Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маалыматтык сабаттуулук

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Маалыматтык сабаттуулук

Маалыматтык сабаттуулук — маалыматты издөө, агрегациялоо (элементтерди бир системага бириктирүү), ырастоо жана анализдөө жөндөмдүүлүгү. «Маалыматтык сабаттуулук» түшүнүгү 1977-жылы биринчилерден АКШда киргизилип, улуттук жогорку окуу жай программасында колдонулган.

Мазмуну

Жалпы маалымат

Маалыматтык сабаттуу адам деп маалыматты иштетип, жайгаштырып, баалап жана аны эффективдүү түрдө колдоно билген инсанды атайбыз. Маалымат менен иштөөдө сабаттуулук төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

Негизги максаты: маалыматтык чын же жалгандыгын аныктоо, туура пайдалана билүү.

Маалыматтык сабаттуулук — маалымат менен иштөөдө сабаттуулуктун жалпы окуясы болуп, сабаттуулук — ички корпоративдик маалыматты анализдөөнү билдирет. Ал эми маалыматтык сабаттуулук — ачык булактардагы маалыматтарды анализдөө болот.

Мисалы: адам кол жазма менен жазылган текстти сүрөт же видео түрүндө интернеттен көрдү дейли, ал дароо бул башка адам тарабынан колго жазылган текст деп ойлошу мүмкүн, а бирок чындыгында муну атайын кол жазма шрифт менен компьютерде жазышкан болушу мүмкүн. Кол жазма тексттин чындыгында адам тарабынан жазылганын аныктоо үчүн кайталануучу тамгаларга көңүл буруу зарыл, эгер тамгалар бирдей болсо демек, мындай текст 100% компьютерде атайын кол жазма шрифттер менен жазылган. Адамдын колунан жаралган текстте кайталануучу тамгалар эч качан окшош болбойт. Бирок, учурда (2024) нейро тармактар (нейро тармак, жасалма интеллект иштөө негизи) жана жасалма интеллект күч алганына байланыштуу, кайталанган тамгалар дагы окшош болбошу ыктымал. Мындай тексттин чын же жалган экенин аныктоо учурда өтө татаал.

Кол жазма компьютердик шрифт

Жасалма интеллект же адам тарабынан жасалган маалыматты аныктоо үчүн көптөгөн көрсөткүчтөргө байкоо жүргүзүү керек, мисалы, маалыматтын контексти (мааниси), кайталануучулук, сүрөт же видеолордун табигый көрүнүшкө туура келбей калышы (хроматикалык абберациялар, ашыкча дене мүчөлөрү ж. б.), табигый эмес кыймыл аракеттер (адамдын учуусу, дене физиологиясынын адаттан тыш кыймыл аракеттери ж. б.) же үн чыгаруулар (физиологилык жактан мүмкүн болбогон үндөр), алгоритмдин же шаблондуулуктун аз болуусу ж. б. Ушундай жана башка көптөгөн көрүнүштөрдүн чын же жалган экенин аныктай билүү маалыматтык сабаттуулукка жатат.

Жасалма инттеллект улам өнүккөн сайын, маалыматтын аныктыгын аныктоо татаалдашууда. Учурда (2024) жасалма инттеллект видео, сүрөт, текст, үн, ал гана эмес жашоо имитациясын дагы жасоону билет.

Маалыматтык сабаттуулуктагы маалымат түшүнүгү

Негизги макала: Маалымат

Маалымат дегенди бардыгыбыз эле билебиз, бирок маалыматтын так аныктамасын айтууну баарыбыз биле албайбыз.

Бир нече окумуштуулардын маалымат аныктамасын кандай түшүнгөнүн карап көрөлү:

Эмне үчүн маалымат аныктамалары ушундай ар түрдүү? анткени, маалымат — бир дагы илимге таандыгы жок түшүнүк, ошол эле учурда бардык илимдер тарабынан активдүү колдонулат.

«Ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат» деген белгилүү фраза финансист Натан Ротшильдге таандык. А бул маалыматтын маанилүүлүгүн аныктайт.

Маалыматтын мүнөзмөдөсү

Маалыматтын мүнөзмөдөмөлөрү аны колдонуунун чегин аныктайт. Колдонууга идеалдуу болгон маалымат төмөнкү касиеттерге ээ болуусу зарыл:

Маалыматтык коом

Эмне үчүн заманбап коомду маалыматык деп аташат? анткени, көпчүлүк жумушта иштегендер, деги эле жашоо-тиричилик өткөрүүдө маалыматты иштетүү, сактоо, кайра иштетүү, анализдөө, сатуу, алмашуу менен алектенебиз. Ушунун баары маалыматтык сабаттуулук менен коштолот.

Маалыматты топтоо жана колдонуу өтө ылдам жүргөндүктөн, заманбап адамга маалыматты топтоо эмес, аны эффективдүү колдонуу болуп калды.

ЭКА

Маалымат менен иштөөдө аны сөзсүз пландаштыруу керек. Туура жана жакшы пландаштырылган маалымат мене иштөө убакытты үнөмдөйт, эффективдүүлүктү жогорулатат, маалыматтык стресстин деңгээлин төмөндөтөт, ошодой эле эң маанилүүсү адамды түрдүү күтүлбөгөн жагдайлардан, коркунучтардан сактайт.

Бүгүнкү күндө ар бир адам уюлдук телефонду, компьютерди, программаларды, тиркемелерди колдонгонду билсе керек, бул дагы маалыматтык сабаттуулукка тиешеси бар. Ошондой эле жалган (фейк) маалыматтарды чын маалыматтан ажырата билүү жөндөмдүүлүгү дагы маалыматтык сабаттуулукка кирет.

Маалыматтык сабаттуулук зарылдыгы

Маалыматтык сабаттуулук зарылдыгы көбүн эсе жалган же туура эмес маалыматтардын көптүгүнөн келип чыккан десе дагы болот. Компьютердик технологиялар жок кезде адамдар маалыматты досторунан, кошунасынан, туугандарынан угуп, анын чын же жалган экенин көбүн эсе аныктай алчу эмес. Буга себептүү түрдүү имиштерди анык маалымат катары өзүнүн пайдасын ойлогон адамдар колдоно баштаган. Аз гана сандагы адамдар берилген маалыматты өз көзү менен көрмөйүнчө, колу менен кармабайынча ишенбей келген.

Комопьютердик технологиялардын келиши менен дагы жалган маалыматтар азайган жок, тескерисинче көбөйдү десек туура болот го. Ошондуктан маалыматтык сабаттуулукту билип алуу ар бир адамга зарыл иш.

Жалган маалыматтарга эмнелер кирет

Адабияттар

Жайгаштыруу: 2020-09-08, Көрүүлөр: 19719, Өзгөртүлгөн: 2024-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу