Декабрь: айдын баяндалышы, даталар
Декабрь (латынча December, Decembris, латындын decem сөзүнөн он деген мааниде) — григориан календары боюнча жыл мезгилдеринин он экинчи айы. Цезардын март айынан башталган реформасына чейинки эски римдик жылдын онунчу айы. Ноябрь менен Январдын ортосундагы ай.
31 күндөн турган жети айдын бири жана жылдын акыркы он экинчи айы. Жердин Түндүк жарым шарында кыштын биринчи айы, ал эми Түштүк жарым шарда жайыдын биринчи айы. Бул ай мурда чехтерде «карышкырдын айы» (vlčí měsíc) деп аталчу.
Заманбап мезгилде (XXI кылым) 20-декабрга чейин григориан календары боюнча Күн, Жылаан алып жүрүүчү жылдызында болот, ал эми 20нан тарта (башка маалыматтар боюнча — 18-декабрдан тарта) — Жаачы жылдызында.
Кыргызча аталышы — Бештин айы (Кусеин Карасаев тарабынан туураланган Кыргыз элдик календарына ылайык). Мында, аталышы ушул айда берилүүчү салыкка байланыштуу, мисалы жетинин айында жети мал берилсе, бештин айында экөө кемип, элге кышында жеңилдик болуусуу үчүн бешөө гана берилчү деген айтымдар бар.
Баяндалышы
Декабрь айы түндүк жарым шарда, анын ичинде Кыргызстанда — күздөн кышка өткөндөгү ай. Айдын башында көптөгөн аймактарда кыш келет: аба муздак, кар жаайт, көлмөлөр тоңот.
Күндөр кыскарып, түндөр узарат. Дал ушул кыш мезгилинде Күндүн кышкы турушу болот (21-22-декабрда), мында күндүзгү күн эң кыска, түн эң узак болот.
Арктика, Скандинавия, Аляскада уюлдук түн келет — күн горизонттон көтөрүлбөй калат. Мелүүн кеңдиктерде биринчи туруктуу кар каптамдары пайда болуп, суук күчөйт. Түштүгүрөөк аймактарда аба ырайы муздак болсо да, кар анча жаабайт.
Бул айда көптөгөн жаныбарлар кышкы уйкуга кирген болот, мисалы, аюу, кирпи, кашкулак. Кыштабаган канаттуулар эбак жылуу аймактарга учуп кетишкен, ал эми кыштап калган канаттуулап эптеп күн өткөрүшөт. Токойлор жана талаалар тынчтыкка чөмүлүп эс алышат.
Декабрь айы жылдын аянташынын, жыйынтык чыгаруунун символу. Ак кар, кычыраган суу менен ассоциацияланат.
Майрамдар жана даталар
Эл аралык
- 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү
- 7-декабрь — Эл аралык жарандык авиация күнү
- 10-декабрь — Адам укуктарынын күнү
- 31-декабрь — Жаңы жыл алдындагы түн
Улуттук
- 4-декабрь — Манас эпосунун күнү.
- Экинчи дүйшөмбү — Малавиде дарактарды отургузуу күнү.
- 16-декабрь — Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү
- 22-декабрь — Энергетиктер күнү