Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гитара жөнүндө ырлар

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Гитара жөнүндө ырлар

Бул макалада гитара жөнүндө ырлар берилмекчи.

Гитара (1)

Гитара
Сөзү, обонуА. Коробаевдики

Айлуу түндө, жайкы түндө жан жолдошум гитара,
Өңү сулуу, марал сындуу тийишебиз кыздарга.
Кыз бурулуп, жүзүн буруп мага карап жылмайса,
Боздоп иет, сайрап иет колумдагы гитара.

Айсыз түндө, кышкы түндө жан жолдошум гитара,
Өңү аппак, сөзү таптак тийишебиз кыздарга.
Кыз бурулуп, жүзүн буруп мага карап мурчуйса,
Үнү чыкпай буулуккансыйт колумдагы гитара.

Мен сүйлөшкөн орус кызы аппак жүздүү Маруся,
Чындыгында маган эмес, ашык экен гитарга.
Мейли сүйсүн гитарамды, мейли мени сүйбөсүн,
Экөөбүз тең, өзгөчө мен сүйгөнүмө гитара.

Гитара (2)

Гитара
СөзүА. Кыдыровдуку
ОбонуИ. Аманбаевдики

Ай гитара ай, гитара-ай,
Достоштук го биз далай.
Ачык көңүл, жайдары
Ошондогу кыздар-ай.

Ай гитара ай, гитара-ай,
Сырдаштык го биз далай.
Токтоо мүнөз жайдары
Ошондогу кыздар-ай.

Эргиймин гитар үнүн уккан чакта,
Жүргөнсүйм сени менен дале бакта.
Ансайын тизмектешип өткөн күндөр,
Элестер көзүн ымдайт алыс жакта.

Кайырма:

Жанымды гитар үнү жалындатат,
Саа деген сагынчымды калындатат.
Экөөбүз бирге жүргөн түндү самап,
Жүрөгүм туйлап, бакыт даамын татат.

Кайырма:

Гитара күүсү

Гитара күүсү
СөзүА. Медетбековдуку
ОбонуЖ. Осмоновдуку

Кол тийсе кылы сыздап да боздоп,
Ойготуп ойнойт жүрөктү козгоп.
Бороондун тышта ыйлаган үнүн,
Болбосо бирде муңкана коштоп,

Эсиме салат алыскы жакты,
Эл үчүн өлгөн эр азаматты.
Азасын азыр күткөнчө окшоп,
Аяныч сезим жаныма батты.

Жигиттер кызга тоо гүлүн терип,
Ырдаган кезде гүлдесте берип.
Жаткансыйт туурап гитара күүсүн,
Тандайын безеп солкулдап эрип.

Эсиме салат өткөон жаш чакты,
Айлуу түндөрдү, бүрдөгөн бакты.
Кошуп бир барам, жыргап бир барам,
Гитара күүсү сүйгөндөй татты.

Эрисин жаным,
Мындан да дагын.
Акыркы ирет,
Кылын бир какчы,
Кылын бир какчы.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2024-02-03, Көрүүлөр: 131, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-06, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу