"Кул азык" б. а. берекелүү ток азык, көпкө бузулбаган жеңил жагымдуу азык. Байыркы көчмөн турмушта, жашоо жакадан, бөрү этектен алып турган тынчы жок заманда кыргыз эли турбастан, улам конуш оодара берген.

Ошондой мезгилде азыкты да ошол турмушка ылайыктуу камдаган. Көбүнчө семиз уйдун этин кургатып, аны майда туурап, талкан аралаштырып, жакшы идишке сактаган. Андан даамдуу тамак жасап жеген. Жылкынын этинен жасаган эмес.



Анткени ал какшып, тез бузулуп кеткен. Таруунун талканына, эгиндин талканына бал, сары май кошуп, "кул азык" камдаган. Илгертен кыргыздар жоокерлик заманда казатка, жолоочулукка аттанганда узакка кечкенде күлазыкты камдашкан. Күлазыкты ар түрдүү жасашкан. Негизинен эттен жасаган жана ар түрдүү дары чептер кошулган.



Күл азыкты сактоо. Адатта, эжигейден, куруттан, эттен, дандан даярдалган күл азыктар, ийленген тулуптарда мыкты сакталат. Бир буудайдай бүртүгүн тил алдында чанда салып, ширесин чыгара кез-кез шимип отурат. Күчтүү тамакты астырып кой. Ичтейди карышкырдай ачтырат. Тамак же, кары денең кайра жашарат - дейт карыялар.



Анын чийки, бышык, аралаш деген түрлөрү бар. Жолоочулукта, талаа жеринде от жагып, таш кордо жасай кою оңой болгон, анда асма, думбалама же жапма деген түрлөрдү колдонушкан. Кылымдарды каарыткан элибиздеги "кул азык" деген мына ушундай болгон экен.

Кул азык


"Кул азык" б. а. берекелүү ток азык, көпкө бузулбаган жеңил жагымдуу азык. Байыркы көчмөн турмушта, жашоо жакадан, бөрү этектен алып турган тынчы жок заманда кыргыз эли турбастан, улам конуш оодара берген.Ошондой мезгилде азыкты да ошол турмушка ылайыктуу камдаган. Көбүнчө семиз уйдун этин кургатып, аны майда туурап, талкан аралаштырып, жакшы идишке сактаган. Андан даамдуу тамак жасап жеген. Жылкынын этинен жасаган эмес. Анткени ал какшып, тез бузулуп кеткен. Таруунун талканына, эгиндин талканына бал, сары май кошуп, "кул азык" камдаган. Илгертен кыргыздар жоокерлик заманда казатка, жолоочулукка аттанганда узакка кечкенде күлазыкты камдашкан. Күлазыкты ар түрдүү жасашкан. Негизинен эттен жасаган жана ар түрдүү дары чептер кошулган.Күл азыкты сактоо. Адатта, эжигейден, куруттан, эттен, дандан даярдалган күл…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Толук маалымат менен таанышуу, ошондой эле сайттагы бардык макалаларга мүмкүндүк алуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2017-08-23, Көрүүлөр: 3603, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-24

Айдай
Бул абдан керектүү текст экен мага аябай жакты