Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Электрондук соода

Баш барак | Электрондук коммерция | Электрондук соода

Электрондук соода (англисче Electronic trading, eTrading, e-Trading) — соода-сатык иштерин интернет аркылуу ишке ашыруу.

Мазмуну

Электрондук соода түшүнүгү кийинкилерди камтыйт:

Артыкчылыктар

Формлары

C2C

C2C (Consumer-to-Consumer). Акыркы керектөөчүлөрдүн акыркы керектөөчүлөр менен иш-аракетте болуу үчүн электрондук соода аянттары (орусча барахолка түшүнүгү) колдонулат, мында сатыкка коюлган лоттордун көптүгү менен айырмаланат. Бул учурда сайт сатып алуучу менен сатуучунун ортосундагы ортомчунун ролун аткарат. Мисалы: Ebay.com сайты.

B2C

B2C (Business-to-Consumer) — уюм (Business) жана жеке жак же керектөөчү (Consumer) менен болгон коммерциялык мамилелерди түшүндүргөн термин. Көп учурда мекеме алып барган ишти баяндоо үчүн пайдаланылат, башкача айтканда, бул учурда — түздөн-түз колдонууга арналган товарлар жана кызматтарды сатуу. B2C атактуу аспаптарынын бири — Интернет-дүкөн.

B2B

B2B (Business-to-Business) — уюм (B) менен башка уюмдун (B) ортосундагы коммерциялык мамилелерди түшүндүрүүчү термин, башкача айтканда бир уюм экинчисине иштейт.

B2G

B2G (Business-to-Government) — мамлекет (өкмөт) бизнес менен иш-аракетте колдонулган электрондук соода системасы. Мындай системалар аркылуу мамлекеттик мекемелер жана башкармалыктар ачык рынокто өзүнүн сатып алууларын ишке ашырышат. Мисал катары Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар порталын айтса болот.

E-tendering

Электрондук тендердик аянт (веб-аянт, интернет-аянт, электрондук соода аянты) — колдонуучуларга электрондук коммерциялык ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн виртуалдык маалыматтык мейкиндик берүүчү адистештирилген интернет-ресурс. Фактылык жактан биржанын ролун аткаруу менен бири-биринен аралыкта жайгашкан катышуучуларга онлайн режиминде келишимдерди ишке ашырууга мүмкүндүк берип, электрондук аукцион форматында уюшулушу мүмкүн. Көпчүлүк тендердик аянттар буйрутмачыларга жана буйрукту аткаруучуларга (подрядчиктерге) тендерлер жөнүндө маалыматтын жеткиликтүү болуусун камсыз кылып, каалаган кызыктар тараптарга аны аткарууга мүмкүндүк берүү менен маалыматтык кызматтарды сунушташат. Бегилүү бир тендерлерге гана багытталган тар тармактуу аянттар жана кеңири спектрдагы кызматтар жана товарларды сунуштаган универсалдуу аянттар дагы бар. Мүмкүн болуучу колдонуучулар үчүн электрондук аянттардын кызыктыруучулугу алардын жеткиликтүүлүгү, багыттуу аудиторияны камтуу мүмкүнчүлүгү, зарыл болгон иштиктүү маалыматты издөөдө ылдамдыгы жана жөнөкөйлүгү менен шартталган.

Кээ бир аналитиктердин, өзгөчө, IDCтин (Эл аралык маалымат корпорациясы) ою боюнча нейтралдык үчүнчү жак менен башкарылган жана көптөгөн сатып алуучулардын, сатуучулардын транзакция жүргүзүүлөрүндө кызмат кылгандарды гана онлайн соода аянты деп айтууга болот. Бир же бир нече сатуучулардын кызыкчылыктарына кызмат кылган аянттар, алардын ою боюнча электрондук дистрибуция каражаты гана (electronic-distribution tool).

Төлөө ыкмалары

Интернет-дүкөндөрдүн эң белгилүү төлөө ыкмалары кийинкидей:

Тарыхы

Бул бөлүм тогулу менен бүтө элек.

Электрондук коммерция базарынын көлөмү 2017-жылы 13 % өскөн жана акча айлануусу 29 трлн долларды түзгөн; онлайн сатып алуучулардын саны 12 % көбөйгөн (1,3 млрд адам).

Жайгаштыруу: 2021-12-22, Көрүүлөр: 751, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-12-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу