Энесай маданиятынын кол өнөрчүлүгү — Энесайлык кыргыздардын устачылыгы, зергердик өнөрү.
Энесайлык кыргыздардын темир устачылыгы, зергердик өнөрү, боз үйү, аялдардын асемдүү жасалгаларын, ат жабдыктардын жасоо жакшы өнүккөн (Энесай маданияты). Байыркы тарыхый жазмаларды, тарыхый сүрөттөрдү карап келгенде сак, хун, үйсүн, дөөлөс, түрк тарыхында булардын кадимки кооз ээрлери болгон эмес.
Көчмөн уруулардын ичинен улуттук ээрин эң алгачкы чапкан кыргыздар болушкан делет. Кыргыздардын ажолору (кагандары) кушбаш ээрдин кашын алтындан жасатканын санжырада, элдик оозеки чыгармалардан, Манас эпосунан окуйбуз. Эң мыкты усталарды, эң кымбат буюмдарды жасаган чеберлерди каган ордосуна иштеткен.
Кыргыздар атам замандан бери эле алтынга бай келген. Жеринен алтынды табууну жана баалуулугун билишкен. Муну байыркы грек тарыхчысы Феофилакт Симокатта (VI-VII к) далилдейт. Элүүгө чукул алтын оюусу менен кооздолгон кемер курларды курчанган адамдар болгон.
Байыркы кыргыздар менен кошуна көчмөн уруулардын чабышы алтындан улам башталган учурлары да көп. Ошондогу казына-кенч катылган казанактардан кагандын алтын тагы, алтындан уютулган канаттуу тулпар, тоо, куштардын бедиздери жер астынан табылган. Түрк чежиресинде (санжырасында) Энесайдагы кыргыздардын шаарынын жанында күмүш кен болгонун, аны иштеткенин айтат. Кыргыздар урунган казан-аягы, идиштери, кашыктары жана кутулары бүтүндөй күмүштөн жасалган. Усталары, зергерлери ат жабдыктарын, ээрлерин, жүгөн, куюшкандарын, жоокер куралдарын, аялдардын шакек-мончокторун, бычактын, камчынын саптарын, оттук таштын каптарын, кемер курларын ж. б. бүтүндөй күмүштөн жасаган же көркөмдөшкөн. Байыркы кыргыздар, темирди камырдай жуурган мыкты усталар кесиби боюнча зергер, куюучу, уста, кыруучу, бедизчи ж. б. болуп бөлүнгөн.
Байыркы кыргыздардын жана көчмөндөрдүн эң чоң жетишкендиги — темирди дүйнөдөгү башка элдерден эрте таап алгандыгы же иштеткендигинде. Андан ат жабдыктарын жасап, жер айдаганга соколорду колдонушкан. Жоокер куралдарын — кылыч, найза, жебени жана зоот кийимдерин жасашкан. Темир таап, курал жасаганын үйрөнгөн тентек элдер Батышты көздөй чоң казатка аттанып, уктагандарга чуу салганы тарыхта белгилүү.
Хакасиянын Уйбат талаа-түзөңү байыркы көчмөн бабалардын кышкы жана жайкы утурумдук конуш жайлары болгон. Тарыхый эстеликтер мында арбын: эски сокмо сепил чептердин урандыларын, хан ордосунун казылган ордун, топ-топ тизилген корукталган төбөсү чыккан, кыйшайган таштардын катарын, ар тарабынан казылган көрүстөндөрдү байкоого болот. Түштүк Сибирде байыркы баба көрүстөндөрү көп. Чет өлкөлөрдүн окумуштуу, археологдору байыркы кыргыздардын тарыхын жана маданиятын көрүстөндөрдөн табылган эстеликтер боюнча изилдеп, илимге жаңылык ачып беришкен. Алар байыркы кыргыздардын шаар урандыларынан, көрүстөндөрүнөн өрттөлгөн сөөктүн калдыктарын, карапа буюмдарды, кемер курларды, асыл курал-жарактарды, соко, жаргылчак, соку, кетмен, балта, чопо жасаган калыпты таап чыгышкан.
Байыркы кыргыздар кесе, чыны табак, тамак салар, тамак куяр жалтырак идиштерди мыкты жасаган (Энесай маданиятынын оюн-тамашасы жана тамак-ашы). Мындай табылгалар Алтайда, Орхондо да, Тувада да эң арбын. «Чаа-тас» маданиятынын кийин IX к. кыргыз мамлекетинин, согуш өнөрүнүн, маданиятынын гүлдөп өскөн, жетилген мезгили болгон: кагандыкта рун жазмасы жана дүйнөлүк диндер тарайт; кыргыз кагандары мамлекетке акча киргизүүгө аракет кылган; шаар куруу жана дыйканчылыгы өсөт; кыргыз маданиятынын эстеликтери Борбордук Азияга чейин кеңири тараган.