Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Чаян жылдызы

Баш барак | Гороскоп | Чаян жылдызы

Башка зодиак белгилер менен салыштырмалуу бул зодиак белгисин кандайдыр бир мамиледе күчтүүлөрдүн бири десек болот. Чаяндар дайыма өзүн өзү жетилтүү аракеттерин жасап, бардыгын контролдоп туруу үчүн акыл-эсинин жана физикалык күчүн көп сарптайт. Туруктуу эрк-күчкө ээ болуп, Чаяндар көп нерселерге чыдамдуу болот. Бирок бул чыдамдуулук кокус бомба сыяктуу жарылып кетсе, сокку толкуну менен көптөгөн импульсивдүүлүк жана сезимталдуулук бөлүнүп чыгат.

Бул белги сексуалдуулуктун белгиси. Бул жерден кармалгыс жана башкарылгыс берилгендиги менен буларды чыныгы ойнош боло алаарын айтып кетсек ашык болбос. Бирок андай учурда Чаяндар өзүн билүүсүн жана сезимдеринин башкаруусун жоготуп коёт. Бул аябай катуу кызганууга, өзүмчүлдүккө жана эмоционалдык зордоого алып келет.

Чаяндар дайыма өз айланасындагылардын баарысы идеалдуу болуусуна умтулат. Бул жаатта Чаяндарды жеңил ойлуу деп айтууга болбойт, тескерисинче, ар кыл иштерге олуттуу мамиле жасоосун айтсак болот. Анткени, Чаяндар туруктуу белгинин өкүлү болуп, өз ичинде темирдей бекем мүнөзгө ээ болуп, көз алдында дайыма такталган максаттар гана турат.

Күчтүү натуралардын бири болуп, Чаяндар башкалардын алсыздыгына чыдабайт, жана мындай алсыздыкты өзүнөн сезе баштаганда, буларды жек көрүү жеңе баштайт. Санаалаштуу жана айкөл болуп, булар дайыма жардамга чечкиндүү колун сунууга даяр. Бирок дипломаттык сапаттар - бул, алар жөнүндө эмес. Чаяндар болгон сырларын өзүндө гана сактайт. Жана кимдир бирөө бул сырдуулукту бир көзү менен болсо да, шыкаалаганга аракет жасаса, Чаяндарда боорукердикти билбеген, атаандашына жинденген шайтан ойгонот. Өзгөчө кубаттуулуктун нурун чачып, Чаяндар адамдарды өзүнө тартат. Кылдат интуицияга ээ болуп, булар адамдардын ойлорун же иш-аракеттерин алдын ала билип коюшу мүмкүн.

Чаяндар башкаларга таасирин тийгизүүчү өзгөчө мүмкүндүккө ээ. Булар адамдарды рентген сыяктуу ичи-тышынан бери көрүп, жан-дүйнөсүнө кирип кетет. Өзү болсо тескерисинче эч кимге ишенбегенге аракет кылып, дайыма кооптонууда болуп, момундугу менен айырмаланбайт. Зор каршылык көрсөтүү сапаттарына ээ болуп, булар эң чоң түйшүктөрдөн жана жан-дүйнөлүк жаралануулардан тирилип чыгуу мүмкүндүгүнө ээ.

Көп учурда Чаяндар өзгөчө агрессивдүүлүгү менен айырмаланып турат. Кежир жана ачуусу чукул болуп, булар өзүндө коркунучтуу энергияны алып жүрөт. Согуш жоокеринин сапаттарына ээ болуп, Чаяндар күрөшүүгө даяр, бирок эч качан жеңилүүгө даяр эмес. Чаяндарды сезим кубулуштарынын козголоңчусу, сүйүү покеринде кумар оюнчу, энергетикалык кан ичкич, ал гана эмес, адам денесине кирип алган шайтан деп атап койсо да болот.

[ushka=seredina]

Чаяндардын бийликчил жана дүркүрөгөн жан-дүйнөсүнүн үнү, ошондой эле ээ бербеген жана жалындуу мүнөзү көп учурда булардын ички дүйнөсүндө кырдаалды чыңалтып, жанжал чыгарып, көп учурда Чаяндарды күч-кубат жеткис санааларга жана неврозго алып келет.

Булар эмнени каалап жатканын дайым билип, жана ал максатына жетүү үчүн кандай гана тоскоолдуктар чыкпасын, бардыгын жеңүүгө даяр. Кандай гана кырдаал болбосун булар чечкиндүү маанайда болуп, козголоңчунун отун, жеңиштин наамы үчүн жандырууга даяр. Натурасы боюнча индивидуалист болуп, Чаяндар үйүр сезимдерине сейрек берилет, булар тескерисинче, коомдун ой-пикирине жана социалдык стереотиптерге каршылык көрсөтөт. Булар дайыма сак болот, демек, эл озунда айтылып жүргөндөй, сактанганды кудай сактайт. Кырдаалдарга дайым даяр болуп, булар эркин, күчүн жана тырышчаактыгын бир муштумга чогулта кармап, биринчи кол салганга сейрек барат.

Буларды эмоционалдык мазохист деп койсо да болот. Кээде булардын эспрессивдүүлүгү жана агрессивдүүлүгү өзүлөрүнө аябай чоң залакасын тийгизет. Бир жагынан, Чаяндар өз сүйүүсүндө өтө сезимталдуу жана кичине кандайдыр бир сентименталдуу болушу мүмкүн. Бул зодиак белгиси сүйүүнүн бардык көрүнүштөрү үчүн жаралган болот. Булар аны дайыма муктаж болуучу абадай кабыл алып, денеси, толук жан-дүйнөсү жана бардык жолдор, бардык ыкмалар менен умтулат.

Сүйүү оюнунда Чаяндар жеңилүүнү кабыл алуучу оюнчулардан эмес. Булар эч качан багынууга жол бербей, дайыма жеңүүчүнүн бийиктигинен иш-аракет жасап, көп учурда өз максатына жетет. Чаяндар үчүн жеңилип калуу өлүмгө тете. Мындай учурда булардын сыймыгы жана шек саноо ойлору, кичинеден мээсин жеп, жанын койбойт.

Чаяндар көп учурда акыл-эске жана рационалдуу стратегияга таянганга караганда, өзүнүн жүрөгүнө жана сезимдерине ишенет. Өзүнүн ички үнүнө кулак салып, булар дайыма башкалардын кеңешине караганда, сезимдерине көбүрөөк ишенич артат. Өз дилгирлүүлүгүнүн баркын билип, булар сүйүү бийиктиктерин багынтып, жүрөктөрдөн түнөк алууга даяр болушат.

Чаяндардын негизги принциптери:

  1. Каап, бирөөнү чагып алсам жакшы болмок.
  2. Ар бир окуя диван сыяктуу: аларда катылган пружиналар болушу зарыл.
  3. Жылмаюуу үчүн абдан олуттуу себеп болуусу зарыл.
  4. Баарынан бошонууга болот, бирок өз кызыгуулардан эмес.
  5. Согуш талаасында мен сүйүү ырын ырдайм.
  6. Менин көз карашыма бардыгы эле чыдай албайт.
  7. Менин кызыгууларым суу үстүнө чанда гана чыгуучу акула сыяктуу, сыртка сейрек чыгат.
  8. Баатырсыз, дүйнө жоголо баштайт.
  9. Мен кактуска окшошмун, менин жомоктогудай гүлүм, тандалгандарга гана гүлдөйт.
  10. Еврейлердин кытайчылыгын өлө жакшы көрөм да.

Чаян жылдызынын айкалышуулары

Сайтка жарнама жайгаштыруу