Бугу эне — Кыргыз элинин бугу уруусунун тукум-теги жөнүндөгү "Бугу эне, мүйүздүү эне" деген көркөм мифтик баян. Кыргыздар арасыда эрте замандан баштап айтылып келет.
Жаратылыштагы заттар менен заттар ортосунда, инсанат менен башка жандуулар ортосунда кандайдыр бир тектик, уруктук байланыш бар деген ишеним, же бир заттын, жандардын тукум уругунун ээеи, калкалоочусу болот деген ишеним боюнча наристе элестетилип айтылган мифтик баяндар (аңыздар) "тотемдик мифтер" деп аталат.
"Жин" - киши жашабаган ээн жерде, талааларда, эски ээн тамдарда, акыр-чикирлүү жерлерде өмүр өткөрүшкөн. Жиндер улоолуу, топ-тобу менен түндөсү сапар тартат имиш. Жиндердин өзүнчө ээлери болот дейт.
"Албарсты" кыргыздардын мифтик элестетүүсүндө бою бокордой, өңү сары, чачы саксайган, эмчеги салбыраган кебетеде айтылат. Албарсты кыргыз мифтеринде (аңыздарында) кара албарсты, сары албарсты жана сасык албарсты деген топторго бөлүнүп айтылат. Албарсты жаңы төрөгөн аялдын өпкөсүн сууруп алып, сууга салып жиберсе, төрөгөн аял өлүп кетет имиш.
Көйкап чөлкөмүндө жашоочу канаттуудан "алпкаракуш" элестетилет. Алпкаракуш аябай зор куш экен да, анын түнөгү чынар терек болот имиш. Алпкаракуш учканда, бороон чыгып, кырдан таштар кулап, абдан сүрдүү болот экен. Ал чынар терекке келип конгондо чынар терек жети ийилип жерге тийип зорго калыбына келет имиш.
"Ажыдаар" кыргыз эл оозеки адабиятындагы мифтик элес болуп, көйкаптагы "жыландын зору" катары кебетеленип, бир илеп тартса бирден адамды бүкүлү жута турган сойлоочу жоо катары элестеткен. "Ажыдаар" көйкаптан жер бетине чыкчу болсо, инсанаттар менен мал-жанга коркунуч, кыргынчылык алып келген.
Кыргыз эл оозеки адабиятында "желмогуз" - Жез тырмак, Жез кемпир, Мастан кемпир деген аталыштарда айтылат, желмогуздар мифтик элестетүүлөрдө төмөнкүдөй үч түрдүү айтылат.
Кыргыздын мифтик түшүнүгү боюнча, дөөлөр көйкап чөлкөмүн мекендеген адам кебетелүү, бирок тулку бою тоо десе эки буттап жылган тоодой бою бар, жалгыз көздүү, же демейдегидей эле бирок бою, туруму опсуз чоң бир макулук экени элестетилет. Дөө Манас эпосунда мындай сүрөттөлөт
Кыргыздын мифтик түшүнүгүндө, табиятты, атап айтканда, жерди кыркалай курчап, башы көккө такашып турган тоо кыркасы болот имиш. Ошонун аркы жагы "Көйкап" аталган чөлкөм экен.
Пери көктөгү теңирлердин кыздары имиш. Алар жер үстүнө ак куу же сулуу кыз кебетесинде түшүп, чыгуу мүмкүнчүлүгү болот экен. Пери көбүнчө асманда булуттарды кайтарат дейт. Кыргыз эл ооз адабиятынын мифтик элестетүүсүндө пери асманда туруп, жер