Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кызыл өнгөчтүн бүтөлүшү (малдын какап калуусу)

Баш барак | Ветеринария | Кызыл өнгөчтүн бүтөлүшү (малдын какап калуусу)

Кызыл өңгөч ар кандай тоюттар же жат нерселер менен жабылып калат. Бул ылаң бардык малда, көбүнчө уйда кездешет. Мал туз сураганда ташты, кирпичтин бөлүкчөлөрүн жутуп, чүпүрөктү чайнайт, кызылчаны же картошканы бүкүлү жутат, булар кызыл өңгөчкө барып тыгылып калат. малдын кызыл өңгөчү бүтөлгөндө, алар күтүлбөгөн жерден тоют жеп жаткан учурунда тынчы кетип, буту менен тепкилейт, куйругун шыйпаңдатат, кээ бир кезде өзүнөн өзү үркө берет, шилекейи көп агат, жөтөлөт, дем алуусу кыйындайт. Мезгил мезгили менен тынчсызданып, башын өйдө көтөрүп, моюнун созот.

Кызыл өңгөчтүн такыр бүтөлүп калуусунун натыйжасында малдын ичи көбө баштайт. Оорулуу малга биринчи жардам көрсөтүш үчүн. Оозунан 100-300 мл өсүмдүк майын берет. Андан кийин тыгылып калган нерсени алууга киришет. Эгер тыгылган нерсе кызыл өңгөчтүн баш жагында болсо, аны кол менен алса болот. Ал үчүн малдын оозун зевниктин (ооз кергичтин) жардамы менен ачып, колду акырындык менен салып тыгылган нерсени сууруп чыгат. Эгер тыгылып калган нерсе кызыл өңгөчтүн орто ченинде болсо, аны зонд аркылуу карынды көздөй түртүү керек. Дарылардан уйдун венасынан ичине ак чемерицанын кайнатмасын куюшат. Эгер тыгылган нерсени кол менен оозу аркылуу алууга, же зонд менен карынды көздөй түртүүгө мүмкүн болбосо, анда мындай учурда хирургиялык жолду колдонушат. Уйдун тамагына бир нерсе тыгылып калбас үчүн, жайып жүргөндө ага көз салып колдо бакканда картошка же кызылчаны майдалап берүү керек.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 520, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу