Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Вассалитет

Баш барак | Башкалар | Вассалитет

Вассалитет (французча Vassalité, латындын Vassus — «кызматчы» сөзүнөн) — феодалдар ортосундагы иерархиялык мамилелер системасы.

Мазмуну

Феодалдардын (вассалдар, министрлер, голдовниктер) башкалардын (сеньорлор, сюзерендер) жеке көз карандылыгынан турат. Орто кылымдардагы Батыш Европада кеңири тараган.

Вассал — өзүнүн жер ээлөөчүлүгү менен сюзеренден же сеньорлордон көз каранды болгон феодалдык коомдогу жер ээлөөчү феодал, ал сюзеренге же сеньорго ант берип, анын алдында бир нече милдеттери болгон, анын ичинде аскердик жана акча-каражат милдеттери.

Батыш Европадагы вассалитет

Батыш-Европалык вассалитет системасы VIII—IX кылымдарда Франк королдугунда калыптанып, IX кылымда Франк королу Карл Таз (чачы жок деген мааниде) «Мерсен капитулярийин» чыгарганда бекемделген, мында ар бир эркин дыйкан кимдир бирөөнүн «адамы» болуусу зарыл болчу, алгач, келишим, тараптардын бири аркылуу бузулмайынча, жерлер өмүрдүн акырына чейин берилген, ал эми келишимди бузуу көбүнчө феоддон (кирешеден) кол жууп калууга алып келген. Бирок, X кылымда вассалдар үлүштөрүн туугандарына мурас кылып калтыруу укугуна ээ болушкан.

Вассалитет системасы феодалдардын бири-бирине иерархиялык баш ийүүсүнөн турган. Мамлекеттеги феодалдардын башында башкы сюзерен болгон, негизинен король, ал, жерди (феод, лен, фьеф) өзүнүн вассалдарына берүүгө мүмкүндүгү болуп, ал эми вассалдар өз кезегинде жерди майда тилкелерге бөлүп, өзүнүн вассалдарына берген, бул «бири-бирине багынуу» жер тилкеси рыцарларга тиймейинче улана берген, алардын болсо, жеке вассалдары жок болуп, түздөн-түз дыйкандарды башкарган. Вассал өзүнүн кожоюнун кеңешинде (мүчө) болууга, сюзерен аскерлеринин арасында аскердик кызмат өтөөгө (негизинен жылына 40 күн), ээликтеринин чектерин коргоого, ошондой эле жеңилип калуу учурунда кожоюнун туткундан акча берип чыгарууга милдеттүү болгон. Сеньор болсо өз вассалын аскердик кол салуудан коргоого милдеттүү болгон.

Ири феодалдар падышага карата бир топ эркиндиктерге ээ болушкан. Кол тийбестик грамотасы болгондо, алар падышага карабай, тиешелүү жерлерден салык чогултуп, сот өкүмдөрүн чыгарып (соттоп) жана башка чечимдерди кабыл ала алышкан. Көптөгөн герцогдор менен графтар өзүнүн тыйындарын чыгаруу укугуна ээлик кылган.

Сеньор менен вассалдын ортосундагы мамилелер ишеним (берилгендик) антын берүү жана ага байланыштуу ырым-жырым (ритуал) өткөрүү (коммендация, кийинчерээк — оммаж) менен бекемделген, ритуал учурунда вассал алаканын сеньордун алаканына коюп, сеньор болсо вассалга кылыч менен мээлейди берген (мамилелер үзүлгөндө мээлейди кайтаруу салты — кийинчерэкк дуэльге чакырууда).

Континенталдык Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө «менин вассалымдын вассалы — менин вассалым эмес» деген эреже иштеген, ага ылайык, падышанын кыйыр (түздөн-түз эмес) вассалы ага баш ийүүгө милдеттүү эмес болгон. Мындай система феодалдык чачырандылыктын көбөйүүсүнө өбөлгө түзгөн, жана иммедиатизация (майда рыцарлардын королдон түздөн-түз вассалдык көз карандылыкты орнотуу) тажрыйбасын киргизүү, андан соң абсолюттук монархиянын бекемделиши менен бул эреже иштебей калган. Англияда бул эреже бекитилбей, король бардык жерлердин эң жогорку ээси катары жер ээлөөчүлөрдүн бардыгынан ант алчу. Ошентип, королдун түз вассалдары да, жана андан төмөн турган вассалдар да (орто жана майда жер ээлери) королдун пайдасына кызмат кылууга жана анын токтомдоруна баш ийүүгө милдеттүү болушкан.

Европада борборлоштурулган мамлекеттердин калыптанышы менен вассалдык система маанисин жоготкон. XIII кылымдын экинчи жарымынан баштап вассалдардын аскердик милдеттери чакан жалданма армияны кармоо менен алмаштырылган. Вассалитет, бийлик институттарынын бири катары XVIII–XIX кылымдардагы Европанын революциялык маанайлардын таасири астында жоюлуп кеткен.

Орто Азиядагы вассалитет

Борбордук Азиядагы вассалитет системасы XI—XIII кылымда калыптанып бүткөн. Бул убакта берилген жер (икта) мураска өтүп турган. Европадагыдай эле, иктанын ээси аскердик (жарандык) кызматты өтөп, дыйкандардан салык жыйнап турган. Бирок, борборлоштурулган бийликтин күчтүүлүгүнөн улам, азиялык феодалдар европалык феодалдардай чоң эркиндиктерге ээ болгон эмес.

Япониядагы вассалитет

Япон феодализми Мэйдзи революциясына чейин (1868) жашап келген. Японияда жердин номиналдык ээси император эсептелген. Фактылык жактан, ал феодалдарга таандык болгон: XVII—XIX кылымдарда Токугаванын башкаруу үйү гана, бардык жерлердин төрттөн бирине ээлик кылган.

Андан тышкары, Японияда чоң аймактарды ээлеген ар кандай категориядагы 250дөй княздар (даймё) болгон. Жер ээлигинин дыйкандык формалары дагы сакталып турган, бирок алардын ролу барган сайын азая берген.

Японияда вассалитет бекем тамыр алып, самурайлар даймё вассалдарына кыйышпас берилгендикте болуп, алардан жер маяналарын алып турган. Туруктуу феодалдык иерархия жерге ээлик кылуунун шарттуу форма базасында калыптанган.

Япониялык феодализм шаарларга да жайыла баштаган. Феодалдык доордогу япон шаары укуксуз жана алык-салык салынуучу аймак бойдон кала берген. XII—XVIII кылымдардын босогосунда Япониянын шаарларында 4 миллионго жакын адам жашаган, бирок алардын 1 миллионго жакыны гана кол өнөрчүлөр жана соодагерлер болгон.

Япониянын феодалдык режиминин өзгөчөлүгү көп сандагы самурайлардын болушу менен айырмаланып, алардын көпчүлүгүнүн жери жок болчу. Ошого байланыштуу, вассалдарды материалдык жактан камсыздоонун бир түрү — коку, күрүч ченазыгы жаралган.

Вассалдык мамлекеттер

Жаңы доордо (мезгилде) вассалдык мамлекет термини чыккан. Аны орто кылымдык терминологияны колдонуп башка тарыхый мезгилдерди баяндоо пайдаланышкан.

Согуштагы жеңиште, дипломатиялык жеңилүүдө, бир мамлекет экинчисине кандайдыр бир автономдуулукту сактоо менен вассалдык мамлекет боло алган. Жеңилген мамлекеттин башкаруучусу башка мамлекет башчысынын вассалы болуп калган.

Жайгаштыруу: 2021-09-21, Көрүүлөр: 2466, Өзгөртүлгөн: 2021-09-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо