Бүгүн биз "экономика деген эмне" суроосуна жооп издегендерди бул макала менен таанышып коюууну сунуштайбыз. Экономиканын мааниси кандай, кандай түрлөрү болот жана ушу сыяктуу суроолорго жооп жазууга аракет кылалы.
Кыргыз эли азыркы учурда өзүнүн экономикасынын эң катаал учурун башынан өткөрүп жаткан кези. Экономикабыздын мындай абалы көп кырдаалдар менен мүнөздөлөт. Алардын негизгиси биздин коомдук системабыздын жаңырышында турат. Буга чейин биз социалисттик коомдук системаны курганбыз. Узак убакыт бою социализм мемен капитализм ортосунда саясий жана чарбалык күрөш жүрүп келди. Азыркы мезгилде бул эки системанын өнүгүшү өз ара кошула турган сызыкчага айланып, бир мүнөздүү дүйнөгө багыт алды. Бул сызыкча конвергенттүү сызыкча деп аталып, аны негиздеген теориялык божомол чындыкка чыкты.
Демек, биз азыр куруп жаткан коомдук жаңы системаны конвергенттик коом деп атасак туура болор эле. Себеби бул система социализмдин да, капитализмдин да чарба жүргүзүүдөгү жакшы жактарын камтып, бүткүл дүйнөдөгү элдин көз карашын бир багыттагы коомдук системага бурду.
Ушундай учурда, "экономика деген эмне" - деген суроого туура жооп табышыбыз биздин жаңы коомдук түзүлүшүбүздүн натыйжалуу өнүгүшүнө чон көмөк берет.
Гректин улуу ойчулу Аристотель (б.з.ч. 3-к.) илимге ойкономия (грекче ойкос - үй-чарба, номос - илим) деген терминди киргизген. Кийин андан экономика деген түшүнүк пайда болду.
Азыркы мезгилде экономика деген сөз бир топ мааниге ээ болушу мүмкүн:
Илимде, деги эле жашоодо экономиканы ар түрлүү мүнөздөп жүрүшөт. Мисалы:
Экономисттер ар бир коомдун же улуттардын тарыхый өнүгүшүндөгү тандоо жана чектөө проблемалары боюнча иш жүргүзүшөт. Азыркы экономика илиминин негизи өткөн кылымдарда башталган. Ошондон бери экономисттер айрым адамдар, ишканалар жана бүткүл өлкө үчүн оорчулук келтирбеген экономикалык ресурстарды колдонууну окуп-үйрөнүү жана түшүндүрүү ыкмаларын иштеп чыгышкан. Экономисттердин жардамы менен чоң корпорациялар жумушчуларды, жабдууларды, шаймандарды, имараттарды ж.б. ресурстарды пайдалануунун натыйжалуу ыкмаларын табууга аракеттенишет жана өздөрүнүн абалын ошол экономисттер аркылуу билип турушат. Биздин өкмөтүбүз мындай проблемаларды окуп-үйрөнүшкөн жана аларды чечүү жолдорун көрсөтүшкөн экономисттерге да эмгек акыларын жакшы төлөшөт. Экономисттер үчүн эки дүйнө бар: Азыркы жана Болочок.
Азыркы дүйнөнү - түшүндүрүүчү, негизги экономикалык принципттерди жана моделдерди экономисттер толук иштеп чыгышкан (жалпысынан бул маселе боюнча алардын пикири бирдей).
Ал эми Болочок дүйнөнү божомолдоодо алардын ой-пикирлери ар башкача. Ар түркүн пикирдин болушу алар пайдаланган моделдеринен келип чыгат.
Экономикалык модель - бул жөнөкөйлөштүрүлгөн туюнтма, диаграмма же формула. Казакстандагы түшүмдүн бир бөлүгүн үшүк алып кеткенден кийин Кыргызстандагы эгиндин баасын божомолдоо үчүн, мисалы, экономисттер суроо-талап жана сунуш мыйзамын, анын жөнөкөй экономикалык моделдерин колдоно алышат. Баанын жогорулашын эч ким талашпайт, бирок так божомолдоо, эгиндин баасы канча сомго көтөрүлөрүн так айтуу колдонулган моделдин сапатына жараша болот.
Көпчүлүк учурларда экономикалык проблемалар жалаң эле теория жана моделдердин жардамы менен чечилбестен, саясий себептерди, ар бир адамдын ой-пикирин жана баалуу сунуштарын эске алууну да талап кылат. Мисалы, жаштардын арасындагы жумушсуздукту азайтуу үчүн эмнелер жасалышы керек? - деген суроону алалы. Жумушсуздук - бул терс көрүнүш экендигинде бардык экономисттер бирдей пикирде. Ошол эле учурда, бул маселени чечүү үчүн кээ бирөө өкмөт тарабынан өспүрүмдөр үчүн жумуш орундарынын түзүлүшү керектигин сунуш кылса, башкалары ишкерлерге бирдей эле жумуш оруну үчүн жогорку адистиктеги жумушчуларга караганда өспүрүмдөргө аз акы төлөөгө уруксат берилсе, көйгөй чечилет дешет.
"Экономика деген эмне" аттуу суроого жалпыланган илимий жооп ушундай деп айтсак ашык болбос. Кошумча суроолор болсо пикир калтырып койгула.