Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Манас гимни

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Манас гимни
ОбонуДинар Мамбетакунова
СөзүАшым Жакыпбеков

Кайың барбы кыргыз балта чаппаган
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.

Кайырма:
Асман менен Жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айың менен Күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй-
Теңир уулу эр Манас.

Белес-белден беш удургуп өткөн эл,
Арстан болуп ай чапчыган көчмөн эл.
Курандылап, куруп бара жатканда
Эр Манасты туу карманып өскөн эл.

Кайырма:

Манас улуу — кыргыз элдин желеги.
Ата-мурас, акыл, ойдун тереңи.
Түбөлүккө ташка тамга баскандай
Кыргыз элдин адамзатка белеги.

Кайырма:

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 47804, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-11-01
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо