Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Интернет-дүкөн

Баш барак | Электрондук коммерция | Интернет-дүкөн

Интернет-дүкөн же онлайн-дүкөн (англисче online shop же e-shop, орусча интернет-магазин) — Интернет тармагы аркылуу товарлар менен соода кылган сайт.

Онлайн колдонуучуларга өзүнүн браузерлеринде же мобилдик тиркемесинде сатып алууга буйрутманы түзүп, төлөө ыкмасын жана буйрутманы жеткирүүнү тандап, буйрутманы төлөөгө мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, товарларды сатуу аралыктан жүргүзүлүп, сатылуучу товарларга чектөөлөр бар. Мисалы, кээ бир өлкөлөрдө алкоголдик ичимдиктер, тамекилер, курал-жарак, зер буюмдарын жана башка товарларды сатууга тыюуу салынган.

Эгер онлайн-дүкөн компанияларга башка компаниялардан сатып алууга туураланган болсо, бул процесс бизнес бизнеске (B2B — business to business) аталат. Типтүү интернет-дүкөн товарлардын ассортиментин жана фирма кызматтарын, өндүрүмдөрдүн сүрөттөрүн, видеосун, ошондой эле, өндүрүмдүн техникалык мүнөздөмөлөрүн жана бааларын кароого мүмкүндүк берет.

Интернет-дүкөндөр негизи конкреттүү моделдерди, бренддерди же буюмдарды табуу үчүн сатып алуучуларга «издөө» функциясын колдонууга мүмкүндүк берет.

Социалдык кесепеттер

Санарип мейкиндик тарабынан ар бир адамга берилген мүмкүнчүлүк жер шарынын каалаган аймагындагы адамга каалаган товарды таап жана сатып алууга мүмкүндүк берип, чек аралар жокко чыгып, тилдик, диний, расалык, көз караштык же башка элдерге болгон жек көрүү сыяктуу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоёт.

Next мууну сатып алууну реалдуу мейкиндикти кайсыл бир жакка баруу керектигин карабай калат деп жоромолдосо болот. Соода борборлорунун бош калуусу, базар жана дүкөндөргө шашып бараткан жарандардын азаюуусу, транспорттук инфратүзүмгө күч келүүнүн төмөндөшү — мунун баары шаардык өзгөрүүлөргө алып келүүчү кибер сооданын маанилүү кесепеттери.

COVID-19 пандемиясынын башталышынан кийин, БУУнун жана ондогон маркетингдик агенттиктердин изилдөөлөрүнө ылайык, электрондук соода өтө тездик менен өсө баштаган.

Жайгаштыруу: 2021-12-22, Көрүүлөр: 679, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-12-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу