Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алкоголизм

Баш барак | Медицина | Алкоголизм

Алкоголизм (латынча alcoholismus, الكحل [al-kuħl] ← артикль ال [al] + كحل [kuħl] «сурьма» араб сөзүнөн), ошондой эле, өнөкөт алкоголизм, өнөкөт алкоголдук интоксикация, этилизм, алкоголдук токсикомания ж. б. — өнөкөт психикалык прогредиенттик оору, алкоголго кызыгуу, жана андан психикалык, физикалык көз карандылыгы менен мүнөздөлгөн токсикоманиянын бир түрү. Алкоголизм, ичилген алкоголдун санын жоготуу, алкоголго болгон толеранттуулуктун өсүүсү (канааттанууга жетүү үчүн талап кылынуучу спирт ичимдиктерине болгон дозанын өсүүсү), абстиненттик синдром, органдардын токсиндер менен жабыркашы, ошондой эле, мас болуу учурунда өзүнчө окуяларды эс-тутумдан жоготуп (унутуп калуу) коюуу менен мүнөздөлөт.

Мазмуну
Алкоголизм (алкоголдон көз карандылык синдрому)
ЭОК-116C40.2
ЭОК-10F10.2
ЭОК-9303
OMIM103780
DiseasesDBalcoholism
MedlinePlus000944
eMedicinearticle/285913
MeSHD000437

Алкоголизм деген эмне? келгиле бул макаладан билип алалы. 1979-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуну тарабынан «Алкоголизм» термини Эл аралык оорулар классификациясынан (ЭОК) алынып, «алкоголдук көз карандылык синдрому» термини менен алмаштырылган. ЭОК-10до алкоголизм «алкоголду кабыл алуудан улам пайда болгон психикалык жана өзүн алып жүрүүчүлүк бузулуулар» (F10) бөлүмүнө кирген «көз карандылык синдрому» (F10.2) деп белгиленет, америкалык DSM-5 классификациясында «алкоголду кабыл алуудан пайда болгон бузулуулар» же «алкоголь кабыл алуунун бузулуулары» (англисче alcohol use disorder) деп жазылат.

Алкоголизм менен ооруган адамды «алкоголчу» (орусча алкоголик) дешет.

XIX кылымда эле, адамдардын жашоо шарттары жакшырса алкоголизм өсө баштайт деп саналчу. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ою боюнча дүйнөдөгү алкоголизм оорусунун мүнөздүү багыты (тенденциясы) дайыма өсүүдө делет: 2000-жылы алкоголизм менен ооруган бейтаптардын саны орточо 140 миллион болсо, 2010-жылы — орточо 208 миллионго жеткен: мындай багытта 2050-жылы дүйнөдө 9,5 млрд адамдын ичинен алкоголизм менен ооруган бейтаптардын саны 500 миллиондон ашышы мүмкүн, башкача айтканда 19дун 1и аракечтер болот.

Медициналык аныктамалар

Алкоголизм жөнүндө маалымат алууда, бирөөдөн уккан же ошол эле алкоголчу айткан жомокко ишенбей туура жана аныкталган маалымат алуу зарыл. Америкалык медициналык ассоциация журналы (Journal of the American Medical Association) «Спирт ичимдиктерин ичүүнүн көзөмөлүн жоготуу, алкоголго кызыгуу, терс натыйжаларга жана ойлонуунун бурмаланышына карабастан алкоголду ичүү менен мүнөздөлгөн алгачкы, өнөкөт оору» деп аныктаган.

DSM-IV (психиатриядагы диагностика стандарты) алкоголду кыянаттык менен колдонууну рецидивдик (кайталануу) терс таасирлерине карабастан кайталап кабыл алуу деп аныктайт.

APA Dictionary of Psychology маалыматы боюнча, алкоголизм — бул алкоголдук көз карандылык термининин күндөлүк аталышы. Мында кайсыл көз карандылык жөнүндө айтылып жатканы жөнүндө талаштар бар экинин эстен чыгарбоо керек: физикалык (абстиненция синдрому менен мүнөздөлөт), психологиялык (шарттуу рефлексти кубаттоого негизделген) же экөө тең.

Изилдөө тарыхы

«Өнөкөт алкоголизм» термини биринчилерден болуп 1849-жылы шведдик врач жана коомдук ишмер М. Гусс (M. Hüss) тарабынан колдонулган, мында ал, бул термин менен спирт ичимдиктерин ыгы жок көп ичкен адамдын организминдеги патологиялык өзгөрүүлөрдүн жыйындысын белгилген.

Бирок, көп убакыт бою аракечтик (ыгы жок спирт ичимдиктерин көп ичүү) менен алкоголизмдин (оорунун) ортосундагы айырмачылыкка көңүл бурушкан эмес. XIX жана XX кылымдын башында алкоголдук көз карандылык жалпысынан дипсомания деп аталган, учурда (2022) бул термин башка мааниге ээ. Алкоголизмди оору катары көрүү Э. Крепелин, К. Бонгеффер, Э. Блейлер, С. С. Корсаков, С. Г. Жислин, И. В. Стрельчуктардын эмгектери менен бекемделген. Алкоголизм ДССУ тарабынан оору катары 1952-жылы бекитилген.

Буга байланыштуу «Алкоголизм» менен «аракечтик» түшүнүктөрү ар башка болуп, буларды алмаштырбоо абзель. Алкоголизм — бул медициналык термин жана медицинадагы оорунун аталышы, ал эми аракечтик — бул спирт ичимдиктерине байланыштуу социалдык көрүнүш, аракеч адам алкоголизм менен оорубашы ыктымал, мисалы, такыр ичпеген адам бир күнү ичип, жинди болуп аракеч атка конот, эртеси жакшынакай адам болуп спирт ичимдигин ичпей оокатын кылып калат, же ушундай эле мисалда адамдар топтору тойлордо жана башка жерлерде ичишет. Албетте, аракечтик баарыбир алкоголизмге алып барат, бирок, ошондой болсо да, бул эки түшүнүк ар башка.

Эпидемиология

XX жүз жылдыктын өтүшүндө алкоголизм менен ооруган адамдардын санынын өсүү тенденциясы туруктуу байкалып турган. Мисалы, 1900—1929-жылдардагы орто салмактанган жылдык көрсөткүч калктын 1000не 0,3 туура келген, 1956—1975-жылдары — 12,3 болгон, 1930—1965-жылдары алкоголизм менен ооругандардын саны 50 эседен ашык көбөйгөн.

Алкоголизмдин ири эпидемиологиялык изилдөөлөрү 1980-жылдардан бери өткөрүлүүдө; бул изилдөөлөр алкоголизм жана аракечтиктин ар кайсы өлкөлөрдү кыйла айырмаланып тураарын көрсөткөн. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдөгү алкоголизм эпидемиологиясынын изилдөөлөрү бул оору Францияда көп экенин көрсөткөн, андан кийин АКШ, Швейцария жана Швеция. Ошондой болсо да, көрсөткүчтөр убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган; мисалы, АКШда алкоголду кабыл алуу төмөндөп, мурдагы СССР өлкөлөрүндө (анын ичинде Кыргызстанда дагы) жана Японияда — өскөн.

XXI кылымдын башында дүйнөдө жылына 200 миллиард литрден ашык алкоголдук ичимдиктер чыгарылган; бардык өнүккөн өлкөлөрдө 15 жаштан өйдө калктын көпчүлүгү спирт ичимдиктерин ичишчү, ошону менен бирге, болжолдуу эркектердин 1/6, аялдардын 1/13 алкоголду күн сайын ичишкен. Өнүккөн өлкөлөрдө киши башынан спирт ичидиктерин ичүү жылына 7—14 литрди түзөт; өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч азыраак, бирок, өсүү тенденциясы белгиленүүдө. Кыргызстанда алкоголду киши башына ичүүнүн көрсөткүчү 2016-жылы ДССУ маалыматы боюнча 6,2 литрди түзгөн жана 2025-жылы 7,4 литрге өсөт деп бааланууда, Россияда бул көрсөткүч 2016-жылы 11,7 литрге жеткен, 2009-жылдын маалыматы боюнча Россиядагы алкоголизм менен ооруган адамдардын саны 100 миң адамга 1523,3 туура келген.

Фармакодинамика жана метаболизм

Алкоголдук ичимдиктердин негизги компоненти — этанол — ичеги-карын трактында тез сиңип, адамдын мээсине кирип, нерв клеткалары менен аракеттене баштайт. Спирт ичимдигин ичкенде 45—90 мүнөттөн кийин этанолдун кандагы топтолушу максимумга жетет. Этанол организмден өзгөрбөстөн өпкө, бөйрөк, эмчек жана тер бездери, заң, ошондой эле боордогу биотрансформация жолу менен чыгарылат. Биринчи күндөрү алкоголдун организмде бузулушу жана чыгарылышы уланат:

Ацетальдегиддин акыркы жолу: альдегиддегидрогеназдын жардамы менен ацетатка айландыруу, мында, ацетил-КоА катышуусунда көмүртек кислотасы жана сууга чейин кычкылданат: C2H4O → ацетат → CO2 + H2O + энергия.

Дени сак адамдын организминдеги кычкылдануу ылдамдыгы туруктуу болуп, болжолдуу 1 килограмм салмагына 1 саатта 0,1 г таза этанолду кычкылдантат. Кабыл алынган алкоголдун 10 % га чейини өзгөрүүсүз бөйрөк жана дем алуу аркылуу чыгат.

Алкоголдун организмге көп келүүсүнүн табигый коргоочусу — кусуу рефлекси, бул рефлекс оорунун улам өнүгүүсүнөн басаңдайт.

Этиология

Албетте, алкоголду ичүүнүн негизги себептеринин бири, адамга болгон кийинкидей таасирлер: эйфория, уйкунун келүүсү, жалган жылытуучу касиеттер, социалдык себептер («кел эми, бир чөйчөктөн эч нерсе болбойт», «сыра же вино көз карандылыкка алып келбейт», «мен [биз] үчүн алып кой» же «ата-энеңди [туугандарыңды, досторуңду] сыйласан алып кой» деген сыяктуу намыска таасир этүүчү чакырыктар). Эң башкысы ушундай чакырыктарга бейтааныш адам эмес, жалаң тааныштар, достор, алыскы тууган-туушкандар өңдүү жакын адамдар азгырат. Алкоголизмдин этиологиясы боюнча көптөгөн көз караштар бар. Мисалы, W. Sudduth (1977) орунун өнүгүү негизи, этанолдун ичеги-карынга таасир этүүсүнөн чыгат деп жоромолдогон. Анын теориясы боюнча, этанол ичеги карындар тарабынан пайдалуу заттарды сиңирүүнү басаңдатып, ууну сиңирүүнү күчөтөт. Бара-бара токсиндер көбөйүп, бул жерде этанол жалгыз антибактериалдык жана нейроблоктоочу агентке айланат. Ал убактылуу абалды жакшыртып, «компульсивдик кызыгууну» аныктайт. Ушинтип, туюк айлампа жаралат. Орус врачы Пятницкая жазгандай: «Дал ушул токсиндүү туюк айлампа, алкоголизмдин неврологиялык жана генетикалык симптоматикасын түшүндүрө алат».

Бүгүнкү күндө курч алкоголизмдин жана өнөкөт ичимдик ичүүнүн мээнин нейрохимиялык функцияларына таасир этүүсүнө көңүл бурулууда, мисалы, этанолдун борбордук нерв системасына (БНС) таасир этүү механизмдериндеги γ-аминомайлуу кислотасына (гамма-аминомайлуу кислота — ГАМК) кыйла көңүл бурулууда. И. П. Анохина (1995) көз карандылыктын калыптануусунун жалпы звеносуна мээни колдоо системалары жайгашкан медиация аймактарындагы катехоламиндик, негизинен дофаминдик аймактарына заттын (анын ою боюнча бул жерде башка маң заттар болушу мүмкүн) таасир этүүсү кирет.

Бирок, оорунун механизми белгисиз болгонуна карабастан, негизги булактары — курамында спирти бар ичимдиктер жана алардын таасири. Андан тышкары, көп нерселер биологиялык, психологиялык жана социалдык факторлордон көз каранды.

Патогенез

Алкоголизмди моноэтиологиялык негизине таянуу менен изилдөө аракеттери, курулай аракет болуп, оорунун патологиясы жөнүндөгү маселе иштеп чыгылбаган бойдон калууда. Кээ бир адамдарда патологиялык абал жетишээрлик тез пайда болсо, экинчилеринде процесс жай, деструктивдүү органикалык болот. Алкоголдун конкреттүү органдарга таасири да изилденүүдө. Көп кырдуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгында түрдүү патологиялардын жалгыз радикалы баяндалган — алкоголчулардын гипоадренергиясы. Конкреттүү нейрондук системанын таасиринен көз карандылык жабык бойдон калууда. Кайсы бир органдын көбүрөөк өнөкөт интоксикацияга кабылуусунан улам гана чечим чыгарууга болууда.

Алкоголизм, күчөп өскөн психикалык бузулуулардын симптоматикасы жана ички органдардын спецификалык алкоголдук бузулуулары менен айырмаланат. Алкоголдун организмге тийгизген патогенетикалык механизмдери этанолдун тирүү ткандарга, жана негизинен адам организмине таасир этүүсүнүн бир нече түрлөрү менен түз эмес негизделген.

И. П. Анохиндин айтымында алкоголдун психоактивдүү таасиринин негизги патогенетикалык чынжыры — түрдүү нейромедиатордук системаларды активдештирүү саналат, өзгөчө катехоламиндик системаны. Борбордук нерв системасынын түрдүү деңгээлдеринде бул заттар (катехоламиндер жана эндогендик опиаттар) түрдүү эффектерди аныктайт, мисалы, ооруну сезүү деңгээлинин жогорулашы, эмоциялардын жана өзүн алып жүрүү реакциялардын калыптанышы. Алкоголду өнөкөт кабыл алуудан улам бул системалардын ишмердүүлүгүнүн бузулушу алкоголдук көз карандылыктын өнүгүүсүн, абстиненттик синдромду, алкоголго карата критикалык мамиленин өзгөрүүсүн ж. б. чакырат.

Алкоголдун организмде кычкылдануусунда организмдин өнөкөт интоксикациясынын өнүгүүсүн чакырган «ацетальдегид» аталган уу зат калыптанат. Ацетальдегид кан-тамыр дубалдарына (атеросклероздун прогрессиясына түрткү болот), боор ткандарына (алкоголдук гепатит), мээнин ткандарына (алкоголдук энцефалопатия) өзгөчө токсиндүү таасир этет.

Алкоголдун организмден чыгуусу убактысы

Организмдин алкоголдон тазаланууже чыгуусунун белгилүү бир бекилген убактысы жок. Анткени, спирт ичимдигинин организмден чыгуу процессине көптөгөн факторлор таасир этет: эң башкысы, алкоголдун организмдеги саны, бул көрсөткүч канчалык жогору болсо, ошончолук организмдин тазалануусу жай жүрөт; ошондой эле адамдын салмагы, организминин абалы дагы таасир этет.

Орточо, спирттин көпчүлүк бөлүгүн организм 24—48 саат ичинде чыгарат, көп көлөмдөгү спирт ичимдиктерин ичкенден болжолдуу 72 саат талап кылынат. Алкоголдон толук арылуу жана организмдин жаңылануусу үчүн орточо жок дегенде 1 ай талап кылынат.

Оорунун баскычтары

Алкоголизм, алкоголго болгон катуу психикалык жана физикалык көз карандылык менен мүнөздөлөт (алкоголдук көз карандылык). Патология катары алкоголизм бир нече өнүгүү баскычтарынан өтөт, алар акырындык менен алкоголдук көз карандылыктын көбөйүүсү, спирт ичидиктерин кабыл алууда өзүн көзөмөлдөө мүмкүндүгүнүн азаюуусу, ошондой эле, алкоголь менен өнөкөт уулануудан улам пайда болгон түрдүү соматикалык (дене) бузулуулардын прогрессивдүү өнүгүүсү менен мүнөздөлөт.

Алкоголизмдин эң жөнөкөй дифференциациясы (айырмачылыгы) алкоголдук көз карандылыктын клиникалык жана психикалык белгилеринин болуусунда, ошондой эле, алкоголду кабыл алуунун жыштыгында жана санында негизделет. Кийинкидей адамдар тобун айырмалашат:

  1. Спирт ичимдиктерин ичпеген адамдар
  2. Алкоголду орто (мелүүн) ичкен адамдар
  3. Алкоголду кыянаттык менен кабыл алган адамдар (алкоголдук көз карандылыктын өнүгүшү)
    • Алкоголизмдин белгилери жок
    • Алкоголизмдин алгачкы белгилери менен (кырдаалдык жана дозалык көзөмөлдү жоготуу, мезгил-мезгили менен катуу ичүү [запой])
    • Алкоголизмдин айкын белгилери менен (мезгил-мезгили менен катуу ичүүнүн тез-тез болуп турушу, ички органдардын бузулушу, алкоголизмге мүнөздүү психикалык бузулуулар)

Алкоголдук көз карандылык кокустан ичүү эпизоддорунан оор алкоголизмге чейин өнүгөт.

Көп учурда алкоголизм менен ооругандар (оорунун бардык баскычтарында) өзүнүн оорусун мойнуна албайт же анын олуттуулугун баалай албайт («ай, оңой эле таштап коем» дегендей). Бул көрүнүш «алкоголдук анозогнозия» деп аталат.

Алкоголизм жөнүндө анын прогредиенттик өнөкөт оору берилиштердин алкагында, алкоголизмдин өнүгүүсүндө үч негизги баскычты айырмалашат.

Биринчи баскыч

Алкоголизмдин биринчи баскычында оорулуу көп учурда алкоголду ичкиси келген сезимдерди сезет, жана бул сезимдерди жеңип чыгуу алар үчүн оор. Спирт ичимдигин ичүү мүмкүн эмес болгон учурларда, ичкиси келген сезимдер убактылуу өтүп кетет, бирок, алкоголду ичүү учурунда ичилген алкоголдун санына болгон көзөмөл чукул төмөндөп кетет. Оорунун бул баскычында мас болуу абалы өтө кыжырдангычтык, агрессия, ал гана эмес эс-акылын жоготуу учурлары менен коштолот. Алкоголчу адамда аракечтикке болгон критикалык мамиле жоголуп, алкоголду кабыл алуунун ар бир учурун актанууга аракет кылган тенденция жаралат. Биринчи баскычтын аягында алкоголго болгон жакшы байкалган толеранттуулуктун (алкоголду көтөрүүсү) көбөйүүсү башталат. Алкоголизмдин биринчи баскычы акырындык менен экинчисине өтөт.

Экинчи баскыч

Алкоголизмдин экинчи баскычы алкоголго болгон толеранттуулуктун кыйла өсүүсү менен мүнөздөлүп, акырынддан эң жогорку чеги — «толеранттуулук платосуна» жетет. Бара-бара адам ичкен ичимдигине болгон көзөмөлүн толук жоготот (көзөмөлдүн азаюуусу), мас болуудагы эйфориянын узактыгы дагы кыйла азайып, экинчи баскычтын аягында таптакыр болбошу мүмкүн. Бул баскычта алкоголдон физикалык көз карандылык жана спирт ичимдиктердин чоң дозаларын кез-кез жалгыз ичүү тенденциясы пайда болот. Дал ушул экинчи баскычта тердөө, баш ооруу, суусоо, кыжырдангычтык, уйкунун бузулушу, жүрөк аймагындагы оорулар, дене бөлүктөрүнүн же бүтүн дененин калтырагы (тремор) менен коштолгон абстиненттик алкоголдук синдром жаралат. Алкоголчу акырындык менен алкоголго тиешеси жок бардык нерселерге көңүл кош мамилесин көрсөтүп, өзүнүн ичүүсүн актанбай дагы калат. Көз карандылыктын тюук айлампасы жаралат — токтотууга өтө татаал болгон көп күнгө созулган ичүүлөр. Токтоосуз ичүүнү чукул токтотуу, ошондой эле, медининалык жардамсыз оорукчан адамды спирт ичимдигинен айланасындагылары тарабынан чектөө аракеттери, металкоголдук психоздорго чейинки түрдүү татаалдашууларга алып келиши мүмкүн. Алкоголизмдин экинчи баскычында оорукчан адамда ички органдарынын жана борбордук нерв системасынын бузулушу ачык билине баштайт (мисалы, жыныстык кызыгуунун төмөндөшү, зараны кармай албастык ж. б.).

Үчүнчү баскыч

Алкоголго болгон тартылуу күчөп, пропорциялуу түрдө көзөмөл төмөндөйт. Мас болуу үчүн организмге аз сандагы гана спирт ичимдиги талап кылынат, ошону менен бирге, психикадагы бузулуулар уламдан-улам көбүрөөк амнезияга алып келет. Психикалык, физикалык жана социалдык деградация көбөйөт. Акырындык менен «чыныгы запой» аталган түшүнүгүнө жакындатылган убактылуу абал жаралат — адам ойлонбостон (сокур сезим) ичимдикке болгон чыдагыз тартылуу сезимдерин сезет. Мас болуу үчүн аз сандагы спирт ичимдигинин дозасы (чөйчөк же андан дагы аз) жетиштүү болгонун эске алуу менен, мындай запой кээде организмдин толук көтөрүм болуусу менен аяктайт. Бул убакта психиканын жана ички органдардын бузулушу кайтып келгис абалга кептелет, толук алкоголдук деградация келет. Атайын медициналык жардамысыз токтотулган запой, көп учурда металкоголдук психоздор менен коштолуп, өлүмгө дагы алып келиши мүмкүн.

Алкоголизмдин аз прогредиенттик (стационардык) өтүүсүндө, оорунун негизги белгилеринин өнүгүүсү азыраак билинээрлик болот.

Диагностикалык белгилер

«Алкоголизм» диагнозун коюуу үчүн бейтапта кийинкидей белгилердин болуусун аныкташат:

Тагыраак диагностикалык көрсөткүчтү ЭОК-10 (Эл аралык оорулар классификациясы) коёт:

Курч мас болуу

ЭОК боюнча F10.0.

Интоксикация туруктуураак бузулуулар менен коштолбосо гана, диагноз негизги болот. Мында кийинкилерди эске алуу зарыл:

Бул диагноз алкоголизмдин жоктугун билдирет. Ошол эле бөлүмгө (7 деген кошумча сан, башкача айтканда F10.07) патологиялык мас болуу кирет.

Зыяндуу натыйжалар менен кабыл алуу

ЭОК боюнча F10.1.

Ден соолукка зыян келтирип алкоголду ичүү модели. Зыян, физикалык (гепатит ж. б.) же психикалык (мисалы, алкоголдошуудан кийинки экинчилик депрессия) болушу мүмкүн. Диагностикалык белгилер:

Алкоголь менен байланыштуу бузулуунун спецификалык формасы болгондо зыяндуу натыйжалар менен диагностикалоо жүргүзүлбөшү керек. Бул диагноз дагы алкоголизмдин жоктугун билдирет.

Көз карандылык синдрому

ЭОК боюнча F10.2.

Оорулуу адамдын баалуулуктар системасында алкоголду ичүү биринчи орунга чыккан физиологиялык, өзүн алып жүрүүчүлүк жана когнитивдик көрүнүштөрдүн айкалышы. Диагностика үчүн жыл ичинде пайда болуучу белгилердин жок дегенде үчөө болушу зарыл:

  1. Алкоголду ичүүнүн катуу муктаждыгы жана зарылдыгы.
  2. Алкоголду ичүүнү көзөмөлдөө мүмкүндүгүнүн бузулушу, башкача айтканда ичип баштоонун, бүтүшүнүн жана⁄же дозировкасынын.
  3. Алып таштоо же токтотуу абалы (орусча состояние отмены) (F10.3 жана F10.4).
  4. Толенранттуулуктун жогорулашы.
  5. Алгоколдун пайдасына альтернативдик кызыкчылыктарды унутуунун өнүгүүсү, алкоголь ичүүдөгү жана анын таасиринен кийинки калыбына келүү убактысынын көбөйүүсү.
  6. Боордун бузулуусу, затты интенсивдүү кабыл алуудан кийинки депрессивдик абалдар, алкоголдошуунун натыйжасында когнитивдик функциялардын төмөндөөсү өңдүү шексиз зыяндуу кесепеттерге карабастан алкоголь ичүүнү улантуу (бейтап кесепеттердин табиятын жана деңгээлин билгенби жана биле алганбы, муну аныктоо керек).

Көптөгөн врачтар үчүн көз карандылык синдрому — «алкоголизм» диагнозун коюууга жетишээрлик себеп, бирок постсоветтик психиатрия буга катураак мамиле жасайт.

F10.2 диагнозу бешинчи белги менен такталышы мүмкүн:

Алып таштоо абалы

Бир нече жолу кайталанган, кадыресе узак жана⁄же массалык (жогорку дозаларда) кабыл алуудан кийин ичүүнү толук же жарым-жартылай токтотуудан пайда болгон түрдүү айкалыштагы жана оорчулук деңгээлиндеги белгилер (симптомдор) тобу. Алып таштоо же токтотуу синдромунун башталышы жана өтүшү убакытта чектелип, түздөн-түз карманууга чейинки дозага туура келген доза ылайык болот.

Алып таштоо синдромуна психикалык бузулуулар мүнөздүү (мисалы, тынчсыздануу, депрессия, уйкунун бузулушу). Психикалык бузулуулар кээде түздөн-түз мурдагыдай кабыл алуу жок болгондо шарттуу бекилген стимулдан (адат) жаралышы мүмкүн. Алып таштоо синдрому көз карандылык синдромунун белгилеринин бири.

Делирий менен коштолгон алып таштоо абалы (F10.4) башка клиникалык себеп болууну жана анын пайда болуу механизминдеги кардиналдык айырмасынын негизинде белгиленет.

Алкоголизмдеги ден соолуктун бузулуулары

Алкоголь клеткалардын чел кабыгына (мембранасына) уулуу таасир этет, нейромедиатордук системалардын ишин бузат, кан-тамырларды кеңейтип, жылуулукту жоготууну жогорулатат, заранын жана ашказандагы туз кислотасынын секрециясынын бөлүнүп чыгуусун көбөйтөт.

Ички органдардын алкоголдон жабыркашы (алкоголдук висцеропатия)

Алкоголго узак убакыт бою кыянаттык мамиле жасап колдонуу ички органдардын калыбына келгис өзгөрүүлөрүнө алып келет. Өнөкөт алкоголизмдин фонунда кийинкидей оорулар өнүгөт: алкоголдук кардиомиопатия, алкоголдук гастрит, алкоголдук пакреатит, алкоголдук гепатит, алкоголдук нефропатия, алкоголдук энцефалопатия, анемиянын ар кандай түрлөрү, иммундук системанын бузулушу, мээге кан тамуу (куюлуу) жана субарахноидалдык кан агуу тобокели.

Алкоголизм чакырган оорулардын тизмеси

Алкоголизмдеги психикалык бузулуулар

Алкоголдук мас болуу

Этанолдун борбордук нерв системасына таасир этүүсүнүн натыйжасында пайда болуучу патологиялык абал. Алкоголдун жалпы таасири борбордук нерв системасынын (БНСтин) функциясын эзүү менен мүнөздөлөт, ал эми баштапкы баскычтардагы эйфория жана дүүлүгүүлөр БНСтин тормоздук механизмдеринин бошоңдоо (алсыздануу) белгилери гана. Алкоголдук мас болуу процессинде мээ кыртышынын функциясы гана эзилбестен, кыртыш алдындагы түзүмдөр дагы эзүүгө кабылат (каракуш мээ, базалдык өзөктөр, мээ сөңгөгү). Алкоголдук мас болуунун үч баскычын айырмалашат: жеңил, орто жана оор, булар этанолдун уулуу жана психоактивдүү таасири чакырган психикалык жана неврологиялык белгилердин прогрессивдүү өсүүсү менен мүнөздөлөт. Алкоголдук мас болуунун мүнөзү көптөгөн факторлордон көз каранды: организмдин этанолго туруштук берүүсү, алкоголдун дозасы жана түрү, алкоголду ичүү шарттары, алкоголду ичкенден кийинки тамактануунун саны жана сапаты, организмдин физикалык абалы. Симптоматика жеке иш-аракеттерге болгон критикалык мамиленин төмөндөшүнөн, үстүртөн ойлонуудан, кыймыл-аракеттердин так эместигинен жана өзүн алып жүрүүнүн тормоздолуусунан (жеңил мас болууда) айланадагылар менен байланышты жоготууга чейин, орой атаксиядан (кыймыл-аракеттин бузулушу) селейүүдөн жана оор ууланууларда комага чейин вариацияланат.

Алкоголдук психоздор

«Алкоголдук психоздор» термини, мурда мунун себеби алкоголдун түздөн-түз мээге таасир этүүсү болгондо колдонулган. Кийинчерээк металкоголдук болуп өзгөртүлгөн, анткени, психоздор адам организмине болгон этанолдун кесепети экени аныкталган.

Металкоголдук психоздор — бул өнөкөт алкоголдук интоксикация менен шартталган психикалык бузулуулар. Алкоголдук психоздордун бир нече түрлөрү белгилүү: алкоголдук делирий (латынча «Delirium tremens», сөзмө-сөз «калтырап акылдан ажыроо», орусча «белая горячка»), алкоголдук депрессия, алкоголдук галлюциноз, алкоголдук параноид, алкоголдук эпилепсия.

Алкоголдук делирий — көбүрөөк кездешүүчү алкоголдук психоз, ал өнөкөт алкоголизм чакырган метаболикалык бузулуулардын натыйжасында өнүгөт. Психоздун белгилери алкоголду ичүүнү токтоткондо бир нече саат же бир нече күндөн кийин өнүгөт.

Алкоголдук психоз жана курч мас болуунун ортосунда патологиялык мас болуу орун алат — сейрек абал, аң-сезимдин кайгылуу акылдан ажыроо түрү, бул абал спирт ичимдигин ичпеген адамдар ичкенде жаралып, мейкиндикте багытты (дезориентация) жана убакытты жоготуп, кыймыл-аракеттин козголуусу, патологиялык аффект көрүнүштөрүнө ээ болот.

Алкоголизмдин аягы

Алкоголизмдеги өлүмдөрдүн көп кездешүүчү себеби — жүрөк-кан-тамыр оорулары. Алкоголь миокарданы жабыркатып, өнөкөт жүрөк жетишсиздигинин өнүгүшүнө алып келет, а бул жүрөктөгү ашказанчалардын өлүмгө алып келүүчү фибрилляцияларынын өнүгүү тобокелин жогорулатат. Ошондой эле, алкоголизм, курч алкоголдук интоксикация, курч панкреатиттеги панкреонекроздо, боордун алкоголдук циррозунда өлүм менен аякташы мүмкүн. Алкоголчуларда өзүнө-өзү кол салуу (суицид), кырсык же кылмыш жасоонун натыйжасында жашоого ылайык келбеген травмаларды алуу тобокелдиги өтө жогору.

Алкоголизмдин социалдык кесепеттери

Алкоголчулардын барлдары түрдүү психикалык жана өзүн алып жүрүүчүлүк бузулуулар менен жабыркашат. Ал эми Кыргызстандагы алкоголдук өлүмдүүлүк, анын башка адамдарга тийгизген кесепеттери, үй-бүлөдөгү зомбулуктар бирден-бир чоң көйгөй.

Миңдеген үй-бүлөлөр алкоголдун айынан бузулууда, ал эми аялдардын боюнда болгон кезинде спирт ичимдиктерин ичүү баланын «алкоголдук феталдык синдром» менен төрөлүп калуу тобокелин абдан жогорулатат.

Мас абалында унаа айдоо болсо олуттуу көйгөйдү жаратат. Жашыруун алкоголду ичүү (өзгөчө аялдар арасында), үй-бүлө мүчөлөрүнө абдан татаал психиологиялык, физикалык жана финансылык көйгөйлөрдү жаратат, мындай үй-бүлөдө чоңойгон баланын психикасы бузулат.

Алкоголизм жана кылмыш

Алкоголизмдин же аракечтиктин натыйжасында жаралган кылмыштуулук шексиз көйгөйлөргө кирет десек болот. Мас болуп алып, түрдүү уруш-талаштардан баштап, уурулукка баруу, мушташуу, ал гана эмес адам өлтүрүүгө чейин жетүүдө. Канчалаган айымдар алкоголизмдин айынан зордук-зомбулук азабын башынан өткөргөн учурлар аз эмес. Ал эми балдардын жабыркашы өзүнчө бир чоң маселе.

Көбүн эсе кылмыштуулук спирт ичимдиги адамдын өзүн сындоо сезимдерин басаңдатышынан, кайдыгерлик мамиленин күчөшүнөн келип чыгат. Ал эми кылмыштын эң жөнөкөйү жана ошол эле учурда эң оор кылмыштарга алып келүүчү себеби — бул аргасыздык, эгер адамдын ичимдик сатып алууга акчасы жок болсо, аргасыздан кылмыш жасоого барат: бирөөнү тонойт, уурулукка барат.

Жашыруун ичүү

Негизи медицинада «жашыруун ичүү» деген түшүнүк жок, ар бирок жашоодо ушундай учурлар дагы кездешет. Мындай көрүнүштөр көбүнчө аялдарда көп байкалат. 50—100 грамм ичимдикти үйдүн ар кайсы жагына катып, аны сууга кошуп ичишип, күнү бою кирип-чыгып ичип жатып чоң көлөмдөгү алкоголду ичип алышат. Аякыр-аягы ичкенин жашыра албай, ачык ичүүгө киришет, бул учурда адамда бекем көз карандылык түптөлгөн болот. Мындай жашыруун ичкендердин жашоосунун натыйжасы жашырганы гана болбосо ачык ичкен алкоголчулардан эч айырмаланбайт. Буларда дагы ички органдар жабыркайт, нерв системасы бузулат ж. б. оорулар жаралат.

Алкоголизмди дарылоо

Алкоголизм терапиясы анын пайда болуусунун бардык себептерине багыталышы зарыл: биологиялык (дезинтоксикация, фармтерапия), психологиялык (психотерапия), социалдык (терапия жок дегенде үй-бүлөдөгү мамилелердин өзгөрүшүнө багытталышы керек, андан тышкары — алкоголизм менен ооруган адамдын эмгек-социалдык адаптациясы), жан-дүйнөлүк (ичкен адамдын аз дегенде мүнөзүнүн моралдык-этикалык касиеттерине таасир этүү, идеалдуу учурда — өзүнүн жашоо маанисин табууга жардам берүү). Башкача айтканда, алкоголизмди дарылоо анын заманбап түрүндө комлекстүү болуп, бир гана биологиялык терапияны сунуштабастан, психотерапия жана социалдык чараларды камтышы керек.

Алкоголизмди дарылоодо бир нече негизги учурларды белгилешет:

  1. Медикаментоздук дарылоо алкоголдук көз карандылыкты басуу жана өнөкөт алкоголдук интоксикация чакырган бузулууларды жок кылууда колдонулат. Негизинен медикаментоздук дарылоодо алкоголь менен алган даары айкалышпай өлүм коркунучунун сезимин бекемдөөдө негизделген, натыйжада организмде ден-соолукка оор зыян келтирүүчү, ал гана эмес өлүмгө чейин алып баруучу заттар калыптанат. Мындай даарылоо ыкмасы аверсивдик терапия деп аталат. Алкоголду ичкенде дисульфирам оор ооруну чакырып, кальций карбимиди менен биргеликте кабыл алууда 50 % учурларда алкоголду кабыл алууну токтотууга алып келет. Ошондой эле, бир кальций карбимидин кабыл алуу мүмкүн, мында анын таасири дисульфирам менен окшошураак болот, бирок, көбүнчө гепатотоксиндүүлүктүн жана уйкунун келүүсү жок болот. Налтрексон алкоголду ичүү каалоосун азайтуу үчүн колдонулуп, карманууга түрткү берет жана алкоголду ичүүдөгү жагымдуу таасирлерди азайтат. Налтрексон алкоголду кабыл алууну улантууда дагы пайдаланылат. Акампросат алкоголду ичип мээнин өзгөрүп кеткен химиясын тең салмактап, алкоголдон көз каранды болгондордун арасында рецидив (бир нерсенин кайталанышы) учурларын азайтат.
  2. Дүйнөлүк тажрыйбада алкоголдук көз карандылыкты дарылоодо гамма-аминомайлуу кислоталар (ГАМК) агонисттери пайдаланылат, булар алкоголдун фармакологиялык аналогдору. Россия клиникалык тажрыйбасындагы жалпы баңги жана негизинен алкоголдук көз карандылыкты даарылоо үчүн антипсихотиктерди (нейролептиктерди) колдонуу аныктама медицинанын негиздерине каршы келет: антипсихотиктердин алкоголдук көз карандылыкты дарылоодогу эффективдүүлүгү жана коопсуздугу жөнүндөгү аныктама маалыматтар жок; бир катар антипсихотиктердин эффекттерин баалаган 1593 бейтап катышкан 13 кокустатылган көзөмөлдөнүүчү сыноолор бул препараттардын карманууга алып келбешин, алкоголду кыянаттык менен ичүүнү азайтпашын, жана алкоголдук көз карандылыгы бар бейтаптардын ичимдикке болгон кызыгуусун жок кылбашын көрсөткөн.
  3. Оорулууга психологиялык таасир этүү ыкмалары — оорулуунун алкоголго терс мамилесин бекемдөөгө жардам берип, оорунун рецидивдерин алдын алат. Бул жерде оң таасирлүү аяктаганда адам жаралган көйгөйлөрүн жана оорчулуктарын алкоголдун «жардамысыз» башка ыкмалар менен жеңип чыга ала турган көз караш калыптанат. Мында, алкоголизмде когнитивдик-алып жүрүүчүлүк терапия эффективдүү — негизинен, алкоголчуну өзүнүн ойлорун, эмоцияларын көзөмөлдөөгө үйрөтүүчү психотерапия ыкмасы, мунун натыйжасында, алгоколдук ичимдиктерди ичүүнү жандандыруу тобокели жаралганда жардам берет.
  4. Бейтаптын социалдык реабилитация ыкмалары — алкоголизм менен ооруган адамды инсан катары калыбына келтирүүгө жана аны коом түзүмүнө кайра кошууга көмөктөшөт. Учурда (2022) Кыргызстанда бул дээрлик жокко эсе, анда-санда ишке ашыруу учурлары локалдык борборлордо гана болууда.
  5. Детоксикация — алкоголду кабыл алууну чукул токтотууда соматикалык абалды медикаментоздук ыкма менен тууралоо. Анын максаты — алкоголду узак мөөнөт бою ичкенден кийин организмди нормалдуу абалына келтирүү. Детоксикация алкоголдук көз карандылыкты даарылоодогу алгачкы кадамдары. Алкоголдук детоксикация алкоголизмди даарылоо катары саналбайт, ал алып таштоо синдромун жеңип чыгууга гана жардам берет. Шартка ылайык, абстиненттик синдромду (алкоголду ичүүнү токтоткондо пайда болуучу симптомдор топтому) алдын алуучу бензодиазепиндер сыяктуу препрараттар менен айкалыштыруу. Абстиненттик синдромдун жумшак же мелүүн тобокелине гана ээ болгон адамдар детоксикацияны үйдөн өтсө болот. Андан кийин, рецидив тобокелин азайтуу үчүн алкоголдук көз карандылыктан даарылоо программасын өткөрүү керек. Бензодиазепиндер алкоголдук көз карандылыкты чукул токтотуу үчүн колдонулат, даарыны узак убакыт кабыл алуу алкоголизмдин күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Кыргызстандын клиникалык тажрыйбасында клиренстик детоксикация типтүү колдонулат, анткени бул алкоголдук көз карандылыкта илимий негизи да, кыйла эффектиси да жок.
  6. Нормалдаштыруу жана мелүүндүк алкоголдон толук эмес карманууну жоромолдойт. Алкоголчулар мындай ыкма менен ичүүнү чектей алышпайт, кээ бирлери мелүүн санда ичүүгө убактылуу гана чыдайт. Алкоголдон толук кармануу — оорунун күчөшүнө жеткирбөөнүн жалгыз ыкмасы.
  7. Комплекстик ыкмалар — өзүнө бир нече ыкмаларды камтыйт. Бул медикаментоздук жана психотерапия же психиологиялык таасир этүү жана социалдык реабилитация болушу мүмкүн. Ушундай ыкмалардын бири, өзүнө психотерапия, медикаментоздук терапия жана алкоголчунун тегерегиндеги адамдар менен иштөөнү камтыган «испан» ыкмасы.
  8. 1960-ж. жана 1970-жылдары өткөрүлгөн алты изилдөөлөрдүн ретроспективдик анализине ылайык ЛСДнин жардамы менен өткөрүлгөн психотерапия алкоголду даарылоонун потенциалына ээ болгон.

Соолук жамаатары жана топтору

Эң белгилүү алкоголизмге каршы коомдук кыймыл — 1935-жылы түзүлгөн анонимдүү алкоголчулар тобу, ал дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар (кыскартылышы АА). Топко баруу өз эрки менен акысыз жана анонимдүү башаттарда жүргүзүлөт. Анонимдүү алкоголчулар топторунда катышуунун жападан жалгыз шарты — алкоголду ичүүнү токтотуу каалоосу. Топторду медиктер эмес, аракечтердин өздөрү уюштурат.

Анонимдүү алкоголчулар топтору запойдон чыгарбайт, ичкен адамды таштоосун талап кылбайт, жабыркаган органдарды дарылабайт. Анонимдүү алкоголчулар тобуна соо кезинде же алкогол ичип алып барса да болот, болгон айырмасы, алкогол ичип алгандар чогулушта оюн айтууга укугу жок. Анонимдүү алкоголчулар топторунун максаты — бейтапка соо абалын сактоого жардам берүү жана реабилитацияга мүмкүндүк ачуу. Ошондуктан, АА топтору официалдуу медицинанын ордун алмаштырбайт — аларды болгону толуктайт. Көптөгөн алкоголь менен ооругандарга мындай топтордо катышуу — бул көнүп калган «бөтөлкөчүлөр» айланасын алмаштыруу, толук жалгыздыктан арылууну түшүндүрөт. АА топтору адамдарды көпкө чейин соо абалын сактоого жардам берип, алардын ишин наркологдор сынга албастан, колдоп дагы келишет.

ААдан тышкары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө алкоголизмди алдын алуу боюнча билим берүүчүлүк жана агартуучулар иштерин алып барган башка жамааттар жана соочулук топтор бар. Булар, мисалы, Интернационалдык гуманизм жана соочулук уюму (АКШда негизделип, 1851-жылдан бери иштейт, учурда [2022] башкы кеңсеси Норвегияда), Вашингтон соочулук коому (1840-жылы негизделген), Франциядагы «Ак крест» (1899-жылдан бери иштейт).

Алкоголизм менен күрөшүү

Адам баласынын алкоголго болгон туруктуу муктаждыгынан алкоголизм көйгөйүн административдик чечүү маселеси бир кыйла татаал. Мамлекеттик деңгээлде алкоголизм менен күрөшүү аракеттери бир канча жолу болгон. Мисалы, Гётеборг системасы (1865—1917) жана Швециядагы Братта системасы (1917—1955), Россиядагы (1914—25), Финляндиядагы (1919—1932), АКШдагы (1919—1933) жана Исландиядагы (1915—1922) «кургак мыйзамдар». Мыйзамсыз спирт ичимдиктерин өндүрүү, алкоголду контрабандалык түрдө алып келүү жана уулуу суррогаттарды ичүүнүн айынан спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатууга тыюуу салуунун бардык учурларын алып таштоого туура келген. Швеция, Финляндия жана Норвегияда алкоголду мамлекеттик монополия шартында өндүрүү боюнча мамлекеттик узак мөөнөттүү чектелген өндүрүү саясаты иштеген, бирок, бул дагы көздөгөн натыйжага жеткирген эмес (мисалы, Финляндияда 15 жаштан өйдө адамдардын арасында алкоголду ичүү 1950-жылы киши башына 2,6 литрден 1996-жылы 8,4 литрге чейин өскөн). Россия да дагы алкоголго каршы кампания бир нече жолу өткөрүлгөн. Алардын эң белгилүүсү 1985-жылы өткөрүлгөн кампания болуп, жыйынтыктары бир маанилүү болбой калган: спирт ичимдиктерин чектөө мезгилинде төрөмдүүлүктүн өсүүсү байкалып, өлүмдүүлүк төмөндөгөн, орточо жашоо узактыгы жогорулаган; бирок, мыйзамсыз алкоголдук өндүрүмдөрдү өндүрүүнүн жана айтылуу «самогон» кайнатуунун өсүүсүнүн эсебинен алкоголду ичүүнүн реалдуу төмөндөшү анча чоң болгон эмес.

Дүйнөлүк деңгээлде алкоголдук саясатты Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму ишке ашырат. 2010-жылдын май айында Женевадагы Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо ассамблеясында «Алкоголду кыянаттык менен кабыл алууну төмөндөтүү боюнча глобалдык стратегия» кабыл алынган. Докладда сунушталган чаралардын ичинде: спирт ичимдиктеринин жарнамасын чектөө, алкоголдук өндүрүмдөрдү сатуу жерлердин санын чектөө жана сатуу убактысын кыскартуу, салыктардын эсебинен спирт ичимдиктерге болгон бааларды жогорулатуу, алкоголдук ичимдиктердин зыяны жөнүндө маалыматтоо, айдоочулардын канындагы алкоголдун нормасын төмөндөтүү ж. б.

Жайгаштыруу: 2022-04-02, Көрүүлөр: 2107, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-04-02, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу