"Кок бору" тотеми эң байыркы баяндардан болуп, кыргыздарды өз ичине алган түрк элдерине, атап айтканда, түрк тукумуна байланыштырып айтылып жүрөт. Бул баян "Жов тарыхында" жазылган. Бирок биз мында тек кыргыздарда айтылып жүргөн
түрүн гана тааныштырып өтмөкпүз: Ал тотемдик баян мындай айтылат: Илгери бир киши журтта бала эмизип турган бөрүнү көрүптүр. Ал киши жакындап барганда, бөрү төшкө жөлөнүп жөнөптүр. Ал бала кадимкидей эле адамдын баласы экен. Ал киши бу баланы алып кетип, атын Каба коюп, багып чоңойтуптур. Кабанын чачы бөрүнүн жалындай типтик турат экен (дагы бир айтымында, Кабанын кыр аркасынан чычаңына чейин жал чыккан имиш), ошого, аны жалдуу Каба,- деп аташып кеткен экен. Ал эми кыргыздардын Каба уруусу ошол жалдуу Кабанын уруктарынан имиш.
Бул тотемдик баян, тээ илгери түрк тукумунун бөрү тотемине түспөл айтылган болуп, кыргыздардын да бөрү тотеми илгертен келе жатканын ырастап турат. Бөрүнүн бала эмизип чоңойткондугу жөнүндөгү баянда (кыргыз жомокторунда да кезигет). Манас эпосунда Манас баатырдын дагы бир аталышы "Көк жал" болуп айтылат. Ошол сөз бекеринен айтылбастан, кыргыздардын бөрүгө болгон тотемдик таанымынан айтылып калган түрү бар.