
Күз мезгили жөнүндө ырлар жакшы экен.Сүрөттөрү менен болгондо жкшы болмок эле бала бакчалар үчүн Мага аябай жакты.
Нурай
Сонун чыгыптыр кызыктуу☺️
Асема
Мен бул жакта жакшы ырлар бар деп ойлойм
Алтынбек
Жакшы ырлар экен аябай жакты
Адеми
Жакшы сонун ырлар бар экен мага айабай жакты