Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ-СПИДке каршы күрөшүү күнү

Баш барак | Күндөр | 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ-СПИДке каршы күрөшүү күнү

Жыл сайын 1 декабрь спидке каршы кун белгиленет. Саламаттыкты сактоо жана маалыматта болууну жогорулатуу, оорудан каза болгондорго сый-урмат көрсөтүү маселелери менен байланышкан, ошондой эле даарыланууга жана алдын алууга мүмкүндүк алуу жетишкендиктерин белгилөө үчүн, бул күн эл аралык күндөрдүн бирден-бир маанилүүсү болуп калды.

Достор, дароо айтып коёлу, бул макала 1-декабрь спид куну жөнүндө гана, ал эми СПИД деген эмне, оорунун белгилери, кантип алдын алыш керек, жугуу жолдору жөнүндө өзүнчө макала даярдаганбыз, шилтемеси ылдый жакта.

1-декабрь спидке каршы кун

Ушул күнү бул эпидемия адам баласынын тиричилигине кандай коркунуч жаратаарын, трагедиянын масштабы, оору 20-кылымдын, эми 21-кылымдын чумасы экенин, жана албетте, бул оору менен кантип күрөшүп, ВИЧ/СПИДдин глобалдык жайылуусун кантип токтотуу жөнүндө, дүйнө жүзүндө айтып келишет.

Тарыхынан

1981-жылдын 5-июнунда американын ооруларды көзөмөлдөө борбору - СПИД аттуу жаңы ооруну каттайт.

СПИДке каршы курошуу куну эң алгач 1988-жылдын 1-декабрында бардык өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлеринин кезигишүүсүндө, социалдык чыдамдуулукка жана ВИЧ/СПИД оорусу жөнүндө маалымат алмашууну кеңейтүү чакырыгы айтылганда белгилене баштаган.

1 декабрь спидке каршы кун жылда белгиленүүчү эл аралык күн, дүйнөнүн бардык аймактарында жайылып жаткан ВИЧ жана СПИД пандемиясы менен күрөшүүгө чакырат. Уюшкан күч-аракеттер ВИЧ/СПИД оорусунун жайылуусун алдын алууга жана оорунун бардык аспектилери тууралуу маалымат берүүгө багытталган.

1996-жылы БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) "Бириккен улуттардын ВИЧ/СПИД көйгөйү боюнча программасы" (Joint United Nations Programme on HIV/AIDS, UNAIDS) аталган дүйнөлүк алты уюмдун биримдигин түзөт. Программа биргелешкен проектинин демөөрчүсү катары БУУнун балдар фонду, БУУнун өнүгүү программасын, БУУнун калк маселелери боюнча фонду, БУУнун илим, билим жана маданият боюнча уюму (ЮНЕСКО), дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана дүйнөлүк банкты бириктирет.

Айтылган UNAIDS программасы ВИЧ жана СПИД оорусун алдын алуу боюнча узак мөөнөттүү глобалдуу проектилерди колдойт; адамдын ВИЧ абалына (статус) карабастан укуктарын коргоого жардам берет, дартты алдын алуу чараларын окутууда, ВИЧ/СПИД маселелери боюнча изилдөөлөрдү колдоодо жана дарт менен күрөшүүдөгү эл аралык фронтту кеңейтүүдө бардык дүйнө өлкөлөрүнө көмөктөшөт.

Уюмдун маалыматы боюнча бүгүнкү күндө (2015) 15тен 45 жашка чейинки 35 миллиондон ашык адам ВИЧ инфекциясын жуктурган.

1 декабрь спидке каршы кун көпчүлүк өлкөлөрдө жылда өткөрүлүүчү иш-чара болуп калды. Өткөрүү күнү 1-декабрь болгону менен, көбү 1 жума, 1 айга созулган иш-чараларды өткөрүшөт.

Символ

СПИД менен күрөшүүнүн символу катары баардыгыбыз билип калган кызыл лента, бул лентасыз азыр бир дагы СПИД иш-чарасы өткөрүлбөйт десек болот. Лента СПИД оорусун түшүнүү символу катары 1991-жылдын жазында ойлоп чыгарылган. Идеясы - сүрөтчү Франк Мурга тиешелүү. Сүрөтчү Нью-Йорк штатынын провинциалдуу шаарында жашап, анын кошунасынын үй-бүлөсү жоокер кызынын Персид булуңунан ийгиликтүү кайтып келет деп, сары ленталарды тагынып жүрүшкөн. Мындай ленталар символ катары биринчилерден болуп Булуңдагы согуш учурунда пайда болгон. Көңтөрүлгөн "V" тамгасына окшош жашыл ленталар Антлантадагы балдардын өлтүрүүлөрү менен байланышкан санаалардын символу болчу. Ошондо сүрөтчү ушул сыяктуу лента СПИД оорусунун метафорасы болсо эмне болот деп чечимге келген.

Ф. Мурдун идеясын "Visual AIDS" тобу кабыл алып, топтун катышуучулары профессионалдык сүрөтчүлөрдөн жана искусство менеджерлеринен болгондуктан, СПИД дартынын жарнамалык символу ийгиликтүү жасалат. "Visual AIDS" тобунун жарнамалык барактарынан алынган сөздөр мындайча болгон: "6 сантиметр болгон кызыл лентаны кесип алып, өйдөңкү жагынан V формасындай бүктөп койгула, англис төйнөгүчүн кийимге тагуу үчүн колдонгула".

"Кызыл лента" проектиси жылда өтүүчү "Tony Awards" сыйлыгын 45-тапшыруу аземинде 2000-жылдын 2-июнунда официалдуу түрдө башталган. Бардык катышуучуларга жана талапкерлерге ушундай ленталарды тагынып алуу сунушталган. "Кызыл лента" проектисин жарыяланган пресс-релизине ылайык: Кызыл лента (көңтөрүлгөн V) биздин кайрымдуулугубуздун, колдообуздун жана СПИДсиз келечегибиздин үмүт символу болот. Проект менен байланышкан чоң үмүтүбүз бул - 1-декабрь буткул дуйнолук СПИДке каршы курошуу кунундо дүйнө жүзү бул ленталарды тагынып жүрүшү".

Адамдардын СПИД оорусунун коркконуна карабастан, кызыл ленталарды кийимдерине, баш кийимдерине тагынган адамдар көбөйүп, ал чоң популярдуулукка ээ болду. 1-декабрь спид менен курошуу куну майрам эмес, жөн гана акция.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2018-11-24, Көрүүлөр: 10220, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-15, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу