Педагогика деген эмне? педагогика, академиялык дисциплина катары каралат — бул билим жана көндүмдөр билим алуу (берүү) контекстинде кандай берилээрин үйрөнүү, жана ал билим берүү учурунда өз ара аракеттерди эске алат. Педагогиканын теория жана тажрыйбасы өтө айырмаланып турат, анткени, алар түрдүү социалдык, саясый жана маданий контексттерди чагылдырат.
Педагогика кыргызча, көп учурда билим берүү актысы катары баяндалат. Мугалимдер тарабынан пайдалануучу педагогика, окутуу теориясын, окуучулар тарабынан түшүнүүсүн жана алардын муктаждыктарын, ошондой эле ар бир окуучунун биографиясын жана кызыгууларын эске алуу менен окутуунун иш-аракеттерин, түшүнүгүн жана башка стратегияларын калыптандырат. Максаттары гуманитардык билим берүүдөн (адам потенциалынын жалпы өнүгүүсү) тар профессионалдык билим берүү спецификасына чейин (белгилүү бир көндүмдөрдү же тажрыйбаларды берүү жана алуу) түрүн өзгөртөт. Салттуу батыш педагогикасы мугалимди билимдин алып жүрүүчүсү катары, ал эми окуучуну билим алуучу катары карайт (Пауло Фрейре тарабынан «банк ыкмалары» сыяктуу баяндагандай), бирок педагогика теориясы көп учурда окуучуну агент катары, ал эми мугалимди фасилитатор катары идентификациялайт.
Инструктивдик стратегиялар окуучунун базалык билими жана тажрыйбасы, абал жана айлана-чөйрө, ошондой эле окуучу менен мугалимдин ортосундагы окутуунун максаттары менен аныкталат. Мисал катары Сократтын ыкмасын алсак болот.
Педагогика сөзү грекче παιδαγωγία (payaggia) сөзүнүн туундусу, а бул өз учурунда παιδαγωγός (payagōgos) сөзүнөн келип, ἄγω (ágō) «мен алып барам» жана παῖς (país, илик жөндөмө παιδός, пайдос) «бала, наристе» сөздөрүнүн синтези: «Балдарга келүү, наристени алып баруу үчүн». Ар кандай айтылат, мис. pɛdəɡɒdʒi, pɛdəɡoʊdʒi же pɛdəɡɒɡi. Педантизмдин терс коннотациялары кээде багышталып алынчу же өздөштүрүлчү, жок дегенде эле 1650-жылдардагы Сэмюэль Пепистин мезгилинен тарта.
Батыш дүйнөдө педагогика грек салттарынын философиялык диалогу менен байланыштуу, өзгөчө сократтык изилдөө ыкмалары менен. Педагогиканын өнүгүүсүнүн жалпы баяндалышы, анын фаталисттиктен айырмаланып адамзаттын активдүү концепциясынан жаралган, жана тарых менен адам тагдыры адамзаттын иш-аракетинин жыйынтыгы деп ырастайт. Бул идея Байыркы Грецияда жаралып, өзүнүн андан аркы өнүгүүсүн Кайра жаралуу, Реформация жана Агартуу доорлорунда алган.
Сократ (б. з. ч. 470 — 399-жылдар) студент же өзү теңдеши менен баарлашып өзүнүн Сократ ыкмасын пайдаланган. Бул стиль билим бербейт, көбүнчө окуучунун ката же колдоочу ырастоо чечимдерин көрсөтүп, логикасын бекемдөөгө аракет кылат. Мугалим бул окуу чөйрөсүндө, көйгөйлөр жана маселелер жөнүндө ойлонууну жеңилдетүү үчүн, окуучулар өзүлөрү ойлонуу керектигин моюнга алат. Алгачкылардан болуп бул Платон тарабынан «Сократтык диалогдордо» баяндалган.
Платон (б. з. ч. 428/427 же 424/423 — 348/347-жылдар) инсан жана үй-бүлө укуктары мамлекетке курмандыкка чалынган, Республикадагы билим берүү системасын баяндайт (б. з. ч. 375-жыл). Ал үч кастаны баяндаган: биринчиси кол өнөрчүлүккө окутуу; экинчиси адабий жана эстетикалык идеяларды үйрөнүү үчүн; жана үчүнчүсү адабий, эстетикалык, илимий жана философиялык идеяларга үйрөтүлүшү керек. Платон билим алууну жан-дүйнөнүн ишке ашуусу катары караган, жан-дүйнөнү толтуруу менен дене-мүчө натыйжада пайда алат. Платон бардыгына болгон физикалык тарбиялоону туруктуу коомчулуктун зарылдыгы катары караган.
Аристотель (б. з. ч. 384–322-жылдар) «Билим алуу (берүү) жөнүндө» трактат жазып, кийинчерээк ал жоголуп кеткен. Бирок, кийинки иштеринде ал, мамлекет тарабынан бардык жарандарга милдеттүү жалпы билим берүүнү колдоп, Платондун көз карашын четке каккан. Ал убакта грек шаар-мамлекеттеринде жашаган анча чоң эмес адамдар тобу жарандар деп эсептелинген, ошондуктан Аристотель билимди Грециядагы азчылыктар (адамдар тобу) менен чектеген. Аристотель физикалык тарбиялоо интеллектуалдык изилдөөлөрдөн мурда болушу керек деп эсептеген.
Марк Фабий Квинтилиан (б. з. 35 — 100-жылдары) өзүнүн педагогикасын Institutio Oratoriaда жарыялаган (б. з. 95-жылы). Ал билим берүүнү акырындык менен жасалуучу иш катары баяндап, мугалимге белгилүү бир милдеттерди коёт. Ал риторикалык, грамматикалык, илимий жана философиялык билим берүүнү жактайт.
Квинт Септимий Флоренс Тертуллиан (б. з. 155–240-жылдары) «бул байыркы философтордун жалган жана текебер айкөлдүккө болгон жолу» деп бутпарастык (языческий) билим берүүнү кабыл албаган христиан окумуштуусу болгон.
Ыйык Джером же Иероним (б. з. 347-жылынын 30-сентябры жана 420-жыл) өзүнүн жашоо мезгилинде көптөгөн каттарында, кыздар педагогикасын жакшы баяндап жазган христиан окумуштуусу болгон. Ал дене-мүчөнү окутуу муктаждыгына ишенчү эмес, ошондуктан ал денени багындыруу үчүн орозону жана өлтүрүүнү колдогон. Ал, чектелген мүмкүнчүлүктө окуу материалы катары Библияны гана сунуштап жана музыкалык аспаптарды колдонуудан сак болууну карайт. Ал кыздардын коомчулук менен иш-аракетте болуусуна каршы чыгып, «башкаларга эмес, бир гана адамга байлануусун» колдогон. Алфавитти эстеп калуунун ордуна, пилдин сөөгүнөн дайындалган кубиктер менен үйрөтүүнү сунуштайт, анткени, анын ою боюнча «ойноп үйрөнүү оңой болот» деген ойдо. Оң таасирлүү бекемдөөнүн жактоочусу болуп, кийинкидей сөздөрдү айткан: «Анын (окуучунун) окуусундагы болуучу оорчулуктарга аны жемелебегиле. Тескерисинче, аны мактоолор менен колдогула ...»
Жан Шарлье де Жерсон (13-декабрь 1363 — 12-июль 1429), Париж университетинин канцлери, De parvulis ad Christum trahendis деп жазган: «кичинекей балдарды коркутуу менен башкаргыча, мээрим менен башкаруу оңой» деп ага чейинки христиандарга караганда жумшак ыкманы колдогон. Ал ошондой эле кийинкидей деп айткан: «Окуучуларга атасы болуу үчүн, алгач мугалимге аракет кылууга мүмкүндүк бергиле». Жерсон Фенелондун жолдоочусу саналат.
Чехия элинин педагогу Иоанн Амос Коменский (28-март 1592 — 15-ноябрь 1670) заманбап билим берүүнүн атасы деп саналат.
Иоганн Генрих Песталоцци (12-январь 1746 — 17-февраль 1827) Швейцариянын аймактарындагы бир нече немец жана француз тилдүү окуу жайларынын негиздөөчүсү, өзүнүн революциялык заманбап билим берүү негиздерин баяндаган көптөгөн иштерди жазган. Анын девизи: «Башың, колуң жана жүрөгүн менен билим ал».
Иоганн Фридрих Гербарттын (4-май 1776 — 14-август 1841) билим берүү жана педагогика философиясы инсандык өнүгүү менен коомго жасаган жакшылыктардан алынгандар байланышын баса белгилеген. Башкача айтканда, адамдар өзүлөрүн продуктивдүү жаран катары ырастаганда бактылуу болушат деп жоромолдогон. Гербартчылык Гербарттын теориялык көз карашында негизделген кыймылга таандык. Билим берүү процесси жөнүндө айтканда, Гербарт маанилүү компонент катары беш кадамды сунуштаган. Негизинен алар кийинкилерди камтыйт: даярдоо, көрсөтүү, ассоциациялоо, жалпылоо жана колдонуу. Гербарт, педагогика, педагогдун сунуштары жана белгилүү бир максатка багытталган мүмкүнчүлүктөр топтому менен байланыштуу деп божомолдойт.
Джон Дьюинин (англисче John Dewey, 20-октябрь 1859 — 1-июнь 1952) педагогикасы бир нече эмгектерде берилген, анын ичинде «Менин педагогикалык дин тутуум» (1897), «Мектеп жана коом» (1900), «Бала жана окуу программасы» (1902), «Демократия жана билим берүү» (1916), Эвелин Дьюи менен биргеликте «Эртеңкинин мектеби» (1915), ошондой эле «Тажрыйба жана билим» (1938). Анын ою боюнча, билимдин максаты, алдын-ала белгилүү бир тажрыйбалар топтомун алуунун айланасында болбой, тескерисинче, жалпы жыргалчылык үчүн тажрыйбалардын бардык дараметин жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу керек (My Pedagogic Creed, Dewey, 1897). Дьюи билим берүүнүн тең салмактуулугун камсыз кылган, ошондой эле окуучулардын кызыкчылыктарын жана тажрыйбаларын эске алган билим түзүмүн колдогон (The Child and the Curriculum, Dewey, 1902). Дьюи билим берүү процессинин ыкмасын гана эмес, ал процесстеги мугалимдин ролун да кайрадан ойлоп чыккан же башкача түшүнгөн. Ал автономияны өнүктүрүүгө болгон алдын ала тандалган тажрыйбалар топтомуна ээ болуу менен мугалим жана окуучунун критикалык ойлонуусун алдын ала сезген.
Пауло Реглус Невес Фрейре (19-сентябрь 1921 — 2-май 1997) критикалык педагогиканы жактаган бразилиялык педагог жана философ болгон. Ал «Эзилгендер педагогикасы» (Педагогика угнетенных) аттуу өзүнүн таасирдүү эмгеги менен белгилүү, бул эмгеги критикалык педагогика кыймылынын негиз салуучу тексттеринин бири деп эсептелинет.
Конфуций (б. з. ч. 551 — 479-жылдар) бийлик алдындагы адамдар тарабынан берилген оозеки жана жазма насааттарга бийлик жоопкечиликтүү жана аларга бардык болгон мүмкүнчүлүктөр менен жакшылык кылуусу керек деп жарыялаган. Конфуцийдин эң терең окутууларынын бири, балким, анын өзүн-өзү алып жүрүү эрежелерден жеке мисалдарынын артыкчылык кылганы болсо керек. Анын моралдык окутуулары, эрежелерди билүүнү эмес, өзүн-өзү жакшыртууну, моралдык үлгүлөргө жанашууну жана эптүү ойдун жетишкендиктерин баса белгилеген. Конфуциан салттарынын башка тажрыйбалары өзүнө Ритуал жана денени таануу түшүнүктөрүн, ошондой эле конфуциандык өзүн түшүнүүнү камтыйт, бул батышка караганда кеңири концептуалдуулукка ээ.
Улуттук-социалисттик мугалимдер бирикмесинин (NSLB) борбордук органынын изилдөөсү Франкфурт-на-Майне университетинин улуттук-социалисттик билим берүү изилдөө борборунда жарыяланган. Мында мугалимдердин 90 пайыздан ашыгы уюшкан. NSLB жөнөкөй эле профессионалдык уюм болбостон, ал өлтүрүүлөр программасын, еврейлерге болгон кастыкты жана куугунтукталгандарга каршы үгүттөр менен коштолгон нацисттик системанын бөлүгү болгон. Көпчүлүк мугалимдер уюмга мажбурлоо менен эмес, өз эрктери менен киришкен. Эске салсак NSLBдеги педагогика жөнүндө кеп болуп жатат. Ошондой болсо дагы, каршылык тобун уюштуруп, нацисттик системага каршы чыккан австриялык дин кызматкер Генрих Майер сыяктуу мугалимдер да болгон.
Педагогика илими Кыргыздардын таалим-тарбия ошондой эле окутуу иштеринде турмуштук адат-салттардын жана ислам дининин таасири чон болгон. Ошентсе да, илим-билим, окуу, таалим-тарбия жаатында революциячыл демократ-акындар Т. Сатылганов, Тоголок Молдо, Калыгул Бай уулу, Арстанбек Буйлаш уулу, Молдо Кылыч, Барпы Алыкулов жана башкалар өз чыгармаларында рационалдуу, омоктуу, тетик ой-пикирлерди айтышкан. Кыргызстандагы педагогикалык илимдин башаты жана өнүгүү таржымалы 1924-жылы кыргыз тилинде жарык көрө баштаган Эркин-Тоо гезитинин чыгышына тыгыз байланыштуу. Окуу-тарбия, теориялык-практикалык маанайдагы макалалар, усулдук материалдар алгач ушул гезиттин беттеринде жарыяланган. Кыргызстандын педагогикасы, тагыраак айтканда, «Эркин-Тоо» кабарлоо каражаты гана болбостон «гезит-мектеп», «гезит-педагог» кызматын да аткарган.
1926-жылы Фрунзе шаарында атайын басма уюшулган. Кыргыз тилинде окуу китептери, колдонмо окуу куралдары («Алиппе», «Окуу үчүн китеп», «Арифметика», «Башталгыч география») басылып чыгарыла баштайт. 1928 — 1929-жылдары К. Карасаевдин «Жаңылык» аттуу чондорго арналган алиппеси жарык көрөт. «Кыргыз тилинин методикасы», «Арифметиканын методикасы», «Туура жазууга жетекчилик» усулдук китептеринин жарык көрүшү педагогика илиминин пайдубалын түптөгөн. Бул мезгилдеги мектептер үчүн окуу китептерин, окуу-усулдук колдонмолорун жазууга жана чыгарууга, туңгуч кыргыз профессору К. Тыныстановдун, лингвист-окумуштуу Е. Д. Поливановдун эмгектери зор.
Алгачкы окуу китептер жана илимий-усулдук колдонмолор республикадагы агартуунун жана маданияттын өнүгүшүнө өзгөчө кубулуш катары кирген. Бирок, мындай өзгөрүүлөрдүн өнүгүшү мугалимдерсиз жана алардын билим деңгээлин жогорулатуусуз мүмкүн эмес эле. Ушул себептен мугалимдер үчүн кыска курстар уюштурулуп, кыргыз мугалимдерин жаңы педагогикага тартуу маселелери күн тартибине коюлган.
Кыргыз мугалимдеринин арасында педагогикалык билимди жайылтууда 1924-жылы уюшулган алгачкы илимий мекеме — Академиялык борбор жана 1928-жылы негизделген «Жаңы маданият жолунда» илимий-усулдук журналы чоң мааниге ээ болгон. Академиялык борбор бүтүндөй агартуу, маданий, илимий тармактын маселелерин тескеген, кыргыз адабий тилин иштеп чыгуу, коомдук-саясий, илимий-техникалык терминдерди тактоо, окуу китептерин, окуу куралдарын түзүү, мугалимдер үчүн усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу иштерин уюштурган жана жетектеген. Педагогикалык билимди, практиканы жайылтуу ишин «Жаңы маданият жолунда» журналы улантып, үзгүлтүксүз чыгуучу атайын педагогикалык, маданий-агартуу басылмасына айланган. Мындан сырткары коомдук, саясий, агартуучулук багыттагы ар кыл маанилүү материалдар жарыяланып турган. Кийинчерээк ал «Эл агартуу» журналы аталып, кыргыз педагогикасын өнүктүрүүгө зор салым кошуу илимпоздордун, чыгаан педагогдордун эмгектерин жайылтууда жана даңазалоодо үзгүлтүксүз иш жүргүзгөн журнал катары жашап келген.
20-жылдардын ортосунан жалпы окутууну жана педагогикалык билимди өнүктүрүүнү чечүүдө республикалык масштабдагы орчундуу көйгөй — квалификациялуу педагог кадрларды даярдоо маселеси келип чыккан. Жогорку педагогикалык билим бербей туруп республиканын агартуу маселесин ишке ашыруу мүмкүн эмес эле.
Кыргызстандын мектептери үчүн 1925-жылы Пишпек шаарында биринчи Эл агартуу институту ачылып, мугалимдерди даярдай баштаган. Ал 1928-жылы Кыргыз педагогикалык техникумуна өзгөрүлгөн. 1925-жылы Ошто, 1926-ж. Жалал-Абадда педагогикалык техникумдар ачылган. 1932-ж. республикадагы алгачкы жогорку окуу жайы — Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту уюштурулган.
Жогоруда аталган окуу жайлары агартуу мекемелери педагогика илими талап кылган кадрларды толук даярдай алган эмес. Ошондуктан РСФСРдан жылына ондогон жогорку билимдүү адистер келип турушкан. Орус педагогдорунун келиши жалаң гана педагогикалык көйгөйлөрдү чечүүдө эмес, жогорку мектептерди уюштурууда да зор мааниге ээ болду. Мисалы, К. К. Юдахин жергиликтүү мектептерге окуу-усулдук колдонмолорду, программаларды иштеп чыгуу үчүн педагогдор коллективин түзгөн. Кыргыз педагогикалык институтунда орус окумуштуулары Г. А. Сухомлинский, И. А. Батманов, Ф. А. Турдаков ж. б. иштөө менен өздөрүнүн бүткүл билимин кыргыз илимине арнашкан.
Ошентип, жалпы билим берүүчү мектептердин жана алардын окуу усулдук базасынын чыңдалышына зарыл болгон илимий-педагогикалык база мугалим кадрлардын даярдалышы чоң түрткү болгон. Мисалы, 1930-жылдары республикада 1566 мектеп иштеп, анда 145,8 миң окуучу билим алган.
Республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн туруктуу билим берүү системасы, анын өркүндөшү өтө зарыл эле. Ошондуктан, алгач жалпыга милдеттүү 7 жылдык, андан кийин 10 жылдык орто билим берүү маселелери коюлат. Бул маселелерди чечүүдө илим-изилдөө институттарын уюштуруу зарылдыгы келип чыккан. 1936-жылы кыргыз тили жана жазуу, 1951-ж. Кыргызстан педагогика илим-изилдөө институттары уюштурулат. Бул мекемелер ошол мезгилдеги мектептердин окуу-тарбиялоо ишине керектүү болгон окуу китептерин, программаларын ж. б. иштеп чыгышкан.
Педагогика илим изилдөө институтунун биринчи директору, таланттуу педагог Б. К. Кулдашев ошол кездеги көрүнүктүү окумуштуу-педагогдорду бул мекемеге тартып, мектептер үчүн жаңы типтеги окуу китептерин жазуу, которуу иштерин ийгиликтүү жүргүзгөн. Алардын катарына кыргыз мектептери үчүн даярдалган эне тили, адабияты, орус тили, Кыргызстандын тарыхы сыяктуу окуу китептери кирет. Бул иштерди аткарууга илимий кызматкерлер Д. Майрыков, Т. Саманчин, С. Турусбеков, Ш. Шүкүралиевдер активдүү катышып, аларга академиктер И. А. Батманов, Б. Жамгырчинов, Б. Юнусалиевдер көмөк көрсөтүшүп, жетекчилик кылышкан. 50 — 60-ж. кыргыз педагогика илиминин өнүгүшүнө А. Э. Измайлов, Т. К. Ташевская, A. T. Новгородова ж. б. өз салымдарын кошкон.
60 — 80-ж. педагогика илимине улуттук кадрлар көбүрөөк тартыла баштаган. Алар жүргүзгөн илимий-изилдөө иштерине союздук мааниде жылуу пикирлер айтылган. Мындай изилдөөчүлөрдүн катарына И. Бекбоев, М. Р. Балтабаев, М. Рахимова, Н. А. Асипова, Н. М. Имаева, Т. Ормонов, Б. Апышев, Ж. Бешимов, А. И. Акулова, С. М. Саипбаев, Г. Токторов, М. Абдыкеримоваларды кошууга болот. Республикада педагогика илиминин өнүгүшүнө педагогикалык илимдер боюнча атайын илимий кеңештин ачылышы зор мааниге ээ болду. Республиканын көптөгөн илимпоздору ушул атайын илимий кеңештен кандидаттык жана докторлук илимий иштерин коргошкон.
Мындан сырткары педагогика илиминин ажырагыс бөлүгүн түзгөн окутуунун усулу боюнча бир топ алгылыктуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ал илимпоз изилдөөчүлөрдүн катарына орус тили жана адабияты боюнча Мусин, П. И. Харакоз, В. Г. Каменецкая, А. П. Селиверстова, Л. А. Шейман, М. Д. Тагаев, М. Е. Дарбанов; математика жана физика боюнча А. Исхаков, И. Бекбоев, С. Мусаев, М. Назаров, М. Жакыпбеков, О. Худайбердиев, Э. Мамбетакунов, П. М. Иманбеков; биология жана химия боюнча А. Ысыкеев, Ж. Жоокаев, М. Субанова, Б. М. Кособаева; тарых жана география боюнча М. Алтаев, И. Н. Шерстюк; кыргыз тили жана адабияты боюнча С. Т. Турусбеков, Б. А. Алымов, К. Иманалиев, Н. Ишекеев, Б. Өмүралиев, К. Сартбаев, С. Үсөналиев, А. Осмонкулов, С. Шатмановдор кирет.
Республикадагы педагогикалык илимдин жана анын практикасынын өнүгүү жолу прогрессивдүү элдик педагогикалык мурастарга кайрылуу, аларды активдүү таалим-тарбия каражатына айландыруу көйгөйлөрүн терендеп иликтөө маселелери менен тыгыз байланышкан. Салттуу педагогиканын көөнөрбөс салттары, тажрыйбалары, идеялары, акыл-ой мурастарынын өзгөчөлүктөрү этнопедагог-окумуштуулар А. Алимбековдун, А. Аттокуровдун, Ф. Анаркуловдун, А. Бердиевдин, Жоробековдун, С. Иптаровдун, А. Калдыбаеванын, Т. Кыдыралиевдин, З. Кусеинованын, Ж. Орозбаевдин ж. б. илимий изилдөөлөрүндө терең ачып көрсөтүлгөн. Жогоруда келтирилген мисалдар жана аткарылган иштер «кыргыз педагогика илиминин» улам жаңы бийиктиктерге көтөрүлүп бараткандыгын айгинелеп турат.
90-жылдары өтө оор көйгөйлөрдү педагогика илими чече алды. Бул проблемаларды аркалоодо Кыргыз билим берүү институту — профессор И. Бекбоев, институттун илимий кызматкерлери Н. Ибраева, А. Абдиев, С. Үсөналиев, С. Рысбаев, Ө. Осмонов, М. Иманкулов, А. Муратов, Т. Н. Шарыгалова, Б. М. Кособаева, М. Субанова, Л. А. Шейман, В. Г. Каменецкая, К. Сейдекулова, А. Токтомамбетов, С. Иптаров, А. Алимбеков, А. Акматалиев орто мектептердин окуу китептерин, программаларын, усулдук колдонмолорун, билим берүүнүн концепцияларын, мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгууда, аларды педагогикалык коомчулукка жеткирүүдө жана түшүндүрүүдө олуттуу иштер аткарылган.
Бүгүнкү күндө Кыргыз билим берүү институтунда, жогорку окуу жайларында педагогика адистиги боюнча аспирантура жана докторантуралар иштейт. Агартуу тармагында педагогикалык, усулдук окуу китептерин, окуу куралдарын жазууда, жаш педагог-изилдөөчүлөргө илимий жетекчилик кылууда, келечектеги мугалим кадрларын даярдоодо профессорлор М. Рахимова, И. Бекбоев, Н. А. Асипова, Н. Ишекеев, Ж. Аманалиев, Н. Имаева, Э. Мамбетакунов, Ж. Байсалов ж. б. үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Өлкөбүздүн эгемендүүлүккө ээ болушу, коомдогу жаңыча социалдык-экономикалык мамилелер педагогика илимине жаңы милдеттерди коюууда. Педагогика Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын, ар түрдүү типтеги улуттук мектептин моделин, окутуу-тарбиялоодо этнопедагогикалык, этно-психологиялык бөтөнчөлүктөрүн эске алуу педагогика илиминин олуттуу маселелеринин бири болуп саналат. Өзгөчө бүгүнкү шартта элдердин топтогон тажрыйбасына, прогрессивдүү салттарына кайрылуу, жаңылануу багытына шайкеш келип, улуттар ортосундагы рухий-маданий байланыштарды чындоого жана окутуу-тарбиялоо мекемелериндеги таалим-тарбия ишинин бардык тарабын демократиялаштырууга жана гумандаштырууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Республиканын педагогикалык илими мезгил койгон зор талаптарга жооп берүү максатында ургаалдуу өнүгүү нугунда. Ошондуктан кыргыз педагог-илимпоздорду атуулдук да, адистик да талаптын бийигинде турушуп, педагогикалык илимий-изилдөө иштеринин тематикасын, проблематикасын, географиясын кеңейтишип, динамикасын ар тараптан арттырууда.
Жашыруун окуу программасы — бул «ачык багытталбаган, өздөштүрүлгөн [сабак]» билим берүүнүн кошумча эффектиси, мисалы, класста жана социалдык чөйрөдө берилүүчү нормаларды, баалуулуктарды жана көз караштарды берүү.
Окуу чөйрөсү же окуу мейкиндиги — бул окуу чөйрөсү үчүн багытталган физикалык окуу чөйрөсү, билим берүү жана окуу өткөн жер. Бул термин «класстык бөлмө» аталган белгиленген альтернатива катары колдонулат, бирок, ал ички же тышкы аймакка, фактылык же виртуалдыкка таандык болушу мүмкүн. Окуу бөлмөлөрү пайдаланылышы, окутуу стили, конфигурациясы, жайгашкан жери жана окуу жайлары боюнча өтө ар түрдүү. Булар түрдүү педагогикалык ыкмаларды камтыйт, мисалы, тынч, пассивдүү же активдүү, кинетикалык же физикалык, профессионалдык, эксперименталдык окутуу жана башкалар.
Окутуу теориялары — бул окутуу учурундагы билимдин алынышы, иштетилиши жана сакталышын баяндаган концептуалдык негиздер. Когнитивдик, эмоционалдык жана чөйрөлүк таасирлер, ошондой эле мурдагы тажрыйба — мунун баары түшүнүү жана дүйнөгө болгон көз караш кантип алынаары же алмаштырылышы, билим жана көндүмдөрдүн сакталышы мааниге ээ.
Аралыктан же дистанциондук окутуу — бул дайыма мектепте боло албаган окуучулардын же кырдаалга жараша аралыктан окутуусу. Салттуу түрдө бул өзүнө сырттан окуу (заочно) курстарын камтыган, мында окуучу же студент окуу жай менен почта аркылуу кат алышчу. Бүгүнкү күндө бул онлайн окутуу. Өткөрүлүүчү курстар (51 пайыздан ашыгы) аралаш гибрид же 100% аралыктан окутуу. Дүйнөлүк желе же башка тармактар технологиялары аркылуу кеңири масштабдуу интерактивдүү катышууну жана ачык мүмкүндүктү сунуштаган массалык ачык онлайн-курстар (МАОК) аралыктан билим берүү чөйрөсүндөгү жакынкы иштеп чыгуулар. Бир катар башка терминдер (бөлүштүрүлгөн билим берүү, электрондук окутуу, онлайн окуу ж. б.) болжолдуу аралыктан билим берүүнүн синоними катары пайдаланылат.
Окуу ресурстарынын ыңгайлашуусу окутуу чөйрөсүнө, улуттук жана аймактык маданий нормаларга туура келип, студенттердин же окуучулардын ар кандай түрлөрүнө жеткиликтүү болушу шарт. Окутуу ресурстарынын негизги өзгөрүүлөрү кийинкилерди камтыйт:
Критикалык педагогика — бул бир убакта эле педагогикалык ыкма жана кеңири социалдык кыймыл. Билим берүү тажрыйбалары тарых менен талашылат жана калыптанат, мектептер саясый жактан нейтралдуу мейкиндик жана окутуу саясый мүнөзгө ээ деп критикалык педагогика ырастайт. Окуу программасы, дисциплинардык тажрыйба, окуучуларды текшерүү, окуу куралдарын, мугалим колдонуучу тилди тандоо жана башка чечимдер, окуучулардын мүмкүндүктөрүн же кеңейтип, же чектеп коюшу мүмкүн. Критикалык педагогика, билим берүү тажрыйбалары башкаларга салыштырмалуу кээ бир окуучуларга артычылык берээрин, ал эми кээ бир ыкмалар бардык окуучуларга зыян алып келээрин моюнга алат. Ошондой эле, ал билим берүү тажрыйбасы көп учурда бир добуштар жана көз караштарды жактырып, башкаларын маргиналдаштырып же көңүл бурбаарын моюнга алат. Дагы бир изилденүүчү аспект — мугалимдин окуучуларга болгон бийлиги жана мунун кесепеттери. Анын максаттары, өзүнүн жашоосун жана жамаатын активдүү жакшырткан студенттердин активдүү жана кызыктар жаран болуу мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү камтыйт.
Критикалык педагогикалык тажрыйбалар, окуучулардын билимин жана көз караштарын угуу жана класска киргизүүнү, мектеп менен андан чоңураак коомдун байланышын орнотуу жана окуучуларды божомолдуу билимди жана түшүнүктү күмөн саноого (тастыкталмайынча) түрткү болууга, окуучулар алдына көйгөйлөрдү коюууну өзүнө камтышы мүмкүн. Студенттерге же окуучуларга маселелерди (тапшырмаларды) коюуу максаты — аларга жеке өзүнүн маселелерин коюууга мүмкүндүк берүүнү баштоо. Мугалимдер өзүнүн авторитеттүүлүгүн моюнга алып, окуучуларды колдогон ал авторитетти өзүнүн иш-аракеттери менен көрсөтөт.
Диалогдук окутуу — бул диалог аркылуу өтүүчү билим берүү же окутуу. Негизинен бул эгалитардык (теңдеш) диалогдун натыйжасы; башкача айтканда, бийликтин ырастамалары эмес, түрдүү адамдар жактан чындык ырастамаларында негизделген аргументтерди келтирген диалогдун натыйжасы.
Студенттерге же окуучуларга багытталган окутуу, ошондой эле, окуучуларга багытталган билим берүү деген аталышта белгилүү, кеңири мааниде акцентти мугалимден окуучуга өткөрүү ыкмаларын камтыйт. Башында окуучуларга багытталган билим берүү окуу процессинин жоопкерчилигин окуучулардын колуна берип, алардын автономдуулугун жана көз карандысыздыгын өнүктүрүүгө багытталган. Окуучуларга багытталган окутуу же билим берүү же билим алуу өмүр бою билим алып, көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө мүмкүндүк берген көндүмдөр жана ыкмаларда негизделген.
АКШнын кээ бир университеттери Ped. D илимий даражасын, педагогика илимдеринин доктору деген наамдарды атактуу мугалимдерге беришет. Улуу Британия жана АКШнын окуу чөйрөсүндө алынган даражалар Ed. D. деп классификацияланат, педагогика илимдеринин доктору же философия доктору, философия илимдеринин доктору. Кыргызстанда педагогика илимдерин доктору ж. б. наамдар бар.
Педагогдордун билими жана ролу коомдо маданияттан маданиятка өтө айырмаланып турат.
Бразилиядагы педагог — дисциплина аралык педагог. Педагогига чөйрөсүндөгү дипломдук билим окуучуларга же студенттерге билим берүүнүн бардык деңгээлинде мектеп администраторлору же координаторлору болууга мүмкүндүк берет, ошондой эле, мектепке чейинки, башталгыч жана кесиптик мугалим сыяктуу мультидисциплинардык мугалим болууга жол ачат.
Скандинавияда педагог (pædagog) — педагогиканы пайдаланган кеңири маанидеги педагог, бирок бул термин негизинен мектепке чейинки (мисалы, балдар бакчалары) билим берүүдө иштеген адамдарга сакталган. Бул чектелген аныктама чегинде педагог түрдүү жумуштарды ээлеши мүмкүн, мисалы, карылар үйлөрүндө, түрмөлөрдө, балдар үйлөрүндө жана адам ресурстарын башкарууда. Начар үй-бүлөлөр же жаштар менен иштөөдө буларды социалдык педагог деп аташат (socialpædagog).
Педагогдун жумушу, мугалимдикинен жашоодо маанилүү билимге үйрөтүүсү менен айырмаланат, мисалы, социалдык сабаттуулук же окуу программасына тиешеси жок көндүмдөр, маданий нормалар ж. б. Ошондой эле, баланын камкордугуна жана анын жашоодогу жыргалчылыгына көп көңүл бурулат. Көптөгөн педагогикалык мекемелер социалдык интеграцияны колдонушат. Педагогдун милдетине баланын акыл-эс жана социалдык өнүгүүсүн колдоо дагы кирет.
Данияда, бардык педагогдор, бардык ири шаарларында жайгашкан бир катар социалдык педагогдор улуттук институттарында билим алышат. Билим алуу 3-5 жылга созулган академиялык курсту билдирет, мында студентке социалдык билим берүүнүн бакалавр наамы берилет (данияча: Professionsbachelor som pædagog).
Ошондой эле, педагогика магистры, Копенгаген унивеситетиндеги педагогига магистры даражаларын алууга болот. Бул бакалавриат жана магистратура программасы, социалдык билим берүү чөйрөсүндөгү профессионалдык бакалавриат программасына салыштырмалуу теориялык багытта.
Венгрияда педагог сөзү (pedagógus) мугалим сөзүнүн (tanár) синоними; ошондуктан, башталгыч жана орто мектеп мугалимдерин педагог деп атоого болот, бул сөз профсоюздардын жана лоббисттик уюмдардын аталыштарында дагы кезигет (мисалы, педагогдор профсоюзу, демократиялык педагогдор профсоюзу). Бирок, мында, педагогика боюнча бакалавриат студенттерге башталгыч же орто мектептерде мугалим болуп иштөөгө укук бербейт, окутуу боюнча жардамчы болууга мүмкүндүгү бар.
Индияда гурукула системасын колдонушкан. Гурукулдар же gurukulam жакын же гуру менен бир үйдө жашаган байыркы Индиянын шиши (гуру-шиши салты) менен бирге болгон билим берүү системасынын түрү («студенттерге» же «окуучуларга»). Гуру-шиши салты индуизмде ыйык саналып, Индиянын башка диндеринде дагы бар, мисалы, джайнизм, буддизм, сикхизм. Гурукула сөзү санкскрит сөздөрүнүн комбинациясы, гуру («мугалим» же «устат») жана кула («үй-бүлө» же «үй»).
Британиянын башкаруусуна чейин бул Түштүк Азиянын баштапкы билим берүү системасы катары кызмат кылган. Термин менен бүгүнкү күндө заманбап гурулар башкаркаган монастырлар менен мектептерди белгилөө үчүн колдонушат. Терминдин туура көптүк сандагы аталышы — гурукулам, бирок, «гурукуластар» жана «гурукулдар» дагы англис тилдеринде жана кээ бир башка батыш тилдеринде пайдаланылат. Студенттер гурудан билим алып, анын күнүмдүк жашоосунда жардам беришет.
Бирок, кээ бир окумуштуулар бул жардам берүүлөр күнүмдүк иш болбостон билим берүүнүн жана окуучулар арасында өзүн-өзү тарбиялоонун бир бөлүгү деп жоромолдошот. Негизи гуру аны менен бирге билим алган шишилардан эч кандай гонорар албайт, анткени, гуру менен шишинин ортосундагы мамимелер ыйык деп саналат. Өзүнүн билим алуусунун аягында, гурукулдан кетүү алдында, шишия гуруга айтылуу gurudakshina (курмандык, кайыр-садага же болбосо мугалимге гонорар) сунуштайт.
Gurudakshina бул гуруну салттуу таанып билүү, аны урматтоо жана ага болгон ыраазычылык актысы, ал акчалай же мугалимдин студент тарабынан аткаруусун каалаган тапшырма болушу мүмкүн. Гурукулада жашоо менен студенттер үйүнө бир нече айдан бир нече жылга чейин кайтышкан эмес. Гурукул билим берүү системасы байыркы мезгилдерден бери жашап келет.
Упанишадаларда (Упанишадалар — байыркы индиялык диний-философиялык мүнөздөгү трактаттар) бир нече гурукулдар баяндалат, анын ичинде Дроначарья гурусу да бар. Бхригу Валли (Bhrigu Valli) (Брахмане жөнүндөгү баян) Гуру Варуни гурукулунда болгон деп айтышат. Ведикалык ойлор мектеби гурукулду 8 жашка чейинки (жок дегенде 12 жашка чейин) бардык адамдарга жазат.
Инициация учурунан тарта студенттерден тышкары 25 жашка чейинки бардык адамдарга тазалык жана бойдоктукту жазат. Гурукула тарабынан коомдук садакалар колдоого алынган. Мунун артынан көптөгөн ведикалык ойлор ээрчип, натыйжада гурукула мамлекеттик мектептер борборунунун эрте формасы болуп калган. Британиялык колониялдык доордо Индиядагы гурукула системасы чабал абалда болгон.
Арья Самадж жана Свами Шраддхананддын негиздөөчүсү Даянанда Сарасвати заманбап гурукул системасынын пионери болгон; 1886-жылы учурда кеңири таралган англо-ведикалык мектептер жана Даянанд университеттери негизделген. 1948-жылы Шастриджи Махарадж Шри Дхарамдживан дас Свами Даянанддын мисалын кайталап, Индиянын Раджкоте штатында биринчи сваминараянск гурукулуна башат салган.
Түрдүү гурукулалар дагы деле Индияда жок эмес, жана изилдөөчүлөр бул уюмдар аркылуу системанын эффективдүүлүгүн изилдөөдө. Жаңы массалык маалыматтын пайда болуусу менен көптөгөн гурулар жана Ведантикалык окумуштуулар электрондук гурукулаларды ачууда (E-Gurukulam). Булар интернет аркылуу иштеп, индиялык жазуулар билими менен бөлүшүүдө. Булардын көпчүлүгү жазуулар жөнүндөгү билимге жана Ведаларга аялдар үчүн мүмкүндүк берип салттуу чектөөлөрдү бузууда.
2018-жылдын 3-июнунда жарыяланган Kathmandu Post макаласында академиялык календардагы кадимки биринчи мектеп күнү баяндалган. Мугалимдер окуучуларын өзгөчөлүк менен тосуп алышат. Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы ыйгарып түшүндүрүүлөр ар түрдүүлүгү окшоштугунан көп. Педагогдор студенттерди түрдүү маданий, социалдык жана диний тектерге окутуусу керек. Бул абал мугалимдердин эффективдүү максаттарына жетүү ыкмасын эмес, дифференциацияланган стратегияны өзүнө тартат.
Америкалык жазуучу жана педагог Кэрол Энн Томлинсон дифференциацияланган окутууну «класстагы окуучулар арасындагы келишпегендикти жок кылуу боюнча мугалимдин аракети» деп аныктаган. Дифференциация окутуу ыкмаларына таандык. Ал, дифференциацияланган окутуу окуучуларга маалымат алуу үчүн көптөгөн альтернативаларды берет деп түшүндүргөн. Дифференциацияланган түзүмдү түзүүчү негиздер кийинкилерди камтыйт: калыптандыруучу жана туруктуу баалоо, топтук кызматташуу, окуучулардын түрдүү билим деңгээлдерин таануу, окуу жана жазууда көйгөйлөрдү чечүү жана тандоо.
Ховард Гарднер өзүнүн көптүк интеллект теориясынын аркасынан билим берүү тармагында атактуулукка жеткен. 1883-жылы ал интеллекттин түрлөрүнүн жетөөнү атап өткөн: лингвистикалык, логико-математикалык, визуалдык жана мейкиндиктик, дене жана кинестетикалык, музыкалык жана ритмдик, ички инсандык жана инсан аралык. Сын-пикирчилер теория эмпирикалык маалыматтарга эмес, Гарднердин интуициясында гана негизделген деп айтышат. Дагы бир сын-пикир, интеллект инсандын түрлөрүнө өтө эле окшош экендигинде. Гарднердин теориясын когнитивдик изилдөөлөрдөн келип, интеллект адамдарга «дүйнөнү таануу, өзүн жана башкаларды түшүнүүгө» жардам берет деп ырастайт. «Бир эле материалды бирдей түшүнүү жана стандартталган жамааттык ыкма окутуудагы жана баалоодогу лингвистикалык ыкмаларга, ошондой эле, кайсы бир деңгээлдеги логикалык жана сандык стилдерге өтө калыс» деп окуучулар божомолдой алышкан билим берүү системасы көрсөтүлгөн айырмачылыктарга күмөн.