Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Педагогикалык иш-аракеттин түзүлүшү

Баш барак | Психология | Педагогикалык иш-аракеттин түзүлүшү

Мугалимдин психологиялык өзгөчөлүктөрун ачууда анын педагогикалык иш-аракетинин бардык өзгөчөлүктөрү менен байланышкан. Мугалимдин иш-аракети өз алдынча, бирок тыгыз байланышта болгон компоненттерден турат. Педагогикалык ишаракетте үч компонентти белгилөөгө болот: конструктивдик, коммуникативдик жана уюштуруучупук. Мугалимдик жумушта эң чоң орунду сабакты, класстан сырткаркы иштерди, программа менен дал келген окуу материалдарын тандоону, түрдүү методикалык жумуштарды же аларды кайра иштеп чыгууну конструктирлөө ээлейт.



Азыркы учурда мугалимге койгон негизги талап бул өсүп келе жаткан балдарда бардык тарабы өнүккөн, активдүү инсанды тарбиялоо. Мугалим, окуучулардын терең бшшмдерге ээ болуусу үчүн, эң татаал теориялык суроолорду туура өздөштүргүдөй окуу материалдарын талдап да, кайра иштеп да чыга алуусу керек. Окутуу процессин активдештирүү жана интенсивдештирүү жолдорун издөө конструктивдик иш-аракеттин ажырагыс бөлүгү. Бул өзгөчөлүктүн негизинде мугалимдер проблемалык окутууну пайдаланып сабактарга проблемалуу жагдайларды түзүшөт.



Педагогикалык иш-аракеттин структурасында негизги орунду уюштуруучупук иш-аракет ээлейт. Бул компонент конструктивдик компонент менен тыгыз байланышта. Сабактын жүрүшүндө мугалим ишке ашыра турган пландары анын окутуу жана тарбиялоо процессин уюштура алууну гана эмес окуучуларды билим менен камсыз кыла алат. Уюштуруучулук компонент өзүнө үч багытты камтыйт: 1. окуучуларга бере турган маалыматты уюштуруу; 2. сабак учурунда өзүнүн жүрүм-турумун уюштуруу; З. окуучулардын тааныпбилүүлөрүн тынымсыз активдештирүү менен алардын иш-аракетин уюштуруу.



Эгер мугалим окуучуларга бере турган маалыматын уюштурууда жакшы деңгээлге жеткизип, балдардын ой жүгүртүү активдүүлүгүн эске албай турган болсо, анда билимди толук өздөштүрүү болбойт. Эгер мугалим классты уюштуруп, өзүнүн жүрүм-турумун колго ала алса, бирок окуучуларга бере турган маалыматын тактай албаса, сабактын жүрүшүндө окуучулардын жообун байланыштыра албаса, анда жыйынтыгында кемчилдиктер белгиленип, билимдерди өздөштүрүу терең болбой калат. Тажрыйбалуу мугалим биринчи орунга окуучулардын биргелешкен иш-аракеттерин уюштурат.



Ошону менен катар окуучулардын жеке иш-аракеттерин уюштуруу, коллективдин ар бир окуучуга болгон таасирин уюштуруу, балдарга ата-энелердин таасирин уюштуруу маанилүү экендигин эстен чыгарбайт. Аталгандардын байланыштарында, класстын мамилешүүсүндө мугалим өзгөчө орунду окуучулардын иш-аракетин контролдоону уюштурууга берет. Коммуникативдик компонент педагогикалык иш-аракетте окуучулар, ата-энелер, администрация, мугалимдер менен мамиле түзүүнү, аны колдонууну камтыйт. Мугалимдин окуучуларга болгон мамилеси окутуу процессиндеги окуучунун эмодионалдык ыңгайлуулугун, ошондой эле конструктивдик жана уюштуруучулук иш-аракеттердин ийгиликтерин аныктайт. Башталгыч класстын окуучуларын, мугалимдин билим деңгээли көңүлүн бурбастан, анын кең пейилдүүлүгү, жумшак мамилеси кызыктырат, эмоционалдык өзгөчөлүгүнүн таасири астында мугалимдин мамиле түзүүсүн туурайт.



Мугалимдердин окуучуларга болгон эмощюналдык мамилесин беш типке бөлүүгө болот: оң эмоционалдуу активдүү, оң эмоционалдуу пассивдүү, терс эмоционалдуу активдүү, терс эмоционалдуу пассивдүү жана тең салмаксыздык. Көпчүлүк учурда класс окуучуларынын мамилешүүсү мугалимдин жүрүм-турумун мүнөздөөчү кандайдыр бир эмощюналдык стилге туура келет. Мисалы, ачык кең пейилдеги, окуучуларга колдоо көрсөткөн, мугалимдин балдарга болгон оң эмоционалдуу активдүү мамиледеги стилде, окуучулар бири-бирине жардам беришет, бирибири менен ачык мамиледе, инициативдүү болушуп, бири-бири менен достук сезимдерди көрсөтүшөт.



Эмодионалдык тең салмаксыз мамиледеги мугалимдин окуучулары бири-бири менен болгон мамилеси тегиз эмес, класс тынчсызданып турат. А. И. Щербаков педагогикалык иш-аракетте аталган компоненттерден сырткары кошумча өзгөчөлүктөрдү белгилейт. Бул маалыматтык, өнүктүрүүчүлүк, багытталуулук, мобилдик, изилдөөчүлүк компоненттери.



Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 10842, Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо