Кыргызстандын тарыхы, басып өткөн жолу жөнүндө күндөр, даталар, окуялар, учурлар
Көчмөндүк турмушту атамзамандан башынан кечирген кыргыздардын "материалдык маданият" тарыхы өтө бай жана эң байыркы болуп эсептелет.
Залкарлардын чубатуусу (залкар — улуу, чубатуу — өткөрүү, берүү, жасоо) — кыргыз өнөрпоздорунун чыгармаларды виртуоздук аткаруусу, негизинен комуз аспабында чебер ойноп, ырдаган адамдар айтылат, бирок, кыл кыяк жана башка кыргыз музыкалык аспаптарынын башка аткаруучуларын дагы айтууга болот.
Элдик ырлар кыргыздардын музыкалык чыгармачылыгынын басымдуу бөлүгүн түзгөн. XIX к. орус жана чет элдик окумуштуу-саясатчылар, чыгыш искусствосунун изилдөөчүлөрү (Ч. Валиханов, В. Радлов, Н. Пржевальский, Г. Алмаши, Н. Северцов, Ш. Капью ж.б.) кыргыз эли ыр чыгарууга жана ырдоого өтө жөндөмдүү экендигин белгилешкен.
Маданияттын бир асыл мурасы болгон «Музыка» деген грек сөзү кыргыздардын тил казынасына XX кылымда гана жалпы түшүнүктө колдонула баштаган. Оболку доорлордо кыргыздар азыркы түшүнүктөгү музыканы ыр, обон, күү деп сезишкен.
Түштүк Сибирдеги көчмөн элдердин ичинен кыргыздар жылды сүрүштүрүп, күн-жылдыздарды байкоодо, он эки айды айбанаттардын аттарына бөлүшүү боюнча б.з.ч. эле биринчи пайдаланганы тарыхта небактан маалым жана элдик эпостордо, санжырада, руна жазмаларында белгилүү.
Энесай маданиятында жана андагы кыргыздарда майрамдарда, чоң той-тамашада маш ойноо (цирк) пайда болгон. Талаа-түздүн шибер-тулаңында төө ойнотуп, жолборсту колго үйрөтүп, ат үстүнө отургузуп, кээсин тартылган аркандын үстүнөн бастырган, жигиттер чабан-достук чебер өнөр көрсөтүшкөн.
Кытай жазмаларында, энесайлык кыргыздар акылман улут, алар сөзгө чечен, баары текши ырчы келет дешкен. Чындыгында энесайлык кыргыздардын мазмуну бай аңыздары, ашыктык ырлары, кошоктор, поэмалар ж.б. элдик чыгармалары ошол доордо жаралган. Майда эпостор, дастандар айтылган.
X кылымдагы араб саякатчысы Истахри Абу Исхак Ибрагим "Худуд ал-аалам" деген китебинде (982-ж.) кыргыздардын жери, тили, үрп-адаты жана шаарлары жөнүндө алгач маалымат айткандардын бири.
Энесай маданиятынын кол өнөрчүлүгү — Энесайлык кыргыздардын устачылыгы, зергердик өнөрү.
Энесай доорундагы бир учурду "Чаа-тас" ("Согуш ташы") маданиятынын доору деп коёт. Минусинск ойдуңундагы мүрзөлөрдөн табылган маданий эстеликтерге айрыкча маани берилет. Кыргыз маданиятындагы "Чаа-тас" доорунун (VI-VIII к) деңгээлин көрсөткөн маданий эстеликтердин чеги Саян тоосунан башталып, Алтай, Минусинск ойдуңуна чейинки кең аймакты ээлеп жатат.