Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жыгаччылык өнөр жайы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жыгаччылык өнөр жайы

Жыгаччылык өнөр жайы — токой өнөр жайынын жыгачты механикалык жана химиялык иштетүү жана кайра иштеп чыгаруу, түрдүү жыгач материалдарын өндүрүү үчүн сырье катары пайдалануучу тармагы.

Жыгаччылык өнөр жайы тилинген материалдарды, фанера, тактай, устун, курулушка керектүү буюм, автомобиль, авиация, кеме, айыл чарба машинасын ж. б. курууда даяр тетиктерди, ширенке, мебель, жыгач идишин, текстиль өндүрүшүнө керектүү жабдык, бут кийим калыбын, аппарат, прибор жана аспап үчүн куту, лыжа ж. б. спорт шаймандарын чыгарат.

Жыгаччылык өнөр жайы кустарлык жана кол өнөрчүлүк катары байыртадан эле белгилүү. Жыгаччылык өнөр жай ишканалары өлкөнүн бардык аймагында жайгаштырылган. Кыргызстанда үй куруу комбинаттары ж. б. бар.

Тактай жана фанера чыгаруучу ишканалар көбүнчө карагай даярдоочу райондордо орун алган, өлкөдө жыгаччылык өнөр жай өндүрүшүн комбинациялоо жана адистештирүү кеңири таралууда. Жыгаччылык өнөр жайы Польша, Румыния, Чехия, Словакия, Венгрия, Швеция, Финляндия, Норвегия, Германия, Францияда, да жыгаччылык өнөр жайы жакшы жолго коюлган.

Жайгаштыруу: 2024-02-04, Көрүүлөр: 333, Өзгөртүлгөн: 2024-02-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу