Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Саламдашуу ырлары

Баш барак | Адабият | Саламдашуу ырлары

Салам достор, бул макалада саламдашуу ырлар жыйнагын Сиздер үчүн чогулттук, ыр турундо текст кылып жасадык.

Сиздерден өтүнүп кетээр элек, саламдашуу жонундо жок дегенде төрт сап ыр болсо да салым кошо кетсеңиздер. Ал үчүн жөн гана пикир жазуу формасына жазып коюңуз.

Ассалоуму алейкум, бабам манас балдары,
Обо эне, адам ата кандары.
Досчулукту, ынтымакты чындаган,
Ыраазы бол сагынбай ата арбагы.

Кызыл тил көркү ырда экен,
Кыйындык сынак сындай экен.
Ак дилден салам айтабыз,
Атаандаш арбын сыйга тең.

Биз дагы ушул салтты бузбайлы,
Саламдашпай сөз сандыгын ачпайлы.
Эң алгач саламдашып андан кийин,
Кеп учугун таанышуудан баштайлычы.
(Н. Оморова)

Жүрөгүмдө туйлаган кыргыз каны,
Өзөгүмдө ойногон кыргыз жаны.
Төрөлгөндө оозанган манас менен,
Айтып кирдим ордого салам менен.

Жалпыңа айтам саламды,
Боордошторго салам айткан жаманбы.
Нечендеген кылымдарды карыткан,
Кыргыз деген көчмөн элим аманбы.

Мурас кылган ата-салтын сактайлы,
Беттешүүнү салам менен баштайлы.
Ийилип таазим менен биз сиздерге,
Ак ниет атыбызды даңктайлы.
(Медербек у М.)

Манастан алган сабакты,
Үйрөнүп бир топ санатты.
Тизе бүгүп ийилип,
Калкыма айтам саламды.

Бербейт деп бизге саламды,
Бекерге бузба санааңды.
Ар кайсы ишке талпынган,
Калк, журт, элим аманбы.

Салам айтам
Бакайдай акылманга,
Каныкейдей ууздарга.
Айчүрөктөй аккуларга,
Манастай кабыланга.

Салам айтам,
Улуу кыргыз калкыма,
Ушул турган жалпыңа,
Калыстарга кара кылды как жарган,
Тең тайлашкан атаандашка.

Нарктуу салам айталы,
Намысты колдон чыгарбай,
Наам алып кайталы.

Акындар ырдай ырында,
Саламды жолдоп баарына.
Абалтан келет айтылып,
Нукура кыргыз журтунда.

Ассалоуму алейкум,
Салам жолдойм жалпыга.
Учурашуу илгертен,
Адамдын ыйык парзы да.
Алтындан бүткөн ата-журт,
Амандашам талпынып.

Убакыт учкан куштай өтө берет,
Жашоодо баары кымбат ошентсе да,
Саламдашуу биз үчүн өтө керек.

Салам айтам
Жагырымдын суусу болуп,
Берметим Ысык-Көлдүн буусу болуп,
Ыргактуу комузумдун күүсү болуп,
Салам айтам, кыргызымдын уулу (кызы) болуп.

Учурашуу менен башталат го ар бир нерсе,
Учурашуусуз өтпөйт го эч бир кече,
Учурашып алалы, аман бекен калайык.
Амандашып алалы, эсен бекен калайык.

Залкар ойду закымдатым отурган,
Закымдаган ак таңдарды атырган.
Замандашым заманымдын байлыгы,
Жолдойм сага жылуу салам кайрыгын.

Жараткан сүйлөгөнгө жөндөм берип,
Бажырашып жүргүлө десе керек.
А бирок эң алгач, андан мурун,
Амандашып алгыла десе керек.

Асмандагы куш сымал,
Акырын учуп келейин.
Издөө салган элиме,
Ийилип салам берейин.

Саламатсызбы? амансызбы?
Чарчабастан жүрөсүзбү?
Ишинизде кыйынчылык жокпу?
Ар дайым аман болуңуз
Кудайым сизди колдосун!

Салам айтып баштайын сөздүн башын,
Кантип бузам бабалардан калган салтын.
Баш ийип, таазим кылам мен силерге,
Атсалоуму алейкум деп айтайын.

Ассалоуму алейкум,
Кадырман элим аманбы,
Амандык айтып жалпыңа,
Саламым айтсам жаманбы.
Жалпыга айтам саламды,
Агайым-тууган аманбы.

Бекем сүйүп, эл-жериме нур толгон,
Энчиси арбын эбегейсиз кут конгон.
Кыргыз улуу элиме салам сунабыз,
Арыба элим, Ала-Тоосу даңкталган.

Ассалоуму алейкум,
Амансыңарбы жаш-кары.
Комузду колго алалык,
Коозунан обон салалык.

Кандайсынар калкым деп,
Ахыбал сурап мен чыктып.
Дайым жүргүн аман деп,
Каалоо тилеп мен (биз) келдим.

Атпай журтум аманбы,
Ийилип айтам саламды.
Ден-соолукта болгула,
Ар бир адам, кадамы.

Салтты улап оболоп,
Саламдашып алалы.
Бул жарышка (сынакка) келген соң,
Кызыктуу оюн салалы.

Салам айтып келип калдык,
Куттуу болсун күнүңүз.
Ден-соолукта аман болуп,
Амандашып жүрөлү.

Күндө айтам саламымды,
Тажабастан элдерге.
Арыбаңыз, бар болуңуз,
Учурашкан жакшы экен.

Бүркөк күндүн ачылгандай ажайып,
Амандашсаң маанайы жылыйт адамдын.
Мен да (биз да) колдоп жакшы маанай абалын,
Салам жолдойм (буз) адамдарга ар дайым.
(Акмалова Г.)

Мактай алсак акын болуп, ыр жазып,
Барктай алсак төр бошотуп, жылмайып.
Мунун баары болуп калат жөн жарыш,
Учурашпай басып кетсек ансайын.
Ошондуктан таазим этип сиздерге,
Ысык салам ысык салам жолдойбуз.
(Сагындыков К.)

Жаркын дүйнө жашоо чачып тургандай,
Жан дүйнөнү кошо берип жаткандай.
Тарбияны, сабаттыкты билдирет,
Учурашуу ак ниеттен ыргалып.
(Эгебаева П.)

Амансыңарбы кичүүлөр,
Эсенсиңерби улуулар.
Жакшысыңбы Ата-Журт,
Киндик кескен улуу жер.
Саламатбы бүтүн эл.
(Алдаяров У.)

Кайда жүрсөм учурашам, амандашам,
Таалайыма энчилеген элим менен.
Мен чарчасам күчтөндүрүп турасыңар,
Тартынбастан салам жолдойм баарыңа.
(Эсенкожоев Р.)

Нарктуу, даңктуу улуу менин элиме,
Көк шиберлүү, таза абалуу жериме.
Азбы-көпбү саламдашып алайын,
Ал анткени, ыйык мурасы бабалардын эмесби.
(Самат уулу А.)

Асман тарап катар булут кампайып,
Абалыңды сурагансыйт ак булут.
Мен ошол аппак булут өңдөнүп,
Салам айтам ал-ахыбалды сурашып.
(Кенжебекова М.)

Амансыңбы мекеним,
Эсенсиңби эл-журтум.
Учурашып алайын,
Жакшы жышаан термелип.
(Жоомарт кызы А.)

Аскадай болгон уландар,
Чынардай болгон сулуулар.
Айкөл тоодой аталар,
Мээрими чексиз апалар.
Салам айтып сиздерге,
Саламаттык тилеймин.
(Эстебесов К.)

Силер барда жүрөктүүмүн жолборстой,
Кожомкулдай билектүүмүн, күчтүүмүн.
Калбасын көңүлүңөр кымбаттуулар,
Ак сөзүмдөн салам айтам урматтуулар.
(Мирбекова Ж.)

Саламдашам, ачык асман,
Саламдашам, алтын күн.
Саламдашап, жеңил шамал,
Саламдашам, кутман таң.

Ак шумкардай учкум келет алыстарга,
Жигит дайым жараш керек намыстарга.
Акыл калчап, алыс бол деп жамандардан,
Салам айтам алдыдагы калыстарга.
(Элчибаева Жамиля)

Саламдашуу салт экен,
Сабырдуу кыргыз элимде.
Салтты бизда колдойлу,
Салам айтып сиздерге.
(Алина)

Салам салам айтамын калк журт элиме,
Салам салам айтамын намыстуу кыргыз элиме.
(Роза)

Ассалоому алейкум,
Агайым тууган тынчсыңарбы,
Алдына келип баш ийип,
Саламын айтат кызынар(баланар).
(Абшакирова Айсара)

Салам айтам баарына, ушул жерде турган калкыма салам айтам калыстарга сый менен салам айтам (*) атынан урматтап жүргөн сиздерди.
(Бегай Суйорова)

Салам айтам ак калпактуу кыргызыма
Салам айтам асман толгон жылдызыма
Салам айтам карыгада-жашыңа
Залда отурган ага-ини баарына
(Сумая)

Саламдашуу салт экен кыргыз элимде,
Аз болсо да салам айтып элиме,
Киндик кескен улуу жер амансыңбы бүтүн эл.
(Айканыш)

Салам айтам кыргыз элиме,
Саламдашам, кыргыз тилиме.
Саламы жок кантип турамын,
Саламы жок чыдап тура албаймын.
(Гүлшайыр)

Саламдашуу салт экен,
Кыргызымдын анты экен.
Бизди карап олтурган калыстарга,
Атандашка, ата-энеге салам бергенге антуу экен,
Ошондуктан (баланчанын) атынан ысык салам.
(Адеми)

Мүнөттү айга, жылга, күнгө теңеп,
Убакыт учкан куштай өтө берет.
Жашоодо баары кымбат ошентсе да,
Эң алгач саламдашып алуу керек.
(Камила)

Роза гүлү ачылган,
Жалбырагы жашылдан.
Ысык салам сиздерге,
Баланчанчынын атынан.
(Малика)

Агарып таңдын атышы,
Кызарып күндүн батышы.
Эзелтен келген салт экен,
Кыргыздын салам айтышы.
(Аксана)

Салам айтып баштайын сөздүн башын,
Кантип бузам бабалардан калган салтын.
Баш ийип таазим кылам мен силерге,
Атсалоому алейкум деп айтайын.
(Алсейит)

Ак шумкар болуп учкум келет алыстарга,
Жигит дайым жараш керек намыстарга.
Акыл калчап алыс бол деп жамандардан,
Салам айтам алдыдагы калыстарга.
(Адина)

Саламдашуу балалыктан башталат,
Саламдашуу баш каламдан ташталат.
Анда эмесе не турабыз туугандар,
Алгач ойду саламдашып баштасак.
(Мээримгул)

Салам,салам,салам айтабыз,
Баланчанчы «А»ны бүгүн байканыз.
Батаңызды берип кыздарыңызга (уулдарыңызга),
Кана эмесе күйөрман колду чапсаныз.
(Халбердиева Айша)

***

Саламдашып алайын мен кыргызыма,
Саламдашуу салт экенго кыргызымда.
Салт-санааны өйдө коюп андан кийин,
Эли-журттун амандыгын билсең кана.

Салам айтам туулуп өскөн Ата-Журт,
Саламымды аябаймын мен сенден.
Салам айтып кеп сандыгын ачайын,
Кыргызымдын улуу салтын бузбайын.

Ассолому алейкум калкым деп,
Акыбал сурап эли журтумдан.
Ар дайым жүрө бергин аман деп,
Тилек тилеп мен келдим.

Ак ниеттен мен сизге,
Саламымды айтайын.
Бул сынакка келген соң,
Кызыктырып көркүн ачайын.

Аска зоо аталар,
Чырайы жанган сулуулар.
Мээрими күндү жай кылган,
Балам деп ойлоп кайгырган,
Салам айтып сиздерге,
Бакубат жашоо тилеймин.
(Милана)

Салам айтам жакшы маанай шаттык менен,
Салам айтам төрт сап болгон ырым менен.
Салам айтам көрүүчүлөр мен сиздерге,
Келдиниздер жакшы ойлор максат менен.
(Азирет)

Салам элим, салам жерим кымбаттуу,
Ысык салам элиме да урматтуу.
Сынакты баштап кирдик салам менен,
Салам сага, уулуна да кызына да сымбаттуу.
(Аймээрим)

Озуман чыккан ар бир сөз,
Өз тилимен башталат.
Кыргызча сүйлөп мен келип,
Салам атып баркталат.
Кыргыз тили улук тил,
Салам менен башталган.
Мен келемин сиздерге,
Башымды ийип ар бир таң.
(Абдуллаева Роза)

Кеп өзөгү салам болот элибизде
Салам салтын бек сактаган жерибизде
Салтты улап салам менен сөз баштайлы
Күч тартуулап дем кошуп демибизге
(демекчи саламатсыздарбы конкурстун катышуучулары жана Урматтуу эже-агайлар)

Салам айтам комузумдун күүсү болуп
Салам айтам Таласымдын кызы болуп
Салам айтам ушул олтурган калыстарга
Бизди коштоп, колдоп турган күйөрманга
(_janyshova.b_)

Арбаңыздар айтылуу келген мейман,
Башым ийип сиздерге салам айтам.
Нооруз майрамына келгендерге,
Жалындаган жаштардан ысык салам.
(Айсулуу)

Салам айтам жалпыга,
Салам айткан жаманбы?
Байыртан келген кыргыз эл
Калтырбай айткан саламды.
(Абазбекова Дилнур)

Салам айтам Ала-Тоонун кары болуп,
Салам айтам төрт мезгилдин жазы болуп.
Салам айтам роза гүлдүн жыты болуп,
Салам айтам кыргызымдын кызы болуп.
(Рукия)

Кайсы бир ырлардын авторлорун таба албай койдук, билгендер болсо айтып койгула. Рахмат.

Жайгаштыруу: 2020-09-22, Көрүүлөр: 595501, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу