Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Койкап

Баш барак | Адабият | Койкап

Кыргыздын мифтик түшүнүгүндө, табиятты, атап айтканда, жерди кыркалай курчап, башы көккө такашып турган тоо кыркасы болот имиш. Ошонун аркы жагы "Көйкап" аталган чөлкөм экен.

Көйкап чөлкөмүндө жер бетиндеги инсанатка, жан-жаныбарларга коркунуч келтире турган жоолор жайгаштырылган имиш. Алар кандайдыр мүмкүнчүлүк тапса эле жер бетине чыгып, инсандарды, мал-жанды жеп, кырып турат экен.



Инсандардын баатырлары мына ошолордон элди, жерди коргоп, күрөшкөн окуялар сүрөттөлгөн. Мисалга айтсак, мифтик эпос Эр Төштүктө эр Төштүк көйкаптагы жоолор менен өмүрүнүн соңуна чейин күрөшөт. Кыргыз мифтеринде "көйкап" жер асты деген мааниде да айтылат.



Мисалы үчүн, Эр Төштүк эпосундагы мындай баянды көрүп багалы: Жер астында куулма, Түшөрүнө калганда, Кончунда күмүш саканы Алып туруп сен калча, Таба албай көйкап тешигин Куулма токтойт ал жайда. (Эр Төштүк, Ж. Мамайдын варианты) Демек, кыргыздардын эл оозеки адабиятында, атап айтканда, мифтеринде, жомокторунда, эпосторунда көйкап жөнүндөгү баяндар, ал "көйкап" чөлкөмдөгү күчтөр жөнүндөгү наристе элестеткен образдар басымдуу орунда турат. Айтмак, кыргыз эл оозеки адабиятындагы негизги окуяларда көйкаптагы күчтөр менен болгон күрөш баяндалат.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 765, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу