TYUP.NET
Баш барак | Күндөр | Аталар күнү: кабыл алынышы, мааниси

Аталар күнү: кабыл алынышы, мааниси

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Аталар күнү — бул Кыргызстанда жыл сайын 15-мартта белгилене турган атайын майрам. Бул күн аталардын үй-бүлөдөгү, коомдогу жана балдардын тарбиясындагы зор салымын белгилөө жана баалоо максатында өткөрүлөт.

Тарыхынан

2024-жылы Аталар күнүн белгилөө демилгеси көтөрүлүп, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан жазылып майрам 15-мартка коюлган. Ошол эле жылдын 25-июлунда бул күндү белгилөө тууралуу мыйзамга Президент кол койгон. Ошентип, бир жылдан кийин, тагыраагы 2025-жылдын 15-мартта Кыргызстандагы аталар күнү биринчилерден болуп белгиленген.

Күндү белгилөө демилгеси Кыргызстандагы үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, ата-энелердин ролун жогорулатуу, өзгөчө аталардын үй-бүлө жана коом алдындагы милдетин даңазалоо максатын көздөйт.

Мектептерде, коомдук уюмдарда жана үй-бүлөлөрдө бул датада аталарга арналган иш-чаралар, ыр-бийлер жана майрамдык кечелер уюштурулат.

Кыргыз коомундагы мааниси

Кыргыз элинде ата ар дайым үй-бүлөнүн тиреги, акыл-насаатчысы жана тарбиячысы катары эсептелип келген. Ата күнү үй-бүлөлүк баалуулуктарды, өз ара түшүнүү жана сый-урматты бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Бул майрам ата-энелердин, өзгөчө аталардын турмушундагы ордун дагы бир жолу эске салат жана алардын салымын жогору баалоого шарт түзөт.

Жыйынтык

Ата күнү — бул аталарга арналган маанилүү күн. Кыргызстанда 15-март күнү бул майрамды белгилөө салты акырындык менен жайылып жатат.

Кошумча шилтемелер

Көрүүлөр: 606
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо