Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыздын улуттук тамак аштары

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Кыргыздын улуттук тамак аштары

"Кыргыздын улуттук тамак аштары" дасторконуна жайылып, берекелүү, даамдуу жана экологиялык жактан тазалыгы менен башкалардаы айырмаланат. Байыртадан бери кыргыздарда негизинен эт менен сүттөн жасалган тамак-аштын түрү 100дөн ашат. Кыргыздар төө, топоз, жылкы, уй, кой, эчки, жана кайберендердин эттерин жешет, алардан нечен түрдүү тамак-ашты жасашат. Эл ичинде тууралган этке камыр, пияз аралаштырган нарын (бешбармак) сыяктуу сый тамак бар. Тойлордо, мааракелерде жылкынын эти, ич эттери дасторконго кошо коюлат.

Жоокерчилик заманда казатка, салбурунга, алыска жолго чыкканда күл азыктын түрлөрүн алдын ала даярдап алышкан. Непадан жоокерби, жолоочусу болобу, өтө ачка болсо, минген атынын күрөө тамырына түтүк сайып, канын ичкен же бышырып жеген. Кыргыздар малды союп жиликтегенди жана бышырган эттин устукандарын меймандарга жана келгендерге кандайча тартууну мыкты билишет. Кыргыздар койдун, эчкинин, уйдун, топоздун, төөнүн, бээнин сүтүнөн айран, жуурат, сүзмө, курут, быштак жасашат.

Алардын көп түрлөрү бар. Айрыкча кыргыздар кымыз ачытып ичкенди өтө жакшы көрүшөт, анын да бир нече түрлөрү бар. Илгерки кыргыздардын кымыздан арак тартканын байыркы кытай жазмаларында айтылат. Илгертен табыптар, бакшылар, бүбүлөр, тамырчылар, дарыгерлер, жаратылыштын миң түркүн өсүмдүктөрүнөн дары-дармек жасашып элди дарылашкан. Жер-жемиштердин мөмөлөрүн тамактын даамын чыгарганга пайдаланышкан.

Бозодон арак тартышкан. Кымыздын, чекендинин ашынан бал кайнатышкан. Кыргыздын тамак-аштары малдын азыктарынан жана нукура дандан тургандыктан чөп отуна карата күчтүү, абдан кубаттуу келет.

[ushka=seredina]

Бүгүнкү учурда кыргыз тамак-аштарын изилдөө-иликтөө, жандандыруу максатында жайылган дасторкондун айрым унутулган түрүн кайра зеке алуу, аны сактоо алдыбызга тургандыктан жаш муунга түшүндүрүү аракеттери абдан зарыл болуп турат. "Кыргыздын улуттук тамак-аштары" сары казы, кыйма жал, керткен жал, ташкордо, керчөө, чучук, карта, муздак ич эт, кыйма боор, жөргөм, тил, сүр эт, сүр кабырга, бүтүн бышырылган кыргоол, тооктун муздак эти, куурдак, куурулган тоок ж.б. дасторкондун дайым көркү. Күлазыктын чийки, илгертен эле бышык, кошкон, аралаш, күлазык деген түрлөрү бар. Ташкордонун бүкүлү таш кордо, асма, думбалама, жапма деген түрлөрүн жоокер эл илгертеден пайдаланышат. Мисалы, эски нарын "алашак", үйүрмө, келдемиян, мээ нарын, сүр нарын, ак дөбө, шапшыма, күрүч нарын, күлчө нарын, нанды нарында деп булар бир топко бөлүнөт. Тууралган этти жылкынын этинен, бодонун, алашак селделүү, мээлүү, казы-карталуу тууралган эти, ич эттин тууралган бешбармагы, кайберен жаш малдын этинен жасалат, сүр тууралган эт, балык, бешбармак.

Чучуктун түрү: кабырга чучук, иймек чучук, түндүк чучук, сүр чучук, тоңдурма чучук, карта чучук, кан чучук (буга казыга кан кошулат). Сары журмө: жаңы сары жүрмө, сүрсүгөн, тыккан сары жүрмө, май чучук. Ич эт: карын, боор, бөйрөк, кадимки жөргөм, майлуу жөргөм, быжы, олобо. Куурдак: тоңдурма куурдак, сарыктырма, куурулган куурдак, төө куурдак, кийик куурдак, кара куурдак, борпошо, солкулдак. Кебек же азыркыча шишкебек (орусчасы шашлык): көммө кебек, жапма, буулама, май кебек, кабырга кебек, бый-пый кебек, керчөө шишкебек, боор шишкебек.

Сүттөр: кой, эчки, уй, топоз, төө, бээнин сүтү болот. Каймак, камкаймак, коймо каймак, тарткан каймак, ачкыл каймактар. Айран май, каймак май, сары май, кошкон май, чөбөгө.

Айрандын да турлөру: нак айран, коютмак, бышкан айран, кам айран, келегей айран, көк айран. Сүзмө: жаңы сүзмө, кургаткан сүзмө, кайнаткан сүзмө. Куруттар: май курут, чий курут, май курут, эжигей курут, иримчик курут. Быштак: ууз быштак, иримчик быштак, такта быштак, эжигей, эттүү эжигей.

Кымыз: тундурма кымыз, саамал, чайкаган кымыз, ачыган кымыз, кымыран кымыз, тоо кымыз, уй кымыз, коорчок. Нандар: шыбама, казан нан, загыра нан, калама, көмөч, коруштуу, пияз көмөч, каттама, тандыр нан, патир нан, бурама нан, чаңгели, күлчө, шырман нан, сейдене нан, сүмөлөк нан. Жупкалар: чабаты, челпек, май челпек, чөрөк, сүртмө, катырма ж.б. Май токочтор: чарчы боорсок, сайма боорсок, ачкыл боорсок, чий боорсок, кыртылдак боорсок, көөкөр боорсок, картошка боорсоктор. Куймактар: кер куймак, куймак, сүзмө, булама, чалмакей ж.б. май каттамалар. Чайлар: куурма чай, актаган чай, каймак чай, май чай, сүзмө чай, убай чай, самоор чай, бал чай, мурч чай, таттуу чай, кошкой чай, кам, муздак чайлар, көк чай, жакна чай. Муздак оокаттар: чагыр сорпо, атала, кара жарма, максым, бозо.

Көөлөнгөң талкан, мыкчыма. Кесме: шортек кесме, куйкум кесме, туурамыш кесме, түймөч, тоок кесме, сүт кесме, бээ сүтүнөн кесме, кыйма кесме, жашылча кесме, карандай кесме, камыр кесме, үзмө аш. "Кыргыздын улуттук тамак аштары" кандай гана ар түркүн жана көп, бул тамак-аштар байыртан бери келе жаткан кыргыз элинин улуттук баалулугу жана кымбаты.

Жайгаштыруу: 2017-08-23, Көрүүлөр: 59064, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу