Муроктүн суусу өтө ыйык зоокадан таштын бетин жарып чыгат имиш, Муроктүн суусун ичкен жан өлбөйт экен. Ошого "өлбөстүн суусу" деп да айтылат. "Мурок суу" абдан тунук, таза элестеткен.
Кыргыз мифтеринде "кыдыр" бакыт, таалай, ырыскынын ээси, пири катары элестетилет. Кыдыр илгери кайып болуп кеткен заттан болгон имиш. Кыдыр аруу, агдар жүргөн инсанатка жолукса "кыдыр даарыды" - делип, бакыт, ырыскы келет экен.
Кыргыздын мифтик түшүнүгүндө, дүйнөдөгү жан-жаныбарлар абдан чаалыгып чарчаганда, же болбосо, жашоо мүмкүнчүлүгү калбай аргасы, айласы түгөнгөндө, (мисалы, "келин таш" аттуу мифтик баянда бир келин жоонун колуна түшөөрдө" "кара таш" айланат) түбөлүк жатып (уктап), ташка айланат" деп түшүнүшкөн.
Кыргыз мифтик түшүнүктөрүндө "кайып" же "кайып болуу" жөнүндөгү элестетүү баяндары арбын кезигет. Кыргыз мифтеринен карасак, кайыпчынын Кара Tоо, кайыпчынын Кара-Үңкүр деген чөлкөмдөрдүн наристе элестерин кезиктиребиз.
“Жан” жөнүндө кыргыздар мифтик наристе элестетип, “жан” деген “көк чымын” же “көк түтүн” деген образды жараткан. Жандуу нерселердин элден мурда тулку-бою жаралып, андан кийин ага жан салынат деп түшүнүлгөн.
"Сыйкыр" күчтөр жөнүндө айта кетсек, табияттын жаратылышында болбогон, бирок мифтик түшүнүктөн улам наристе элестетип, баштапкы доордун адамдары өздөрүнө душман күчтөр менен жандарына пайда келтире турган күчтөрдүн образын жаратып баяндаган мифтер табияттан тышкары күчтөр жөнүндөгү мифтер деп аталат.
Кыргыз мифтеринде жер эне же "туган жер" деген түшүнүк «топурак» дегенге барып такалат. Мифтик түшүнүк боюнча, адамзат топурактан жасалган, топуракка кирип жатат, топурактан ырыскы алып жашайт деп түшүнүлгөн. Ошого кыргыздар «жер энени» (топуракты) ыйык деп билет. Адамзат эненин курсагынан жер эненин кучагына түшүп, киндик каны топуракка төгүлөт.
Мифтик доордо кыргыздардын ааламды, жаратылышты наристе баамдашы, наристе элестетүүсү, карапайым таанымы кыргыздардын мифтик түшүнүгү болуп эсептелет. Ааламга болгон түшүнүгү. Адам жаралган соң андан асман (көк) жер, көк жаралган. «Жараткан тээ асманды (көктү) алты кабат жасап, ага пирлерди, бакыт, кут бардык эле жакшылыктарды ошого жайгаштырган.
Кыргыз мифтери мазмуну жагынан сыйынуу жөнүндөгү рух мифтер же "Туралы аңыз", ааламдын, заттардын жаралыш жөнүндөгү мифтер, табияттан сырткаркы сыйкырдуу күчтөр жөнүндөгү мифтер, тотемдик мифтер болуп төрт чоң түргө бөлүнөт. Тактап айтканда, байыркы бабаларыбыз Жаратканга, Теңирге, Умай энеге табынган, Жер-Сууга тайынган, ата-бабалардын арбагына сыйынган, Отту куттуу касиет көргөн.
Саманчынын жолу повести — Ч. Айтматовдун Ата Мекендик согуш мезгилин сүрөттөгөн чыгармаларынын бири. Бул повестте бүтүндөй бир Субанкулдун үй-бүлөсү апасы Толгонайдан башкасы согушта эли жерин коргошуп курман болушат. Ал эми Толгонай тылда өз эмгеги, көтөрүмдүүлүгү, күчтүүлүгү, адилеттүүлүгү менен согушту жеңүүгө жардамын берет. Бул чыгарманын башкы каарманы Толгонай. Анын тагдыры абдан оор. Ал бир учурда эле эне, аял, жетекчи.