Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бюджет

Баш барак | Экономикалык терминдер | Бюджет

Бюджет (эски нормандча bougette мааниси капчык, баштык, акчалуу кап) — белгилүү бир мезгилге чейинки, көп учурда бир жылдык финансылык план. Өзүнө пландаштырылган сатуулар жана түшкөн акча көлөмдөрүн, ресурстардын санын, чыгымдар жана чыгашаларды, активдерди, милдеттенмелерди жана акча агымдарын камтышы мүмкүн. Компаниялар, өкмөт, үй-бүлө жана башка уюмдар бюджетти өзүнүн стратегиялык пландарын же бирдиктер менен өлчөнө турган окуяларын билдирүү үчүн колдонушат.

Бюджет — бул кайсы бир максатка бөлүнгөн, божомолдонуучу чыгымдарга, жана аны жабуу сунуштары менен коштолуучу финансылык каражаттардын суммасы. Ал өзүнө келечекте пайдалануучу бюджеттин профицитин же чыгашалар кирешеден жогору болгон дефицитти камтышы ыктымал.

Бюджет деген эмне

Этимология жана аныктама

«Бюджет» bougette аталган эски француз (эски нормандия) сөзүнөн келип чыккан, ал «кичинекей булгаары капчык» дегенди билдирет, а бул өз кезегинде галлдыктардын bouge (булгаары капча, капчык) сөзүнө кичирейтме болот. Биздин заманбап финансылык план түшүнүгүндөгү биринчи колдонулушу «Уильям Пултени тарабынан ачылган бюджет» (АКШбы же Англиябы?) кичинекей китепчесинен келген, китепчеде «бюджет» термини өкмөттүн вино жана тамекиге болгон фискалдык саясатын баяндоого жана сын-сыпаттоого колдонулган.

«Бюджет» сөзүнүн кеңири колдонулушу физикалык жактын же мекеменин божомолдонгон киреше жана чыгашаларында негизделген финансылык планына таандык. Кеңири мааниде адам же мекеме корото турган сумма маанисинде пайдаланылат.

Бюджетти калыптандыруу, кароо, бекитүү, аткаруу, ошондой эле анын түзүлүшүнүн жана бекитилишинин аткарылышы боюнча отчёт иштери бюджеттик процесс деп аталат.

Корпоративдик бюджет

Компаниялардын бюджети көп учурда жыл сайын түзүлөт, бирок ал, кыйла аракеттерди талап кылган, толук бүткөн бюджет болбошу да мүмкүн, бул кыска аралыкка багытталган план жана негизинен түрдүү бөлүмдөрдөгү миңдеген адамдарга (операцияларда, адам ресуртарында ж. б.) күтүлүүчү киреше жана чыгашаларды акыркы бюджетте көрсөтүүгө жардам берет.

Эгер, бюджет мезгилинин өтүшүндө берилген чыныгы сандар бюджетке жакындап келе жаткан болсо, бул менеджерлердин өзүнүн бизнесин жакшы түшүнүп жана белгиленген багытта ийгиликтүү алып бараткандыгы жөнүндө билдирет. Бир жагынан, эгер сандар бюджетке туура келбей өтө эле өйдө-ылдый болуп жатса абал «көзөмөлдөн чыгып баратканы» жөнүндөгү белги жана акциялардын баасы жапа чегип калышы мүмкүн. Кампаниянын (компания менен алмаштырбайлы) пландоочулары каалаган кампанияда чыгымдардын эки түрүн алып жүрүшөт: биринчи — бул кампанияны пландоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон адам ресурстарынын баасы. Кампания пландоочулар алып жүргөн чыгымдардын экинчи түрү — бул кампаниянын өзүнүн реалдуу баасы.

Бул тармакта иштеген адамдарды атайын финансылык аналитика ролу болгон «бюджеттик аналитик» деген ат менен аташат. Негизи бул жалпысынан компаниянын финансылык башкаруу тармагына таандык; кээде «FP&A» (financial planning and analysis, кыргызча финансылык пландоо жана анализ).

Өкмөттүк бюджет

Өкмөт бюджети — бул өкмөттүн болжолдуу киреше жана чыгашаларынын жыйындысы же планы. Мамлекеттик бюджеттин үч түрү бар:

АКШда

Федералдык бюджет, Бюджетти башкаруу башкармалыгы тарабынан дайындалып, Конгресстин кароосуна берилет. Конгресс ага дайыма көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизет. Дээрлик бардык америкалык штаттар тең салмактанган бюджетке ээ болушу керек, бирок, федералдык өкмөткө дефицитке ээ болууга улуксат берилген.

Индия

Бюджетти жыл сайын Финансы министрлигинин экономика департаменти түзөт. Финансы министри бюджеттик комиссияны башкарат.

Индиянын биринчи бюджети 1860-жылдын 18-февралында Джеймс Вильсон тарабынан берилген. П. К. Махаланобис индиялык бюджеттин атасы катары таанымал.

Филиппинде

Филиппиндердин бюджети дүйнөдөгү эң татаал бюджет деп эсептелинет жана ал өзүнө бир бюджеттик системада бир нече ыкмаларды камтыйт: беренелер боюнча (бюджеттин аткарылышы), аткарылуу (бюджеттик отчёттуулук) жана нөлдүк база менен бюджетти түзүү. Бюджет жана башкаруу департаменти (DBM — Department of Budget and Management) Улуттук чыгымдар программасын дайындап, өкүлдөр палатасынын ассигнациалоо комитетине жалпы ассигнациялоо мыйзам проектисин (GAB — General Appropriations Bill) иштеп чыгууга жөнөтөт. GAB бюджетти талкуулоо жана добуш берүүнү жүргүзөт; ушул эле процесс GAB Филиппин сенатына берилгенде болот.

Конгресстин эки палатасы GAB жактырганда, жалпы ассигнациялоо мыйзамындагы жаңы мыйзам проектисине кол коёт (GAA — General Appropriations Act); Андан тышкары, президент GABга тыюуу салып, аны мыйзам чыгаруу бутагына кайтарып же мыйзам проектисин 30 күн ичинде кол койбостон калтырып, күчүнө киргизиши мүмкүн. Эске салсак, кеп филиппиндердин бюджети жөнүндө болуп жатат жана бюджеттик мыйзам проектисине болгон эки тыюуу салуунун эки түрү бар: өзүнчө беренелер боюнча тыюуу жана бүтүн бюджетке болгон тыюуу.

Кыргызстанда

Кыргызстан бюджети эки деңгээлден куралат:

Республикалык бюджет өкмөт тарабынан, ал эми аймактык же жергиликтүү бюджеттер аймактык өзүн-өзү башкаруу уюмдары же мекемелери жакта түзүлөт, ишке ашырылат.

Жеке же үй-бүлөлүк бюджет

Жеке же үй-бүлөлүк бюджет — бул келечектеги кирешелерди чыгымдарга, сактоолорго жана карыздардан кутулууга бөлүштүрүлгөн финансылык план. Жөнөкөй сөз менен айтканда жеке же үй-бүлөлүк кирешелер жана чыгашаларды башкаруу планы. Жеке бюджетти түзүүдө муруңку чыгымдар жана жеке карыздар эске алынат. Жеке же үй-бүлөлүк бюджетти түзүүдө, пайдаланууда жана тууралоодо бир нече ыкмалар жана аспаптар бар. Мисалы, жумуш — кирешенин булагы, ал эми коммуналдык, арендалык төлөмдөр, сатып алуулар — чыгымдар. Үчүнчү бөлүм катары (киреше жана чыгашалардын тышкары) бюджет дефицитинин кырдаалында потенциалдуу резерв боло турган активдер болушу мүмкүн (мисалы, жеке мүлк, инвестициялар, башка үнөмдөлгөн акчалар, баалар).

Жеке бюджетте чыгымдар кирешелерден көп болбошу зарыл, антпесе, карыз пайда болот. Мындай кырдаалга кептелип калбоо үчүн көптөгөн финансисттер негизги эки жолун белгилешет: кошумча киреше булактарын табуу же чыгымдарды кыскартуу.

Эгер кирешелер менен чыгышалар бирдей болсо, үй-бүлө күнүмдүк жашоо менен жашайт. Кичине болсо да финансылык эркиндикте жашоо үчүн кирешелер дайыма чыгымдардан көбүрөөк болуусу зарыл.

Эгер ар ай сайын акча каражатын коротуп турсак, зарыл болгон чоң сатып алууларга мүмкүндүк болбой калат. Мындайга жол бербөө үчүн жеке бюджеттин чыгымдар беренесинде кийинкилер болушу керек:

Мындай каражаттарды үйдө сактоого болбойт, анткени, инфляциянын кесепетинен акчанын баасы төмөндөйт. Мисалы, мурда бир бөлкөнү 20 сомго сатып алсаңыз, бир жылдан кийин бир бөлкөнүн баасы 30 сом болушу толук ыктымал. Ушуга байланыштуу банктардагы депозиттик эсептерде сактоо, кайсы бир ишенимдүү ишке инвестиция жасоо сунушталат. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн инфляция аттуу макала менен таанышып алууну сунуштайбыз.

Бюджеттик пландагы бардык иштер аткарылышы керек, антпесе, бюджет жапа чеге баштайт.

Окуяларды башкаруу

Бюджет — акылдуу тактык менен окуянын кирешеге, чыгымдарга же чыгашага алып келе турган божомолуна мүмкүндүк берүүчү, иш-чараларды уюштуруудагы негизги аспап.

Окуя бюджетин түзүүдө негизги эки ыкма же философия бар. Биринчи ыкмасы математикалык моделдер тууралуу, экинчиси адамдар жөнүндө айтат.

Биринчиси финансылык моделди туура түзүүдө келечекти жоромолдоого пайдаланса болот делет. Негизги көңүл өзгөрмөлөргө, кирүү жана чыгууларга ж.б. бөлүнөт. Бул моделдерди жакшыртууга негизинен финансылык таблицалар менен иштөө үчүн кайсы бир тиркемелерде сакталган акча жана убакыт кетет.

Экинчи ыкмасында кептин баары моделде эмес, адамдарда делет. Канчалык татаал моделдер алынганына карабастан, жакшы маалымат бул бизнесте иштеген адамдардан чыгат. Ошентип, негизги көңүл, бюджеттик процесске жана натыйжаларга жоопкерчиликти жогорулатууга арналган бизнес-менеджерлерди толук тартууга бөлүнөт. Мындай ыкма менен иштеген компаниялар өзүнүн менеджерлерине жеке бюджетин түзүүгө мажбурлашат. Ошентсе да, көптөгөн компаниялар эки ыкманы колдоноорун айтышса да, чындыгында убакыт жана акча салымдары түздөн-түз тигил же бул ыкма менен байланыштуу.

Түрлөрү

Жайгаштыруу: 2021-06-08, Көрүүлөр: 2336, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо