Аты жок адам болбойт. Өзү өлсө да ысымы эл арасында жашап жүргөндөр канча. Мындан 2 миң жылдан ашык мурда жашаган Италиядагы кулдар көтөрүлүшүнүн жетекчиси — Спартактын, дүйнөнүн жети кереметинин бири — Вавилондун асма багын салдырган деп болжолдогон Ассирия ханышасы — Семирамиданын ысымдары биздин күндөргө чейин жетип отурат.
Ал эми кыргыз элинин «Манас» эпосундагы Манас, Семетей, Сейтек, кыздардан чыккан акылман, баатырлар: Каныкей, Айчүрөк, Сайкал, Жаңыл, жер астында жети жыл жүргөн Эр Төштүк, чукугандай сөз тапкан Жээренчи чечен өңдүү ысымдар бүгүнкү күндө да биздин арабызда жашап келет. Алар эл-жерин коргоодо баатырдыгы, не бир кыйынчылыкта жол тапкан тапкычтыгы, акылдуулугу менен биздин сүймөнчүлүгүбүзгө ээ болгон. Деги адамдын ысымы деген эмне?
Адамдын ысымы өзүнчө бир бөтөнчө сөз. Ар бир сөздүн кандайдыр бир мааниси бар, ал эми адамдын ысымы аталган сөздө кандайдыр бир маани жоктой сезилет. Эгерде сен мышыкты көрсөтүп: «Тигине ит чуркап баратат!» десең, сага эч ким ишенбейт. Ал эми Жылдыз аттуу карындашыңды бирөөгө Чолпон деп тааныштырсаң, эч ким сени алдаганыңа күмөн санабайт. Айрым элдерде бир эле адам өз атын эки, ал тургай үч сапар өзгөрткөн учурлар кездешет. Бирок, эч нерсе өзгөрбөйт, адам эки жаралбайт. Андай болсо адамдын атында эч кандай маани жок болуп жүрбөсүн? Жок, андай эмес. Байыркы заманда адамдар балдарына ойлонуп туруп, өздөрүнө ылайык келген аттарды коюшкан.
Америкалык индейлер баласына Уи-Уис — «балапан үкү» же Хома-Хомани — «таңкы булут» деген сыяктуу энчилүү ат койгон. Байыркы гректерде Пётр («таш»), Фока («түлөн») деген энчилүү аттар болгон. Илгери баланын күчтүү, кайраттуу жана узакка жашашын каалап ага Вульф (бөрү) деген энчилүү ат коюшу ыктымал эле. Алар ишемби күнү төрөлгөн баланы — Соботка, тунгучун — Первша, ыйлаак наристени — Бессон деп аташкан. Мындай ысымдар кийин эмне үчүн коюлбай калды? Алардын ордуна христиан дини менен бирге өздөштүрүлгөн аттар коюла баштаган.
Азыр ар бир ата-эне баласына жакшы, уккулуктуу же бир сонун нерсени билдирген ар кандай атты тандап коё алат. Мисалы, Жаркын, Айтунук дегендей энчилүү аттарды коё алышат. Ушул сыяктуу эле кыргыздарда да балага ат коюу төрөлгөн кырдаалга (шартка) карай болуп, ага чоң маани беришкен. Мурунку доорду эске түшүргөн — Айбала, Күңөтай, Доорбек, Карып, төрт түлүк малга байланыштуу коюлган — Койлубай, Жылкычы, Уйлубай, Койчуке, ислам динине байланыштуу Кудайберген, Мукамбет, Исламбек, Ысмайыл, баланын атасынын жаш курагына байланыштуу — Алтымыш, Жетимиш: бала токтобогондо — Турат, Токтогон, Жаныбек, Бекбосун, өңчөй кыз төрөлгөндө — Жаңыл, Бурул, Адашкан, Совет бийлиги орногондон кийин — Совет, Кенеш: Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде — Жеңишбек, Эсен сыяктуу энчилүү ысымдар коюлган. Бирок ар бир эле сөздү адамдын аты катары колдоно берүүгө болбойт.
Адам аттарын изилдеген илим антропонимика деп аталат (грекче — «адам аты жөнүндөгү илим» дегенди билдирет). Ал ономастика илиминин бир тармагы. Ономастика жалпы эле энчилүү аттарды изилдейт. Бирок адам атын изилдөө мында маанилүү орунду ээлейт.