Гимн
Гимн (латынча hymnus) — кимдир бирөөнү же кайсы бир нерсени даңктап, мактаган салтанаттуу ыр, музыкалык чыгарма.
Гимн — кандайдыр бир маанилүү идеяны, сезимди же кайсы бир маанилүү нерсеге таандык болууну чагылдырат.
Негизинен гимндин бир нече түрлөрү айырмаланат: мамлекеттик, диний, жамааттык ж. б.
Гимндин башкы өзгөчөлүгү — анын салтанаттуулугу, жогорку стили жана символдуулугу.
Этимология
Бул сөздүн так этимологиясы жок. Антика мезгили бул сөздү токулган ыр катары түшүнүп, токуу сөзү менен байланыштырчу (байыркы грекче ὑφαίνω). Ал мезгилдерде ар кандай сөздөрдү айтууну токуу процесси катары түшүнүшчү, башкача айтканда, сөздү сүйлөмдүк же баяндык «кездемеге» бириктирүү деген сыяктуу. Бирок, «гимн» сөзүнүн этимологиясын түшүндүрүү үчүн грек тилинин фактылары жетишсиз. Франциялык лингвисти Пьер Шантрен гимн сөзүнүн келип чыгышын гректерге чейинки же гректик эмес булактарга такайт. Ал муну келип чыгышы боюнча гректик эмес болгон дифирамб, элегия, лин деген сөздөргө шилтеме кылуу менен түшүндүрөт. Бул сөздөр, кийин ырга айлануучу ритм менен айтылуучу тексттердин ар кандай түрлөрүнө багыт берет имиш.
Диний гимн
Индия поэзиясында (поэзия) кудайларга болгон гиндер көркөм сөздүн гана байыркы эстелиги болбостон, эң кеч доорлордун адабиятында чоң орунду ээлейт. Мисалы, санскрит, ошондой эле орто- жана жаңы индиялык тилдерде дагы (айтылуу «стотра»). Буддалык адабиятта өзү айтып тургандай эле Будда кудайы кудайдын ордунда, джайн адабиятында — джиндер, эң кеч магометан мистиктеринин поэзиясында — жалпы кудай образы. Ушунун баарын даңдап ырдаган ырлар гимн болгон.
Жер ортолук деңиз маданиятындагы байыркы адабияттарындагы гимндер дагы чоң мааниге ээ: кудайларга арналган египеттик жана вавилондук гимндер өзүнүн жаркын образдары жана эмоциялык көңүл көтөрүмдүүлүгү менен таң калтырат. Темасы жана стили боюнча вавилондук гимндерге байыркы еврейлик Яхвага болгон гимндер жакын.
Жакынкы Чыгышта араб адабияты гимндик поэзиянын жайылышы жана мааниси боюнча перс адабиятынан айырмаланып турат. Арабдардын диний лирикасы ал мезгилдерде начар өнүккөн. XIII кылымда гана экономикалык жана саясый начарлоо мезгилинде жана светтик маданияттын түшүшүндө Мухаммедге аргалган Бусири касыйда-гимни («Бурда» — «Пайгамбардын күрмө-жамынмасы») жана Омар ибн-аль-Фариданын мистикалык суфий гимдери атакка жеткен.
Перс суфийлеринин гимни албетте байыраак жана көркөмүрөөк. Бул гимндер (мыктылары — Джалаледдин Руминики, XIII век) пантеисттик символикага толуп дербиштердин зикирлеринде аткарылчу. Суфий символизми XII кылымдан тарта бүткүл перс (андан кийин түрктөрдүн дагы) лирикасын жаңы боёкторго боёп, муну жөнөкөй сүйүү ыры жана мистикалык-пантеисттик гимн менен (мисалы, Хафиз, Саадилердики) айырмалоо кээде кыйын.
Алыскы Чыгышытын гимндеринин формасы болсо өзүнө гана таандыктай айырмаланат. Кытай поэзиясы гимндери менен катар, асманга кайрылуу жана ата-бабаларды даңктоолорду камтып, ода формасындагы гимндерге жакын (дая жана лоя — чоң жана кичи одалар). Мындай одаларда көбүнчө байыркы династиялардын негиздөөчүлөрүнүн эрдиктери, баатырлыктары баяндалат. Бул одалар эпикалык баяндоодо бай тарыхый материалдарды берет. Булардын айырмдары аскердик ырлар катары да кызмат кылган өңдөнөт.
Греция жана Рим поэзиясында кудайларга болгон гимндер салыштырмалуу анча маанилүү эмес орунга ээ; башкача айтканда трагедиялык композицияларга гимндер сөзсүз түрдө кошулчу. А бул (байыркы индиялык драмадагыдай свяктуу) жанрдын теги культтук экенин күбөлөндүрөт. Байыркы грециялык гимнде, чыгыш гимндердин таза лирикалык жана кандайдыр бир пафосунан айырмаланып, кээде эпикалык элементтин басымдык кылуусун байкоого болот, бул аны кээде фабулалык баяндалуучу гимнге айландырат (мисалы, гомердик гимндер).
Экинчи жагынан, грек поэзиясында чыгыш поэзияга бөтөн болгон, деталдарга жана коомдук ишмерлерге арналган форма берилген — Ивик, Пиндар, Симонид, Викхилида ысымдары менен байланышкан энкомиялар, эпиникиялар.
Гимндик гекзаметрикалык циклдерден Гомердин, Каллимахтын, Проклдын, Синесиянын гимндери, орфалык гимндер сакталып калган.
Адабий гимн
XIX кылымдын башында романтиктер гимндин эмоционалдык каныккан (патетикалык) жана метрикалык эркин лирикалык формаларын жандандырууга аракет кылышкан. Мисалы, Новалистин «Түнгө гимндер» (немисче Hymnen an die Nacht) чыгармасы, ушул эле форманы тууроо — Гейне (немисче Ich bin das Schwert, ich bin die Flamme) — а бул проза түрүндөгү таза ыр-саптар. Англияда Новалистин гимнин Джордж Макдональд которгон.
Улуттук же мамлекеттик гимн
Желек жана герб менен катар улуттук символдордун бири болгон ыр.
Диний гимндерди аскер гимни катары колдонуу айтылуу «улуттук гимн» көрүнүшүг жаратат — бардык официалдуу учурларда аткарылуучу диний эмес мүнөздөгү ыр.
Мындай түрдөгү чыгармалардын айрымдары улуттук («Die Wacht am Rhein», «Das Lied der Deutschen», «Rule Britannia») жана революциялык («Марсельеза») маанайлардын чагылдырылышы болот. Башкалары — айтылуу короо-жайлык поэзия өндүрүмдөрүнүн образдары («God save the King»).
Европадагы биринчи кеңири белгилүү улуттук гимн катары британиялык «God save our Lord the King» («О Кудай, королду сакта/корго») саналат. Ушул күнгө чейин ал официалдуу мамлекеттик гимн катары саналбайт. Башкача айтканда аны эч качан король же парламент мыйзам катары бекиткен эмес.
Буларды туурап башка европалык гимндер пайда болгон. Алгач, булардын көпчүлүгү британиялык гимндин музыкасында ырдалчу. Мисалы, америкалык «My Country, 'Tis of Thee», Германия империясынын гимни «Heil dir im Siegerkranz», Швейцариянын «Rufst du mein Vaterland» гимни ж. б. Бардыгы 20нын айланасында болгон.
Гимндер монархтар же парламент тарабынан бекитиле баштаганда дээрлик ар бир гимн жеке өзүнүн музыкасына ээ болгон. Бирок, Лихтенштейндин гимни — «Oben am jungen Rhein» ыры — бүгүнкү күнгө чейин англиялык гимндин музыкасында ырдалат.
Ошентип, убакыт өткөн сайын ар бир мамлекеттин өзүнүн гимни жаралып, мыйзам тарабынан бекитилип, мындай гимндер ар бир өлкөнүн символикаларынын бири болуп саналат.