Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кедейкан

Баш барак | Адабият | Кедейкан
Кедейкан
АвторлуктаТоктогул Сатылганов

Илгерки өткөн заманда, кыргыз эли ачарылыкка учурап, алдуусу тентип-тентип оокат таап, алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимишип, эл жардылыктан итке минип, азып-тозот.

Ошондо кыргыздан Курама, Сары деген эки бир тууган киши түркмөн элине тентип барган. Баргандан кийин Сарысы ачкадан өлүп калат. Курама өнөрлүү, колунан иш келген, өнөрүнүн аркасында ар кимге батымдуу болгондуктан, түркмөн элине эки жылы оокат кылып жан сактап туруп, үчүнчү жылга айланганда өлөт. Аялынын боюнда эркек бала калат. Арадан көп убакыт өтпөстөн аялы төрөп, баласынын атын Керээз коет. Керээз үч жашка чыкканда энеси өлүп, томолой жетим калат. Кийимсиз жылаңач, жылаңбаш, тамаксыз курсагы ач, кышкысын суукка үшүп, жатса итче бүрүшүп, көргөндөр шылдыңдап күлүшүп, Керээз жетим көрбөгөн жамандык калбады. Керээз аты калып, Кедей жетим атка конду. Бечарага кайрымдуу бир сопу киши бар деп угуп, Кедей жетим сүйрөлүп, сүлдүрөп, сүйлөй албай үлдүрөп сопуга барып кайыр сурады.

Сопу: "балам, менде эч оокат жок. эгер болсо берер элем. Өнөрүм сопу, атым Саалы. Саалыда сары чака жок, сопуңдун солуп турган маалы. Балам Кедей жетим, мен сага бир жакшылык кылайын: бүгүн мында конуп эртең менен Гүлсаана деген бир кемпир бар, атасы жокту асырайт, жылаңач барса кийгизет. Сен, балам, ошол Гүлсаанага баргын, жалбарып-жалынып жаштыгыңды, жетимдигиңди зарлап бир айтып көргүн. Сени Гүлсаанадан башка киши батырбайт, батырмак тургай тамагынан таттырбайт!" — деди.

Жетим кемпирди издеп тапты да, кемпирдин үйүндө кызмат кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына каралашып, отун-суусуна аралашып турду.

Кедей жетим жакшы көрүнүү үчүн түндөн туруп уйкусун бөлүп, жаман сөз айтпас бекен, жаш көңүл кайтпас бекен деп, кемпирге жагынып жүрдү. Баланы кемпир жактырды. Бирок кемпир балага сыр чыгарбады. Кедей жетим бир күнү: "кемпирге энекелеп бир жалынайын, эгер менин муңумду укса жана мусапыр экениме көзү жетсе, мени мындан ары да багып калар. Көзү жетпесе, күнүмдүк оокатыма жарар"— деп, Гүлсаананын маңдайына барып, эки колун бооруна алып калтаарып, жүзү жалтанып зарлап айтып турганы:

Айланайын энеке,
Мен болоюн көлөкө,
Мен мусапыр жетимди
Жалдыратпа бөлөккө.
Түңүлбөсүн энеке,
Түбүндө жарайм керекке.
Беш тырмагың береке,
Берекелүү энеке.
Он тырмагың береке,
Оюңдан чыкпайм энеке,
Эрезеге жеткенче,
Кор кылба мени бөлөккө.

Кийимимди тоздурба
Кызыматкермин астыңда.
Ушак-айың кеп уксаң
Көңүлүңдү аздырба
Бала болуп байралып,
Турсам кантет мен мында?

Ата-энесиз баламын,
Жетимдигим — жаманым.
Жергесиз жетим дебесең,
Жетилсем, сени багамын.
Ажалдан кудай сактаса,
Ачылар күнү замандын.

Туубасаң да, энеке
Тутунуп мени багып ал.
Үч-төрт жылда жетилем,
Мен табамын далай мал,
Көлөкөсүз жүргөнчө
Бир балалуу болуп кал.

Сен жесир эне, мен — жетим,
Жетимдигим — илдетим,
Баш кошуп оокат кылалы,
Мойнумда сенин милдетиң.

Жай таппадым жатарга,
Үй таппадым батарга.
Каралды болгун, энеке,
Мен бир жетим начарга.

Гүлсаана кедей балага боору ооруп ойлонуп турду. Багып алайын десе, бакма балдарды бир нече жолу багып жүрөгү күйгөн. Бакпайын десе, жетим баланын зарына, ыйлап суранганына көңүлү чыдабай, "Бакса багып алайын, какшанып жалгыз отурганча ушуну тутайын" деди.

Мен бир жесир кемпирмин,
Эченин бактым жетимдин,
Баксам багып көрөйүн,
Жамандык кылсаң, тентирмин.

Далайды бактым балам деп,
Бала кылып алам деп,
Баласы менен курусун
Баарынан уктум жаман кеп.
Эч бирөө да айткан жок:

— Энеке сени багам,— деп
Жалынып келет сенчилеп
Жаңыдан мени тапканда,
Өз баламдай сыйладым,
Ошолорду бакканда.

Өгөй бала курусун,
Өкүнөм ошол өткөнгө.
Өз балдарым деп жүрсөм
Карабай кетчү көпкөндө,
Энесинип сөз айтсам,
Сайсөөгүм сыздайт сөккөндө.

Өлөйүн десем жан таттуу,
Кирейин десем жер катуу.
Өпкөгө тээп өткөндө
Ажалы жетип, күн бүтүп
Айрылдым эле эримден,
Аманат дүйнө койбоду
Азамат эле керилген.
Арбагын сыйлап отурам,
Балам, кеталбадым элимден.

Эрезеге жетерсиң
Балам, элиңди таап кетерсиң.
Эмгегимди ойлонуп
Эстебей койсоң бекерсиң.
Тууруңа жетерсиң
Балам, тууганың издеп кетерсиң.
"Тутунган энем эле" — деп,
Турбай койсоң бекерсиң.
Мен баксам сени арыкта,
Өгөйлүгүң таанытпа.
Өлгөнүмчө бөлүнбөй
Турарыңды аныкта.
Кете берип көпкөндө
Балам, душманга мени зарылтпа.

Алтымышка жаш жетти,
Энеңден кайрат-күч кетти.
Беш-алты жыл багууга
Алайын балам, милдетти.

Менден жооп албастан,
Бир жакка өзүң барбагын.
Жолдо жатса, бирөөнүн.
Эч нерсесин албагын.
Эне ордуна көрүнсөм
Балам, бул сөзүмдү кармагын.

Көрпөдөн ичик кылайын
Көбөсүн макмал кынайын.
Көйкөлтүп сага кийгизип,
Көкүлүңдөн сылайын.
Жаннаттан" ичик кылайын
Жакасын кундуз кынайын.
Жалгыз балам эле деп
Жатсаң-турсаң сылайын.

Жаман жерди бастырбай,
Жармадан кардың ач кылбай.
Жаннат — бейиш
Өгөйлүгүң билгизип,
Өң түзүңдү аздырбай.

Төркүнүм алыс ыраакта,
Төбөгө чаап кууратпа.
Калп-карөзгөй сөз айтып
Карыларга суратпа.
"Канакей балаң?" — дедирип
Калтыра көрбө уятка.

Колумда туруп көгөрсөң,
Кубатым кетип карганда.
Көлөкөңө жөлөнсөм,
Өлүп кетсем ошондо,
Балам, сен ак кепиндеп көмөрсүң?
Арманым калбас жалганда.
Жолуктуң, балам карганда.
Өлсөм болду алдыңда
Мүнөзүңдү кошпогун
Мурунку баккан балдарга.

Кедей Гүлсаана кемпирдин сөзүнө эрип, колун берди. Мойнунан кучактап, көзүнүн жашы бурчактады. Эч адамдан сыйлуу кеп укпаган, ичинен кайгы чыкпаган жетим кемпирди жанындай көрүп, көзүнүн жашын төгүп, кубанганынан айткан сөзү:

Сизден башка адамдан
Укканым жок жылуу кеп,
Уруп-согуп чыгарчу:
"Ырысы жок жетим" — деп.

Күйүк көмөч, күлчө нан
Кудайы кайыр сурадым.
Үч жашымдан түрткү жеп,
Мусапыр болуп куурадым.

Ажал жетип өлөрдө
Энеке, алдыңа келип турамын.
Арсыз жетим кедеймин
Ата тургай, энем жок
Ачка куурап жүргөндө
Алымды сурар жеңем жок
Жумшак тил, жылуу сөз угуп,
Энеке, сенден көөнүм ток.

Жайытым жаман тарыды,
Жалдырап көңүл арыды.
Сенден башка эч адам,
Энеке, сурабады алымды
Жумшасаң тилиң алайын,
Уктасаң, төшөк салайын.

Моюнума көтөрүп,
Өлгөнүңчө багайын.
Жакшылыгың унутсам
Өрттөнсүн бакты-таалайым.

Жамандык кылсам жашымда,
Жаныма тиер кусуруң,
Жакшылап баксаң, энеке,
Көңүлүм кантип бузулсун.
Жаңылып кетсем кокустан,
Жаш башымды туз урсун!..

Алым ошол болгон соң,
Кантип болом тоң моюн.
Тузуңа кара санасам,
Туугандан эки болбоюн.
Өлбөсөм да ошондо
Өмүрүмдө оңбоюн.

Бара-бара сынарсың,
Ичиңден сүйүп тынарсың.
Алынып кетсем, энеке,
Амандыгым сурарсың
Көңүлүңдө кайгы жок,
Күлүп жайнап турарсың.

Жетимди кемпир багып алды. Кемпирди эне дейт, тамагын ичип-жейт. Кийими бүтүн, бой тартып калды. Жүргөн жери ызы-чуу, айылды кагыштыра, ар кимди. чабыштыра баштады. Анткени менен энесин жакшы багат. Бардыгын байлардан уурдап табат. Анысын кемпир билбейт, билип калса тилдейт. Кедей өзүндөй эпчил, албеттүү азаматтан төрт жолдош таап алды. Бешөө жатса да турса да, бир жүрө турган болушту. Төрт жолдошу Кедейдин чалгынчысы болуп кайсы жерде ыктуу бай болсо, ээн мал болсо көрүп, Кедейге айтып келишет. Түркмөн элинин байларынан Кедейдин жебегени калбады. Бир күнү түркмөндөрдүн каны элинин баарын жыйып алды, байлары, бектери, дагы башка Кедейге жедирип жүргөндөрдүн баары чурулдап ханга арыз болушту: "Кедей жетим деген куу чыкты. Бул куунун жебеген кишиси калбады. Баарыбызды күйгүздү, же бул элди аттырыңыз, же элдин урматы үчүн Кедей жетимди таптырыңыз", — дешти. Кедейдин төрт жолдошу элдин арасында эле. Хандың буйругун угар менен жүгүргөн бойдон Кедейге келишти. "Кантебиз, ханга бардыгы арыз болушту. Хан кырк жигитин чакырып: "таап келгиле, таппасаңар башыңарды алдырамын" — деп, катуу буйрук кылды" — дешти. "Мен ханга карматпаймын, кырк жигит эмес, сексен жигит келсе да, караанымды көрсөтпөймүн", — деди Кедей бала. Жолдоштору: "Жок, андай кайрат жарабайт, көпкө топурак чачабызбы, андан көрө сен бир качкын, бул Чамбылга1 турбагын" — дешти. Шаардан жарым күндүк жолго качып чыгышып, бир аңдын ичине Кедейди жаткырып, жолдоштору тамак ташып түн ичинде келип-кетип турушту.

Хандын кырк жигити издеп эч жерден таба алышпагандыктарына кайгырышып. бир-бирине керээздерин айта башташты. "Бир Кедей үчүн кыркыбыз өлмөк болдук. Кыркыбыз кырк жерде туулуп, ажалыбыз бир жерден экен го," — дешип убайым санашып, бирин-бири карашып, үшкүрүк басып, өңдөрү азып келе жатып, Саалы сопуга учурап калышты. Кырк жигиттин сопудан сураган жери:

Беш убак намаз окуган,
Бей намаздан чочуган.
Касиетиң бар эле,
Өзүң теңдүү сопудан.

Көпчүлүктүн чакырган
Жашы менен карысын.
Жыйып келип бергенбиз
Бүтүн элдин барысын.
Тыңшап турчу Залимкан
Чуулдаган арызын.
Бири айтат: — алды уюмду,
Бири айтат: — мен да алдырдым
Уйдан артык буюмду.

Алардын арызын укканда,
Залимкан жакшы туюнду.
— Кедейди таап келгин, — деп
Кекетип бизге буюрду.

Таттуусун билсең жандын деп,
Датчыларга Кедейди.
Тапсаң тирүу калдың деп
Табалбадык Кедейди
Далайдан бери биз издеп,
Уламадан уладык,
Улуулардан сурадык.
Угуп көргөн киши жок
Убайым менен куурадык.
Кедей үчүн кыркыбыз
Кетмек болдук куланып,
Кайда экени билинбейт
Карааны көзгө илинбейт
Кедейди таппай кырк жигит
Кейишин тартып зирилдейт.
Өлөбүз го сопу аке
Өлгөн кайра тирилбейт.
Көрүп-билип калсаңыз
Жүрөгүбүз токтосун,
Жүргөн жерин чалсаңыз.
Айтып берип Кедейди,
Ажалсыз бизди өлтүрбөй,
Ажыратып алсаңыз,
Алдага жүзүң жапжарык
Акыретке барсаңыз.
Кетпеди кайгы көңүлдөн
Биз калсак, сопум, өлүмдөн...
Табалбадык Кедейдин
Дайнын сурап көбүңдөн,
Таап берсеңиз жакшылык
Кетпес эле көңүлдөн.
Сопу айтты: — балдар, тура тур,
Соболумду уга тур.
Көргөнүмдү айтайын,
Көпчүлүгүң көңүл бур?

Башынан билем жөн-жөнүн
Бала экенде көргөмүн.
Андан кийин билбеймин,
Тирүүсүн же өлгөнүн.
Бир кондуруп үйүмө,
Кетиргемин келгенин.
Бар дегемин бай кемпир
Өзүнүн аты — Гүлсаана,
Төрөгөн эмес бир бала,
Менин айткан акылым,
Отунун алып, от жагып,
Оокат жагын тырмала,
Арамдыкка бурулуп,
Андан кетип куураба,
Ар эшикти бир түртүп,
Адатыңча ыйлаба, —
Деп ошондо Кедейге
Акыл берген болчумун.
Ар ким келсе үйүмө
Бир түнөтүп койчумун.
Сообу тиер бекен деп.
Алсыз жетим шордуунун
Кетти эле мага бир түнөп,
Ачарчылык убакты,
Кекетип кокус Залимкан,
Тапшырса өлүм суракты.
Гүлсаанадан табасың,
Күйгүзүп жүргөн чунакты.
Түркмөндөрдүн элинде
Тууралык бар кебинде.
Түзүгүн айтып берерин
Тура тур, балдар, эринбе.
Тууганыңды коркутуп,
Душманыңа телинбе.
Төрт түлүктүү малы бар,

Мал үчүн жыйган камы бар
Карыптарга боорукер
Кайрылуу жайы дагы бар.
Катарлантып салдырган
Мейманкана тамы бар.
Баргыла, балдар, жалооруп,
Жалынгыла бир конуп.
Ал Гүлсаана кемпирге,
Аңдоостон бир сөз кетирбе.
Адагы кыйын шум киши,
Алдап, соолап сурагын.
Акырын айтып жесирге,
Колуңардан кетирбе.
Кемпир да кыйын киши эле
Акырындап сыр сура,
Аламандап сүйлөбөй
Акылыңды бек кура.
Ачылып сырын айтпаса
Алды алдыңдан чуркура.
Аябай жесир кемпирди
Айдап бар ханга туптуура.
— Кемпирдин уулу болчу, — деп.
Хан алдында буркура.

Кырк жигит дароо кемпирди тапты. Таап алышып жармысы үйгө кирди. Жармысы тышта калышты. Сакчы кемпирдин артык дөөлөтү жок, өзүнүн оокатына тың, баягы сопунун сөздөрү чын чыкты. Жигиттер акырындап, сурай баштаган жери:

Уулуңуз кайда, байбиче,
Таанышалык деп келдик.
Азаматтын бири экен,
Алышалы деп келдик.
Сыртынан угуп Кедейди

Алдыңызга көп келдик.
Келген сайын таппадык.
— Балаң кайда? — дегенден,
Байбиче, сизге батпадык.
Достошууга Кедейге
Чыктык эле аттанып.
Жамандыгы тиет деп
Ойлонбогун сактанып.
Биз да уулуңдай азамат
Жетишебиз баркына,
Тууган, душман, кас, дос бар
Бирөө түшсө артына.
Биз себепбиз, байбиче,
Душмандан келер дартына.
Айтып бер, эне, балаңды
Биз билбейбиз залалды!
Алдадан тилеп адалды
Кучакташып достошуп,
Кудайдын мөөрүн болжошуп,
Аман-эсен кетебиз.
Кол кармашып коштошуп.
Кемпир айтты: балдарым,
Кедейди тап деп зарладың.
Мен билбеймин уулумдун
Кайда кетип калганын.
Менин калп айтканым өлгөнүм.
Карып калган убагым.
Байкагын, балдар сөз жөнүн.
Шумдук го, балдар, келгениң.
Ажал жетип өлгөнчө
Чындыгы жакшы пенденин.
Угуп турсаң, балдарым,
Баштан өткөн зарларым.
Жетимишке келгенче
Арылбаган арманым.

Отузумда калганым.
Аламын деген эр келди,
Алда канча эл келди
Алдоосуна алданып,
Билдирбедим эч белги.
Жаман-жакшы көп келип
Жалынса да тийбедим.
Жашымдан берки бир арман,
Бала төрөп сүйбөдүм.
Көралбадым кызыгын
Жаркыраган дүйнөнүн.
Ачарчылык убакта
Келди эле мага бир жетим,
Аман-эсен асырап,
Баккандыгым илдетим,
Жетимдерче сандалтпай
Көтөргөмүн милдетин.
Колума тийди онунда.
Он жылы турду колумда.
Отуралбай бурулдап,
Ыйлачумун жогунда.
Жатындан жарып чыкпаса,
Бакма бала курусун.
Өгөйлүк менен билдирет
Олтурушун, турушун.
Өз баладай кылабы
Үй оокатын, жумушун?
Бакты эле деп санабайт
Ал-жайыма карабайт
Элик болуп сүт бердим,
Көлүк болуп күч бердим
Энемсиң деп ойлонуп
Эмгегиме жарабайт.
Кете берген көпкөндө
Келиптирсиң, балдарым

Кайгы көп жүрөк, өпкөмдө,
Келип кетет учурап,
Нары-бери өткөндө.
Кайрылуу элем карыпка,
Боорукер элем жетимге,
Оокат кылып олтурам,
Бир айылдын четинде
Келип кеткен болучу
Кече күнү кечинде.

Кырк жигит ханды карай кемпирди айдап жөнөдү. Шордуу кемпир бели бүкүрөйүп, көзү тикирейип, башы эңкейип, ээрди телпейип, көзүнүн жээги ириңдеп, көкүрөгү кирилдеп: — Мен бала бакпай, балаа баккан экенмин го, — деп убайым жеп кедеңдеп, хан менен бек дарга асып жиберет го деп айласы кетип, кырк жигиттин алдында бара жатканда жолунан хандын бир вазири чыгып: "Кайда алып барасыңар?" —деди. "Кедей жетимдин энеси экен, уулуңду таап бергин десек, табалбаймын дейт. Өзүбүз эч жерден таппай, өлүмдөн кутулар бекенбиз деп ханга энесин алып баратабыз" — дешти кырк жигит. Мен силерди хандан сурап аламын, кемпирдин бардык малын, үй-жайын алгыла. Анан уулун колго түшүрүп берет, — деди вазир. Кемпирдин оокат турмушун, малын, үйүн бүтүн алды, кемпир байкуш зар ыйлап, жанын кыйнап малсыз журтта калды. Кедей муну угуп кайраты ташып, төрт жолдошун ээрчитип энесине келсе, энесинин баласына карап ыйлап туруп айткан сөзү.

Күнөөсүз мени талаттың,
Күйдүргү, балам, оңбогун.
Эч жазыгым жок эле,
Дүйнөдө эки болбогун.

Эмгегимди унуттуң,
Балам, элүү жашка толбогуң!
Араң оокат кылчу элем,
Малым менен жан сактап,
Бактым эле, чырагым,
Эркеледиң алчактап,
Талап кетти барысың,
Балам, сага өчөшкөн жоо каптап.
Ардагым Кедей, сен үчүн
Ач калган иттей улудум,
Ажырап оокат жайымдан.
Айла кетип курудум
Малымды талап алса да,
Үй оокатым калбады.
Ушу күндү көрсөтүп
Үшкүртпөй өлүм албады.

"Энеке, эми көп кайгырбагын, мен сени кор кылбаймын. Мен ууру болдум. Бирок уурдаганда жардыны уурдабастан, хандын кадырын сактаган, элди жеген казынын, вазирдин малын уурдагамын",—. деди Кедей. Анан жолдошторуна: "Вазир менен хан өлсө сүйүнө турган эл толуп жатат" — деди да, канжарын ичинен байланып, шакардай кайнап, кабагым-кашым, дебей, эч кайгы жебей жөнөп кетти. Жолдоштору "ушундай дагы эр болобу, мунун жүрөгү адамдын жүрөгү эмес, жолборстун жүрөгү го" дешип таң калышып, акмалап Кедейдин аркасынын жөнөштү. Кедей айтканындай вазирди мууздап качып чыкты. Вазирдин жигиттерди кууп чыгып узатпай кармап калышты, өлөсөлүү кылып уруп, орго салып кайтарып койду. Калган жазасы хандын акылы менен берилсин дешти. Олдоктогон кароолчунун жанына Кедейдин төрт жолдошу келип акмалап турушту. Анда кароолчунун: "ушундай дагы эр болобу, жыйырма-отуздай киши кызылдай сабап жатса, башы-көзүн жашырып да койгон жок. Кыпкызыл кан тулку боюнан агып турса да ичиркенбеди. Анын үстүнө тирүү калсам далайыңардын каныңарды ичермин деп жулунуп жатканын көр" деп, өзүнчө сүйлөнүп турганын төрт жолдошу уга коюп, кароолчудан жалынып сурап турган жери:

— Айланайын кароолчу,
Толгонгон жашык бооруңан.
Кедейдин тирүү калышы
Келеби сенин колуңан?
Айрылганы турабыз
Эч амалдын жогунан.
Бул бечара Кедейдин
Жүрөгүндөй жүрөк жок,
Телегейди тең санап
Тилегиндей тилек жок.
Түшүптүр торго чалынып,
Тирүү калса арман жок
Калбаса хандын каарына,
Пайдасы тийчү жан эле
Бакырлардын баарына.
Тап коет эле өлбөсө,
Залим хандын тагына.
Себепкер болор бекенсиң
Өзүңдөй эрдин канына?
Ушу сапар калкалап,
Куткарып берсең өлүмдөн,
Жакшылыгың тирүүдө
Кетпес эле көңүлдөн.
Акыл-эсин токтотуп,
Чыңай элек бу карып
Өзүн өзү ойлонуп
Сынай элек бу карып.
Эрдигине чыдабай
Келе жатат бу карып.

Белгилүү — эрден болмокчу.
Бересизби чыгарып?
Зарланабыз алдыңда
Сагырга1 бооруң ачыса,
Биз садага, жаныңа!
Баш кошконбуз бешөөбүз
Ата-энесиз жетимче,
Көк болот эле бу кургур
Мизи курчуп жетилсе.
Оокат үчүн сен дагы,
Күн-түн орду сактайсың.
Күнүмдүктөн арттырып,
Эч береке таппайсың.
Чындап бооруң ооруса,
Чыгарып берип жолдош бол!
Бүгүндөн калса өлтүрөт,
Биз алабыз милдетин,
Чындыгына келе кол.
Өлтүрбөгүн, тирилткин,
Өзүңө түбү чоң пайда.
Өчүрбөстөн тамызгын,
Пайдасы жок түбүндө
Залимге кылган намыздын.
Биз тилейлик аманын
Ордон чыкса жалгыздын,
Ордон аман чыгарып,
Сыр алышып таанышкын.
Чын дүйнөлүк дос болуп,
Чыпалактан алышкын.
Мындай эрди кор кылба
Муңга бизди зар кылба.
Биригишип кол кармаш

Кул бололук алдыңда.
Кедей менен беш элек
Болобуз алты сиз менен.
Ор кайтарып жүргөнчө
Кол кармашкын биз менен.
Акыреттен жай табат
Адилдигин үзбөгөн.
Бүгүндөн калса бул өлөт,
Ырыскысы түгөнөт.
Карыганда энесин
Кайрылып барып ким көмөт?
Адам уулу өлбөсө,
Азып-тозуп күн көрөт.
Анттуу-шерттүү дос болуп
Кайтарганча ор сактап
Жүргүн, оокат кылалык,
Кол кармашып бир жүрүп.

"Менде катын-бала, жакын тууган, жакшы санаалаш киши жок. Минтип уйкудан калып, убара болуп ысыкка күйүп, суукка тоңуп, эки колумду боорума алып өмүрүмдү өткөрүп, душманымды багып жүргөнчө, Кедейди ордон чыгарып, ушулар менен кетейин" деген ойго келди кароолчу. Танапты салып ордон Кедейди чыгарды. Кедей жетим келер менен энесинин мойнун кучактап, энеси жана жолдоштору менен коштошту:

Мен өңдөнгөн жетимден
Беш алтыны бактыңыз.
Берсе кудай тилекти,
Бейишке кирип жаттыңыз.
Өөдө кылган сен элең
Өз балаңдай асырап.
Өлүмгө кетип баратам,
Өз элимден ажырап.

Жетилтип бактың жашымдан,
Нечен иш өттү башымдан.
Тилиңди албай, энеке,
Зыянкеч болдум жашымдан,
Залимдер кууду артыман.
Качамын хандын зарпынан.
Тирүү койбойт кармалеам,
Тентимек болдум калкыман.
Токтонбойт санаа, көңүлүм.
Элиме суук көрүндүм.
Эч бир айла табалбай
Энеке, сенден бөлүндүм.
Калкыма салдым көп чууну,
Ханы менен бек кууду.
Тың чыксам залим көралбай
Чыйрак чыкты деп кууду.
Төрт жолдошум, бир энем
Амандыгым тилеген.
Залим хандын заарынан
Ажыраштым силерден.

Барсам кайда батамын?
Башымды жутту чатагым,
Жакшы жолдош, жан энем,
Айрылганга капамын.

Түшчү болсом колуна,
Тирүү койбос Залимкан.
Мендей далай карыптын
Мойнуна чынжыр салынган.

Мен өңдөнгөн эченди
Караңгы орго салдырган.
Жетелетип далайдын
Желдетке башын алдырган.

Кедейдин тыңын Залимкан
Карадарга астырган.
Сөз кайрыган адамды,
Дубалга тирүү бастырган.

Хан менен беги кажады
Кор башы, байдын далайга
Өтөт го кыйын азабы.
Бирин-бири колдошот
Бузулган ишин оңдошот.

Уруксат бергин, кетейин
Убайым шорун кечейин.
Карып жанга күч келди,
Кагылайын энеке,
Качпаганда кантейин?!

Аталашпай алынган,
Жатындаштай жагынган.
Жетим кезде багыма
Жетелешйп табылган,
Көрүнбөй калсам бирерде,
Көңүлү учуп сагынган.

Айланайын төрт жолдош
Качпасам жакшы иш болбос,
Качпасам чын өлөмүн,
Кош аман бол, кайыр кош!
Жамандык өтсө кечиргин,
Жашыбыздан көңүл дос!

Адалды жесек, бир жедик,
Арамды жесек, бир жедик.
Азган-тозгон жетимдер
Баш коштук эле иргелип,

Кош, аман бол, жолдоштор,
Санаа бурбай жүрөлүк!

Айланайын балам, деп,
Айткан жоксуң атыман.
Ажыраштым энеке,
Ар кимге тийген саатыман.
Жалдыратпай ар кимге,
Бактың эле жашыман.
Тилиңди албай, энеке,
Тетири жүрдүм башынан.
Тапшырайын, төрт жолдош.
Жакшылап баккын энемди.
Жай тапчу болсом бир жерден
Билемин кайта келерди.

Залимканга кор кылбай,
Алып кетем силерди.
Баккан энем, төрт жолдош,
Бешөөңөр тең аман бол!
Ажырашар күн — ушул
Алыска сапар бастым жол.
Айрылыштык амалсыз
Амандыкка бердим кол.

Энеси Гүлсаана: "— Балам, кош бол! Тилимди албадың. Өлөр убагымда таштап кетип баратасың. Мен болсом кудайдын салганын көрөрмүн. Сен кайда болсоң да аман болгун. Сага бир насыят айтайын, айланайын. Башта тилимди албасаң да, эми алгын. Хива деген шаар бар. Анын Азимкан деген ханы бар. Ак эшен деген эшени бар. Ал эшенди Азимканга кадырлуу киши деп уккамын. Балам, ошол эшенге кол берип, кудайга шүгүр айтып, жаман жүрбөй, жакшы жүргүн",— деп кемпир бечара ботодой боздоп, кулундай чыңырып, алы кетип жыгылып кала берди. Төрт жолдошу да ыйлап-сыктап калышты. Кедей так отуз күндө Хива шаарына чокою жыртылып, буттары шишип басалбай араң жетти. Көчүгү менен жылып-туруп, Ак эшендин мечитинин алдына жетип буркурап ыйлап олтурду:

Кагылайын, эшеним,
Кайдан табар экемин?
Качан көзгө көрүнөт
Караңгы жайлык жетегим?
Кабар алган киши жок,
Мен мусапыр карыптан.
Жакшы киши дечү эле,
Жакырларды жарыткан.
Адеп берип неченге
Акырет жолун тааныткан.
Кардым ачка, каруу жок
Кайрылбай өтөт карды ток.
Азирет эшен, сиз үчүн
Эт жүрөгүм кызыл чок.
Азирети эшенди
Көрөр күнүм бар бекен?
Басып өткөн изинен
Өбөр күнүм бар бекен?
Ажал жетсе, кол берип,
Өлөр күнүм бар бекен?
Басып издер бутум жок,
Шишип жаткан убагым.
Үстүмдө бүтүн киймим жок,
Үшүп жаткан убагым.
Чалчык суудан темселеп
Ичип жаткан убагым.

Эки бутум тең шишип,
Аксап жаткан убагым.

Эч адам алым сурабай
Садага жок, кайыр жок
Какшап жаткан убагым.

Мечитинде жатамын,
Жүзүн. көрбөй өлөмбү
Азирет эшен атамдын?
Ак эшенге кол бербей,
Өлүп кетсем капамын.

Бу дүйнөдө жарыбас
Бир мусулман келбеди,
Муңдун баары мендеби?
Мен мусапыр карыптын
Көзүнүн жашы селдеди.

Асанга даарат албадым,
Ак селде башка чалбадым.
Кол берем деп нээтимди
Ак эшенге арнадым.
Эшендин дайнын табалбай
Ээн талаада зарладым.

Эшенди издеп бар деген
Энемдин сөзүн сыйладым.
Тек жүр, деп акыл беришкен
Төрт жолдошту кыйбадым.
Эшендин дайнын табалбай
Эмгек тартып ыйладым.

Бир мусулман учурап
Алымды сурап келсечи.
Эшенге кабар берсечи,
Элинен азган карыпты
Эшеним келип көрсөчү.

Ак эшендин азанчысы Сакы сопу деген киши азан айтмакчы болуп мечиттин мунарасына чыгып баратып ыйлап жаткан Кедейди көрүп, эшенге жүгүрүп барды. "Таксырым, мечиттин алдында ачка, алсыз начар, кийимсиз жылаңач бирөө "эшениме кантип барамын, барсам кайдан издеп табамын" деп ыйлап жатат" — деди. Ак эшен "алыскы жерден мен үчүн келген кишинин алдына барбасам болбос"— деп, беш калпасын ээрчитип Кедейге келди. Кедей Ак эшен экенин билип, буркурап ыйлап, бутун кучактап элинин кайырсыздыгын ушактап сүйлөдү:

Ассалому алейкум,
Амансызбы, жан бабам?
Арманын айтса мен балаң:
Мен мусапыр бир Кедей
Муңун айтып зарланган.
Касиеттүү эшеним,
Карыптарды жалгаган.
Ач-арыктын атасы,
Алданын тийген батасы,
Ачылар бекен, жарыктык,
Мен мусапыр капасы?
Зыярат кылбай нетемин?
Азирет сизге кол бери,
Мурадыма жетемин,
Аптиек окуп, кат кылдың
Алданын сөзүн жат кылдың
Алдыңа келген адамды
Күнөөсүнөн сап кылдың.
Куран окуп, кат кылдың
Кудайдын сөзүн жат кылдың.
Кудай деген момунду
Күнөөсүнөн сап кылдың.

Куран окуп маани айттың
Куданын сөзүн даана айттың.
Чар китеп окуп, маани айттың.
Чалияр сөзүн даана айттың.
Түн терметип олтурдуң
Ичиңе нурду толтурдуң.
Касиетин барынан
Бер кудай деп кол сундуң.
Алты жүз экен калпаңыз.
Азганга тийген аркаңыз
Кудай сүйгөн кул элем,
Куруган күндө алкаңыз
Таң атканча «үү» деген
Дааратына суу деген
Өмүрүнчө тобо деп
Акыреттин камын жеп,
Калас болгон күнөөдөн
Кор кылба да, зар кылба
Кол куушурам, эшеним
Кызмат кылып алдыңда.
Колу узарган сиз менен
Кожо-молдо дамбылда
Кол тапшырам деп келдим,
Чачымдан көп күнөйөм
Кудайдын жакын кулусуң.
Азирет, сизден тилейин
Алданын сүйгөн жакыны,
Азиздигиң билейин,
Бир момундун уулумун
Бир куданын кулумун.
Убарам кыйын ушунча
Тилек кылып турумун.
Кокусунан колумду
Албасаң, эшен, курудум
Дааратыңа суу камдап,
Кумганынды алайын.
Беш убак намаз окусаң
Жайнамазың салайын.
Таксыр, сизге кол берип
Жаман санаа, жашчылык
Пейлимден кайтайын.
Жаныңызда бир жүрүп
Берсеңиз теспе тартайын.
Кими адал, ким арам.
Таксыр, калпаларың байкайын.

Кедейге аң-таң калып, сөзүн угуп алып, көңүлү толуп, ыраазы болуп, сакалын тарап, Кедейди карап, "арамдык кылбаймын, шарыяттан жылбаймын деп касам ичкин" — деп Кедейге эшендин айтканы:

Аллейкума ассалям,
"Алы начар экен"—деп
Алдына келдим мен — бабаң.
Эсенсиңби, карагым?
Сөзүн ук эшен бабаңдын.
Кол бергени келипсиң
Оңолду сенин талабың.
Жаш экенсиң мусапыр
Өз жайыңа карагын.
Кол берип анан бузулсаң
Каарына алат пир деген
Каргышына жолугат
Жакшы асырап жүрбөгөн.
Колу буту шал болот
Кожосун көзгө илбеген.

Кол берген киши көп болгон,
Чыдаган эрлер ток болгон,
Чыдамсыздар бузулуп,
Чын каргыштан жок болгон.

Каргыш менен Кедейим
Касам ичип каргангын.
Калп кара өзгөй сүйлөбөй
Калпалыкка арналгын.

Кусулдаарат аласың
Куданын жолун табасың.
Пайгамбардын үмөтү—
Башыңа селде чаласың.
Беш убак намаз окуйсуң
Бейиштен бурак токуйсуң
Периштелер дарс айтса
Бейнамаздан чочуйсуң.

Кожону көрсөң кол бергин,
Молдолордон жол көргүн.
— Эшеним,— десе эңилгин
Күнөйүңдөн жеңилгин.
Бирөө менен сүйлөшсөң
Мээри болот кебиңдин
Убаданы унутпа
Чын сөзүңдү дуруста.
Кол берген соң Кедейим
Бирөө менен урушпа.
Улуу киши жумшаса
Тартынбай бар жумушка.

Кедей карганып, эшенге зарланып, жакасын карманып ант берди:

Азирет эшен пирибиз,
Жуулду ички кирибиз.
Мынчалык издеп келген соң
Мухамбетке жарык динибиз.
Айтканыңдан жылбайын,
Арамдыкты кылбайын,
Азирет, сизге кол берип,
Ал жолуңда жыргайын.

Чыкпайын таксыр жолуңан.
Кутулуп, сизге келгемин,
Залимкандын торунан,
Астыңда туруп Ак эшен
Арылсам болду шорумдан.
Кол берип сизден бузулсам.
Кудай урсун кут урсун,
Байгамбар урсун, бата урсун,
Мынакей, ушул ант урсун!
Бирөөгө зыян кааласам,
Көкүрөгүм дарт урсун!

Эшеним, сиздей пир урсун,
Жаңылсам ушул жолуңан.
Жашатпасын дин урсун.
Жаш башым тентип ар жерде
Мындан бетер кыдырсын.

Батаңды алып, кол берип,
Мурут атка коноюн.
Калп айтчу болсом бул сөздү
Кара эшегин болоюн,
Касиетиң болбосо,
Кантип сага жолоюн!

Курсагым ачка, кийим жок,
Курдаштан көргөн сыйым жок
Жамандыкты көп көргөн
Бу күндө менден кыйын жок.

Кедей турат зар ыйлап
Кайта-кайта карганып
Кара жаш кетип көзүнөн
Кайгы менен зарланып
Колун алды Ак эшен
Куру сөзгө алданып.

Күүлөнүп эшен чакырды
Калпалар деп бакырды.
Калпалар келди каркылдап,
Дубаналар сопулар
Асалары шаркылдап.

Калпалары кагырап,
Дубаналар дабырап,
Ак урушуп күрсүлдөп
Мечиттин ичи дүбүрөп.
Эшен баштап жөнөдү
Мусапыр Кедей жүрсүн деп
Казаначы, кан сопу
Намазыңды бат оку.
Менин тилим ал, сопу.
Алып келгин Кедейге
Селде орончу ак топу.

Башына селде чалайын,
Жайнамазын салайын.
Кызмат кылып туруучу,
Нөкөр кылып алайын.
Деп, Ак эшен Кедейди
Дааратка колун тийгизип,
Таза кийим кийгизип,
Беш убакты намаздын
Белгилерин үйрөтүп,
Безилдетти Кедейди

Шарыяттан сүйлөтүп
Эки колу боорунда
Ак эшендин доорунда
Даарат менен Кедейдин
Тартса теспе колунда.
"Иллалда" деп олтурат
Байгамбардын жолунда.

Кусулдаарат колунда
Башына селде чалынат.
Кудайым деп жалынат,
Кол куушуруп эшендин
Кызматына камынат.
Түнүнкүсүн уйку жок,
Күндүзүндө тынчы жок,
Ак эшенге жагынат.

Кедей он күнү кызмат кылып турду. Анан оюна бир пикир алды да, бир сыр сурасам кандай жооп берер экен деп жалгыз отурганда эшенге барып мындай деди:

Айланайын эшеним,
Айтпаймын сөздүн бекерин.
Аз калды өлүп кетерим.
Ушул арман сөзүмдү
Таксыр, бүгүнкү күн чечериң.
Таксыр эшен жарыктык,
Чыгарсаң ички сырынды,
Мен да айтамын чынымды.
Таппай турам, азирет
Сыр чыгарар ыгыңды.
Ат чабым жерде оолуң бар,
Оолу толгон коонуң бар.
Оюм менен билемин,
О дүйнөлүк сообуң бар.

Садагасы кетейин
Оодарылбас жолуң бар.
Ал оолуңдун ичинде
Алма, өрүгүң гүлдөгөн
Ичинде булбул үн-Дөгөн.
Бейнамаз басып келбеген.
Сиздей болсо, жарыктык,
Азирети пир деген.
Касиеттүү пиримсиң
Карыпка сооп издеген
Кагылайын эшеним
Кардым тойду сиз менен.

Мечитиңе күнүгө
Бешимден киши жыйылган.
Бериштелүү эшеним
Пенденин баары сыйынган.
Карыптарга кайрыкер,
Бечарага боорукер,
Мен сураган сырыңды,
Азирет эшен айтып бер.
«Үф» деп жүргөн дубанаң
Үлкөн молдо уламаң.
Таң атканча чарк уруп,
Ак тилеген кудайдан.
"Ак" деп жүргөн дубанаң.
Алым молдо уламаң
Акыретти ойлонуп
Адалдан насип сураган
Касиеттүү эшен деп
Калкың кадыр кылабы?
Калк башкарган Азимкан —
Мартың кадыр кылабы?
Мартыңа кандай кадырың?
Жакырың Кедей сурады,
Эртели кеч кол берип
Элиң кадыр кылабы?
Эл башкарган Азимкан —
Бегиң кадыр кылабы?
Бегиңден көөнүң тынабы?
Бегиңе кандай кадырың,
Бечараң Кедей сурады.
Каныңа барбы кадырың?
Каныңдын айтчы сабырын
Сырдашпасам сиз менен
Таксыр, кетер эмес жабырым.
Бегиңе, кандай кадырың?
Бегиңдин айтчы сабырын.
Күчөп кетти, эшеним,
Менин кайгы жабырым.
Таксыр, мен сизден сурайын
Сырыңызды угайын.
Бул дүйнөнү жапжарык
Жаратыптыр кудайым.
Жашырбай айтсаң сырыңды
Ичимден чыксын убайым.

Эшен мактоону жакшы көргөн жоон өпкө киши экен, Кедейди карап, сакалын сылап, өзүнүн сөзүн чыңап, ошондо анын айтканы:

Уккан-көргөн мусулман
Учурашып кол берет.
Сырымды алса сенчилеп
Зыяратка көп келет.

Муңуңду ачсаң, Кедейим,
Мусулманга мен керек.
Кадыр кылат ханыбыз,
Калк агарткан чагыбыз.

Кайгың чыгып ичиңен,
Ачылар Кедей багыңыз.
Ызаат кылат бегибиз
Үйүлүшүп күнүгө
Дуба алышат элибиз.

Эмне, Кедей, кемиңиз?
Кемчилигиң жоголуп,
Табылар, балам эбиңиз.
Хан кадыр кылбаса,
Калпасы мендей болобу?
Калпасы мендей болбосо
Калкынын көөнү толобу?
Бир куданын алдында
Калп-карөзгөй оңобу?

Беги кадыр кылбаса,
Эшен мендей болобу?
Эшени мендей болбосо
Элинин көөнү толобу?
Бир куданын алдында
Эки сөздүү оңобу?
Амандыгын тилеймин
Азим падыша төрөнүн.
Ардагымдай көрөмүн,
Аябай чындап сурасам,
Чымындай жандан бөлөгүн
Билип турам берерин.
Кол тапшырдың пирим деп
Табайын балам эбиңди.
Азимкан менен Ак эшен
Кадырлашпайт дедиңби?
Айтчы, Кедей сырыңды
Толтурайын кемиңди.

Жайгаштыруу: 2023-10-15, Көрүүлөр: 373, Өзгөртүлгөн: 2023-10-15, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу