Түштүк Сибирдеги көчмөн элдердин ичинен кыргыздар жылды сүрүштүрүп, күн-жылдыздарды байкоодо, он эки айды айбанаттардын аттарына бөлүшүү боюнча б.з.ч. эле биринчи пайдаланганы тарыхта небактан маалым жана элдик эпостордо, санжырада, руна жазмаларында белгилүү.
Энесай доорундагы кыргыздар алтын, күмүш сөлкөбайларды жасап, ага руна жазууларды түшүрүп, өздөрүнүн ички жана сырткы соода-сатыгын жөнгө салып, өнүккөн өлкөгө айланууга, мамлекеттин болочок өсүшүнө аракеттер жасашты. Даңазасы алыска кеткен кыргыздар Монгол чапкынына чейин баягыдай кандуу майданды башынан өткөрбөй жашады. Эзелки Энесай маданиятынын негизги пайдубалы өтө ыйык болгондуктан жана бекем уюгандыктан канча кылымдан бери эч жоголбой, унутулбай чынар теректей улам өнүгүп-өсүп отуруп, XX кылымга дейре жетти. Элдин маданиятын унутпаган улуттун келечеги кең, суру (духу) күчтүү, өмүрү узак болорун баба тарыхы какшап айтып турат. Муну эсиңе тут Мен Яглакар деп аталган уйгур жеринен келдим. Мен кыргыздын уулумун. Мен - бойламын, жогорку сотмун.
Мен бактылуу бага-тархандын ага буйрукчусумун (кеңешчисимин). Мен жөнүндө көп сөздөр жана сурамжылоолор күн чыккандан күн батканга чейин айтылган. Мен бай болгом. Малым үчүн он жайытым болгон.
Менин малым сансыз эле. Менин жети иним, үч уулум жана үч кызым болгон. Мен уулдарымды үй-жайлуу кылып бөлдүм. Мен кыздарымды калыңсыз эле күйөөгө бердим. Менин насаатыма (манихейчилик дин кызматкерине) жүз эркек жана жашаганга турак-жай бердим. Мен жээндеримди жана неберелеримди бердим. Мен эми каза болдум.
Менин уулум! Менин устатымдай (манихейлик дин кызматкеримдей) кайраттуу бол! Ханга кызмат өтө! Эрктүү бол! Менин улуу уулум жортуулга кеткен. Мен аны көрбөй калдым. Уулум... (Суджидеги (Монголиядагы) кыргыз каганынын керээзи).