Санариптештирүү — аналогдук маалыматтарды жана жумуш процесстерин санарип форматка өткөрүү.
Аныктама. Санариптештирүү — бул санарип технологияларын жашоонун ар тармактарында киргизүү: өнөр-жай, экономика, билим берүү, маданият, кызмат көрсөтүү, тейлөө, мамлекеттик башкаруу ж. б.
Заманбап дүйнөнүн келбети күн сайын өзгөрүүдө: эгер өткөн 2 кылым өнөр-жайдын өсүү кылымы болсо, 21-кылым маалыматтык технологиялардын жана санариптештирүүнүн гүлдөө мезгили. Бул көрүнүш маалымат технологияларынын, микроэлектроника жана коммуникациянын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө тез өнүгүүсү менен түшүндүрүлөт. Санариптештирүү глобалдык процесс болуп, жер планетасын уламдан-улам өзүнө багындырып, мейкиндик артта калууда.
Санариптештирүү процессинин негизин, заманбап турмушта көбүн эсе интернет түзүүдө. Глобалдык желеге маалымат берүү түрдүү гаджеттердин киргизүүчү түзүлүшү менен ишке ашырылат.
Санарип технологиялар адамдарды ар тараптан курчап турат: алар ар бир заманбап үйдө, мекемеде, ишканаларда, заводдордо, ооруканаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларда бар. Түрдүү технологиялар кошумча жана виртуалдуу реалдуулуктар, машиналык үйрөтүүдө, робототехникада, 3D басып чыгарууда, жасалма интеллект (нейро тармак иштөө негизи), саламаттыкты сактоо, илимий изилдөөлөр, айыл чарба чөйрөлөрүндө колдонулат.
Окумуштуулардын ою боюнча санарип технологиялар жыл сайын геометриялык прогрессияда өсүүдө жана өсө бермекчи.
Мындай коом жашоосунун өзгөрүүсү санариптештирүү процесси дүйнөнү канчалык денгээлде өзүнө тартканын түшүнүүгө жардам берет.
Учурда көптөгөн билим берүү мекемелери, окуу процессин тагыраак, ачыгыраак, эффективдүүрөөк кылуу максатында санарип технологияларын колдонууда. Деги эле агартуу тармагындагы санариптештирүү электрондук билим алуу системасына өтүү дегенди билдирет.
Бардык окуу материалдары (жыйнактар, көнүгүүлөр, китептер), ошондой эле журналдар жана күндөлүктөр акырындан онлайн режимине өтүүдө. Көнүп калган дептерлердин ордуна тапшырмалар компьютерлерде жана планшеттерде аткарылууда. Биздин өлкөдө дагы аз-аздан ушундай көрүнүштөр байкалат. Мугалим кесиби алда-канча өзгөрүп, балдар материалдарды өзүлөрү үйрөнүп, аймактарда электрондук мектептердин пайда болуу жагына ооп барууда.
Аз айлык маяна, персоналдын жетишсиздиги, тейлөөнүн төмөндүгү, маалыматтын жетишсиздиги, түрдүү коррупциялык схемалар өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын негизги көйгөйлөрүнүн бири. Тармакка жаңы технологияларды киргизүү абалды жакшыртууга жардам берет.
Башкы багыт — электрондук кабыл алуулар, аралыктан бейтаптын абалын байкоо, атайын алгоритмдер жана программалык жабыктар, программалык камсыздоолор аркылуу диагнозду так коюуу жана дарылоо.
Андан тышкары, бейтаптын электрондук картасын киргизүү, оорулар тарыхына жакшы мүмкүндүк бермекчи: каттоодогу медициналык карточкалар табылбай, аны издөөгө убакыт коротулбай тескерисинче үнөмдөлүп, жыл сайын китепчелерге сарпталуучу кагаздарга кеткен каражаттар азаят эле.
Курулуштагы санариптештирүү көп өлкөлөрдө өтө жогорку деңгээлде жүрүүдө. Дүйнө курулуш тармагында 5-10 жылда (2019 тарта) төмөнкүдөй өзгөрүүлөр күтүлүүдө:
Ушундай технологиялар биздин өлкөдө жакынкы жылдарда киргизилсе имарат салуу иши дагы өтө сапаттуу жана тез болоор эле. Албетте адамдын көзөмөл кылуусу сөзсүз талап кылынат, 100 пайыз робот техникасына ишенүү таптакыр болбойт, анын үстүнө робот жасай албаган дагы деле көптөгөн жумуштар бар.
Кыргызстандын, деги эле планетабыздын тынымсыз өсүп жаткан калкы ири көлөмдөгү ресурстарга муктаж. Ошондуктан айыл чарбасын санариптештирүү — олуттуу жана зарыл кадам. Өнүккөн өлкөлөр заманбап техника прогрессинин артыкчылыктарын тынымсыз колдонууда.
Эксперттердин баамдоосу боюнча 2020-жылы түшүм өстүрүү жана чогултуу процесси дүйнө экономикасынын 25%ын санариптештирүү технологиялары алып барат деген божомолдор бар экен.
Акылдуу күнөсканалар, фермалар чыгашаларды азайтып, кирешени көбөйтмөкчү. Мунун баары жумушчулардын санын оптималдаштырып, суу, энергия жана башка ресурстарга аяр мамиле жасоого жардамын берет.
Дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөбүздө санариптештирүүнүн негизги чөйрөсү — экономика болуп саналат.
Экономикалык өнүгүү өзүнө 3 баскычты камтыйт:
Бүгүнкү күндө «санарип экономиканын» жаңы тармагы десек болот. Мындай экономика (ошондой эле веб, электрондук) — бул чарба иштеринин негизги маалымат массасы, санарип ыкмалар менен иштетилет.
Алардын көрүнүштөрү — онлайн кызматтар, интернет соода-сатык (интернет дүкөн), электрондук төлөмдөр (электрондук соода), краудфандинг, интернет жарнама, электрондук иш-кагаз айлантуу ж. б. Мындай формат кызматтарга жана өндүрүмдөргө ыкчам жана оңой мүмкүндүк алууга жол берет.
Өкмөт кызматтарын үйдөн чыкпай буйрутма кылып, дароо төлөмдөрдү жүргүзүп, убакыт үнөмдөлмөкчү.
Жаңы технологияларды «Бизнес» тармагында колдонуу оптималдаштыруунун, тактыктын жогорулашы жана иштин эффективдүүлүгү технологиялык жылышка көмөктөшөт. Бизнести санариптештирүү — ишканалардын электрондук платформаларга өтүүсү.
Өтүүнүн 3 баскычы:
Санариптештирүүнүн бизнестеги артыкчылыктары:
Ишканалар жана компаниялардын бардыгы электрондук технологияларды өндүрүмгө киргизүүгө даяр эмес (2020). Бирок, акырындык менен тапшырмалардын бөлүгүн технологияларга өткөрүү менен электрондук технологиялардын артыкчылыктарын түшүнүүдө.
Тоскоолдуктардын негизгиси катары технологиялардын баасы болууда (2020). Бирок, санариптештирүүгө кеткен чыгымдар шартка ылайык өндүрүмдүн биринчи айларында акталууда. Ишкананын түзүмүн санариптештирүү аны атаандаштыкка туруктуу, заманбап жана ишенимдүү кылат.
Эксперттердин анализи боюнча Кыргыз Республикасы экономика жана башка тармактарында «санарип өлкө» дегенден азырынча алыс (2021). Бирок, мындагы жылыштар алдыңкы Турция, Норвегия, Франция, Швейцария, Швеция сыяктуу өлкөлөрдү кууп жетет деген мүмкүндүгү толук бар. Лидер өлкөлөрдүн катарына АКШ, Дания, Улуу Британия, Гонконг, Түштүк Корея. Стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Орусия мында 39-орунда (2020).
Учурда активдүү санариптештирүү интернет, иш-кагаздар, жеңил өнөр-жай, соода-сатык, кызмат көрсөтүү, салык, бажы, медицина, жарандарды тейлөө тармактарында жүрүүдө.
Маалымат технологияларын коомдук жашоонун ар тармактарына киргизүүдө көп учурда «маалыматташтыруу» термини колдонулат. Санариптештирүү менен кандай айырмасы бар? Өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй:
Башкача айтканда санарип система машинага караганда өнүккөн обьект, бирок жасалма интеллектен төмөн турат.
Мисалы, ишкана интернети бар компьютерлер менен жабдылышы мүмкүн, анда муну маалыматташтырылган деп айтууга болот, бирок санариптештрилген деп айтуу болбойт. Качан технологиялар болушунча көбүрөөк пайда алуу максатында системалык жана бүтүн колдонула баштаганда, ал санариптештирилген болот.
Башка учур. Электрондук китептер — маалыматташтыруу мисалы. Ал эми санариптештирүү — конкреттүү колдонуучуга ылайыкташуучу интерактивдүү басылмалар жана системалар болот.
Коомду санариптештирүү, маалыматташтыруу башка заманбап тенденциялар сыяктуу эле түрдүү кабыл алынат.
Көрүнүштүн башкы наркы — товар же кызматтарды алуунун жөнөкөйлүгү жана тактыгы, иш процесстеринин автоматаштырылуусу, адам факторунун таасирин азайтуу. Маалыматтарды электрондук форматта сактоонун натыйжасында көптөгөн кагаз-документтерден арылтат.
Ишкерликте пайдалуу иш жүргүзүүгө көмөктөшүп, жумуш күчтөрүн үнөмдөйт, транспорттук чыгымдарды азайтат (мисалы, түрдүү документтерге, келишимдерге каалаган жерде туруп кол коюп берүү, электрондук кол тамга), анализ жана божомол мүмкүндүктөрүн берет. Технологияны киргизүүдөгү чыгымдар, туура колдонгондо тез акталат.
Терс жактары дагы жок эмес. Эң биринчиси, технологияларды киргизүүдө көптөгөн адамдар жумушсуз калуу ыктымалы, мисалы, кассир-сатуучулар, көптөгөн банк жана өкмөт кызматкерлери, бухгалтерлер, операторлор, супервайзер ж. б. Ал эми жасалма инттеллекттин киргизилиши менен бул тизмек андан дагы көбөймөкчү, мисалы, жазуучулар, сүрөтчүлөр, музыканттар, программисттер ж. б. ушул сыяктуу компьютерге байланыштуу кесиптер. Ошентсе да, эксперттер жакынкы жылдары машиналар адамдардын ордун баспайт дегени менен, келечекте адам жасаган жумуштар азайгандан-азая бермекчи.
Адамдардын санарип торуна кабылуу фактору дагы тынчсыздандырат. Кеп гаджеттерден көз каранды болушунда эмес. Адам жөнүндөгү маалыматтар электрондук ыкмада сакталып ал башка бирөөнүн колуна түшүп калуусу мүмкүн. Бирок коркпой эле койсок болот, жеке маалыматтар эбак эле социалдык тармактарга, түрдүү сайттарга өтүп кеткен. Жана аны биз өз колубуз менен жасаганбыз.
Ушундай эле абал коммерциялык ишканаларга тиешелүү. Тармакка кошулуу менен ою бузуктар зыяндуу программалардын (компьютердик вирус) жардамы менен баалуу маалыматтарды уурдап кетиши мүмкүн. Маалыматты коргоо үчүн кошумча коргонуу чаралары зарыл болот.
Ден-соолук жагында, көз ооруларынын, ошондой эле отуруп иштөөнүн, аз кыймылдуулуктун айынан түрдүү жүрөк-кан-тамыр, муун-омуртка ооруларынын көбөйүү мүмкүндүгү өтө жогору.
Адамдардын техникалык жактан сабатсыздыгы — бул дагы кемчилик. Технологиялардын максималдуу эффективдүүлүгүн камсыздандыруу үчүн бардыгы маалыматтык сабаттуулукту үйрөнүүгө даяр эмес.
Жана акыркысы, электрондук сактоодо, түзүлүштөрдүн техникалык бузулуусу да тобокелдикке коет. Албетте, каалайбызбы же каалабайбызбы бул заман талабы. Ошондуктан жаман жактарын ойлобой жакшы жагын ойлосок сөзсүз ийгилик коштомокчу.