Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Педагогикалык психология

Баш барак | Психология | Педагогикалык психология

Азыркы учурдагы психологиялык илимдин жана психологиялыкпедагогикалык практиканын өнүгүү деңгээли көрсөткөндөй, педагогикалык психологиянын аймагы боюнча билимдерге, ыктаргажана ыкмаларга ээ болгон, квалификациялуу кесипкөйлөрдүн катышуусуз окутуу жана тарбиялоо процесстеринин эффективдүүлүгү болуусу мүмкүн эмес. Ошондуктан педагогикалык психологиянын максаты студенттердин, алардын кесиптик ишмердүүлүгүнүн контекстинде, педагогикалык психологиянын мазмунун өздөштүрүү. Бул максатка жетүү үчүн дисциплинаны окутуу учурунда төмөндөгү маселелер чечилет: -Билимдер системасында "Педагогикалык психологиянын" ордун жана ролун аныктоо; -Ачык билимдер системасында жаралган психологиялык теорияларды карап чыгуу жана психологиялык проблемаларды белгилөө; -Педагогикалык системанын баштоочу элементтерине психологиялык мүнөздөмө берүү, башкача айтканда окутуучуга жана окуучуга; -Окуу иш-аракети, педагогикалык шериктештик жана педагогикалык өз ара аракеттенүү түшүнүктөрүнүн мазмунун ачуу; -Азыркы билимдер системасында тарбиялоо теориясынын негизги ордун негиздөө; -Жаңы билимдер чөйрөлөрүндөгү, телекоммуникациялык технологияларды жана компьютердик каражаттарды пайдаланууга таянган, окутуунун негиздерин берүү; -Психологиялык контексттеги педагогикалык инновациялык багыттар жана илимий ойлор менен тааныштыруу.Психологиялык дисциплинаны окуп үйрөнүүнүн негизинде окуучу: -Илимий негизде традициялык педагогикалык психологиянын максаттары жана мазмундары жөнүндө, өздөштүрүү же окутууну өркүндөтүү үчүн психологиялык билимдердин мааниси жөнүндө түшүнүккө ээ болот; -Окутуу, өнүгүү, билим берүү, тарбиялоо процесстеринин негизги психологиялык теорияларын жана парадигмалардын маңыздарын билет; -Сабактын дидактикалык маселесин так аныктоо ыкмаларына ээ болот; -Окутуу учурунда өздөштүрүлүүчү иш-аракеттин мазмунуна психологиялык анализ берүүнү үйрөнөт.Мектепте иштөө үчүн баланын курактык психологиялык өнүгүүсүн жана окутуу менен тарбиялоонун психологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрүн билүү студенттердин кесиптик даярдануусунда негизги шарт.



Бул окуу куралы психологиялык жана педагогикалык кесипке ээ болуучу студенттерге окутуу жана тарбиялоо процессинде окуу жагдайларындагы окуучунун психикалык ал-абалынын, жүрүмтурумунун жана ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн, мыйзам ченемдүүлүктөрүн эске алуу жолдорун үйрөтөт. Окуу куралы "Педагогикалык психологиянын" типтүү программасына таянуу менен берилип, "Жалпы психологияны", "Курактык өнүгүү психологияны", "Социапдык психологияны" улантуучу катары болуп эсептелинет.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 2186, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу