Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айлуу түн

Баш барак | Поэзия | Айлуу түн
АвторМайрамбеков Нурбек
Дата2023

Жылдыздар жымыңдаса жаркырашып,
Ар кыл ойго салат тура ар адамды.
Көкүрөккө топтолгон капа муңдар,
Чыгат тура бираз көздөн жаш алып.

Ай, жылдызка айткым келет ар сырымды,
Суктанып карап туруп мен асманга.
Кээде калам тан калып кастарланып,
Мени көздөй кадам шилтеп ок учтаса.

Ай, жылдыз чогу чыгат түн оокумда,
Жараткандын каалаган буйругунда.
Кээде калат, Ай мемиреп жалгыз калып,
Ал да болсо Жараткандын каалосуда.

Жаркырап жылдыз жанса айсыз түндө,
Нымдуу шамал урунса көкүрөккө.
Ойлондурду жымыңдаган бул жылдыздар,
Эч ойлонуп көрбөгөндөй бул өмүрдө.

Көргүм келди сагалап жылдыздарды,
Ойго салып жашоонун ар кыл жагын.
Сезбептирмин унуткарып ойлуу туруп.
Сырттагы суук ызгаардуу аба ырайын.

Жайгаштыруу: 2023-01-22, Көрүүлөр: 556, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-01-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо