Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Азиянын тарыхы

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Азиянын тарыхы

Азиянын тарыхы — Азия өлкөлөрүнүн жамааттык тарыхы катары. Азия макаласына тиркеме.

Мазмуну

Жалпы маалымат

Азиянын тарыхын бир нече чет жээк перифериялык аймактарын өзүнчө тарых катары кароого болот: Чыгыш Азия, Түштүк Азия, Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын ортоазиялык талаалардын ички массаларынын байланышы катары. Жээк перифериясы дүйнөдөгү эң алгачкы белгилүү цивилизациялардын мекени болуп, алардын ар бири түшүмдүү дарыя өрөөндөрүнүн тегерегинде өнүккөн. Месопотамиядагы, Инд өрөөнүндөгү жана Сары дарыядагы цивилизациялардын окшоштуктары көп. Бул цивилизациялар математика жана дөңгөлөк сыяктуу технологияларды жана идеяларды алмашып турган болушу ыктымал. Жазуу сыяктуу башка жаңылыктар ар бир тармакта өзүнчө иштелип чыккандай. Бул ойдуңдарда шаарлар, мамлекеттер жана империялар өнүккөн.

Борбордук талаа чөлкөмү эзелтен эле атчан көчмөндөр менен отурукташып, алар талаалардан ат менен Азиянын бардык аймактарына жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Эң алгачкы талаалардан чыккан болжолдуу экспансия — бул өз тилдерин Жакынкы Чыгышка, Түштүк Азияга жана тохарлар жашаган Кытайдын чек араларына тараткан индо-европалыктардын экспансиясы. Азиянын эң түндүк бөлүгү, анын ичинде Сибирдин басымдуу бөлүгү, чытырман токойлор, климат жана тундрадан улам талаа көчмөндөрү үчүн негизинен жеткиликсиз болгон. Бул аймактарда адамдар өтө сейрек отурукташкан.

Борбору жана чет-жакалары негизинен тоолор жана чөлдөр менен бөлүнүп турган. Кавказ, Гималай тоолору, Каракум, Гоби чөлдөрү талаа чабандестери өтүүгө кыйын болгон тоскоолдуктарды түзгөн. Шаардыктар технологиялык жана социалдык жактан өнүккөн болсо да, көп учурларда талаанын атчандары ордосуна каршы көп нерсе жасай алышкан эмес. Бирок, атчан күчтөрдү багуу үчүн ойдуңдарда ачык шалбаалар жетишсиз болгон; ушул жана башка себептерден улам Кытай, Индия жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерди басып алган көчмөндөр көбүнчө жергиликтүү, бай коомдорго ыңгайлашкан.

Византия жана Перс империяларынын Ислам халифаты тарабынан талкаланышы Батыш Азия жана Борбордук Азиянын түштүк бөлүктөрү, Түштүк Азиянын батыш бөлүктөрү 7-кылымдагы жеңип алуулар учурунда анын башкаруусуна туш болгон (ага каратылган). Моңгол империясы 13-кылымда Азиянын көпчүлүк бөлүгүн Кытайдан Европага чейин жеңип алган. Моңголдордун басып кирүүсүнө чейин Сун династиясында 120 миллиондой жаран болгондугу айтылат; Басып кирүүдөн кийинки 1300-жылкы эл каттоого ылайык, 60 миллиондой адам.

Адамзат тарыхындагы эң кыйраткыч пандемиялардын бири болгон «Кара өлүм» Борбор Азиянын кургакчыл түздүктөрүндө башталып, андан кийин Жибек Жолу менен жайылган деп саналат.

Россия империясы 17-кылымдарда Азияга жайылып (аймагын кеңейтип), акыр аягы бүткүл Сибирди жана 19-кылымда Борбордук Азиянын көпчүлүк бөлүгүн басып алган. Осмон империясы 16-кылымдын жарымынан баштап Анатолияны, Жакынкы Чыгыштын көпчүлүк бөлүгүн, Түндүк Африка жана Балканды көзөмөлдөгөн. 17-кылымда манчжурлар Кытайды басып алып, Цин династиясын негиздеген. Улуу Моголдор ислам империясы жана индуисттик маратхалар, биринчиси 16 жана экинчиси 18-кылымдарда Индиянын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөшкөн. Япон империясы Экинчи дүйнөлүк согуштун аянына чейин Чыгыш Азиянын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын көпчүлүк бөлүгүн, Жаңы Гвинеяны жана Тынч океандын аралдарын көзөмөлдөгөн.

Тарыхка чейинки Азия

Палеолит

2,48ден 1,95 млн жыл мурун деп даталанган Олдувай маданиятынын куралдары жана сүт эмүүчүлөрдүн ташка айланган калдыктары Эз-Зарка өрөөнүндө Даукара (Dawqara Formation) формациясынын катмарларынан табылган. Таман жарым аралында бир нече эрте палеолит туруктары белгилүү, алардын эң байыркысы Кермек туругу (2,1—1,8 млн жыл мурун). Чыгыш Казакстандын Курчум-1 жана Курчум-2 археологиялык эстеликтери уст-убин кен катмарына (свитасына) туура келет, алардын жогорку чеги болжолдуу 1,8 млн жыл мурун деп даталанат. Израилдин Еврон (Evron-Quarry) жер табылгасындагы жашы болжолдуу 1 млн жыл делген Бизат Рухама израилдик туругундагы микролитикалык өнөр жай 1,5—2,4 млн жылдан ашык деп даталанат. Баатырлар/Көк балка туругунда (Таман жарым аралы) 1,5—1,2 млн жыл мурун жашаган кавказ эласмотериянын баш сөөгүндө кварцталган доломиттен турган найза сымал курал табылган.

Эрте палеолит доорунда Аравия жарым аралынын аймагы адам баласынын Жердин аймактарына тарай баштаган биринчи аймак болгон.

Грузияда табылган дманисиялык гоминиддердин (1,8—1,9 млн жыл) калдыктары Евразияда эле эмес жалпы Африкадан тышкаркы жерлерде табылган Homo тукумунун эң байыркы табылгалары. Убейдиядагы (Израиль) адам калдыктары 1,4 млн жыл деп даталанат.

Флорес аралында 700 миң жыл мурун Homo floresiensis түрү менен окшош адамдын карлик түрү жашап, 60—100 миң жыл мурун өлүп жок болгон.

Индонезиядагы Ява аралынан (явантроп, мегантроп), Кытайдан (юаньмоу адамы, синантроп, ланьтянь адамы), Израилден (Гешер-Бенот Яаков), Сириядан (Надауйе Айн Аскар) жашы 0,5—1 млн жыл болгон архантроптор калдыктары белгилүү.

Турциянын Денизли провинциясындагы Кокабас жеринде жашы 330—510 миң жылдык Homo erectus түрүнүн баш сөөгүнүн капкагы табылган.

380—200 миң жыл мунун Израилдеги Кесем жана Азербайжандагы Азых (азыхантроп) үңкүрлөрүндө байыркы адамдар жашашкан.

Люминесценттик хронология маалыматтары көрсөткөндөй Аравия жарым аралында 130 миң жыл мурун салыштырмалуу ысыгыраак болгон, жаан-чачындардын саны көбүрөөк, ушуга байланыштуу көк шибер каптаган жана жашоого жарактуу жер болгон. Ал убакта Кызыл деңиздин деңгээли төмөндөп, түштүк бөлүгүндөгү жазылыгы 4 км гана түзгөн. Бул кыска убакыт адамдар үчүн Баб-эль-Мандеб кысыгын басып (кечип) өтүүгө мүмкүндүк жараткан, ал аркылуу алар Аварияга жетип, Жакынкы Чыгыштагы биринчи бир катар туруктарды негиздешкен, мисалы, Джебель Файя (Jebel Faya). Эрте мигранттар Африкадагы климаттык өзгөрүүлөрдөн качып, «Аза дарбазасы» («Врата Скорби») аркылуу заманбап Йемен менен Омандын аймагына өтүп, андан ары жагымдуу климаттык шарттарды издешип Аравия жарым аралы аркылуу жылып отурушкан. Кызыл деңиз менен Джебель-Файянын (БАЭ) ортосу 2000 км, учурда бул жерде жашоого жараксыз чөл жайгашкан, бирок, болжолдуу 130 миң жыл мурда кезектеги муз доорунун аякташында Кызыл деңизди кечип же анча чоң эмес кайыкта сүзүп өтүү үчүн жетишээрлик тайыз болчу, ал эми Аравия жарым аралы чөл эмес, көк шибер капталган аймак эле. Сауд Аравиянын түндүк-батышындагы Тайма (Тейма) оазисинен анча алыс эмес Таас-эль-Гадха (Taas-al-Ghadha) жеринде табылган адамдын ортончу сөөмөйүнүн экинчи шыйбылчагы 90 миң жыл деп даталанат.

Европада муз доорунун аякташы менен климат ысык жана кургак болуп, Аравия адам жашоосуна начар ыңгайлашкан чөлгө айланган.

Денис адамы Денис үңкүрүндө болжолдуу 130дан 730 миң жыл мурун ортосунда тибеттик Байшия үңкүрүндө (Кытай) жашаган — болжолдуу 160 миң жыл мурун.

Азияда неандерталдардын табылгалары Жакынкы Чыгыштан (Шанидар, Схул, Кафзех, Табун) Сибирь жана Орто Азияга (Окладников, Чагыр, Денисов үңкүрлөрү, Тешик-Таш, Ангиляк) чейин таралган.

Кермел тоосундагы Мислия үңкүрүндөгү (Misliya Cave) «эрте заманбап Homo sapiens» (EMHS) сөөктөрү 194—177 миң жыл мурун деп даталанат. Кытайдын Суйцзияо (Xujiayao) жериндеги сөөктөр 125—104 миң жыл мурун деп даталанат. Анатомиялык жактан заманбап адамдардыкына окшош келген кытайлык Бицзенин тиштери 112 миң жылдан 178 миң жыл мурун деп даталанат. Кытайдын Чжижень үңкүрүнөн табылган божомолдуу сапиенстердин табылгалары 116 миң жылдан 106 миң жыл мурун деп бааланат.

Плейстоценде түз баскан адам өйдөңкү Пенджабедеги Потхохар дөңсөөсүндө жашаган, ошондой эле, Равалпиндинин жанындагы Соан дарыясын бойлой. Айтылуу соан маданиятынын табылгалары (дарыянын аталышынан чыккан) заманбап Индия, Непал жана Пакистандын чек араларында жайгашкан Сивалик аймагында кездешет.

77 000 — 69 000 жылдар мурун Суматра аралынын борбордук бөлүгүнүн түндүгүндө Тоба жанар тоосунун жарылуусу болгон, бул бөтөлкө моюнчасы эффектисинин (генофонддун кыскаруусу) калыптануусуна алып келгендир, натыйжада адам популяциясынын саны 2 миң адамга чейин кыскарган.

Гомо сапиенстин Азиага келиши (жогорку палеолит)

мтДНК анализи көрсөткөндөй Homo sapiens Түштүк Азияга болжолдуу 70—50 миң жыл мурун миграцияланышкан. Мадураинин батышында жайгашкан кыштактын жашоочусу эрте мигранттардын биринин түз тукуму экенин Y-хромосома анализи көрсөткөн. Кийин мигранттар Түштүк-Чыгыш Азияга жайгашышып, болжолдуу 40—60 миң жыл мурун Австралияга жеткен (Мунго көлүнүн таш болуп калган табылгалары).

Там Па Линг (маймылдар үңкүрү) акиташ үңкүрүнөн табылган Homo sapiens TPL 7 грацилдик чеке сөөгү 70 миң жыл муруңку геологиялык жашка ээ.

Кальяо адамы (Callao Man) жана Филиппин аралдарындагы Табондук адам (Tabon Man) биринчиси 66,7 ± 1 миң жыл жана экинчиси 47 ± 11 миң жыл мурун жашашкан. Неандерталецке дагы, кроманьонго да окшош Оби-Рахмат үңкүрүндөгү баланын калдыктары 50 миң жылдан аз эмес жаш менен даталанат.

Лаостук үңкүр Там Па Лингдеги TPL 1 баш сөөгү болжолдуу 46 миң жыл деп даталанат.

Россиялык Усть-ишим адамы Таймырдан чыккан сопкаргиндик мамонт сыяктуу эле 45 миң жылдык жаш менен даталат, мамонттун бет сөөгүндө оор найзадан жаракат алганын окумуштуулар аныкташкан. Байгардан (Тюмень облусу) чыккан адамдын таран (согончок үстүндөгү) сөөгү 40,3 миң жыл деп даталанат.

Худжи (Тажикстан) туругунан чыккан Khudji 1 аталган тиш 42110+2440/-1870 жыл мурун датасы менен белгиленет. Тяньюань кытай үңкүрүнөн чыккан адам (Tianyuan man) 37—42 миң жыл менен даталанат. Малазиянын Калмантан (Борнео) аралындагы Ниа үңкүрүндөгү адам 37—42 миң жыл менен даталанат. Көкжал чээни (Россия) аталган үңкүрдөгү адам 34—34,5 миң жыл менен даталанат. Красноярск суу сактагычынын (Россия) Покровка II (Малый Лог II) жеринде табылган адам 27740±150 жылдык курак менен бааланган. Жогорку палеолитке Армян үңкүрдүк туруктар Ереван I жана Лусакерт I таблыган архаикалык палеантропологиялык табылгалар таандык.

Шри-Ланканын үңкүрлөрүндө Түштүк Азиядагы заманбап адамдын эң эрте ишмердүүлүгүнүн издери табылып, болжолдуу 34 миң жыл мурун деп бааланган (Kennedy 2000: 180).

Уттар-Прадеш (Индия) штатынын түштүгүндөгү Беландагы табылгалар радио көмүртектүү ыкма менен изилденип, болжолдуу 18—17 миң жыл менен бааланган. Ошондой эле, палеолиттик аска искусствосунун үлгүлөрү белгилүү.

Бхимбетка үңкүрүндө адамдар жогорку палеолиттик жашашкан (биздин заманга чейин 10—8 миң жыл) — анда б.з.ч 7000-жыл менен бааланган дубал сүрөттөрү табылган. Пакистандык Сиваликс жана Потвар аймактарында омурткалуу жаныбарлардын жана палеолиттик куралдардын көптөгөн калдыктары табылган, ал убакта куралдар яшма, кварцит дегендерден жасалган.

Мезолит

Түштүк Азияда мезолитке мүнөздүү тенологиялар алгач Шри-Ланкада табылган, мында микролиттер (кичинекей таш курал) эрте пайда болуп, аймактын айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн тазалоо башталган. Ошону менен бирге, жергиликтүү чарбачылыкта аңчылык жана чогултуучулук доминанттуулук кылып, турак жайлар мезгилдик болгон.

Түштүк Индияда мезолит Түндүк Индиядагы коло доору менен бирге жана ал жакка түндүктөн металл технологияларынын алып жүрүүчүлөрү келгенге чейин көпкө чейин сакталган.

Неолит

Жакынкы Чыгышта неолит болжолдуу б.з.ч. 9500-жылы башталган.

Неолиттик революциянын жакынкы чыгыштык борборунда эрте неолитке б.з.ч. 6200-жылкы кризиске чейин жашаган чопо маданиятына чейинки неолит таандык. Чопо баарынан мурда Чатал-Гуюк, Джармо, Хаджилар кыштактарында пайда болот.

Неолиттик революциянын алыскы чыгыш борборунда бул мезгилге Пэнтоушань жана Пэйлиган маданияттары таандык. Алар менен бирге Дзёмон субнеолиттик маданияттар болгон, мунун чегинде чопо (керамика) идиш ойлоп табылган, жана бир катар бакча-короо өсүмдүктөрүн үй өсүмдүктөрү кылуу менен ассоциациялаган Хао Бин.

Индиядагы эрте неолит эстеликтеринин бири Ганганын орто бөлүгүндөгү Лахурадева саналат. Ал радио көмүртек ыкмасы аркылуу изилденип б.з.ч 7 миң жыл деп бааланат. Ганг жана Ямуна дарыяларынын туташкан жеринде дагы бир эстелик табылып, неолиттик катмарлары орточо б.з.ч. 7100 жыл деп бааланган.

Чопого чейинки неолит (Мергарх I, Белуджистан, Пакистан, ошондой эле, «азык-түлүк өндүрүмүнүн эрте доору») болжолдуу б.з.ч. 7000-жылдан 5500-жылга чейин созулган. Чопо неолит б.з.ч. 3300 жылга чейин созулган, анын калдыктары Харапп цивилизациясынын жез жана коло доорлорундагы эрте жашоо мезгилдеринде байкалган.

Түштүк Индияда неолит б.з.ч. 3000-жылдан эрте эмес башталып, болжолдуу б.з.ч. 1400-жылга чейин созулган. Индиянын түштүк бөлүгүндө адамдар эң узак жашагандыгын археологиялык казуулар көрсөткөн (өзгөчө Тамил Надуда). Адичаналлурада, Тирунелвелиден 24 км, Индиянын Археологиялык комиссиясынан турган археологдор 169 чопо идиштер (урналар) табылган, анда адамдын баш сөөктөрү, скелети жана жөнөкөй сөөктөрү болгон, ошондой эле күрүчтүн кабыгы (кебеги) жана буудайлары, күйгөн күрүч, жана неолиттик кельт-балталар болгон, а бул анын неолит дооруна таандык кылууга мүмкүндүк берген. Алар орточо 3000 миң жыл мурун деп бааланат.

Түштүк Индия Неолити Андхра-Карнатака аймагында б.з.ч 2500-жылдан баштап денени өрттөө менен коштолгон кургандык көрлөр менен мүнөздөлөт, алар акырындык менен Тамил-Надда да жайылган. Түндүк Индия жана Тхирунелвели аймагында орун алган Адичаналлуреде өткөрүлгөн салыштырмалуу казуулар аймактык мегалиттик маданияттын түштүк багытта миграция жасандыгы жөнүндө күбө маалыматтарды ачыкка чыгарган. Эң айкын күбө болгон маалымат мегалиттик идиш (урна) көрлөр болжолдуу б.з.ч. 1000-жылдарга таандык, алар Тамил Наду штатынын бир нече жерлеринде табылган, негизинен Тирунелвеллиден 24 км араллыкта жайгашкан Адичаналлуреде, мында археологдор брахми жазуусундагы тамиль тилинде жазылган 12 идиш тапкан.

Индонезия аймагында болжолдуу б.з.ч 2000-жылдары австронезиялыктардын экспансиясы учурунда австралоиддер көбүрөөк санда болгон моңголоиддердин уруулары менен сиңирилген (же жутулган).

Байыркы дүйнө

Коло доору

Шумерлер цивилизациясы

Б.з.ч. 4-миң жылдыктын экинчи жарымында Түштүк Месопотамияда шумерлер пайда болгон — кеч жазма документтерде өзүлөрүн «кара баштуулар» деп атаган эл (шумерче «санг-нгига» же «сак-гиг», аккадча «цальмат-каккади»). Булар Түндүк Месопотамияны болжолдуу ошол эле убакта же кечирээк жердеген семит урууларына этникалык, лингвистикалык жана маданий жактан бөлөк эл болгон. Шумер тили анын укмуштуудай грамматикасы менен биздин күнгө чейин сакталып калган тилдердин бирөөнө дагы туугандыгы жок. Алардын алгачкы мекенин издөө аракеттери дагы деле ийгиликсиз болууда.

Убайд мезгилинде (б.з.ч. 6 миң жылдыктын аягы) жашап келген биринчи кыштак Эриданын пайда болгонунан баштап Месопотамиянын түштүгүндө жайгашкан Шумер дүйнөдөгү эң байыркы цивилизация, урук (б.з.ч. 4 миң жыл) жана династиялык мезгилде (б.з.ч. 3 миң жыл) да жашап, б.з.ч 3 миң жылдыктын аягында жана 2 миң жылдыктын башында Ассирия менен Вавилондун гүлдөө мезгилинде алсырап калган. Саргон Улуу негиздеген Аккад империясы б.з.ч. 24-кылымдан 21-кылымга чейин жашап, дүйндөгү биринчи империя саналат. Аккад аймактары убакыттын өтүшү менен ассириялык жана вавилондук падышалыктарга бөлүнүп кеткен.

Байыркы дарыя аралык
Байыркы дарыя аралык (сүрөт булагы)

Сыңары шумерлер келген өлкө Азияда жайгашкан өңдөнөт, айрыкча тоолуу аймакта, бирок, деңизде сүзүүнү үйрөнүүгө ылайыктуу жерде. Шумерлердин тоодон келгендиги тууралуу күбөлүк алардын чиркөөлөрдү куруу ыкмасы, мында алар жасалма төшөлмөлөрдө же иреттеп коюлган кышта же чопо блоктордо дөңсө-терассаларда курулган. Мындай салт түздүктөрдө жашаган адамдарда пайда болуусу күмөндүү. Аны диний ишенимдери менен кошо өзүнүн мекенинен тоо чокуларында кудайга сый-урмат көрсөткөн тоо жашоочулары гана алып келмек. Дагы бир күбө — шумер тилинде «өлкө» жана «тоо» сөздөрү бирдей жазылат. Шумерлердин Месопотамияга деңиз жолу аркылуу келгендиги да көптү айтат. Биринчиден, алар, алгач, дарыянын деңизге куйган жеринде пайда болушкан. Экинчиден, алардын байыркы диний ишенимдеринде башкы ролду Ану, Энлиль жана Энки кудайлары ойногон. Жана, акыркысы, Эки дарыяда жайгашуусу менен шумерлер дароо эле ирригациялык чарбаны, деңизде жана дарыяларда сүзүүнү юуштурууга киришкен. Месопотамияда пайда болгон биринчи шумерлер анча чоң эмес топту түзгөн. Ал убакта деңиз аркылуу массалык миграция кылуу жөнүндөгү мүмкүндүктү айтууга кыйын. Шумерлердин эпосунда алардын Мекени эске салынып, аны алар бүткүл адамзаттын Мекени деп санашкан — Дильмун аралы, бирок, ал жакта тоолор жок.

Дарыялардын деңизге куйган жеринде отурукташып, шумерлер Эреду шаарына ээ болгон. Бул алардын биринчи шаары эле. Кийинчерээк, алар аны өзүнүн мамлекеттүүлүгүнүн бешиги деп санай башташкан. Бир катар жылдардын өтүшү менен шумерлер жаңы шаарларды куруп же жеңип алуу менен Месопотамия түздүгүнүн тереңине жылышкан. Эң алыс мезгилдер үчүн шумер салты ушунчалык легендарлуу болуп, эч кандай тарыхый мааниге ээ эмес. Беростун маалыматынан эле вавилон жрецтери өзүнүн өлкөсүнүн тарыхын эки бөлүккө бөлүшкөн: «ташкынга чейин» жана «ташкындан кийин». Берос өзүнүн тарыхый эмгегинде «ташкынга чейин» башкарган 10 падышаны белгилеп, алардын башкаруусундагы фантастикалык сандарды берген. Ошондой эле, маалыматтар б.з.ч. 21-кылымдагы шумер текстин берет, айтылуу «Падышалык тизме». Эредудан тышкары шумерлердин «ташкынга чейинки» борборлорун «Падыша тизме» Бад-Тибиру, Ларак (кийин мааниси аз кыштактар), ошондой эле, түндүктөгү Сиппар жана борбордогу Шуруппакты келтирет. Бул келгин калк өлкөнү сүрүп чыгарбастан каратып алган — шумерлер муну жасай алмак эмес — жергиликтүү калкты, тескерисинче жергиликтүү маданияттын көптөгөн жетишкендиктерин кабыл алышкан.

Материалдык маданияттын, диний ишенимдердин, түрдүү шумер шаар-мамлекеттеринин коомдук-саясый уюшкандыктарынын теңдештиги, алардын саясый жалпылыгын тастыктабайт. Тескерисинче, Месопотамиянын тереңине болгон шумерлердин эспансиясынын башында өзүнчө шаарлардын жаңы негизделген, ошондой эле жеңип алынган деген атаандашуусу пайда болгон деп жоролмолдоого болот.

Элам

Байыркы Элам Шумер менен Аккадан чыгышты карай жакта жайгашкан, заманбап Ирандын четки батышында жана түштүк-батышында, Хизестандын жана Илам останынын төмөнүндө. Байыркы Элам мезгили (орточо б.з.ч. 3200-жыл) Иран түздүгүндө борбору Аншан болгон бир катар падышалыктардан турган.

Элам мамлекети
Элам мамлекети

Протоэламдык цивилизация б.з.ч. 3200 — 2700-жылдары Сузы, кийинчерээк Элам борбору Иран түздүгүнүн маданияттарында бедел-баркка ээ боло баштаганда жашаган. Бул коңшу шумердик цивилизация менен бирдей жашаган Ирандагы эң байыркы цивилизация деп саналат. Дешифрлене элек протоэламдык кат, жаңы жазуу болгон элам шынаа формалуу жазуу менен алмаштырганга чейин кыска мөөнөттө гана колдонулган.

Б.з.ч. 2 миң жылдын жарымынан баштап Эламдын борбору Хузестандын төмөнүндөгү Сузы болгон.

Элам Ассирия империясы тарабынан б.з.ч. 8-7 кылымдарда сиңирилген, бирок, перстер биротоло ассимиляция жасаганга чейин элам цивилизациясы б.з.ч. 539-жылга чейин сакталган.

Амореилер

Амореилер Ефраттан батышты карай аймактагы аймакты б.з.ч. 2 миң жылдыктын жарымынан 3 миң жылга чейин ээлеген көчмөн семиттик эл болгон. Б.з.ч 2400-жылдан баштап шумерлердин эрте булактарында амореилердин өлкөсү («Martu») Шумерден батышты караган жерлер менен байланыштырышат, анын ичинде Сирия жана Ханаан, бирок, амореилердин тек мекени Аравия болсо керек. Акыр-аягы амореилер Месопотамиянын жердеп, Исин, Ларса, кийинчерээк Вавилон сыяктуу өлкөлөрдү башкарган.

Орто коло доору

Кеч коло доору

Хурриттер Месопотамиянын түндүгүндө жана түздөн-түз андан чыгышты, батышты карай аймактарда болжолдуу б.з.ч. 2500-жылдары пайда болгон. Алардын пайда болушун Кавказдын аймагынан чыккан куро-арак маданиятынын алып жүрүүчүлөрүнүн миграциясы менен байланыштырышат. Алгачкы отурукташуусунун өзөгү Хабур дарыясынын өрөөнүндөгү Субарту болгон. Кийинчерээк, хурриттер Месопотамиянын түндүгүндө жана Сириянын бир нече анча чоң эмес падышалыктарында башкаруучу катары өзүлөрүнүн бийлигин бекемдешип, алардын ири жана күчтүүсү Митани падышалыгы болгон. Хурриттер алар менен батыштан коңшулук кылган хеттердин тарыхында маанилүү ролду ойноп өткөн.

Митанни б.з.ч. 1500-жылы жаралган хурриттик падышалык болгон, ал эми XIV кылымдагы жогорку күч-кубатында өзүнө Анатолиянын түштүк-чыгыш аймагын, заманбап Сирия жана Ирактын аймактары (болжолдуу заманбап этникалык Курдистандын аймагына туура келген аймак) борбору Вашуканни менен камтыган, акыркынын жайгашкан жери археологдор тарабынан дагы деле аныктала элек (2021). Митаннинин башында индоариялык тектүү элита турган (индоариялыктар б.з.ч. 17-кылымда Левантка басып кирген), Митаннинин документтеринде сакталып калган маалыматтарда тили лексига бай келген (негизинен жылкылар менен байланышкан). Алардын кыймылы менен Сирияда чопонун (керамиканын) жайылышын байланыштырып, аны куро-аракс маданияты менен ассоциациялашат, бирок, мындай учурда даталоо менен карама-каршылыктар жаралат.

Анатолиянын четки чыгышында Ишува падышалыгы жашаган, анын аталышы б.з.ч. 2 миң жыл мурда күбөлөндүрүлгөн. Классикалык мезгилде анын аймагы Армениянын курамына кирген. Мурда, неолит доорунда, Ишува айыл чарбанын жаралуу борборлорунун бири эле. Болжолдуу б.з.ч. 3500-жылдары өйдөңкү Ефрат өрөөндөрүндө шаардык борборлор жаралат. Анын артынан б.з.ч. 3000-жылдары биринчи мамлекеттер пайда болот. Ишувада аз сандагы гана жазма булактар табылган; ал жөнүндөгү маалыматтардын көпчүлүгү хетт тектсттеринен белгилүү.

Ишувадан батышты карай ага коркунуч жараткан Хетт падышалыгы турган. Хетт падышасы Хаттусили I (болжолдуу б.з.ч. 1600-жылы) өзүнүн аскерлерин Ефрат аркылуу өткөрүп, алдынан чыккан шаарларды талкалап кете берген, а бул Ишува археологиялык катмарларына ылайык өрттөнүүнүн издери бар урандыларга жакшы ылайык келет. Б.з.ч. 12-кылымдагы Хетт падышалыгынын коллапсынан кийин Ишувада жаңы мамлекет жаралган. Малатья шаары сир-хеттик падышалыктардын биринин борбору айланып, балким, Ишуваны биротоло ассириялыктар тарабынан жеңип алганга чейин эле көчмөн элдердин миграциясы менен алсыздангандыр. Анын аймагында б.з.ч. 7-кылымдан Рим жеңип алууларына чейин байкалган алсыздануу, балким ошол миграциялардан пайда болсо керек. Кийинчерээк бул аймакты армяндар жердешкен, балким, генетикалык жактан Ишуванын калкына тууганчылыгы бар.

Киццувадна коло доорунун дагы бир байыркы падышалыгы, б.з.ч. 2 миң жылдыкта Анатолиянын түштүк-чыгышында, Искендерун булуңунун жанында, Тавр тоолорун жана Джейхан дарыясын айланта жашаган. Бул падышалыктын борбору бийик тоодо жайгашкан Кумманни шаары эле. Кийинчерээк бул аймак Киликия аталышында белгилүү.

Лувиялык тил — индоевропалык түрдүн анатолиялык тобунун жок болуп кеткен тили. Лувиялык тилдин алып жүрүүчүлөрү акырындык менен Анатолия боюнча жайылып, 1180-жылдары Хетт империясынын мезгилинде жана анын алсызданган учурунда да кеңири таралган тил болуп маанилүү ролду ойногон. Ошондой эле, лувиялык тил Сириянын Мелид, Кархемиш сыяктуу аймактардагы сиро-хеттик падышылактарда, борбордук Анатолиянын Табал падышалыгында кеңири жайылган тил болгон, Табалда орточо б.з.ч. 900-жылдарга чейин гүлдөгөн. Лувиялык тил эки формада сакталган: лувиялык клино жазуу (клинопис) жана иероглифтик лувиялык, булар үчүн жазуусу гана эмес, бир катар диалекттик өзгөчөлүктөр да айырмаланган.

Мари, заманбап Абу-Камал шаарынан түндүк-батышты карай 11 км, Евфраттын батыш жээгинде, орточо Дейр-эз-Зорадан (Сирия) түштүк-чыгышты карай 120 км аралыкта жайгашкан байыркы шумердик жана амореилик шаар болгон. Анда б.з.ч. 5 миңинчи жылдан баштап эл отурукташа баштаган делет, бирок, анын гүлдөө мезгили аны Хаммуралилер тоноп кеткендеги б.з.ч. 2900 жана 1759-жылдар аралыгына туура келет.

Ямхад көп сандагы хурриттер да отурукташкан жана анын маданиятына таасир эткен байыркы амореилик падышалык болгон. Падышалык орто коло доорунда күч-кубатта болуп турган (орточо б.з.ч. 1800—1600-жылдар). Анын башкы атаандашы түштүктөгү Катна болгон. Акыр-аягы Ямхадды хеттер б.з.ч. 16-кылымда талкалашкан.

Арамеилер жогорку Месопотамияда жана Арамда (Сирия) жашаган батышсемиттик жарым көчмөн калк болгон. Арамеилер эч качан бирдиктүү падышалыкты түзүшкөн эмес; алар бүткүл Жакынкы Чыгыш боюнча бир катар көз карандысыз мамлекеттерге бөлүнгөн. Буга карабастан, дал ушул арамейлерге бүткүл Жакынкы Чыгышка, ал гана эмес андан тышкары өзүнүн тилин жана маданиятын таратууга жетишкен, бул негизинен империяда бири-бирин алмаштырган калктын массалык жер которуулары менен байланыштуу, анын ичинде Ассирия жана Вавилондо. Көчмөн жашоо образына көнгөн арамеилер көчүп-конууларды салыштырмалуу оорчулуксуз эле өткөрүшкөн. Акыр-аягы дээрлик темир доорунда арамей тили Перс империясынын официалдуу тили болуп калган.

Коло коллапсы

Коло коллапсы термини кеч коло доорунан эрте темир дооруна чукул жана драмалык өтүүнү белгилөө үчүн тарыхчылар тарабынан киргизилген. Бул мезгил зомбулуктун өсүүсү, маданий салттардын чукул үзүлүүсү, Эгеид жана Анатолиянын кан сарайлык экономикаларынын урашы менен байланыштуу, мында бир нече жүз жыл караңкы кылымдардан кийин мурдагыларга окшоштугу жок жаңы мамлекеттер жаралган.

Амарн мезгилиндеги чыгыш Жер Ортолук Деңиз (болжолдуу б.з.ч. XIV—XII кылымдар)
Амарн мезгилиндеги чыгыш Жер Ортолук Деңиз (болжолдуу б.з.ч. XIV—XII кылымдар) (сүрөт булагы).

Коло коллапсын технологиялык тарыхтын контекстинде кароого болот — б.з.ч. 13-12 кылымдарда Румыниядагы эрте темир буюмдардан баштап аймактагы темирди иштетүү технологиясынын жай жайылуусу. 1206—1150-жылдары арты-артынан микен падышалыгы, Анатолия жана Сириядагы хет падышалыгы сыяктуу улуу маданияттар жок болгон, египеттиктер Сирия жана Палестинадан сүрүлүп чыгарылып, алыскы соода байланыштар үзүлүп, бир катар жазуулар жоголгон.

Көрсөтүлгөн мезгилдин биринчи баскычында Троя менен Газа ортосундагы (ошондой эле, бул аймактан тышкары кээ бирлери) дээрлик бардык шаарлар талкаланып жана андан кийин жашоого мүмкүн эмес болуп калгандары сейрек эмес (мисалы, Хаттуса, Микен, Угарит).

Биздин заманга чейин 10 кылымда караңгы кылымдар аяктайт; бул убакта Сирия жана Анатолиядагы, ошондой эле Жаңы ассириялык империяда сир-хеттик падышалыктардын (арамеялык) таасири күчөйт.

Түштүк Азия

Инда өрөөнүнүн цивилизациясы

Б.з.ч. VII кылымдан тарта Инда жана Сарасвати өрөөнүндө өндүрүүчү чарба өнүгө баштайт. Эрте жер иштетүүчү маданият бөлүнүп, аны мергардык деп атай башташат. Бул доордо адам баласы ошол аймакка жер иштетүүнү өнүктүрүүгө, аңчылык жүргүзүүгө жана жаңыдан жаралып келе жаткан мал чарбачылыкка оптималдуу келген азык-түлүктөрдү алуунун эффективдүү жолун тапкан. А бул сапаттуу жаңы баскычка өтүүгө улам жаңы шарттарды түзгөн — жаңы маданий-тарыхый комплексти калыптандыруу.

Инда өрөөнүнүн маданияты аймакта жалгыз болгон эмес. Мисалы, ага чейин Амриде бир нече мезгил жашаган маданият болгон.

Түштүк Азия
Түштүк Азия

Инд же Харап цивилизациясы — байыркы египет жана шумер цивилизациялары менен катар адам баласынын эң байыркы үч цивилизацияларынын бири. Бардык үч цивилизациянын арасынан бул эң чоң аянтты ээлеген. Харап цивилизациясы Инд дарыясынын өрөөнүндө б.з.ч. 3300—1300 жылдары өнүккөн. Маанилүү борборлору — Ракхигархи, Хараппа, Лотхал жана Мохенджо-Даро. Гүлдөө жылдарындагы калкы орточо 5 миллион адамды түзгөн. Шумер жазууларында Харап цивилизациясы болжолдуу «Мелухха» аталышын алып жүргөн.

Хараптыктарда монументалдык куруу, коло металлургиясы, майда скульптура өнүккөн. Жеке мүлктүк мамилелер түйүлдүк абалында болуп, айыл чарбанын негизинде ирригациялык жер иштетүү болгон. Мохенджо-Дародо археологдор тарабынан алгачкы коомдук дааратканалардын бири, ошондой эле, шаардык саркынды суулар системасы табылган.

Инд борборунун түшүмдүү топурактары, жогорку нымдуулук, ботаникалык ар түрдүүлүк жер иштетүүнүн эрте өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн, ал чарбалыктын негизи болуп, аңчылык жана балык улоочулук, ал эми деңиз жээктеринде — деңиз ишмердиги менен толукталган.

Харап кыштактарынын маданияты цитаделдер жана төмөнкү шаарлардан туруп, тыкат пландоо, саркынды суулар түзүмү жана бекемдөөлөр менен айырмаланган. Турак үйлөр болжолдуу эки кабаттуу, жалпы аянты 355 м² чейин болгон. Эмгек куралдар көбүнчө жез жана колодон даярдалган.

Жамааттын жашоосундагы ирригациялык системанын жогорку ролунан улам жакшы уюшкан бийлик институту талап кылынган. Балким, мурастык бийликтин институту ата-бабалар ишенимдеринен жаралгандыр, ал эми жрецчилик кудайга айландырылган саясый иерархиянын чокусу жана коомдун калган катмарынын ортосунда ортомчунун ролун аткарган.

Маанилүү роль тышкы соодага берилген: Харап цивилизациясында Месопотамия, Орто Азия менен соода катнаштары болуп, түз соодалашуу Шумер менен Аравияга чейин жеткен.

Инд өрөөнүндөгү цивилизация ареалы
Инд өрөөнүндөгү цивилизация ареалы

Батыш Индияда Арияга чейинки цивилизациянын болгондугу жөнүндө биринчи маалыматты XIX кылымда Александр Каннингем жарыялаган. Инд цивилизациясынын болгонун биротоло 1921—1922-жылдары Джон Маршал башчылык кылган экспедиясы аныктаган.

Жазуу

Протоиндиялык жазуу дагы деле дешифрлене элек. Тили жөнүндө маалыматтын жана аутентикалуу (башатташ) тексттердин жоктугу, ошондой эле, табылган жазуулардын кыскалыгы маселени татаалдантууда. Ю. Кнорозовдун гипотезасына ылайык протоиндиялыктар оңдон солду карай жазышкан. Колдонулган иероглифтик белгилер, балким, пиктографиядан алынгандыр же анын үлгүлөрүнөн ойлоп чыгарылган. Ал эми дравиддик гипотеза көбүрөөк атактуулукка ээ (аны колдогондор: Аско Парпола, Иравадхам Махадэван, Юрий Кнорозов). Белгилүүлүгү жагынан мифтик-тарыхый «Махабхарат» жана «Ригвед» маалыматтарына шилтеме жасоо менен кийинки гипотеза — индоаравиялык, мында ариялар Индияда б.з.ч. 34 кылымда эле жашаган деп жоромолдонот (негизинен грек окумуштуусу Н. Казанас тарабынан өркүндөтүлүүчү). Брахман жана Араньяк (негизинен, «Шатапатха-брахманда») кеч ведиялык адабиятта баяндалган Хараптардын материалдык маданияты менен артефакттардын аналогиялары бир нече жолу белгиленген. Окумуштуулар протоиндиялык жазуунун тарыхын изилдеп, иероглифтик белгилерине графикалык аналогияларды табууну, жазуусу жергилитүү же башкалардан өздөштүрүлгөнбү деген суроолорго жооп издөөдө. Табылган такталар сүрөттөрдөн же пиктограммалардан турат, ал эми Инд өрөөнүндөгү нак жазуу өнүккөн эмес деген полемикалык көз караш да бар. Бул көз карашты Майкл Витцель колдоп келет.

Темир доору

Б.з.ч. 911-жылдан баштап эрте темир доорунун учурунда Вавилон жана башка майда падышалыктар менен аймакта доминанттык кылуу үчүн атаандашкан Жаңы Ассириялык империя жаралган. Бирок, б.з.ч. VIII кылымдагы Тиглатпалассара III реформаларынын натыйжасында гана ири жана каардуу империяга айланган. Кеч коло доорунун орто ассириялык мезгилинде Ассирия түндүк Месопотамиядагы падышалык болгон (заманбап түндүк Ирактын аймагы), ал өзүнүн түштүк кошунасы Вавилон падышалыгы менен таасир этүү үчүн атаандашып турган. 1365—1076-жылдардан тарта ал Байыркы Египет жана Хетт падышалыгы менен атаандашкан кубаттуу империя эле. Адад-нирари II компаниясынын артынан Ассирия ири империяга айланып, Байыркы Египеттин 25-династиясын тактан түшүрүп, Египетти, Жакынкы Чыгышты жана Кичи Азиянын ири аймактарын жеңип алууга жетишкен, анын ичинде Ирандын, Закавказье жана чыгыш Жер Ортолук Деңиздин аймактары. Жаңы Ассириялык империя Орто Ассирия мезгилинин мурасчысы болгон (б.з.ч. XIV—X кылымдар). Бир катар окумуштуулар, анын ичинде Р. Н. Фрай Жаңы Ассириялык империяны тарыхтагы биринчи империя (толук же бүтүн маанисинде) катары карашат. Ал мезгилде империяда арамей тили кийинчерээк сүрүлүп чыгарылган аккад тили менен бир катар экинчи официалдуу тил болгон деп саналат.

Ошол эле убакта, Сириянын түндүгүндөгү жана Анатолиянын түштүгүндөгү б.з.ч. 1180-Болжолдуу 700-жылдары Хетт империясынын урандыларында Жаңы Хетт падышалыктар болгон, бул падышалыктардын жашоочулары лувия, арамей жана финикия тилдеринде сүйлөшкөн. «Жаңы Хетттиктер» термини кээде Мелид (Малатья) жана Каркамиш (Кархемиш) сыяктуу княздыктардагы лувия тилинде сүйлөгөндөргө тар мааниде колдонулат, бирок, кеңири мааниде «сиро-хеттик падышалыктар» термини учурда Хетт падышалыгынын коллапсынын натыйжасында борбордук Анатолияда пайда болгон бардык мамлекеттерге колдонулат, анын ичинде Табал жана Куэ, ошондой эле, суу (же деңиз) жээк жана түндүк Сирия падышалыктарына.

Урарту падышалыгы заманбап Армениянын жана түндүк Месопотамиянын аймагында б.з.ч. 860 жана 585-жылга чейин жашаган. Ал Кичи Азия, Месопотамия жана Кавказдын ортосундагы бөксөө тоодо жайгашкан, учурдагы Армян тайпак тоолору, борбору болсо Ван көлүнүн боюнда болгон (учурда — чыгыш Турция). «Урарту» аталышы эски осуяттык Арарат терминине жакын.

Жаңы Вавилондук империя термини Вавилониянын 11-Халдей династиясына таандык, б.з.ч. 623-жылы Набопаласардын көтөрүлүшүнөн тартып, б.з.ч. 539-жылкы Улуу Киранын басып кирүүсүнө чейин. (ошондой болсо да, Вавилониянын акыркы падышасы Набонид халдей эмес эле ассириялык Харран шаарынан чыккан). Жаңы Вавилон падышалыгынын тарыхынын эң көрүнүктүү окуясы Навуходоносор II башкаруусу болгон.

Бир нече кылымдар бою Ассирия аймакта бийлик кылып турганда, Вавилония таасирдүү абалды колдонуп, абалдуу жоготуунун кенедей белгилери пайда болгондо козголоң чыгарып турган. Ушуга карабастан, ассириялыктарга дайыма вавилондуктардын лоялдуулугун калыбына келтирүүгө жетишип турушкан, артыкчылыктарын көбөйтүү же аскердик ыкма менен. Б.з.ч. 627-жылы акыркы кубаттуу ассириялык падыша Ашшурбанипалдын өлүмү менен абал биротоло өзгөргөн, жана бир нече жылдан кийин Набопаласар башында турган вавилондуктар халдей династиясына каршы көтөрүлүшкө чыккан. Мидиялыктар жана скифтер менен шериктештикте алар б.з.ч. 612-жылы ассириялык борбор Ниневияны жана б.з.ч. 608-жылы Харанды талап-тоноп, басып алышып, империянын борбору кайрадан Вавилонго жылган.

Ахеменид империясы персид тилинин учурдагы жайылуу аймагынын кыйла бөлүгүнө («чоң Иран») көзөмөл орнотууга жетишкен биринчи перс мамлекети жана жалпысынан экинчи иран тилдүү улуу мамлекет (Мидия империясынан кийинки). Ахеменид империясы болжолдуу 7,5 млн км² аймакты ээлеп, өзүнүн өнүгүүсүнүн туу чокусунда, аймагы боюнча үч континенттин жерлерин, анын ичинде Афганистан, жарым-жартылай Пакистан, Орто Азия, Кичи Азия, Фракия жана Кара деңиздин көптөгөн жээк аймактары, Ирак, Аравия жарым аралынын түндүгү, Иордания, Израиль, Ливан, Сирия, сыяктуу заманбап өлөкөлөр, ошондой эле Байыркы Египеттин жана Ливиянын бардык ири шаарларын ээлеп классикалык байыркылуулуктун эң ириси болгон. Грек-Перс согушунун учурунда Ахемениддер грек полистери менен касташып, ошол эле учурда, еврейлерди вавилон туткунунан бошотуучулар деп Библияда оң белгиленип жана империянын официялдуу тили болгон арамей тилинин жайылтуучулары катары белгигенген.

Кытай цивилизациясы

Кытай аймагындагы коло доорунун биринчи белгилүү мамлекети Аньяна аймагындагы Хуанхэ дарыясынын ортоңку агымындагы б.з.ч. XIV кылымда калыптанган Шан-Инь болгон (Шан династиясы).

Кошуна уруулар менен болгон согуштардын натыйжасында анын аймагы кеңейип, б.з.ч. XI кылымга заманбап Хэнань жана Шаньси провинцияларынын аймактарын камтыган, ошондой эле, Шэньси жана Хэбэй провинция аймактарынын бөлүгү. Ошол мезгилдерде эле ай календарынын башаты жана жазуу пайда болгон — келечектеги заманбап кытай иероглифтик жазуунун үлгүсү. Иньдер аларды курчаган уруулардан аскердик жактан алдыда турган — коло куралдарды, жааларды, найзаларды жана согуштук арабаларды колдонгон проффесионалдуу аскерлери болгон. Иньдиктер адамдарды курмандыкка чалууну колдонушкан — көбүнчө курмандыкка туткунга түшкөндөр чалынган.

Б.з.ч. XI кылымда Инь мамлекети анча көп эмес Чжоу батыш уруусу аркылуу жеңип алынган, алар буга чейин иньдиктер менен вассалдык мамиледе болуп, бирок, акырындан бекемделип, уруулар коалициясы түзүлгөн.

Эллинисттик дүйнөнүн калыптанышы

Грек мамлекеттери Индиядан батышты карай Бактрияда жайгашышкан, б.з.ч. 326-жылы Александр Македонскийдин мезгилинен тарта түндүк Афганистандын аймагында.: Б.з.ч. 323-жылы Селевкиддер падышалыгы, андан кийин Грек-бактрий падышалыгы б.з.ч. 250-жылы пайда болгон. I—II кылымдардагы Будданын Грек-буддалык эстелиги, Гандхара.

Грек-бактриялык падыша Деметрий I б.з.ч 180-жылы Индияга басып кирип, Паталипутрага чейин жетип, Индо-грек падышалыгын негиздеген, падышалык Индиянын түндүк бөлүктөрүн б.з.ч. I кылымга чейин ээлеген. Индо-грек падышалар мезгилинде буддизм гүлдөп, ал гана эмес гректердин Индияга кирип келүүсү Мауриялыктардын империясына, будда ишенимине Сунг династиясынан колдоо көрсөтүү максатында жасалган деп саналчу (б.з.ч 185—73).

Индо-гректик белгилүү падышалардын бири Менандер I б.з.ч. 160—135-жылдары башкаруучулук кылган. Ал буддизмди активдүү колдоп, Махаянанын салтында Ашоке же Канишке (акыркы Кушан башчысы) падышалары сыяктуу диндин улуу жеңүүчүсү деп каралат. Б.з.ч. 160-жылдагы Милинда менен Менандром падышасынын жана Нагасена монахынын баарлашуусу тарыхка жакшы белгилүү.

Азиядагы Орто кылым

Кресттик жүрүштөр

Кресттик жүрүштөр — XI—XV кылымдардагы Батыш Европадан мусулмандарга жана башкаларга каршы диний аскердик жүрүштөрдүн сериясы. Тар мааниде — 1096—1291-жылдардагы Иерусалимди «бошотууга» багытталган, түрк-селжуктарга каршы Палестинага болгон жүрүштөр. Кеңири мааниде — рим папалары тарабынан жарыяланган башка жүрүштөр дагы, анын ичинде, Прибалтиканын бутпарастарын христианчылыкка каратуу, ошондой эде, Европадагы (катарлар, гуситтер ж. б.) еретикалык жана антиклерикалык агымдарды басаңдатуу максатында.

Моңгол жеңип алуулары

Азиядагы Моңгол жеңип алуулары эки баскычта өткөн. 1218-жылы моңголдор Кара-кидан мамлекетинин гурханы болуп дайындалган, эски душманы Кучлукту талкалашып, Кара-кидандын аймагы Моңгол империясы жана Хорезм менен бөлүшүп алынган. 1219-жылдын күзүндө Хорезм менен согуш башталып, 1223-жылдын жаз мезгилине чейин созулган. Бул мезгилде Хорезмшахтардын мамлекетинин негизги бөлүктөрү жеңип алынган, Индадан Каспий деңизине чейин. Моңголдорго бир нече жыл каршылык көрсөткөн Манкбурнанын акыркы Хорезмшахы Джелал ад-Дин, акыр-аягы жеңилип, 1231-жылы каза тапкан.

Жаңы мезгил. Европалыктардын кирүүсү

Өнөр жай доорунун башталышы менен Улуу Британия ири колониалдык держава болот. 18—19 кылымдардагы узакка созулган күрөштө Францияны жабыркатып, ал өзүнүн ээликтерин анын эсебинен кеңейткен, ошондой эле, Нидерланд, Испания жана Португалиянын эсептеринен. Улуу Британия Индияны каратып алган. 1840—42-жылдары жана 1856—60-жылдары Франция менен бирге Кытайга каршы айтылуу апийим согуштарын жүргүзүп, натыйжада өзүнө пайдалуу болгон Кытайга келишимдерди таңуулаган. Ал Сянганды (Гонконг) ээлеп, Афганистанды багынтууга аракет кылып, Перс булуңунда (Аден) таяныч пункттарды басып алган. Колониалдык монополия өнөр жай монополиясы менен кошо Улуу Британияга дээрлик бүткүл 19-кылымдын созулушунда эң кубаттуу держава абалын камсыз кылган. Колониалдык экспансия башка державалар тарабынан дагы жүргүзүлгөн. Франция Алжирди (1830—48), Вьетнамды (19-кылымдын 50—80-жылдары) каратып, өзүнүн протекторатын Камбоджия (1863), Лаос (1893) үстүндө орноткон. 1885-жылы Конго белгиялык корол Леопольд II ээлиги болуп, өлкөдө милдеттүү эмгек системасы орнолот. XX кылымдын башында Цин империясы Тибет менен Моңголияны колонизациялоонун «жаңы саясатын» жарыялайт.

Эң жаңы мезгил. Деколонизация

Колониалдык системанын чечүүчү бузуусу (деколонизация) Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин коомдун гуманизация жана демократизация процессинин башталышынын натыйжасында болгон. Деколонизацияны ал убактагы эки державалар да колдошкон, СССР (Сталин менен Хрущёв) жана АКШ (Эйзенхауэр).

Индия чоң кыйынчылыктар менен улуттук көз карандысыздыкка жетип, бул көбүнчө Ганди тарабынан башталган пассивдүү каршылык көрсөтүү компаниясынын артынан болгон (Satyagraha), жана 1947-жылы Индия көз карандасыздыкка жетип, 1960-жылы бир катар африкалык ээликтер дагы. Дьенбьенфу алдындагы француздардын жеңилип калуусуан кийин француздар Француз Индокытайынан чыгып кетишкен. Мурда кубаттуу деп саналган Нидерланд империясы салыштырмалуу тынч өзгөрүлгөн.

Жайгаштыруу: 2021-12-06, Көрүүлөр: 1894, Өзгөртүлгөн: 2021-12-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо