Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ысык тамактар

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Ысык тамактар

Кыргыз оокаттарынын адемиси да, абзели да, сыймыгы да, чүйгүнү да - "ысык тамактар". Биздин улуттук тамактануубузда, бөтөнчө ысык оокаттарда өтө орчундуу орунду ээлеген - эт.

Наарын, үйүрмө, куурдак, олобо, чучук деген тамактар (эгер коруш кайнасын зеке албасак) жалаң гана май менен эттен болот. Ал эми бешбармактар, палоолор, айрым камыр тамактар, быжылар да теңме-тең эт. Эт дегенибиз накта белоктун, майдын эч нерсеге алмаштыргыс аминокислоталардын, витаминдердин, минерал туздардын жана экстрактивдик заттардын булагы эмеспи. Этке кошулган дан, өсүмдүк азыктары кыргыз тамак-аштарынын сапатын жакшыртып, каллориясын арттырып салаары белгилүү. Себеби, данда, жашылчада, мөмө-чөмөлөрдө, аркыл ашкөктөрдө углеводдор, витаминдер, минерал туздар, ферменттер, азыраак болсо да белоктор, түркүн микроэлементтер, канттар, эфир майлары, кыскасы, адамдын организмине эң керектүү химиялык заттар бүт бар. Демек, кыргыздын улуттук "ысык тамактар" каллориясы жогору келип, адамга жагымдуу болоору шексиз. Коюу оокаттардын кушкер даамдуу жана жакшы жасалышы болсо азык-түлүктөрдүн сапатына жараша тандоо менен аны кунт коюп бышырууга түздөн-түз байланыштуу. Анткени, азыкты жасаар оокатка ылайыктап тандоо жана тандалган азыкты ойдогудай бышыруу - бул ашпозчулук өнөрүндөгү эң негизги касиет. Элибиз өзүнүн коюу оокаттарын да башка оокаттардай эле кууруп, кайнатып, демдеп, буулап жана оттун (же чоктун) табына кактап бышырып келишкен.



Азыр деле ушундай жолдор менен бышырат. Бирок, электроэнергия, газ жана оокат бышырууга туруктуу кирген техникалык прогресс тамак-аш даярдоону көп жагынан өзгөртүп, өстүрүп койду. Демек, тамак-аш бышыруудагы бүткүл илимий-техникалык жетишкендиктер биздин калкка мындан ары да демөөр болоору түшүнүктүү. Эзелки элдик "Ысык тамактар" кыргыз элинин улуттук наркы.

Жайгаштыруу: 2017-08-24, Көрүүлөр: 1984, Өзгөртүлгөн: 2017-08-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо