Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Товар жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Товар жонундо маалымат

Товар - 1) өндүрүштүк-экономикалык ишкердүүлүктүн натыйжасында өндүрүлгөн материалдык-буюмдук формадагы эмгек продуктусу; 2) рынок мамилелеринин шартында сатуучу менен кардардын ортосундагы соода-сатык объектиси. Продуктуну Товар катары айырбаштоо белгилүү тарыхый шартта, эмгекти коомдук бөлүштүрүүнүн негизинде пайда болгон. Коомдук керектөө Товар аркылуу канааттандырылат. Товар - тарыхый категория. Адамзат коомунун өнүгүшүнүн алгачкы жааматтык түзүлүшүндө эмгек продуктусун өндүргөн адамдын гана керегине жумшалып, товар болгон эмес. Ар кандай товардын эки касиети бар: керектөө наркы - буюмдун адам керегин канааттандырууга жөндөмдүүлүгү, башкача айтканда анын пайдалуулугу. Керектөө наркы - товардын буюмдук касиети, наркы - товар өндүрүүчүлөрдүн эмгегинин коомдук мүнөзүн чагылдыруучу анын коомдук касиети. Товардын эки касиети товар өндүрүүчүлөрдүн эмгегинин экилтик мүнөзү менен аныкталат: керектөө наркы конкреттүү эмгектен, ал эми товар наркы абстрактуу эмгектен (адамдын физиологиялык кубатын: булчуң, нерв, акылын белгилүү коомдук формада сарп кылуу) түзүлөт. Товар жонундо тушунук төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт.

Товар биржасы — бекитилген тартипте, белгиленген жерде, белгилүү бир убакытта өткөрүлө турган, дүң соода менен иштей турган уюм катары түзүлгөн, борборлоштурулган соода рыногу. Товар биржасы алгач 19-кылымда пайда болгон, азыркы учурда адистештирилген биржа катары кеңири таркаган. Товар биржасы үч түрдөн турат, товар биржасында негизинен стандартка ылайык товар сатылат, айрым учурда товар өзү эмес, товарга түзүлгөн контрактык келишим сатыкка коюлат. Ири товардык биржалар Нью-Йоркто (дан биржасы) жана Лондондо (металл биржасы) жайгашкан.

[ushka=seredina]

Товар жүгүртүү - 1) товар айланышы; 2) өндүрүш каражаттарын жана керектөө буюмдарын сатуу наркынын жалпы суммаларынын экономикалык көрсөткүчтөрү. Товар жүгүртүү дүң (дүң соода) жана чекене (чекене соода) болуп бөлүнөт. Дүң товар жүгүртүү өндүрүштүн жана сатуучу ишканалардын чекене соода кылуучу уюмдарга жана кайра иштеп чыгаруучу ишканаларга сатуу көлөмүнөн турат. Чекене товар жүгүртүү элге товар сатуунун көлөмүн чагылдырып, чекене соода тармактары, коомдук тамактануу ишканалары, ошондой эле ателье, оңдоочу устаканалар ж. б. аркылуу элге товар сатууну жана кызмат көрсөтүүнү камтыйт.

Товар өндүрүшү - өз керектөөсү үчүн эмес, соода үчүн продукт чыгаруучу коомдук өндүрүштүн формасы. Өндүрүш каражаттарынын жеке менчигине жана товар чыгаруучулардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жеке эмгегине негизделген жөнөкөй товар өндүрүшү (майда товардын) алгачкы жамаат коому ыдырап, коомдук бөлүнүүнүн мезгилинде пайда болуп, жеке муктаждыктарды канааттандырып турган. Тарыхый өнүгүүнүн белгилүү баскычында жеке менчикке жана өндүрүш каражаттарысыз жалданма жумушчулардын эмгегине негизделген товар өндүрүшү пайда болгон. Мында товар өндүрүшү жалпы жана үстөмдүк кылуучу өндүрүш формасына, ал эми жумушчу күчү болсо товарга айланат. Рынок шартында товар өндүрүүнүн түпкү максаты - пайда алуу.

Товар продукциясы - өнөр жай менен анын ч-нда сатууга даяр продукциянын акчалай туюнтулушу. Өнөр жай ишканаларынын товар родукциясына (өндүрүмүнө) ишкананын жана заказ берүүчүнүн материалынан даярдалып, техникалык текшерүүдөн өтүп, складга (кампага) кабыл алынган даяр буюмдардыннаркы; ишкана башка жакка жөнөтүү үчүн даярдалган чийки заттын наркы, башка уюмдардын заказын аткаруу боюнча ишканада аткарылган жумуштун наркы кошулат. Ошондой эле ишкананын дүң баасы салыштырма баа боюнча эсептелет. Достор товар жонундо тушунбогон суроолор же пикирлер болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2018-06-26, Көрүүлөр: 7547, Өзгөртүлгөн: 2018-06-26, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо