Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шигеллёз

Шигеллёз, дизентерия же бактериалдык дизентерия (латынча dysenteria ← байыркы грекче δυσ- + ἔντερα «ичеги») — заңдык-оралдык жугуу механизмдүү, шигелла (Shigella) түрүндөгү бактериялар чакырган инфекциялык оорулардын курама тобу, артыкча жоон ичегинин дисталдык бөлүмүндө интоксикация жана бузулуунун өнүгүүсү менен мүнөздөлөт.

Мазмуну
Шигеллёз
Эл аралык оорулар классификациясында
ЭОК-111A02
ЭОК-10A03
ЭОК-10-КМA03.2, A03.1, A03.0, A03.9, A03, A03.8 жана A03.3
ЭОК-9004
ЭОК-9-КМ004, 004.2, 004.0, 004.1, 004.9 жана 004.3
DiseasesDB12005
MedlinePlus000295
eMedicinemed/2112
MeSHD004405

Этиология

Козгогучтар — шигеллёздун козгогучтары Shigella түрүндөгү бактериялар (40 ашык түрлөрү белгилүү).

Алар узундугу 2 — 3 мкм жана жазылыгы 0,5 — 0,7 мкм болгон терсграмдык таякчалар түрүндө болуп, спора жана капсулаларды калыптандырбайт.

Шигеллалардын 4 түрүн айырмалашат: S.dysenteriae, (Григорьева — Шига шигеллалары), S.flexneri, S.boydii, S.sonnei.

Акыркысынан башка, бардык көрсөтүлгөн шигеллалар серологиялык ар түрдүүлүктөргө ээ.

Шигеллалар тышкы чөйрөдө жетишээрлик туруктуулугу менен айырмаланат: саркынды сууларда 25 — 30 күнгө чейин сакталат, топуракта 3 — 4 же андан ашык айлар бою.

Азык-түлүктөрдө (эт-сүт, балыкта, салаттарда ж. б.) шигеллалар жөн гана сакталбастан, көбөйүшөт, бул S.sonnei бактериясына жакшы мүнөздүү.

Жогорку температура жана дезинфекциялоочу аралашмалар менен таасир этүүдө шигеллалар өлүшөт.

Шигеллалардын патогендүүлүгүнүн маанилүү факторлоруна алардын инвазивдүүлүгү (ичегинин эпителиалдык клеткаларына кирүү мүмкүндүгү) жана цитотоксин менен эндотоксиндерди иштеп чыгуусу кирет. S.dysenteriae күчтүү Шига-токсин иштеп чыга алат.

Патогенез

Шигеллёздордун патогенезинде эки фазаны айырмалашат: ичке ичегилүү жана жоон ичегилүү.

Ичке ичегиге түшкөндө шигеллалар эндо- жана энтеротоксин бөлүп чыгарат, булардын организмге таасири интоксикацияны шарттайт, 12—24 сааттан кийин шигеллалар жоон ичегиге жетип, ал жактан алар эпителиалдык клеткаларды инвазиялайт, натыйжада клеткалар бузулат. Көбүнчө жоон ичегинин дисталдык бөлүмү жабыркайт.

Ичегинин жабыркашы ар түрдүү мүнөзгө ээ: катаралдык сезгенүүдөн баштап, эрозиялык-жараланууга чейин, ал гана эмес фиброздук-некротикалыкка чейин, а бул оорунун оордугун аныктайт.

Клиникалык көрүнүш

Шигеллёз учурунда инкубациялык мезгил шартка ылайык 2ден 7 күнгө чейин (көбүнчө 2 — 3 күн).

Бирок, гастроэнтериттик түрүндө инкубациялык мезгилдин узактыгы 12—18 саатка чейин кыскарышы мүмкүн.

Эпидемиология

Инфекциянын булагы — ооруган бейтаптар жана бактерия алып жүрүүчүлөр. Жылуу мезгилде оорунун көбөйүүсүндө шигеллёз жылы бою катталат. Жугуу механизми — заңдык-оралдык.

Жугуу жолдору: суу, азык-түлүк, тиричилик-байланыш (фомиттер менен) аркылуу.

Инфекциянын жайылуусунда белгилүү бир ролду алып жүрүүчү курт-кумурскалар ойнойт: чымындар, таракандар.

Инфекциянын козгогуч клеткалары ооруп айыккан адамдын заңында оору бүткөндөн кийин эки айга чейин табыла берет. Жуктуруу дозасы 200—300 тирүү клеткалар, бул негизинен оорунун өнүгүүсүнө жетиштүү.

Тобокел зонасында иммунитети чабал балдар жана чоң кишилер, канынын тобу А (II), Нр(2), Rh (-) адамдар кирет, ошондой эле, санитардык-гигиеналык шарттары начар уюшулган аймактардын жашоочулары.

Өтүшү

Инкубациялык мезгил 1—7 күнгө созулат. Оору тез башталат. Алгач жалпы интоксикация синдрому өнүгөт. Ал табынын жогорулашы, чыйрыгуу, ысуу сезими, шалдыроо, табиттин төмөндөшү, баш оору, артериалдык кан басымдын төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Ичеги-карын эни жарбыркайт. Алгач туруктуу мүнөзгө ээ болгон курсактын бардык аймагынын сыздатып оорутушу менен коштолгон ич оору менен белгиленет. Андан соң ооруксунтуу курч мүнөзгө өтөт, бурап оорутуп, көбүнчө курсактын төмөнкү бөлүмдөрүндө локалдашат, айрыкча сол жагында. Дааратканага чакырык алдында ооруксунтуулар күчөйт.

Татаалдашуу

Шигеллёз учурунда татаалдашуулар сейрек белгиленет. Оорунун жүрүшүн татаалдаштыруучу мүмкүн болгон абалдарга оорунун катуу жүрүшүндө өнүккөн инфекциялык-токсикалык шок кирет. Резистентүүлүгү начар адамдарда (улгайгандар, алкоголиктер) пневмония өнүгүшү мүмкүн.

Диагноз

Шигеллёз диагнозу типтүү клиникалык көрүнүштүн негизинде коюлушу мүмкүн экендигине карабастан, аны тастыктоо үчүн атайын изилдөө ыкмаларын колдонуу керек: бактериологиялык жана серологиялык.

Ооруканага жаткыруу

Шигеллёз менен ооругандар клиникалык жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча инфекциялык стационарларга жаткырылат.

Кароо өзгөчөлүктөрү

Шигеллез менен ооруган бейтаптарга кам көрүү башка курч ичеги оорулары менен ооругандарды кароодон дээрлик айырмаланбайт.

Даарылоо

Этиотроптук (козгогучка таасир этүү) дарылоо кийинкидей дары-дармектер менен жүргүзүлөт:

Патогенетикалык дарылоо изотоникалык туз эритмелери менен детоксикация терапиясынан (Рингердин аралашмасы), энтеросорбенттер менен (энтеросорб, активдештирилген көмүр, Полифепан, Смекта), ошондой эле энзимтерапия жана витамин терапиясынан турат. Дисбактериозду тууралоону жүргүзөт (колибактерин).

Ооруканадан чыгаруу эрежелери

Курч шигеллёз менен ооруган бейтаптарды ооруканадан чыгаруу айыккандан кийин 3 күндөн эрте эмес жана заңдын бир жолку бактериологиялык изилдөөсүндө терс жыйынтык чыкканда чыгарылат, изилдөө этиотроптук терапиянын бүткөнүнө 2 күн болгондон кийин өткөрүлөт.

Бактериологиялык изилдөө менен тастыкталбаган, дизентериядан айыккан декреттелген жарандар топтору, айтылган шарттардын бардыгын кармангандан кийин стационардан чыгарылат.

Бактериологиялык изилдөө менен диагноз тастыкталган учурда, стационардан чыгаруу ошол эле шарттарда өткөрүлүп, бирок, эгер, заңдын эки ирет бактериологиялык изилдөөсүндө терс натыйжа чыкса (козгогучтар табылбаса).

Стационардан чыгарылгандан кийин бейтаптар диспансердик байкоого алынат.

Алдын алуу

Шигеллёздун алдын алууда ооруган адамдарды жана бактерия алып жүрүүчүлөрдү табуу чоң мааниге ээ, өзгөчө, тамак-аш, азык-түлүктөрдү өндүрүү, сактоо, траснпорттоо жана иштетүү тармагында иштеген адамдардын арасында.

Дал ушул себептен коомдук тамактануу мекемелеринде, азык-түлүк комбинаттарында, базарларда, балдар мекемелеринде, суу менен камсыздоо курулмаларында санитардык абалды катуу сактоо зарыл.

Айтылган мекемелерге ишке орношуп жаткан жарандар сөзсүз түрдө заңдын бир жолку бактериологиялык изидөөсүнөн өтүүсү керек.

Индивидуалдык алдын алууда жеке гигиена эрежелерин сактоо менен чектелет.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2021-10-08, Көрүүлөр: 726, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-10-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо