Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Саякатчылар диареясы

Баш барак | Медицина | Саякатчылар диареясы

Саякатчылар диареясы — адаттан тышкаркы өлкөлөргө же климаттык зоналарга саякаттаган адамдардын көп кездешүүчү оорусу. Полиэтиологиялык клиникалык синдром көрүнүшүнө ээ. Оорунун негизги белгиси суткасына үч жолудан ашык болгон калыптанган эмес заң менен заңдоо, көп учурда карышуу сыяктанган ичтин оорушу, кускунун келиши, метеоризм жана баш оору (мигрень) менен коштолот.

Мазмуну
Саякатчылар диареясы
ЭОК-10A09
ЭОК-9009.2

Себептери

Өлкөлөр ортосунда саякаттаган адамдардын 20-50 % пайда болушу мүмкүн, көбүнчө биринчи жума ичинде. Азия, Африка, Латын Америка, Жакынкы Чыгышка саякаттаган саякатчылар көбүрөөк тобокелге ээ, ошондой эле, иммуносупрессиясы, ичеги-карындын сезгенүү оорулары бар адамдар, диабетчилер, H2-блокаторлорду же антациддерди кабыл алган адамдар.

Саякатчылардын диареясынын себептери кийинкидей болушу мүмкүн: организмге ичеги таякчаларынын жаңы штаммдарынын пайда болуусу, вирустук жуктуруу, клетчаткага бай көп өлчөмдөгү мөмө жемиштерди кабыл алуу.

Оорунун өтүшү

Саякатчылар диареясы негизи башка өлкөдө жүргөндө биринчи жуманын ичинде курч өнүгөт, бирок, өз өлкөңөргө келгенде дагы пайда болушу мүмкүн. Бул оору үчүн, суткасына 2 жолудан ашык заңдоо, заңдын суюк болуусу мүнөздүү, негизи заңдоо суткасына 4төн 5ке чейин. Кээ бир ДП менен ооруган адамдарда ичин бурап оорутушу, кускунун келиши, ичтин көбүүсү, чыйрыгуу жана алсыздык менен коштолушу мүмкүн. Кайсы бир учурларда заңда кандын аралашмасы болот.

Бир саякаттоонун өтүшүндө бир же бир нече диарея учурлары болушу ыктымал.

Даарылоо

Эрежеге ылайык оору 3-4 күндүн ичинде өзү өтүп кетет. Ошону менен бирге, кээ бир диарея менен ооруган саякатчыларда оору эки жумадан ашык созулушу мүмкүн, кээде 1-3 ай.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) өтө тез-тез дааратканага чакырыктарда жана дарыгерге кайрылуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо үч күн ципрофлоксацин кабыл алууну сунуштайт: чоң кишилерге суткасына эки жолу 500 мгдан жана 15 мг/кг суткасына эки жолу балдарга. Ошол эле убакта, дефекация жыштыгын азайтуучу каражаттарды кабыл алуу, оор натыйжаларга алып келиши мүмкүн, мисалы, ичеги өткөрбөстүгү.

Ансамицин антибактериалдык препараттар классына кирген антибиотик рифамицин менен дарылоого уруксат берилет. Дарынын эффективдүүлүгү Гватемала жана Мексикага саякатка барып, диареяга кабылган 264 чоң кишилер арасында кокустук менен тандалып, плацебо-көзөмөлдөнүүчү клиникалык изилдөөдө көрсөтүлгөн.

Алдын алуу

Ооруну алдын алуу боюнча сунуштарга жакшы жуулган жана даярдалган азыктарды кабыл алуу, бөтөлкөдөгү сууну ичүү жана колду тез-тез жууп кирет. Холерага каршы эмдөө холерага эффективдүү болгону менен, саякатчылардын диареясына кепилдик бербейт. Ооруканага жаткыруу зарылдыгы 3 % түзөт.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2021-10-12, Көрүүлөр: 840, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-10-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу