Кымыз – дарылык касиети бар суусундук. Анын курамында жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, минерал туздары, С, В, А витаминдери бар. Алар тамак сиңирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Ошондой эле йоддун саны да өтө жогору.
100грамм бээнин сүтүндө йод 95–100%, ал эми уйдун сүтүндө 25–30% (пайызды) түзөт. Ошондуктан бээнин сүтүндөгү май бүртүкчөлөрү ичеги – карынга тез синип, канга айланып пайдалуу холестерин болот. Бээнин сүтүнүн башка малдардын сүттөрүнөн айырмасы анын курамында кант жана лактоза көп болгондуктан, ачыганда спиртке айланганында. Ал кан тамырларды кенейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы жардам берет.
Бээнин сүтү бардык эле убакта пайдалуу. Айрыкча бээлер жаны тууган убакта сүтү жаш, кымызы да жеңил келип, кан басымды жогорулатпай, боор, өпкө, от жана ашказандын, нерв системасынын, дем алуу органдарынын иштешине өтө чоң таасир тийгизет. Кымыздын эн чоң касиети – иммунитетти бекемдеп, жугуштуу оорулардан сактаганында.
Кымыз менен кургак учуктун бардык түрлөрүн, аз кандуулук, өнөкөт бронхит, итий, гастрит жана башка ооруларды дарылоого болот. Аны такай ичкен адамдар узак жашаары айтылып келет. Жылкы бруцелёз, кургак учук, кара өпкө деген оорулар менен эч качан оорубайт. Ошондуктан анын сүтүн саап бүтөр замат сузуп иче бергенге болот. Ал эми июлдун экинчи жарымынан тартып чөп бышып баш алып, мал семирип, Үркөр чыгып калган кезде кымыз көп кишиге, өзгөчө кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт.