Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Герб, Гимн, Туу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Герб, Гимн, Туу

Дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин өзүнө таандык мамлекеттик атрибуттары - Герби, Гимни, Туусу бар. Маанилүү мамлекеттик ар кандай иш-чаралар, жыйындар, салтанаттар ар дайым ушул атрибуттар менен коштолуп өткөрүлөөрүн силер жакшы билесиңер.

Алгачкы Гимн байыркы Грецияда кудайлардын урматына жазылган, ал эми Герб, Туу болсо байыркы мамлекеттердин дээрлик бардыгында болгон. Совет доорунда СССРдин жана анын курамындагы 15 союздук республикалардын өздөрүнө таандык расмий белгилери болгон.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин анын мамлекеттик атрибуттарын да жаңылантуу зарылчылыгы келип чыгат. Аны иштеп чыгуу үчүн республикалык масштабда конкурс жарыяланып, конкурска 300гө жакын сунуш келип түшөт. Ошентип, 1994-жылы 14-январда Кыргыз Республикасынын Герби кабыл алынган. Герб тегерек формада болуп, чекебели пахта жана буудай менен курчалган.

Анын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасы деген жазуу бар, алдыңкы планда кыргыз эли аздектеген, эркиндиктин символу - канатын жайган бүркүт, арткы фондо чалкыган ыйык Ысык-көлүбүз, анын жээги Алатоо менен курчалып, тоо башында нурун чачыратып чыгып келаткан күн чагылдырылган.

1992-жылдын 3-мартында Алатоо аянтында Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет мамлекеттин Туусу (туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков) желбиреди. Адамзаттын өмүр жолунда мамлекеттик түзүлүштүн эң башкы белгиси катары Туу эсептелген.

Тууну эл ардактап сактап, душманга алдырбоого аракеттенишкен. Кыргызстандын туусунун өңү кызыл, анын дал ортосунда жайгашкан күн менен түндүк бийиктик менен биримдиктин символу катары чагылдырылган. Ал эми тегерете күн желесиндей чачыраган нурлар кырк уруу кыргыздын түпкүлүгүн баяндайт.

Кыргыз Республикасынын Гимни кабыл алынган күн - 1992-жылдын 18-декабры. Анын сөзүн кыргыз эл акыны Ж. Садыков жана Ш. Кулуев, музыкасын болсо белгилүү композиторлор К. Молдобасанов менен Н. Давлесов жазышкан. Гимнде негизинен кыргыз элинин келечекке болгон ой-тилеги, тарыхый басып өткөн жолундагы эрдиги, элдердин достугу, ынтымагы, келечеги чагылдырылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 41322, Өзгөртүлгөн: 2020-08-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо