Малдын жайытта багылышы ар дайым тынымсыз кыймылда болуунун, таза аба менен көк чөптүн болушунун жана күндүн нурунун тийишинин натыйжасында, малдын жалпы абалына, өнүгүп өсүшүнө жана азыктуулугуна жакшы таасир көрсөтөт.
Малдын тирүү салмагын аныктоо — бул малдын салмагын аны сойбостон, ден-соолугуна зыян келтирбес аныктоону түшүндүрөт.
Айыл чарбасында минералдык жер семирткичтер катарында колдонулуучу калий, натрий жана аммиак селитралары — малдын уугушунун (ууланышынын) негизги булагы. Алар азот кислотасынын тузу — нитраттар болуп саналат. Нитраттардын жекече жана жалпы таасир этүүчү касиеттери бар.
Карбамид же синтетикалык мочевина — кычкыл даамдуу, жыты жок, сууга жакшы эрүүчү ак күкүм. Ал малдын рационундагы сиңимдүү протеиндин кемчилдигин толуктоо максатында колдонулат.
Сары байчечекейдин Кыргызстанда 46 түрү бар, алар түрдүү чөптүн арасында өсөт. Май айынан тартып сентябрга чейин гүлдөйт. Гүлү сары же саргыч келет. Нымдуу жерлерде өсөт. Малдын байчечекей менен уугушу көбүнчө жазында, ал бир же эки жалбырак байлаган кезде байкалат.
Дүйнө жүзүндө 900дөн ашык уйлардын породалары өстүрүлөт, анын теңи сүт жана сүт-эт багытындагы уйлар, алардын ичинен Кыргызстанда 3 түрдүү породалар өстүрүлөт. Биринчиси, эн эле көбү Ала-Тоо породасындагы күрөң уйлар. Бул порода
Кызыл өңгөч ар кандай тоюттар же жат нерселер менен жабылып калат. Бул ылаң бардык малда, көбүнчө уйда кездешет. Мал туз сураганда ташты, кирпичтин бөлүкчөлөрүн жутуп, чүпүрөктү чайнайт, кызылчаны же картошканы бүкүлү жутат, булар кызыл өңгөчкө барып тыгылып калат.
Кымыз – дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт.
Куш тумоосу – куштардын дем алуу жана тамак сиңирүү органдарын жабыркатып, шишитип, септицемияга дуушарлантып өтүүчү өтө жугуштуу вирустук ылаң. Куш тумоосу көптөгөн жапайы жана үй куштарынын түрлөрүндө кездешет. Тооктон,
Куштардын чечек оорусу менен негизинен тооктор, күрптөр жана көгүчкөндөр ооруйт.
Оорунун күнөөкөрү. ДНК камтыган тооктун, көгүчкөндүн, күрптүн, кара чыйырчыктын жана канарейканын оспа чакыруучу беш туру бар. Ысык