Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Англис тилин оной уйронуу

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Англис тилин оной уйронуу

Англис тилин оной уйронуу үчүн бир канча ыкмалары бар. Өзүңүз үчүн эн ыңгайлуу жолдорун кантип табуу керек? Англис тилин үйрөнүүнүн ыкмалары чындыгында көп, жана алардын пайдалуусун табуу жана ал ыкма менен иштеп көрүү оңойго турбайт.

Тилекке каршы ар бир адамдын каалоосуна топ келген "cыйкырдуу таблетка" деген жок нерсе, эмнеге дегенде адамдар да ар башка. Бири–бирине окшош эмес. Ошондуктан биз сиздер үчүн өтө ыңгайлуу боло турган Англис тилин үйрөнүүнүн ыкмаларын кенеш катары тартуулайбыз.

Англис тилин оной уйронуу

Көнүгүүлөр

1-баскыч

Өзүңүздүн сөз байлыгыңызды иштете алышыныз керек. Бир теманы өздөштүрөм деген максатта, бир нерсени ойлоп же ошол темага кыскача баянын жасап сөз байлыгыңызды туура колдонуңуз.

2-баскыч

Грамматикадан алган билиминизди ишке салыныз. Грамматиканы ишке салып, өзүңүзгө керектүү мурда алган грамматикалык маалыматтарды эстеңиз. Мисалы, эгерде сиз мурдатан окуп, машыгып жүргөн болсонуз, аракет кылып англисче ошол мурдагы жумада жасаган кыймыл аракетиңизди, каерге барганыңызды сүрөттөп бериниз. Сөздүк казынаныздын көптүгүнө карабастан ушундай көнүгүүнү аткаруу өтө зарыл, эмнеге дегенде сиз мындан кийинки англис тилин үйрөнүү сабактарына даярданууңуз керек.

3-баскыч

Ырданыз. Англис тили сабагы алдында же англисче музыканы коюп ырдаңыз. Ырдай турган англисче ырды сиз өтө жакшы жаттаган болушуңуз керек жана түшүнө билүүңүз керек. Бул кыска жана жеңил көнүгүү сиздин англис тилин үйрөнүүнүзгө жана ошону менен бирге кичине эс алууңузга көмөк болуп берет. Ошондой эле ырдоо адамдын мээсинин чыгармачыл жөндөмүн ачууга жардам берет, башкача айтканда сиз тандаган тема боюнча маэк курууга, чыгармачылык менен сөздөрдү таап колдонууга өтө чоң жардам берет. Сабак алдында кандай гана ыр болбосун, англис тилинде ырдоо, адамдын чыгармачылыгынын өнүгүүсүнө жардам берет.

4-баскыч

Англис тилинде кыска абзацты компьютерде териңиз. Эгерде сиз компьютердин жанында иштеп жаткан болсоңуз, өзүңүздү өзүңүз даярдоо максатында жөнөкөй бир текстти англис тилинде териниз. Сиз өзүңүздүн турмушуңуз жөнүндө, досторуңуз же каалаган теманы тандап сүрөттөп текст катары компьютерде теришиңиз мүмкүн. Бул адамдын аң-сезимин жана бир маалыматты оперативдүү түрдө туура кабыл алуусуна көмөк берет, жана адамдын бир багытта туура ойлоосун, кыймыл аракетин калыптандырат. Ошондой эле сиз грамматиканы үйрөнүп жаткан учурда да компьютерде терсеңиз, билимиңиздин калыптануусуна да өтө чоң жардам берет.

5-баскыч

Миңдеген сөздөр. Англис тилинде мындай сөз бар: «A picture is worth a thousand words» же «Миң жолу уккандан көрө бир жолу көргөн жакшы». Сиз сүрөттөгү чыгарманы сүрөттөп жаткан учурда мээнин чыгармачылыкка жөндөмдүү болгон кыймылын козгойсуз. Ошону менен бирге сиз темага топ келген сүрөттү тандоо менен сөз байлыгыңыздын өнүгүүсүнө да жол ачкан болосуз.

Кеңештер

Англис тили менен күндө машыксаңыз болот
Англис тили менен күндө машгыгуу керек. Бирок көпкө кармалып отуруп өзүңүздү кыйноонун да кажети жок. Бир жумада бир жолу эки саат отуруп машыккандан көрө, күндө жарым сааттан машыгуу жакшы. Узакка созулган окуу жана ортодо көп эс алуудан көрө, кыска жана бат-бат окуу жана машыгуу өз пайдасын берет. Күндө бат-бат окууну адатка айландырып алсаңыз сиздин тилге болгон активдүүлүгүңүздү ашырат.

Англис тилин досторунуз менен бирге үйрөнүүгө аракет жасаныз.
Жакшы жана жагымдуу чөйрөдө достор менен "англис тилин оной уйронуу" эң сонун. Сиз алар менен бирге көнүгүүлөрдү аткарасыз, (англисче) диалог түзсөңүз болот, жана бири–биринизге жардамдашып үйрөнүү учурунда, ушул багытты түшүнбөй кыйналып жүргөн досторуңузга жардам берсениз болот. Эгерде сиз досторунуздун арасынан өзүңүздүн пикиринизге шайкеш келген адамдарды таба албасаныз, англис тили боюнча атайын курстарга жазылыныз. Англис тилин жагымдуу чөйрөдө үйрөнүү-бул ырахат алуу.

Англис тилин түрдүү ыкмалар менен үйрөнүңүз.
Англис тилин үйрөнүүдө бир гана ыкма менен чектелип калбаныз. Ан сезимдин өсүшү үчүн түрдүү ыкмаларды колдонуп көрүңүз. Мисалы, эгерде сиз жаны сөздөрдү эстеп жаткан болсонуз, сүрөткө карай компьютерде сөздөрдү терүүнүн жардамы менен сиз сөздү өздөштүрүп аласыз. Ушул ыкмалардын жардамы менен сиз өз билимиңизди тереңдеткен болосуз.

Өтө актуалдуу жана өзүңүзгө жаккан теманы танданыз.
Англис тилин үйрөнүүнүн эн жакшы жолу, өзүңүзгө жаккан теманы тандап үйрөнүү болуп саналат. Бул сиздин мотивацияңызды өркүндөтөт, ошондой эле сиз англис тилин үйрөнүү менен бирге өзүңүзгө жаккан жаны бир маалыматка да ээ болушуңуз мүмкүн.

Англис тилиндеги (котормосу жок) көркөм фильмдерди көрүңүз, эгер шарт болсо англис тилин алып жүрүүчү адамдар (АКШылыктар жана англичандар) менен сүйшөлүүгө аракет кылыңыз, андай адамдар менен дос болуңуз. "Англис тилин оной уйронуу" үчүн тандалма жана убакыт менен текшерилген кенештерибиз ушундай. Ой-пикирлер болсо тартынбаңыз.

P.S. - телефонуңуздун, планшеттин, ноутбук же компьютериңиздин интерфейс тилин англис тилине которуп алыңыз, бул эң мыкты окутуучу болмокчу.

Жайгаштыруу: 2018-02-06, Көрүүлөр: 10440, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-12
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу