Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.

Жусуп Турусбеков жана энем поэмасы

Ж. Турусбеков (1910-1943) - акын, драматург. 1910-жылы Ысык-Көл областында Тоң районунун Күн-Батыш айылында туул - ган. 1916-жылы Үркүндө Кытайга барып, Октябрь революциясынан кийин кайтып келген. Бала кезинен ата-энесинен ажырап, интернатта тарбияланат. 1922-жьшы ал Түптөгү айыл чарба техникумуна өтөт. 1927-жылы "Кызыл Кыргызстан" ре - спубликалык гезитинде түзөтүүчү (кор - ректор) болуп иштеди. 1929-жылы Жу - суп Турусбековду Тверь шаарына совпарт мектебине жиберишет. Окууну бүткөндөн кийин ал "Кызьш Кыргызстан" гезитинин бөлүм башчысы, "Ленинчил жаш" гезитинин редактору, Кыргыз драмтеатрынын мүдүрү, Кыргызстандын жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1929-жылы "Ленин - дин жолу" деген биринчи ыры басьшып чыккан. Биринчи ырлар жыйнагы 1932-жылы чыккан. Отузунчу жылдары Ж. Турусбеков драматургия менен кызыгат. Эң маанилүү драмалык чыгар - масы "Ажал ордуна" - деген музыкалык драмасы болгон ("Не смерть, а жизнь"), 1939-жылы биринчи Кыргыз адабият жана искусство декадасын - да Москвада көрсөтүлгөн. Акындын чыгармаларынын негизги темасы - эмгек. "Эртең менен", "Жаз келет", "Биз", "Трарторчунун ыры" - деген чыгармаларында ал эли жана мекени үчүн болгон эркин эмгекти даңазалап жазат. Жусуп Турусбеков өз чыгармачылыгында элдердин достугу, балдардын, өспүрүмдөрдүн тар - биясы жөнүндөгү темага көп көңүл бурган. "Жаңы полк", "Аскерге чакыры - луучунун ыры" - деген ырларында акын жаштарга өз Мекенинин патриоту болууга, ар дайым аны коргоого даяр болууга үндөйт. Ошондой эле "Өткөн күндөр" 1930-жылы, "Эне" 1933-жылы жа - зылган поэмаларында жаңы замандын адамдарынын образдарын түзгөн. 1939-жылы жазылган "Кыргыздар" деген поэмасында эски заманды жакта - гандар менен күрөшкөндөрдүн образын түзөт. "Каракчынын трагедиясын - да" 1941-жылы совет элинин кайраттуулугун, фашизмдин мыкаачьшыгын көрсөтөт. "Ажал ордуна" чыгармасында 1916-жылдагы кыргыз элинин азап-тозогун чагылдырган. Согуш башталганда өз ыктыяры менен майданга кетип, 1943-жылы согуш талаасында курман болуп, жеңишти көрбөй калды. Жусуп "Ленин жолу", "Ук, жер жүзү!" аттуу ырларын жаңы стилде, жаңы формада жаз - ган, бул ырлар эл ичинде кеңири тарап, айрыкча мектептерде, студенттик аудиторияларда декломация түрүндө жатка айтылып келген. Ошондуктан Жусуп кыргыз поэзиясында жаңычыл акын катары мүнөздөлүп келатат.

"Энем" поэмасы жөнүндө
Бул чыгарма кыргыз поэзиясындагы профессионалдык поэма. Ж. Ту - русбеков "Энем" поэмасында жаңы замандын жаңы образын көрсөтөт. Ал образ - окуусун бүтүрүп келген эненин баласы. Бала энесине башка болгондугун тентек, таарынчаак мүнөздөрүн таштагандыгын, билимдүү болгондугун, жакшы, шайыр адамдар менен жүргөндүгүн айтат. Ошондой эле апасынын сагынганын, түшүнө киргенин, ар кайсы ойду ойлогонун билдирет. Улгайган эне менен билимдүү уулдун ортосундагы психологиялык конфликттин негизинде да кыргыз турмушунун карама-каршылыктуу жандуу материалы жатат. 20-30-жылдардагы кыргыз турмушу, кыргыз жаштарынын өмүр жолу чагылдырылган. Чынында Жусуп Турусбеков совет бийлигин бекеринен Эне деген эмес. Эне деген сөз бара-бара жеке маанинин чегинен чыгып, кеңири символдук мазмунга өсүп чыккан. Акы - рындап акын өзүнүн өткөндөгү аянычтуу тагдырынан бүтүндөй элдин тагдырын көргөн.

[ushka=seredina] Энем
Күткөндүрсүң,
Келдим, эне, аманбы?
Кучактачы,
Сүйчү беттен балаңды!
Беш жыл бою,
Тентип кеттим дайынсыз,
Сагындың го,
Бир көрө албай караанды!
Сагынганда,
Тентип кеткен балаңды,
Жүзгө жоруп,
Жүгүрттүң го санааңды?
Каттоочудан:
"Кат жазсын!" - деп, айттырып,
Кийинчерээк,
Ала бердиң мазамды.
Тентек эле,
Эмне болду дедиңби?
Күндө ойлоп,
Асан кайгы жедиңби?
Кимдер тилдеп,
Кимдер шагын сындырып,
Муңайтгы - деп,
Кейиттиңби зээниңди?..
Ай, ушул сен,
Кейий берген энемсиң,
Бекер ойлоп,
Бекер кайгы жегенсиң.
Мен кетерде,
Беттен өөп, кучактап:
- "Кагылайын,
Кайраттуу жүр" - дегенсиң.
...Энекебай,
Кайратымдан жазбадым.
Мен мурунку,
Мен эмесмин башкамын.
Тентек жана,
Таарынчаактык мүнөздөр,
Жаман экен,
Ишен, эне, таштадым!
Бирөө да жок,
Өзүң билген чагымдан.
Баягы мен,
Бүгүн бөлөк жаңырдым.
Берчи, энеке,
Мурункудай эмесмин.
Берчи, энеке,
Эмчегиңди сагындым!..
Ха!.. Ха!.. Ха!..
Чүкө салган тулубум,
Ташта, энеке,
Кереги жок мунуңдун!
Шайыр жаштар,
Арасында чоңоюп,
Чүкө ойнобойт,
Жигит болгон кулунуң!
Чүкөнү мен,
Кетерде эле төккөнмүн.
Ташта, энеке,
Чүкө ойноодон өткөнмүн.
Үстүбүздөн,
Зуулап өткөн 5 жылда,
Шайыр жаштар,
Арасында өскөнмүн!
Мындан кеттим,
Кеткен бойдон кеткенмин.
Андан бери,
Беш жыл болду четтемин.
Жолдоштордун,
Күүсү менен унутуп,
Жүрүптүрмүн,
Мына быйыл эстедим.
Ушул уулуң - 5 жыл бою тентиген,
Кошо жүрдү,
Кайра тартпай эркинен.
Максатына,
Жетти, энеке, көрдүңбү?
Бир ойлобой,
Элден безип ээрчиген.
5 жыл мурун,
Чүкө ойногон балаңды,
5 жыл мурун,
Чүкө ойногон балаңды,
Тарбиялап,
Шаардагы усталар,
Көрдүңбү, эне,
Балаң кайта жаралды!
Эч ким менин,
Сындырбады шагымды,
Эч ким менин,
Сындырбады шагымды!
Эч ким мени,
Уруп-согуп ыйлатып,
Эч ким менин,
Кейитпеди жанымды.
Кайта мени,
Киши өңдүү ойлотуп,
Кезиккени,
Көңүл ачып ойношуп.
Тарбиялап,
Мектебинде окутту,
Киши кылып,
Сезимимди ойготуп.
Окуп, эне,
Мектебимди бүтүрдүм,
Окуп, эне,
Мектебимди бүтүрдүм.
Шаардагы,
Өмүрүмдө 5 жылдык.
Көз ачылып,
Көп нерсеге түшүндүм.
Шайыр жаштар - Тамашасыз жүрбөгөн.
Шайыр жаштар - Тамашасыз жүрбөгөн,
Сабакта да,
Оюнда да, иште да,
Көрөсүңбү,
Уулуң, эне, гүлдөгөн!..
Көрөсүңбү,
Уулуң "КИМ" ди тагынган.
Көрөсүңбү,
Уулуң "КИМ" ди тагынган.
Аячу элең,
Жаның ачып, энеке,
Мен кой айдап,
Түшкөн кезде адырдан.
Мына бүгүн,
Ал күндөрдөн арылдым.
Комсомолмун,
Мына "КИМ" ди тагындым.
Берчи, энеке,
Эмчегиңди эмейин.
Берчи энеке,
Ак мамаңды сагындым.
Мугалиммин,
Техникумда окугам.
Мугалиммин,
Мен жаштарды окутам.
Карысаң да,
Бизге, энеке, керексиң.
Сабатыңды,
Ачып кетем, окусаң!
Эпкиндүүмүн,
Бардыгын да бүтөмүн.
Нагрузка,
Бюрого да мүчөмүн.
Культмассовой,
Сектор болуп, энеке.
Жолго коюп,
Клуб ишин түзөдүм.
Келдим, эне,
Элди, жерди сагынып,
Келдим, эне,
Элди, жерди сагынып.
Эмнелер бар,
Эл ичинде айтып бер.
Туулган жерим,
Кетиптир го жаңырып?

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 55239, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-01-19
Талкулоо/Пикирлер