Кыргыз эл оозеки адабиятында "желмогуз" - Жез тырмак, Жез кемпир, Мастан кемпир деген аталыштарда айтылат, желмогуздар мифтик элестетүүлөрдө төмөнкүдөй үч түрдүү айтылат.
Желмогуз кемпир элеси. Чөөрүлүп чыккан, өөрүлүп баскан, оозу мүйүз, көтөнү кийиз, жүрөктөй, үйдөй, жүлүндөй түтүн чыгарып олтурган, сокусун минип, сок билегин камчыланган кемпир, ал кемпирдин сыйкырлыгы жандан ашкан, келбеттүү жигиттердин жанын, канын алган, инсанатка коркунуч туудурган элес. Жез тырмак келин элеси.
Жез тырмактардын тырмактары учтуу жез, же темир, тумшугу кызыл болот экен да, инсанатка жолукканда, тырмагын, тумшугун далдалап турат имиш. Кыргыздардын мергенчилик уламыштарында, мергендерге "Жез тырмактар" келин кебетесинде жолугуп, мергендердин жанына жакындайт экен. Бирок адис мергендер жез тырмактардын белгилерин таанып, байкас болгон. Кээ бир мергендер өзүнүн жаткан ордуна терек дөңгөч ороп коюп, өзү өңүп жаткан, жез тырмак келип дөңгөчтү атканда тырмактары дөңгөчкө кадалып калат экен да, мерген жез тырмакты сулатып атып салган сыяктуу окуялар жомоктордо баяндалат.
Жети баштуу, жалгыз көздүү "желмогуз" элеси. Мындай желмогуздар көйкаптан (жер астынан) жер үстүнө чыгып калчу болсо, инсанат менен жан-жаныбарларга кыргынчылык салган. Бул түрүндөгү желмогуздар көбүнчө дөөлөргө тийип, дөө, желмогуз туугандыгы баяндалат.
Жети баштуу желмогуздун ар бир башы сайын бирден жаны боло турганы айтылат. Кыргыз эл оозеки адабиятындагы "кереметтүү жөө жомоктордо", баатырлардын жети баштуу желмогузду жоготуп, элин жерин, бир тууганын куткаргандыгы жөнүндөгү окуялар баяндалат. Демек, желмогуздардын мифтик элеси жогоркулардай сүрөттөлөт. Желмогуздардын эң зор жөндөмү сыйкырлык, кубулмалуулук болуп айтылат. Желмогуздун кубулмалуулук, сыйкырлык жөндөмү Эр Төштүк эпосундагы "Желмогуз" кемпирдин Эр Төштүк баатыр менен күрөш жасаган окуяда абдан таамай сүрөттөлгөн.
Кыргыз мифтеринде "Желмогуз" образынын жаралышы, анын нариете элестелиши адамзат жашоосунда ар кандай каардуу күчтөргө бет орой чыгып, эл, жер кайтаруу үчүн күрөш жасоо ишенимин туугузган.