Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аналогия

Баш барак | Башкалар | Аналогия

Анало́гия (байыркы грекче ἀναλογία «шайкештик, туура келүүлүк, өлчөмдүүлүк») — окшоштук, мамилелердин теңдиги; буюмдардын, көрүнүштөрдүн, процесстердин, чоңдуктардын ж. б. кайсы бир касиеттерде, ошондой эле салыштыруудагы окшоштугу, мисалы:

Мазмуну
......
аянткөлөм
санымассасы
......

Колдонуу

Аналогияны маселелерди чыгарууда, кимдир бирөөнү ынандырууда, теорияларды иштеп чыгууда, математикада деги эле илимде кеңири колдонулат жана колдонсо болот.

Жөнөкөй мисал: 152535 деген сандардын ортосуна сызык коюп 15-25-35 деп жазсак бул телефон номерине окшошуп түшүнүүгө оңой болот эмесби, мына ушул аналогия. Же болбосо 123456 дегенди 123-456 деп жазсак бул шаардык стационардык телефон номерине окшоп калат.

Дагы бир мисал: бизде алма, өрүк, пияз, сарымсак өңдүү азыктар бар дейли. Булардын ортосундагы аналогияны кантип табуу керек? Алма менен өрүк бакта өсөт, пияз менен сарымсак жерде, бакта өскөндөрү өзүлөрү бышат, жерде өскөнүн бышырып жеш керек. Ушул сяыктуу ыкмада аналогияларды (окшоштуктарды) табууга мүмкүн.

Түрлөрү

Моделдери

Аналогия модели (латынча modus — үлгү, көчүрмө, кейип) — ички уюшулуунун негиздерин, функциясын, түрдүү себептер менен түздөн-түз изилдөөгө мүмкүн болбогон же татаалдашкан изилденүүчү объекттин өзгөчөлүктөрүн (оригиналын) имитациялоочу жана чагылдыруучу предметтик, математикалык же абстаракттык система.

Маалымат арттыруучу ойлонуунун процессинде «аналогия модели» чыгарманы, теорияны, окууну, гипотезаны, интерпретацияны жана башкаларды кыска түшүндүрүүдө (аналогия кейибинде баяндоо) түрдүү функцияларды аткарат.

Моделдер адам жамаатын моделдөөдө математика, логика, түзүмдүк лингвистика, физика, тарых, аналитикада жана илимдин башка чөйрөлөрүндө кеңири колдонулат.

«Аналогия моделине» болгон ой корутунду гипотезалык болот — булардын чындыгы же жаңылыштыгы кийинки текшерүүлөрдө (сыноолордо) чыгат (тастыкталат же четке кагылат).

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2021-06-11, Көрүүлөр: 4060, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-11-30, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу