Амёбиаз (амёбалык дизентерия) — заңдык-оралдык берүү механизмдүү антропоноздук инвазия (мителенүү), ичегиден тышкаркы өнөкөт рецидивделенүүчү колит менен мүнөздөлөт. «Амёбиаз» терминин көбүнчө Entamoeba histolytica жөнөкөй мителер чакырган амёбалык дизентерияга колдонушат. Башка амёбиаздарга алгачкы амёбалык менингоэнцефалит дагы кирет, козгогучтары Naegleria fowleri, Acanthamoeba spp жана B. Mandrillaris амёбалары, ошондой эле, акантамёбалык кератит, мунун козгогучу Acanthamoeba тукумунун өкүлдөрү.
Амёбиаз | |
---|---|
ЭОК-11 (Эл аралык оорулар классификациясы) | 1A36 |
ЭОК-10 | A06 |
ЭОК-10-КМ | A06.9 жана A06 |
ЭОК-9 | 006 |
ЭОК-9-КМ | 006 жана 006.9 |
DiseasesDB | 4304 |
MedlinePlus | 000298 |
MeSH | D000562 |
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча Жердеги адамдардын 10 % амёбиаз менен ооруйт. Ошону менен бирге ДССУ бул патологияны унутулган оорулардын тобуна киргизген. Дүйнөдө амёбалык дизентерия мителик оорулардын өлүм себебинин маанилүүлүгү боюнча экинчи орунда. Ичеги дубалдары аркылуу канга түшүп, боорго барат, ал жакта амёбалык абсцесс калыптанып, рентгенография жана томография менен диагностикалоо татаал жүрөт, анткени, ал абсцесс түзүмдөрдүн өзгөрүп турган толкундарынын чагылышын камтыбайт.
Оору климаты ысык өлкөлөрдө жайылган, көбүнчө заңдык кирдөөнүн жогорку тобокелдиги бар антисанитария шарттарында көп. Мексика менен Индия эндемикалуу өлкөлөр деп саналат, бирок абалы жакшы өлкөлөрдө да эпидемиялар катталып турат, мисалы, 1933-жылкы Чикагодогу Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө учурунда. Учурда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө ооруга чалдыккан учурлар эндемикалык аймактардан келген туристтер менен мигранттарда катталып турат.
Инфекциянын булагы — амёбиаз менен ооруган адам же амёбаны алып жүрүүчү. Оорунун заңдык-оралдык жол аркылуу ыйлаакчалар (цисталар) менен инфекцияланган сууну же жашылча-жемиштерди жегенде жугат. Оору түз байланыш аркылуу жугат (мисалы, аналдык жыныстык акт учурунда). Ыйлаакчалар кошумча таракандар жана чымындар аркылуу дагы таралышы мүмкүн. Жылуу нымдуу чөйрөдө мите ыйлаакчалары 2—4 жумага чейин жашай алышат.
Козгогучу — дизентериялык амёба (латынча Entamoeba histolytica) — эң жөнөкөйлөргө таандык, үч формада (ткандык, эндик [просветтик] жана ыйлаакча) жашай алат. Ткандык формасы, амёбиаз менен ооруган бейтаптарда, башкалары алып жүрүүчүлөрдө кездешет. Entamoeba histolytica жашоо цикли эки баскычтан турат:
Вегетативдик баскыч амёбалардын төрт формасын камтыйт: ткандык, чоң вегетативдик (E. histolytica, forma magna), эндик (E. histolytica, forma minuta) жана ыйлаакча алындагы. Амёба өлчөмү 20—25 мкм (микрометр), кыймыл эктоплазматикалык жалган буттары аркылуу ишке ашырылат. Чоң вегетативдик жалган формасы 60-80 мкм жетет, анда дайыма фагоцитоздолгон эритроциттер (эритрофаг) болот. Ыйлаакча алдындагылар реконвалесценция мезгилинде жана ыйлаакча алып жүрүүдө заңда табылат. Ыйлаакчалар тегерек сымал формада болуп, өлчөмдөрү 9—14 мкм, эки сырткы көрүнүштүү кабыкчалу, 1ден 4кө чейинки өзөктөрү жакшы аныкталат. Төрт өзөктүү ыйлаакчалар бышып жетилген делет. Алар ичеги амёбиазынын курч баскычында жана реконвалесценция баскычында табылат. Ыйлаакчалардын адамдын ички ичегисине түшүшүндө, алардын чел кабыктары бузулат. Ыйлаакчадан амёбанын төрт өзөктүү эне формасы чыгат, ал экиге бөлүнгөндө 8 бир өзөктүү амёбалар калыптанат. Жагымдуу шарттарда алар көбөйүп, вегетативдик формага айланып, жоон ичегинин проксималдык бөлүмдөрүндө жашашат. Амёбанын ыйлаакчалары тышкы чөйрөдө туруктуу келет. Сууда бир нече ай жашайт. Кургатууда жана тоңдурууда тез өлөт. Хлор камтыган дезинфекциялоочу каражаттарга ыйлаакчалар туруктуу болот.
Ыйлаакчалар жоон ичегинин жогорку бөлүгүнө түшкөндө жугуу ишке ашат (сокур жана чыгуучу чынжырлоочу ичеги). Организмдин жакшы каршылык көрсөтүүсүндө ыйлаакча жана эндик формалар ооруну козгобостон ичегиде көпкө чейин жата беришет. Жагымсыз шарттарда (ысык климат, начар белоксуз тамактануу, дисбактериоздо) ыйлаакчалар эндик формага айланып, өзүнүн цитолизиндери жана протеолиттик ферменттери менен ичегинин тканына кирип алышат (ткандык форма), а бул сезгенүү жана жаралардын пайда болуусу (ичеги формасы) менен коштолот, кээде ткандардын некрозун чакырышы мүмкүн. Кээде амёбалар кан тамырлар аркылуу ичегиден башка органдарга кирип кетет (биринчилерден боорго), ал жактан экинчилик очок — абсцесстерди калыптандырат (ичегиден тышкаркы амёбиаз).
Ичеги амёбиазында патологиялык процесс төмөндөөчү багытта өнүгүп, ырааттуу түрдө сокур, чынжырлуу, сигма түрдүү жана түз ичегиде локалдашат. Типтүү учурларда былжыр чел гиперемирленген, шишиген, анда учунда сары чекити бар майда түйүнчөлөр, эрозиялар калыптанат. Түйүнчөлөрдө детрит жана гистологиялык амёбанын вегетативдик формалары болот. Коагуляциялык же кургак некроздун натыйжасында түйүнчөлөр бузулуп, диаметри бир нече миллиметрден 2—2,5 смге чейинки жаралар пайда болот. Былжыр челдин түбүнө чейин жеткен терең жаралардын түбү ириң менен капталган. Биопсия жасаганда жаралардын катмарында эритроциттер жутулган амёбалар табылат. Жаралардын тереңделиши кан агууга жана ичегинин перфорациясына (тешилишине) алып келиши мүмкүн. Өнөкөт амёбиазда кисталар, полиптер жана амебомдор пайда болот (пайда болгондор бүдүр ткандардан, фибробласттардан жана эозинофилдик лейкоциттерден турат).
Ичегиден тышкаркы амёбиаз амёбалардын гематогендин диссеминациясында жаралат. Кирме (дарбаза же эшик) венасында алар боорго кирип, мында көбүнчө диафрагманын кумпасында (куполунда) локалдашкан гепатиттин белок жана май дистрофиясынан тартып, боордун абсцессине чейинки түрдүү деңгээлдеги жабыркоолор өнүгөт. Дарыланбаса, боордун ириңдөөсү (абсцесс) (шоколад өңдүү ириңге окшош) көөдөн чел (плевра) көңдөйүнө жана өпкөгө, азыраак орто кереге (среднестение), перикардга жана ич көңдөйүнө кирет. Амёбалар мээге, териге жана башка органдарга метастазиялана (жылуу, орун которуу) алат.
Жуктурган күндөн 7—10 күн өткөндөн кийин биринчи колиттин спецификалуу эмес белгилери пайда болот: алсыздык, ичтин төмөнкү бөлүктөрүнүн оорусу, субфебрилдик температура. 10 % учурларда фульминанттык (өтө тез) дизентериянын формалары кезигет, кан жана былжыр аралашкан профуздук (өтө, чектен ашкан) диарея менен мүнөздөлөт. Чыйрыгуу бейтаптардын үчтөн биринде өнүгөт. Ошону менен бирге, гепатомегалия (боордун чоңоюшу), ал гана эмес боордун амёбалык абсцесси байкалышы мүмкүн. Амёбиазда сезгенүү реакциялары көбүнчө азыраак, лейкоцитоз менен 12000/ мл чейин. Узакка созулган диарея дегидратацияга (суусузданууга), көтөрүм болууга жана алсыздыкка алып келиши мүмкүн.
Боор — инвазивдүү ичеги-карын амебиазынын эң кеңири таралган бутасы болуп саналат, бирок кээ бир учурларда мителер өпкөгө (көбүнчө оң өпкө жабыркайт), перикардга, териге (сейрек) жана мээге энцефалитке мүнөздүү белгилердин өнүгүшү менен кирет. Боорго аралашканда, органдын функциялары, негизинен жабыркабайт жана боордун амёбалык абсцессинде жегич фосфатазанын жогорулашынан башка четтөөлөр кандын анализинде байкалбайт. Кээде боордун абсцесси ичегиде мителер жок болгондо деле өнүгөт.
Дарылоо жүргүзүлбөсө, кыска ремиссиядан кийин оорунун симптомдору кайра пайда болот — амёбиаз өнөкөткө өтөт (кайталануучу же үзгүлтүксүз). Акырындык менен анемия, көтөрүмдүк өнүгөт. Татаалдашуулар өнүгүшү мүмкүн: ичеги дубалынын перфорациясы, кан агуу, перитонит, ичегинин ичкерүүсү.
Иммунитет жетишсиздигинин белгилери бар, алсыраган бейтаптарда инфекция бүт денеге жайылып, өтө оор өтүшү мүмкүн. Жаш балдар, карылар, кош бойлуу аялдар жана кортикостероиддерди алган бейтаптар инфекцияга көбүрөөк сезимталдуу болушат.
Амёбиаздын диагнозу, заңда амёбанын ткандык түрүн аныктоого негизделген. Ыйлаакчаларды жана эндик (просветтик) формаларды аныктоо ооруга же алып жүрүүчүлүккө шектенүүгө мүмкүндүк берет, бирок диагнозду ырастоо үчүн бул жетишсиз. Патогендүү эмес ичеги флорасында амёбанын бир нече түрүнүн (Entamoeba coli, Endolimax nana, Iodamoeba butschlii) болушу микроскопиялык диагностиканы татаалдаштырат. Кээде, тышкы көрүнүшү окшош келген Entamoeba dispar амёбасы табылып, туура эмес диагноз коюлушу мүмкүн, анткени, бул амёба 10 эсе көбүрөөк кездешип, ооруга алып келбейт жана даарылоону талап кылбайт. Дифференциалдык диагностика үчүн ПЧР (Полимераздык чынжыр реакциясы) ыкмасын колдонушат. Ошондой эле серологиялык текшерүүлөр, сейрек — колоноскопия пайдаланылат. Ичегиден тышкаркы амёбиазды аныктоо үчүн серодиагностика, УҮИ (Ультраүндүк изилдөө, орусча УЗИ), радионуклиддик изилдөөлөр, рентген диагностикасы, компьютердик томография (КТ) жана магниттик-резонанстык томография (МРТ) колдонулат.
Дифференциалдык диагностика башка курч жана өнөкөт ичеги-карын оорулары менен жүргүзүлөт (шигеллёз, сальмонеллёз, спецификалуу эмес жаралуу колит).
Ичеги амёбиазын жана ичегиден тышкары формаларды дарылоо үчүн учурда негизинен метронидазол же тинидазол колдонулат. Симптомсуз (белгилери жок) алып жүрүүчүлүктө мителерди эрадикациялоо үчүн йодохинол жана паромомицин дайындалат.
Тарыхый жактан амёбага каршы биринчи каражат түштүк америкалык ипекакуана өсүмдүгүнүн эметин алкалоиди болгон, кийинчерээк анын туундусу — дегидроэметин. Учурда, уулуулугунан жана жетишээрлик эмес эффективдүүлүгүнөн сейрек колдонулат, негизинен метронидазолго жакпастыгы же узакка созулган, дарылоого туруктуу формалары болгондо. Альтернативдүү ыкма тетрациклин катарындагы препараттарды колдонууну камтыйт, көбүнчө метронидазол же эметин менен айкалышуусунда.
Ичегиден тышкаркы формасында (боордун, өпкөнүн абсцесси, теринин амёбиазы), метронидазол менен бирге хиниофон (ятрен), дийодохин, мексаформ, интестопан жана башка дары-дармектер колдонулат, кээде хирургиялык дарылоо менен бирге айкалыштырат.
Жоромолдор негизинен оң.
Амёбиаз менен ооруган бардык бейтаптар ооруканага жаткырылат. Обочолоо жана дарылоо толук клиникалык айыгууга чейин жүргүзүлөт. Ыйлаакчаларды жана эндик формаларды алып жүрүүчүлөр коомдук тамактануу системасындагы жумушка киргизилбейт. Оору очогунда дезинфекция жүргүзүлөт. Жалпы профилактикалык иш-чараларды башка ичеги-карын инфекцияларына өткөргөн сыяктуу өткөрөт.
Ооруп айыккан адамга диспансердик байкоону 12 ай бою жүргүзөт. Медициналык байкоо жана лаборатордук изилдөөнү жыл мезгилинин бир чейрегинде (квартал) бир жолу өткөрөт, ошондой эле, ичеги дисфункциясы пайда болгондо дагы. Дизентерия амёбасы менен жабыркаган тамак-аш жана ушул сыяктуу мекемелердин кызматкерлери амебиаздын козгогучунан толук санацияга чейин диспансердик каттоодо болот.