Колдонуучулар тарабынан жазылган ыр саптар
Бук болуп жазган арманым (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Дата | 1996-жыл, ноябрь |
Жаштык кез өтүп жат болду,
Карылык мага мат койду.
Кайран бут сынып, башыма —
Карыптык түшкөн чак болду.
Жанымда жаткан кемпирчем
Жантакбай деген ат койду.
Алтын тиштүү Алмакан (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Алма жыттуу, аппак келин Алмакан,
Ар күн сайын анда келбет, анда шаң.
Күндө бирди кийип чыгат көчөгө
Мода менен моюндашып ар качан.
Чалдын аялына (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Баа бербей жаштык чагына,
Ээ болуп байлык, малына.
Дүйнөдөн жыргап өтөм деп,
Тиерин тийдиң чалыңа...
Чал кемпирин азилдейт (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Билесиң го кемпирчем,
Биз жылгындай чактарда,
Бир керебет, бир жаздык,
Кеңдик кылчу жатканда.
Мекеним (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Картада кызыл түстөгү
Карасаң менин Мекеним.
Ондогон калк бар ичинде
Ошонун баары өз элим.
Мас жана канчык (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Балдырап мас баратты көзү чакмак,
Баягы өзү тааныш жолду таптап.
Бирөөлөр сүйлөп өтсө аягансып,
Бирөөлөр тилдеп өтөт: алкаш, акмак!
Бүркүттүн өлүмү (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Өзүңчө оокат кылгың — деп
Көп бактырбай энени,
Учуруп бүркүт уядан
Баласын күүлөп жөнөдү.
Курортто (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Күйөөсү жокпу, билбедим,
Күчөтүп күндө күлгөнүн,
Кубакай жүздүү, алтын тиш,
Курортто жүрдү бир келин.
Сүйлөшүүлөр (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
–Эй, Эргешбай, кайда бара жатасың?
–Ак-Суудагы Асан чалды көргөнү.
–Ал өлгөн да...
— Ал жалган сөз, ал өлбөйт,
Тирүү сөзүн угуп жүрөм элдеги.
Автор | Майрамбеков Нурбек |
---|---|
Дата | 2023 |